Солженицын А. И



бет2/10
Дата15.06.2016
өлшемі0.72 Mb.
#137240
1   2   3   4   5   6   7   8   9   10

- Эртерээк камынбайт белең анан? Тизилээр алдында келесиң да? Ме!

Вдовушкин банкадагы тайпанын оюгуна салынган термометрди алып чыгып, эритмеден сүртүп Шуховго берди.

Шухов дубалдын жанындагы отургучка, эң чекесине, ошол отургуч менен кошо мына-мына кулап кеткидей болуп отуруп алды. Ушундай ыңгайсыз орунду атайын эмес, ушул санчасть бөтөн жер экенин жана бул жакка аз гана нерсеге келгенин билдирип отурган.

Вдовушкин болсо андан ары жазып жатты.

Санчасть зонанын эң алыскы түнт бурчунда жайгашкан, эч бир добуш жетпейт. Саат жүргөнү да угулбайт – камактагыларга сааттын кереги жок, убакытты алар үчүн жетекчилер билишет. Жада калса чычкандын кыртылдаганы угулбайт – ооруканадагы мышык алардын тыйпылын чыгарды окшойт, атайын ошол үчүн коюлган.

Ушундай таза бөлмөдө, жымжыртта, чайыттай лампа жарыгында беш мүнөт эчтеке кылбай отурганы Шуховго таңгалаарлык болуп турду. Бүт дубалдарды карап чыкты – көзгө илинээр эч нерсе тапкан жок. Күрмө тонун карады - төшүндөгү номер сүртүлүп баратыптыр, кармап жазалай электе жаңылатыш керек экен. Бош колу менен бетиндеги сакалын көрдү – орсоюп калыптыр, тигил мончодон бери өсүп келе жатат, он күндөн ашуун. Бирок оңтойсуз эмес. Үч күндөн кийин мончо болот, ошондо кырып салышат. Чачтарачта жөн эле кезек күтүп отуруштун кереги барбы? Шухов кимге короздонмок эле?

Анан, Вдовушкиндин апапакай шапкечесин тиктеп, Шухов Ловать суудагы медсанбатты эстеп кетти, жаагынан жаракат алып - жалдырама тийгир! өз ыктыяры менен кайра катарга туруп алганы. Беш күнчө жатып турса болбойт беле!

Мына азыр эңсегени: эки-үч жумага өлбөй-житпей, операциясыз ооруканага жатып сыркоолоп калса го, - үч жума кыймылдабай жата бермек, мейли жалаң курулай суу сорпосун бере берсин.

Бирок, Шухов эстей калды, азыр ооруканада жатып жан бакмай болбой калган. Кайсы бир этап менен Степан Григорьич деген жаңы доктор пайда болду, ушундай бакылдак жана шашкалак неме экен, өзүнүн жаны тынбайт, бейтаптардын да жанын койбойт: кыймылдап баскан бейтаптардын бардыгын оорукана алдында жумуш кылганы чыгарганды ойлоп тааптыр: короону тоскону, жолчо төшөгөнү, клумбага жер ташыганы, кышында болсо – каар менен күрөшкөнү. Ооруну жеңген биринчи дары – жумуш дейт.

Жумуштан жылкы жыгылат. Ушуну түшүнүш керек. Таш көтөрүп, үй салып көрчү – тынч отураар элең.

…Вдовушкин болсо өзүнүкүн жазып атты. Ал чынында эле жумуштан тышкары иш менен алек болуп жаткан, Шуховго түшүнүксүз. Кечээ бүтүрүп, бүгүн жанагы Степан Григорьич деген врачка көрсөтөмүн деп сөз берип, жаңы чоң ырын көчүрүп жаткан.

Лагерде гана боло турган иш – Степан Григорьич Вдовушкинге фельдшер болуп алгын деп кеңеш берет, фельдшер кылып жумушка алат, Вдовушкин болсо ички кызыл кан тамырга ийне сайганды карапайым жумушчуларга, момун литвалык же эстондуктарга жасап үйрөнүп жүрөт, алар фельдшер чынында фельдшер эмес экенин башына да албайт. Коля адабият институтунда студент болчу, экинчи курста окуп жүргөндө камалган. Степан Григорьичтин тигил боштондукта жүрүп жазбаганын түрмөдөн жазып алсын деген тилеги бар болчу.

…Ак муздан бозомук тарткан эки катар терезеден тизилүүгө чакырган добуш араң угулду. Шухов үшкүрүп турду. Мурдагыдай эле чыйрыгып жатты, бирок жумуштан калууга болбой калды окшойт. Вдовушкин термометрге колун сунду, карады.

- Мына көрдүңбү, же ары эмес, же бери эмес, отуз жети эки. Отуз сегиз болсо го, бардыгына түшүнүктүү. Мен сени жумуштан бошото албайм. Кааласаң, калып кал. Текшергенден кийин доктор сени сыркоолуу деп тапса – бошотот, дени сак деп тапса – баш тарткан болосуң, БУРга отурасың. Андан көрү зонанын сыртына барып иштеп кел.

Шухов жооп бербестен, башын да коштошкону ийкебей баш киймин кийген бойдон чыгып кетти.

Жылууда отурган үшүп келгенди түшүнчү беле?

Суук ыкчамдай түшүптүр. Шуховдун бетине ачыштыра жабышып, жөтөлтүп жиберди. Суукта – жыйырма жети, Шуховдо – отуз жети. Эми кимди ким жеңээр экен.

Шухов лепилдеп баракты көздөй жөнөдү. Линейка бүтүн ээн турат, лагерь дагы бош тургандай. Тирликтен бардыгы ажырап, бирок тизилээр маал келбегендей бирин бири алдап соороткон кыска зарыктырма мүнөттөрдүн бири болчу. Конвой жылуу казармада мылтыктарына уйкусураган баштарын тиеп отурушат, - аларга дагы ушул суукта чокуларда кайтарып туруш бал жашоо эместир. Вахтерлор башкы вахтада мешке көмүр салып отурушат. Сакчылар өз жайында тинтээр алдында акыркы тамекилерин чегип жатышат. Камактагылар болсо, бүт өздөрүнүн айрынды кийимдерин кийишип, болгон жиптерин байлап тагышып, көзүнөн ээгине чейин сууктан чүпүрөк менен оронушуп, - нарада жууркан үстүндө чокойлору менен жатышат, көздөрү жумулуу, уктамаксан. Бригадир: «Тур-гула!» деп кыйкыргыча.

104-бригада тогузунчу барак менен кошула үлгүрөп жатыптыр. Помбригадир Павло гана оозун кыймылдатып, карандаш менен бирдекесин эсептеп отурат жана үстүнкү нарада баптист Алешка, Шуховдун коңшусу, жуунуп, тазаланып өзүнүн жазма китепчесин окуп жатат, анысына инжил китебинин жарымысын көчүрүп алган.

Шухов атырыла, бирок акырын кирип келип, помбригадирдин вагонкасына кайрылды.

Павло башын көтөрүп:

- Отургузган жокпу, Иван Денисыч? Амансызбы? (Батыш Украиндиктерди көндүрө албай коюшту, алар лагерде да аты-жөнүн айтышып, сылык сүйлөшөт).

Столдон алып, пайканы сунду. Пайканын үстүндө - ак дөбө болуп бир кашык шекер төгүлгөн. Шухов канчалык шашса да, сылык жооп берди (помбригадир - өзүнчө чоң, лагерь начальнигине караганда, ал көп нерсени чечет). Шашыла шекерди оозуна алып, артынан тили менен жалап, бир буту менен кронштейнге чыгып - үстүндө жууркан төшөгүн түстөгөнү, - ошол эле учурда пайканы ар тараптан байкап, колу менен ченегенсиди: тиешелүү беш жүз грамм барбы, же кемби? Шухов эчен түрмө-лагерлерде канча миң мындай пайка алып келатат, ошонун бирисин да таразага коюп ченеп көргөн эмес, өзү момун болгондуктан, үн көтөрүп кыйкыра да албайт, бирок ар бир камактагы адамга, анын ичинде Шуховго да түшүнүктүү – туура кесип, өлчөп берген нан кесчү жайда көп кармалбайт. Ар бир пайка кем берилет – бирок канчалык, көппү? Мына анан күнүнө эки жолу өлчөп карайсың, жанды жаялтыш үчүн – балким, мени бүгүн өтө алдабагандыр? Балким, менин пайкамдын граммы толуктур?

- Жыйырма граммдай жетпейт окшойт, - деген чечимге келип, Шухов пайканы экиге бөлдү. Бир бөлүгүн койнуна, күрмө тондун алдына салып жиберди, ал жакта атайын ак чөнтөкчө тигип алган (фабрикада зэктер үчүн күрмө тондор чөнтөгү жок тигилет). Эртең мененки тамактан үнөмдөлгөн экинчи бөлүгүн азыр эле ушул жерден жеп салайын деген ой келди эле, бирок шашып жеген тамак жук болбойт, тойгузбай жөн гана корондуга кетет. Жарым пайканы тумбочкага салайын деп колун сунуп, кайра ойлоду: дневальныйлар кечээ эки жолу уурулук үчүн таяк жегенин эстеп кетти. Барак ээн короодой чоң, кимди ким билиптир.

Ошондуктан, колунан нанды түшүрбөй, Иван Денисович чулгоосу менен кашыгын чокоюна эптүү калтырып, жылаңайлак бутун тартып алды да үстүнө чыкты, матраста тешикти кеңейтип, ошол жакка, таарындыга өзүнүн жарым пайкасын катты. Башынан шапкесин чече салып, андан ийне жипти сууруп чыкты (ал дагы терең катылган, шапкени тинтип текшеришет; бир жолу сакчы ийнеге колун сайып алып, жиндеп Шуховдун башын жара чаап сала жаздаган). Жым, жым, жым эттире - мына катылган пайканын тешиги жамалып калды. Аңгыча оозундагы шекер эрип бүттү. Шухов ушул чакта чымыркана, болгон ыкласы менен байкап турду – мына азыр нарядчик эшиктен барк этип кыйкырат. Шуховдун колу эптүү кыймылдаганы менен, башы алдыга безип, эмне кылыш керектигин ойлоп жатты.

Баптист инжилди өз ичинен гана эмес, деми менен окуп жатты (балким, атайын Шухов үчүндүр, бул баптисттер политруктарга окшоп үгүттөгөндү жакшы көрүшөт):

- «Араңардан адам өлтүргөн, же ууру болгон, же кыянаттык кылган, же бөтөн мүлккө көз арткан болуп жабыркабагыла. Ал эми христиан катары куугунтук көрсөңөр, уяң болбой, мындай жазмыш үчүн Кудайга тобо дегиле».

Алешканын эмнеси мыкты: жанагы китепчесин дубалдагы жылчыкка ушундай ыңгайы менен батырып салат дейсиң – бир дагы тинтмеде байкашкан жок.

Ошондой эле эптүү кыймылы менен Шухов бушлатты вагонканын башына илип, матрастан колгаптарын, тамтыгы кеткен чулгоосун, жипти жана эки жагы тилинген чүпүрөктү алып чыкты. Матрастын таарындысын (анысы салмак кошуп, ныкталган) бир аз тегиздемиш болуп, жуурканды айланта матрастын астына кымтып, жаздыкты өз ордуна ыргытты да - жылаңайлак бойдон жерге түшүп, бут киймин кийе баштады, эң биринчи жакшы, жаңы чулгоосун, анын үстүнөн начарын ороду.

Мына ошондо бригадир барк этип, туруп кайрылды:

- Түнөп болгун, жүз төртүнчү! Чы'-га бер!

Ошол замат бүт бригада, үргүлөгөн уйкуда беле, жок беле, туруп, эстегилеп, чыга беришке жөнөп кетти. Бригадирдин отурганына он тогуз жыл болду, тизилгенге ал бир мүнөт эрте чыгарбайт. «Чы'-га бер!» - дедиби, демек мезгил жеткен экен.

Бригадалаштары оор кадамдарын таштап, үн жок, биринин артынан бири коридорго, андан кийин кире беришке жана барак алдына чыккыча, ал эми 20-чынын бригадири да, Тюринди туурап: «Чы'-га бер!»- дегенче Шухов чокоюн эки чулгоо менен кийип, бушлатты күрмө тондун үстүнөн жамынып, жип менен катуу байланып алганга жетишти (териден кур кимде болсо, тартып алышкан - Өзгөчө лагерде уруксат жок).

Ошентип Шухов баарысына үлгүрүп, кире бериште акыркы өзүнүн бригадалаштарын кууп жетти – алардын номер кадалган аркалары босогодон эшикти карай чыгып баратышат. Өздөрүнө болгон кийимдерин оронушкан, жоонойгон бригадалаштары кыйгачтап, бирин бири шаштырбай, чууруп оор кадамдары менен линейкага баратышты, каардын кычыраганы эле угулат.

Баягыдай эле караңгы, асман күн чыгыш жактан бир аз гана көгөрүп ачылгансыйт. Ошол күн чыгыш жактан ичке, ачуу шамал үйлөп турду.

Мына ушул чактан өтөөр жаман мүнөттөр жок – таңга маал тизилүүгө чыгуу. Караңгыда, суукта, өзөргөн курсак менен бир күн кечкиге чейин. Тилиң буулат. Бири бириң менен сүйлөшкүң келбейт.

Линейкада кенже нарядчик алдастап жүрөт.

- Тюрин, эми канча күтүш керек? Кайрадан сүйрөлүп келатасыңбы?

Кенже нарядчиктен Шухов коркпосо, Тюрин кебелбейт. Ага карай суукта оозун ачып да койбойт, кете берет унчукпай. Бригада анын артынан: топур-тупур, кычыр-кучур.

Килограмм салону берген окшойт – 104-чү өз колоннасына келди, коңшу бригадалардан байкаса болот. Соцгородокко колунда жок же дөлдүр бирөөнү куушат. Ох, ал жактагы бүгүнкү ызгаар: минус жыйырма жети бетке урган шамаалы менен, же баш калкалаар, же жылынаар жер жок!

Бригадирге сало көп керек: ПӨБгө берет жана өзүнүн курсагын тойгузуш керек. Бригадир өзү жөнөтмө албаса да салосу жок отурбайт. Бригада ичинен кимдир бирөө алса – ошол замат тартуулап бергени келет.

Антпесе жашоо болбойт.

Ага нарядчик тактайга белгилеп жатыр:

- Сенде, Тюрин, бүгүн бирөө оорулуу, жыйырма үч чыктыбы?

- Жыйырма үч, - бригадир башын ийкеди.

Ким жок экен? Пантелеев жок. Ошол неме сыркоо беле?

Бригада шу-шу-шу боло түштү: Пантелеев, ит десе, зонага кайрадан калды. Сыркоо эмес ал, аны опер калтырды. Дагы бирөөнө жалаа жабат.

Күндүз аны эч тоскоолсуз чакырып алышат, мейли үч саат карма, эч ким көрбөйт, эч ким укпайт.

Санчасть аркылуу тариздеп коюшат…

Линейка бүт кара бушлаттарга толгон – аны бойлой бригадалар алдыга, тинтмеге түрткүлөшүп жай жылып баратышты. Шухов күрмө тондогу номерин жаңылатыш керектигин эске түшүрүп, линейканын аркы бетине кысылып өттү. Ал жакта сүрөтчүгө эки-үч зэк кезекте турушат. Шухов да кошулду. Бизге окшогондорго номердин зыяндан башка эч нерсеси жок, сакчы номерден сени алыстан байкап калат, конвой жазып алат, номериңди өз убагында жаңылатпасаң - өзүңө эле кондей: эмне үчүн номериңе кам көрбөйсүң?

Лагерде үч сүрөтчү бар, чоңдор үчүн акысыз сүрөт тартышат, кезеги менен тизилээр маалда номер жазганы келишет. Бүгүн ак сакалчан чал. Шапкеге кисточкасы менен номер жазганда – поп чекеге май сыйпагандай.

Сүйкөп, сүйкөп колгабын оозуна кадап үйлөйт. Колгабы токулган, жука, колу селейип, сан жаза албайт.

Сүрөтчү Шуховдун күрмө тонундагы «Щ-854» деген жазуусун жаңылады, эми Шухов бушлатын кумтулабай, анткени тинтмеге жакын калган, колундагы жиби менен бригадасын кууп жетти. Жетээр замат көрдү: Цезарь бригадалашы чылым тартып жатыптыр, трубкасын эмес, тамекисин – демек, калтыр десек болот экен. Бирок Шухов түз эле сурабай, Цезардын жанына жарым-жартылай кайрыла, жантая көз салып туруп алды.

Ал камаарабай нары жакты карап турган болсо да, ар бир соргон сайын (Цезарь сейрек, ойго батып тартаар эле) тамекинин кызыл тегерек күлү улам жылып, азайгандан азайып, мундштукка жакындап баратканын көрүп турду.

Мында Фетюков, канчык, жабышып калды, Цезардын тушуна тике туруп алып, оозун карайт, көздөрү тим эле күйөт.

Шуховдун бир чымчым тамекиси калган эмес, кечкиге чейин бүгүн табаарына да көзү жетпейт – тулку боюн күтүүгө таштап, ушул тамекинин куйругу азыр азаттыктан таттуу көрүнгөнсүйт, - бирок ал аброюн түшүрүп, Фетюковдой оозун карап жалдырабайт.

Цезарда ар улуттун каны бар: же грекпи, же еврейби, же цыганбы - түшүнбөйсүң. Али жаш. Кино тартып жүргөн. Бирок биринчисин бүтө электе камакка кеткен. Муруту кара кочкул, куюп койгондой. Делодо, карточкасында ушинтип тартылгандыктан, бул жерден кырып салышкан жок.

- Цезарь Маркович! – чыдабастыктан Фетюков шилекейин агызды. – Би-ир жолу тартып алайынчы!

Соргоктугу тартып самагандан бети-оозу кыйшайып кетти.

…Цезарь кара көздөрүн жапкан кабагын көтөрүп, Фетюковду карады. Ал тамеки чеккенде ортодон чыгышып, калтыр деп сурабасын үчүн көбүнчө трубканы чеге турган болгон. Тамеки курусун, ойлор үзүлгөнүн жактырбаган эле. Ал күчтүү ойду ойготуш үчүн, ошол ой менен бир нерсе табыш үчүн тамеки чекчү. Бирок тамеки күйгүзөөр замат бир нече көздөр: «Аягын калтыр!» деп күйүшөт.

…Цезарь Шуховго кайрылып:

- Карма, Иван Денисыч! – деди.

Чоң бармагы менен кыска янтарь мундштуктан күйүп жаткан тамекисин чыгарып берди.

Шухов талпына түшүп (ал Цезарь ушинтип өзү берет деп күтүп турган болчу), бир колуна шашыла ыраазылык менен тамекини алып, экинчинин алаканын жайып алдынан түшүп кетпестигин корголоду. Цезарь мундштук менен бергенден жийиркенгенсип, ушинтип бергенине таарынган жок (кимдин оозу таза, кимдин оозунда ит өлгөн), анын бышкан колдору чоктун өзүн кармаса да, күйгөнүн сезген жок. Эң негизгиси, Фетюков-канчыктын жолун кесип, мына азыр оозу күйгүчө түтүн жутуп отурат. М-м-м-м! Тамеки ач денеге жүгүрүп, бутуна да башына да торк этти.

Жаңы эле денеге жанагынын жыргалы тарап баштаганда Иван Денисович күңгүрөгөн үндөрдү укту:

- Ички көйнөктү алып атышат!...

Зэктин турмушу ушундай, Шухов көндү: мойнуңа секирбегендей эле, эки жакты карай жүр.

Эмне үчүн - көйнөктү? Көйнөктү начальник өзү бербеди беле?!... Жок, андай эмес…

Тинтмеге алдыда эки бригада калганда, 104-чүдө бардыгы көрүштү: штаб барактан режим начальниги лейтенант Волковой басып келип сакчыларга бир нерсе деп кыйкырды. Волковой жокто эптеп-септеп тинтип жаткан сакчылар эми жырткычтардай асылып тинте башташты, старшинасы болсо кыйкырды:

- