Солженицын А. И



бет7/10
Дата15.06.2016
өлшемі0.72 Mb.
#137240
1   2   3   4   5   6   7   8   9   10

- Эмнени?

- Айды жылдыздарга эмнеге майдалайт?

- Эмнесин түшүнбөйсүң? – Шухов ийнин көтөрүп койду. – Жылдыздар мезгил-мезгили менен түшүп атпайбы, толукташ керек да.

- Түзөл, энеңдилер…- конвой бакырат.- Бештен тур!

Эсеп жетип калыптыр буларга. Бешинчи жүздүктүн он экинчи бештиги өттү, артында экөө калды – Буйновский менен Шухов.

Конвой кыжы-кужу, эсеп тактайлары менен текшерип атат. Жетпей калыптыр! Кайрадан эсеби жетпей атат. Эсептегенди үйрөнбөйбү, иттер!

Төрт жүз алтымыш экини эсептешиптир, бирок дейт, төрт жүз алтымыш үч болуш керек экен.

Кайрадан бардыгын дарбазадан кубалашты (дарбазаны жүйөлөп калышкан кайра) – анан жаңыдан:

- Беште-ен бөлүн! Биринчи! Экинчи!

Булардын улам санап отурушунун жаман жери, кызматтык эмес, өзүңдүн убактың кетип атпайбы. Азыр талаа менен лагерге жеткиче, анан лагердин оозунан тинтмеге кезек келгиче! Объекттердин бардыгы жан талашып чуркашат, биринен бири ашат, ким эртерээк тинтмеден өтөр экен, ким лагерге эрте кирип кетер экен. Кайсы объект лагерге биринчи келсе, ошолордун күнү болот: ашкана аны күтүп турат, жөнөтмөлөргө ал биринчи, сактоо камерасына биринчи, жеке ашканага, КВЧЗга кат алууга же өзүңдүн жазган катыңды цензурага тапшырууга, санчастка, чач-тарачка, мончого – бардыгына ал биринчи.

Конвойго деле бизди эрте тапшырып - өзүнүн лагерине кетип калгысы келет. Аскерлер шапар тепкендей болушпайт: иштери көп, убакыт аз.

А бирок мына эсеби чыкпай атат алардын.

Акыркы бештиктерге жакындап баштаганда, Шуховго аягында алар үчөө тургандай күрүндү. Жок, кайра экөө.

Санагандар начкарга, тактайлары менен. Талкуулап жатышат. Начкар кыйкырды:

- Жүз төртүнчүнүн бригадири!

Тюрин жарым кадам алдыга чыкты:

- Мен.

- ТЭЦте сеникилерден калган жокпу? Ойлоп көрчү.



- Жок.

- Башыңды жулам, ойлоп көр!

- Жок, калган жок эчким.

Өзү болсо кыйшая Павлону карайт – эч ким уктап калган жокпу раствордук жайда?

- Бөлүн бригадаларга! - буйруду начкар.

А бардыгы бештен турган, чаржайыт. Эми түртүшүп, күпүлдөшүп калышты. Тигил жакта чакырат: «Жетимиш алтынчы – мага кел!» Бул жакта: «Он үчүнчү! Бул жакка!»Тигил жакта: «Отуз үчүнчү!»

104-чү элдин аягында турган, ошол жерге чогулду. Көрдү ошондо Шухов: бригада бүт колдору бош, ушунчалык ишке берилип, келесоолор, отун чогултпай калышыптыр. Экөөнүн гана чакан оролгон отуну бар экен.

Бул оюн күн сайын жүрөт: жумуш бүтөөр замат жумушчулар кесинди, кертик, чыбык чогултушат, кездеме жиптен же эптеген жип менен байлап алып, көтөрүп алышат. Биринчи тономой – вахтадагы прораб же онбашылардын бирөөсү. Эгерде турса, таштагыла дейт (миллиондор мештин мору менен кетти, ушул чырпыктар менен жабабыз деген ойлору бар). Бирок жумушчунун тымызын оюу: эгерде бригададан ар бири анча-мынча куурай алып келсе, баракта жылуурак болот. Дневальныйларга ар бир мешке беш килограмм сапырынды көмүр беришет, андан жылуулук болбойт. Ошондуктан кесиндилерди сындырып, кыскарак аралап, бушлат алдына катышат. Ошентип прорабдан аман-эсен өтүшөт.

Бул жакта, объектте, конвой отунду эч качан ыргыткын дебейт: конвойго да отун керек, өздөрү болсо көтөрүп жүрө албайт. Бир жагынан – формачан кантип отун ташысын? Экинчи жагынан – колдорунда автомат, бизди атыш үчүн. Конвой лагерге жеткиргенде, команда берет: «Баланча катардан түкүнчөгө чейин отунуңарды бул жерге ташта». Бирок кудайды карап алышат: лагердеги сакчыларга калтырыш керек, зэктердин өздөрүнө да калыш керек, болбосо ташыбай коюшат.

Мына ушундай: ташыгын ар бир зэк отунду ар күн сайын. Билбейсиң, кайсы күнү жеткиресиң, кайсы күнү калтырасың жолдо.

Шухов көздөрү менен бут алдында кесинди-үсүндү издегиче, бригадир бардыгын санап, начкарга маалымдады:

- Жүз төртүнчү – бардыгы бар!

Цезарь дагы бул жерде, конторалыктардан басып, бизге кошулду. Түтүгүн кызыл кылып түтөтүп коёт, кара мурутун бубак баскан, сүйлөдү:

- Иштер кандай, капитан?

Ысыктан келген үшүктү түшүнөбү? Иштер кандай деген – ушул сурообу?

- Кандайын айтайын? – ийни кыймылдады капитандын.- Жумуштан араң белимди көтөрдүм.

«Сен тамеки бергенди унутпасаң» дегени.

Берди Цезарь тамекисин. Ал бригадада кавторанг менен гана сөз табышат, башка эч ким менен ачылып сүйлөшө албайт.

- Отуз экинчиде киши жок! Отуз экинчиде! – кужулдап калышты бардыгы.

32-чинин бригадиринин жардамчысы, жанына бир жаш баланы алып – кетишти тигил жакка, авторемонттук имаратка издегени. Эл болсо: ким ал? эмне болду? – сурап атышат. Билди Шухов: жапалдаш бойлуу кара молдаван жок экен. Кайсы молдаван эле? Жанагы молдаванбы, румын шпиону болгон, чыныгы шпион?

Шпиондор – ар бригадада бештен адам бар, бирок алар жасалма, чын шпиондор эмес. Жаза иштеринде шпиондор деп жазылган, өздөрү болсо туткунга түшкөндөр. Шухов деле ошондой шпион.

Молдаван болсо – чыныгы шпион.

Начкар тизмекти караганда, өңү бузулуп кетти. Эгерде шпион качып кетсе – начкар аман калабы?

Чогулган элдин, Шуховдун жини кайнап баратат. Бу эмне болгон балээ, жүзүкара, өлүп кеткир, былкытма, сасыткы? Асманды эчак караңгы басып, айдан жарык келип атат, тигине жылдыздар чыкты, түңкү суук күчүнө кирип баратат – тигил, желмаян, жок! Эмне, ишке тойгон жокпу, бу жалаңкыч? Кызмат күнү азбы, он бир саат, таң аткандан кеч киргенге чейин? Шашпай тур, прокурор кошуп берет!

Чакырыкты кулакка илбей, ушул маалга чейин бирөө иштеп атканына Шухов аң-таң.

Шухов өзү жакында эле ушинтип иштегенин, вахтага эл эмне эрте чогулуп атат деп күбүрөнгөнүн унутуп койду. Азыр ал бардыгы менен кошо үшүп, бардыгы менен кошо жиндеп турат, тигил молдаван дагы жарым саат кармаса жана аны конвой ушул элдин таландысына таштаганда – торпокту карышкыр жара тарткандай тамтыгын калтырмак эмес!

Мына ушул чакта суук чыкылдап баштады! Эч ким ордуна турбайт – же буттарын каккылайт, же эки кадам мындай, эки кадам тигиндей басат.

Кеп салышат – молдаван качып кеттиби? Эгерде күндүз качса – анда мейли, эгерде жашынып, чокудан сакчылар кеткиче күтүп жатса, анда иштин бүткөнү. Эгерде сым алдында соймолоп кеткен изи калбаса – үч күн зонадан издешет, үч күн чокуларда отурушат. Мейли бир жума – отура беришет. Бул алардын уставы, эски камактагылар билишет. Деги эле, эгерде ким качып кетсе – конвойдун бейкапар жашоосу бүтөт, ичпей-жебей, уйку жок безилдешет. Кээ бирде ушундай бир көөнүнө тийгенден – качкынды тирүү калтырбайт. Атып салышат.

Цезарь кавторанг менен сүйлөшүп атат:

- Мисалы, пенсне кеме шайманында илинип калган, эсиңердеби?

- М-да…- кавторанг тамекисин тартып коёт.

- Же коляска тепкичтен – тепкичке, тепкичтен-тепкичке…

- Ооба… Бирок деңиз жашоосу жасалма болуп калган.

- Билесизби, биз азыркы киного тартуу техникасына көнүп калганбыз…

- Офицерлер бири калбай мыкаачы…

- Тарыхта ошондой болгон да!

- А ким аларды майданга алпарчу?... Анан эттеги курттар тим эле сөл жыландай соймолошот. Ошондой болмок беле?

- Майдасын кино аркылуу кантип көрсөтөсүң?

- Мен ойлойм, ошол этти биздин лагерге жанагы бок балыктын ордуна алып келсе, жуубай, кырбай казанга ыргытып салса, биз аны…

- А-а-а! – ызылдады зэктер. – У-у-у!

Көрүштү: авторемонт имаратынан үч кишинин сөлөкөтү чыкты, демек, молдаван менен.

- У-у-у! – дарбазадан эл уулдайт.

Тигилер жакындаганда:

- Шерменде-е! Шүмүрөй! Шуркуя! Шүмшүйгөн ит! Кусунду! Бетбак!

Шухов да кошулат:

- Шерменде-е!

Тамаша бекен, беш жүз адамдын жарым сааттан ашык убакытын алып койду!

Башын ийнине киргизип, бөжүрөп келатат чычкандай.

- Токто! – кыйкырды конвой. Жазып атат: - Ка - төрт жүз алтымыш. Каякта жүрөсүң?

Жакын келип, карабинди кайрып урганы турат.

Эл тынчый элек:

- Шүмшүк! Кан ичкир! Арам өл!

Башкалары, сержант мынтыгын көтөрүп урайын дегенде, унчукпай калышты.

Молдаван үн жок турат, башын катып, конвойдон кылчактап. 32-чинин помбригадири алдыга чыгып:

- Бул арам менден жашынып штукатурга коюлган бийктеги тактайларга чыгып, ошол жерге жылуу жумшак уктап калыптыр.

Анан беттен нары, желкеден нары муштум менен!

Атайылап бир урду, конвоирден алыстатып.

Нары ыргып кеткен молдаванды ошол эле 32-чи бригададагы мадьяр буту менен көчүккө, көчүккө берип калды! (Мадьярлар румындарга өч келишет экен).

Бул сага шпиондошмой эмес. Шпиондошууну келесоо деле билет. Шпиондун жашоосу жылмакай, жайдары. А сен сүргүн лагерде он жылды жалпы иште өткөрүп көрчү!

Түшүрдү конвоир карабинди.

Начкар болсо бакырат:

- Да-арбазадан нары болгула! Бе-ештен бөлүн!

О, иттер, эми кайра санашат! Эмнесин санамак эле, бардыгы түшүнүктүү болду го? Дуулдашат зэктер. Бардык жиндери молдавандан конвойго секирди. Дуулдап, дарбазадан жылышпайт.

- Эмне-е? – начкар барк этти.- Каарга отурасыңарбы? Азыр отурасыңар. Таңга чейин кармаймын!

Тамашасы жок, отургузуп салат. Канча жолу отургузган. Ал эмес, жаткырып салчу: «Жаткыла! Куралды камда!» Ушундай учурлар болгон, зэктер билишет. Акырын дарбазадан бери карай жылбыша башташты.

- Жылгыла! Жылгыла-а! – конвой түртөт.

- Чын эле, дарбазага не жабышасыңар, маңыроо баштар? – арткылар алдыңкыларга жини келип атат. Кысым менен артка жылышты.

- Бе-ештен бөлүн! Биринчи! Экинчи! Үчүнчү!

Айдын жарыгы толук күчүнө кирип алган. Кызарганы кетип, апакай болуп турат. Асмандын төрттөн бир бөлүгүнө көтөрүлгөн. Куру өттү кеч!... Өлүп кеткен молдаван. Өлүп кеткен конвой. Өлүп кеткен жашооң…

Алдыңкылар, саналгандар, кылчактап, баштарын көтөрүп карашат – акыркы бештикте экөө калабы же үчөөбү. Ушул азыр жашообуздун бардыгын чечет.

Акыркы бештикте алар төртөө калдыбы деп Шухов чоочулап кетти. Ашык баш! Кайра санашат! А көрсө бирок, Фетюков, канчык, кавторангды тамеки калтыр деп алагды болуп, өзүнүн бештигине убагында кошулуп баспай, бул жерде ашыкча чыга келген турбайбы.

Помначкар жини менен желкеге урду Фетюковду.

Туура кылат!

Акыркыда – үч киши. Туура чыкты, кудай жалгагыр!

- Дарбазадан жылгыла! –конвой кайра түртөт.

Бул жолу бирок зэктер тынч, көрүп турушат: вахтадан аскерлер чыгып, плацты дарбазанын тигил жагынан курчап атышат.

Демек, чыгарышат экен.

Эркин онбашылар, прораб көрүнбөйт, балдар отун алып баратышат.

Дарбаза ачылды. Ошол жактан, дарбазанын тышынан, жыгач өткөрмөдөн, кайра начкар менен контролер:

- Биринчи! Экинчи! Үчүнчү!...

Дагы бир жолу туура чыкса – чокулардагы сакчыларды түшүрөт.

Алыскы чокулардан зонаны бойлоп ой-бо-ой канча басыш керек! Акыркы зэкти зонадан чыгарып, эсеби туура чыккандан кийин – телефон менен бардык чокуларга чалышат: түшкүлө! деп. Эгерде начкардын башы ордунда болсо – жылдырып бастыра берет, анткени зэк кайда качмак эле, ал эми тигил, чокудагылар, колоннаны кууп жетип алышат. Начкар келесоо болсо – коркот, аскери зэктерге каршы жетишпей калабы деп, күтүп отурат.

Бүгүнкү начкар ошондой маңбаштардын бири экен. Күтүп турат.

Күн кечке зэктер суукта, өлгүдөй үшүп калышты. Жыйналгандан кийин да, мынакей бир саат үшүп турушат. Ошентсе да сууктан эмес, куру өткөн кечтен жандары кашайып жатпайбы! Зонада эми эч бир ишти бүтүрбөйсүң.

- А Сиз кайдан англис флотунун тирилигин мынча жакшы билесиз? – коңшу бештикте суроо берди.

- Билесизби, мен бир ай англис крейсерде жашагам, өзүмдүн каютам бар болчу. Мен деңиз конвойду кошточумун. Байланыш офицери болчумун аларда.

- Оп, бали-и! Жетиштүү турбайбы сизди жыйырма беш жылга кесүүгө!

- Жок, билесизби, мен мындай либералдык критицизмден алысмын. Мен биздин мыйзамдар тууралуу жакшы пикирдемин.

(Ырдай бер, ырдай бер деп ойлоп койду Шухов, алардын сөзүнө кошулбай. Анакей Сенька Клевшин америкалыктар менен эки күн жашады эле, жыйырма беш жыл беришти, сен болсо алардын кемесинде бир ай жүрсөң, - сага канча бериш керек?)

- Бирок согуштан кийин англис адмиралы, шайтан алгырдыкы, мага эсте каларлык белек жибериптир. «Ыраазычылыктын белгиси» деп. Таңгаламын, карганамын!...

Кызык ай. Кызык ушинтип карап көрсөң: жылаңач талаа, ээн зона, айдын жарыгында каар жылтылдайт. Конвоирлер ордуларына туруп калышыптыр – бири биринен он кадам аралыкта, куралын атууга даяр. Кара үйүр зэктер, алардын ичинде, окшошкон бушлат кийинген – Щ-311 – мурдагы жашоосунда алтын погонсуз өмүрүн элестетип көрбөгөн киши, англис адмиралы менен кадимкидей сүйлөшкөн неме – азыр Фетюков менен ташыма көтөрүп жүрөт.

Адамды мындай да, тигиндей да чимирилтсе болот экен го…

Мына, чогулду конвой. Намазын окубай эле түз:

- Кадам арыш-та! Тезирээк!

Ооба, бок силерге эми – тезирээк! Бардык объектилерден калдык, эми эч жакка шашпайбыз. Зэктер сүйлөшпөстөн бирин бири түшүндү: силер бизди кармадыңарбы – эми биз силерди кармайбыз. Силер да жылууга баргыңар келип турат, э-э…

- Ыкчамда! – кыйкырат начкар.- Ыкчамда, алдыдагылар!

Бок сага – «ыкчамда»! Баратышат зэктер бир калыпта, баштарын жерге салган, өлгөнгө бараткандай. Биз эми бардыгынан үмүт үздүк, баары бир лагерге акыркы келебиз. Адамча биз менен болгон жоксуңбу – кыйкырыктан мага десең эми жарылып кет.

Бир кыйкырды, эки кыйкырды начкар «ыкчамда!» деп, анан түшүндү: зэктер тезирээк болушпайт. Атканы да болбойт: бештикте, колонна менен тартиптүү баратат. Зэктерди кубалап бастырууга начкардын бийлиги жок. (Эртең менен зэктер ушинтип айла табышат – жумушка мойнунан сүйрөгөн иттей сүйрөлүп чыгышат. Ким жүгүрүп жүрсө, лагерде узак жашабайт – чаалыгып кулайт.)

Ошол бойдон кеттик – тегиз, ырааты менен. Каарды кычыратып. Ким акырын сүйлөшүп баратат, кимиси жөн гана башын салып. Эстеп баштады Шухов – эртең менен зонада кайсы иш калды жасалбай? Эстеди анан – санчасть! Мына укмуш ай, иштин үстүндө такыр санчастты унутуп калыптыр.

Туура азыр санчастка кабыл алып жаткан кез. Кечки тамакка кирбесе, үлгүрүп калышы мүмкүн. А бирок эми сыздатпай калгансыйт. Температура баягыдай эле… Текке кетирген убакыт! Догдурсуз эле басып жүрөт. Догдурларды ээрчисең, тез гана көргө жеткирет.

Санчасть эмес – кечки тамакка дагы эмне кошуп тапса болорун ойлонду. Үмүтүнүн бардыгы – Цезарь жөнөтмө алыш керек эле, убагы эчак келген.

Бир маалда зэктер колоннасы кадимкидей өзгөрүлө түштү. Чайпалып, ырааты бузулуп, булкунуп, күүлдөп, күүлдөп кетти – мына арткы бештик, анын ичинде Шухов, алдыдагыларга жетишпей, артынан чуркап, жете чуркап калышты. Бир нече кадам басышат, анан кайра артынан чуркаганга туура келет.

Арты дөңгө чыкканда, Шухов көрдү: сол жактан ыраакта, талаада, дагы бир колонна карайып келатат, биздин колоннанын жолун кесе, бизди көрө калып, алар дагы чамдап баштаган окшойт.

Бул колонна мехзаводдуку болуш керек, үч жүз кишидей. Аларды да кармашкан турбайбы. Аларды эмне үчүн кармашат? Жумуш боюнча кармашы мүмкүн: кайсы бир машина оңдолуп бүтпөй калган чыгар. Аларга эчтеке эмес, алар күн кечке жылууда болушат.

Эми кимди ким! Балдар чуркаганга өттү. Конвой да безилдеп баратат, начкар гана кыйкырып коёт мезгил-мезгили менен:

- Чоюлбагыла! Арткылар, калбагыла! Калбагыла!

Башыңды урайын, эмне каңкылдайт мынабу? Калбай эле келатпайбызбы!

Ким эмне жөнүндө сүйлөшүп аткан, ким эмне жөнүндө ойлонуп бараткан – бардыгын унутушту, колоннада бир гана максат калды:

- Тигилерден озунуп, тигилерден эрте жетүү!

Ушундай баары аралашып калды азыр, конвой зэктерге душман эмей, өз кишидей. Душманы – тигил, башка колонна.

Көңүлдөрү ачыла түштү бардыгынын, жиндери тарап кетти.

- Бол эми! Бол эми! – арткылар алдыңкыларга кыйкырат.

Көчөгө кирип барганда, колонна кысылгансып калды. Каптал жактан конвоирлерге чуркаганы оңтойсуз. Ушул жерден биз алардан ашып кетишибиз керек!

Мехзаводчуларды лагердик вахтада өзгөчө узак тинтмелешет, ошондуктан аларды артка калтырыш керек. Лагерде айрымдарды сайып баштагандан кийин, жетекчилер бычакты мехзаводдон кылышат, ошол жактан келет деген ойлору бар. Андыктан лагерге киргизип жатканда мехзаводчуларды өзгөчө тинтмелешет. Кеч күздө, жерди тоң басып калганда, аларга кыйкырчу:

- Батинкелерди чечкин, мехзавод! Батинкелерди колго алгыла!

Ошентип жылаңайлак тургузуп тинтмелешчү.

Азыр деле, суукпу, суук эмеспи, тандамалап бир-экөөнө сөөмөйү менен көрсөтөт:

- Кана, оң чокойду чечкин! Сен болсо – сол чокойду!

Зэк чокоюн чечет, анан бир буттап тигил чокойду өөдө-ылдый кылып, чулгоосун желпиши керек – мына, бычак жок дегенсип.

Шуховдун укканы боюнча, чынбы, калппы билбейт, - мехзаводчулар жайында эки волейбол устундарын лагерге алып келишкен, ошол устундардын ичинде бычактын бардыгы катылган экен. Ар биринде ондон. Эми лагерде таап калышат кез-кезде – тигил жерде, бул жерде.

Ошентип жорголоп барып, жаңы клубдан, турак жай кварталдан, жыгач жасалгалоо жайдан өтүп – лагердик вахтага чыккан түз бурулушка чыга келдик.

- Ху-гу-у! – бир үн менен колонна кыйкырыгын салды.

Ушул жол кесилишин максат койгонбуз! Мехзаводчулар – жүз элүү метрдей оң жакта, артта калышты.

Эми жай кеттик. Колоннада бардыгы кубанып алышкан. Коёндун кубанычы: анакей, бака бизден коркот турбайбы дегенсип.

Мына көз алдыбызда – лагерь. Таңга маал кандай калтырганбыз, ошол бойдон турат: түн, бүтүн короо үстүндө зона боюнча жарыктар жана вахта алдында фонарлар өзгөчө жыш күйүп турат, тинтме үчүн бүт аянтча күн тийгендей жарык.

Бирок, вахтага жете электе…

- Токто! – кыйкырды помначкар. Анан, өзүнүн автоматын аскерге берип коюп, колоннага жакын чуркап келди (автомат менен жакын келгенге тыюу салынган).- Оң жакта тургандардын бардыгы, колундагы отунду – ыргыткын оң тарапка!

Тыштагылар ачык алып баратышкан, бардыгын көрүп турат. Бирөө, экөө кетти байланган отундан, үчөө. Айрымдар колонна отунун жашырып койгусу келет, коңшулары болсо аларга:

- Сен үчүн башкалардыкын алып коёт! Жакшылыгың менен ташта!

Зэктин башкы душманы ким? Башка зэк. Эгерде камактагылар бири бирине ит-мышык мамиле кылбаса, жетекчилердин аларга күчү жетмек эмес.

- Ма-арш! – кыйкырды помначкар.

Кеттик вахтага.

Вахтадан беш жол кошулат, бир саат мурда ошол жолдордо бардык объекттер үйүлүп турушкан. Эгерде ушул жолдорду бойлой көчөлөр салынса, келечектеги шаарчада ушул вахта менен тинтме жерде башкы аянт болмок. Азыр бардык объекттер ар тараптан келаткандай, демонстрациялар ушул жерден кошулмак.

Сакчылар вахтада жылынып отурушуптур. Чыгып, жолду торой туруп калышты.

- Че-ечкиле бушлатты! Күрмө тонду чечкиле!

Анан колдорун эки жакка жайышат. Тинтмелеп, кучактаганы камданып турат. Капталдарга ургулаганы. Жанагы, эртең мененкидей.

Азыр чечингенден коркпойбуз, үйгө баратабыз.

Ушинтип айтышат бардыгы – «үйгө» деп.

Башка үйдү күндүз эстегени убакыт болбойт.

Колоннанын башын тинтмелеп баштаганда, Шухов Цезарга басып келип айтты:

- Цезарь Маркович! Мен вахтадан дароо жөнөтмө жайына чуркап барып, кезек алып коёюн.

Кап-кара, алды жагын бир аз бубак баскан, куюп койгондой муруту менен Цезарь Шуховго кайрылып:

- Жөн эле, Иван Денисыч, кезек ала бергени эмне? Балким, жөнөтмө болбойт.

- Болбосо, мага эмне? Он мүнөт күтөмүн, келбесеңиз – мен баракка кеттим.

(Шухов болсо ойлоп койду: Цезарь болбосо, башка бирөө келет, кезектеги орунду сатып жиберсе болот.)

Цезарь жөнөтмөсүнө зар болуп калган окшойт:

- Мейли, Иван Денисыч, барып ала бер. Он мүнөт күткүн, ашык эмес.

Тинтме мына жакындап калды. Бүгүн Шуховдун тинтмеден жашыра турган эчтекеси жок, коркпостон баратат. Бушлаттын жиптерин чечти шашпай, күрмө тондун брезент жибин чечти.

Бүгүн эч нерсеси жоктугун билсе да, бирок сегиз жылдын сак жүргөндүгү адатка айланып калган. Колун тизедеги чөнтөккө салды – бош экенин дагы бир жолу текшерип көргөнү.

Бирок ал жакта темир аранын сыныгы бар экен! Ал сыныкты чарбалык адатынча бүгүн жумуш зонадан таап алып, чөнтөккө салып коюптур, лагерге алып барайын деген оюу жок болчу.

Оюу жок болгону менен, бирок мына ушул жерге чейин алып келип – ыргытып жиберген аянычтуу болуп турат! Аны кичинекей бычак кылып курчтап алсаң – бут кийим оңдогону, кийим жамаганы да жарайт.

Эгерде алып кирем деп ойлонсо, жакшы катып салмак. Эми алдыда эки катар калды, алардын бир бештиги алдыга чыгып, тинтмеге туруп калды.

Шамалдан тез чечиш керек эми: же акыркы бештиктин аркасында турганда, билгизбей каарга ыргытып жибериш керек (артынан аны таап алышат, бирок кимдики экенин билбей калат), же алып кириш керек!

Эгерде бычак деп табышса, ал темир аранын кесиндиси үчүн он сутка карцер беришет.

Бирок бут кийим бычагы иштеп тапканга жакшы, нан таап берет!

Ыргыткан өтө аянычтуу.

Шухов аны кебез колгабына салып салды.

Ошол учурда тинтмеге кийинки бештик кетти.

Жарык тийген жерде алар үчөө калышты: Сенька, Шухов жана 32-чиден молдаванды издеп барган бала.

Алар үчөө, сакчылар болсо бет маңдайда бешөө болгондуктан – эбин таап, оң жактагы эки сакчынын кимисине барышты тандаш керек. Шухов жаш, бети кызыл баланы эмес, мурутун буурул чалган кары немени тандады. Кары, албетте, тажрыйбалуу, кааласа оңой эле таап алмак, бирок ал кары болгондуктан, бул кызматтан өлөөрчө тажаган.

Шухов эки колгабын, сынык ара менен жана бошту, колунан чечип, бир колго алды (бош колгапты алдыга оркойтуп), ушул эле колуна белге бууган жипти илди, күрмө тонду жагжайтып салды, бушлаттын жана күрмө тондун этектерин элпектенип өөдө көтөрүп алган (эч качан тинтмеде мынча элпек болгон эмес, азыр болсо ачык-айкындыгын көрсөткүсү келди – ме, ала бер, катчу эч нерсем жок! дегенсип) – анан команда боюнча буурул мурутчанга жөнөдү.

Буурул мурутчан Шуховду капталынан, аркасынан чапкылады, тизедеги чөнтөктүн үстүнөн какты – эчтеке жок, күрмө тон менен бушлаттын этектерин колдору менен эзгиледи, жок эч нерсе, анан коё берерде, Шуховдун оркоюп турган колгабын уйпалады – бошту.

Сакчы колгапты мыкчыганда, Шуховду өзөгүнөн кычкач менен кыпчыгандай болду. Экинчи колгапты да ушинтип бир мыкчыса – кетти карцерге, күнүгө болгону үч жүз грамм нан, ысык тамак үчүнчү күнү гана берет. Аяктан алдан тайып, өзөрүп, азыркыдай тарамыштай тырышкан, ач эмес да ток эмес абалына жетүүгө кыйын болоорун көз алдына түшүрдү.

Ошол замат ал жан дилин салып, көккө кайрыла сыйынды: «О Кудай! Сактай көр! Бербесең мага карцерди!»

Ушул ойлордун бардыгы сакчы биринчи колгапты уйпалап, экинчи, арттагысын уйпалайын деп турганда зуулдап өттү (Шухов колгаптарды бир колунда эмес, эки колдо кармап турса, сакчы аларды эки колу менен бир жолу уйпалап салмак). Бирок ошол учурда тинтмедеги чоңу, тезирээк бошогону шашып, конвойго кыйкырды:

- Мехзавод келе берсин!

Буурул мурутчан экинчи колгапты мыкчыгандын ордуна, шилтеди колун – кете бергин дегенсип. Коё берди.

Шухов өз катарына кошулганы чуркады. Тигилер колонна үчүн кашаа сымал, базарда жылкыны койгон жердегидей эки узун карагай - өткөрмөнүн ортосунда бештен болуп тизилип калышыптыр. Бут алдындагы жерди сезбей жеңил чуркап баратты, ыраазылыгын айтып, дагы бир жолу көккө кайрылып койсо болмок, бирок бир жагынан чолосу тийген жок, экинчи жактан, дайыны жок болуп калмак.

Бизди коштоп келген конвой азыр четке чыкты, мехзаводдун конвою үчүн жол бошотуп, өзүнүн начальнигин гана күтүп турат. Тинтмеге чейин биздин колонна ыргыткан отундарды конвоирлер чогултуп алышты, тинтмеде сакчылар тартып алган отундар вахтанын жанында үймөктөлүп жатат.

Ай бийиктеген, ай жарыгындагы түндө суук кычырап турат.

Конвойдун начальниги төрт жүз алтымыш үч башка кол жазмасын кайтарып алыш үчүн вахтага баратып, Волковойдун жардамчысы Пряха менен сүйлөшкөндөн кийин, тигил кыйкырды:

- Кэ – төрт жүз алтымыш!

Колоннанын ортосуна жашынган молдаван үшкүрүп, оң жактагы өткөрмөгө чыкты. Башы шылкыйган, ийиндери чыгып турат.

- Бас бери! – Пряха көрсөттү жылкы койгудай жердин аркы жагын.

Молдаван айланып барды. Колду артка алып, ушул жерде тургун деп буйрушту.

Демек, качууга аракет жасады деп күнөөлөшөт. БУРга тыгышат.

Дарбазага жетпей, кашаанын оң жана сол жагынан эки вахтер орун алышты, үч адамдын боюндай бийик дарбаза акырын ачылганда команда угулду:

- Бе-ештен бөлүн! («Дарбазадан жылгыла» дегендин кереги жок бул жерде: дарбазалар ар дайым зона ичине ачылат, анткени, эгерде зэктер үйүлүп ичинен түртүшсө, ачылбагыдай болуш үчүн.) Биринчи! Экинчи! Үчүнчү!...



Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   10




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет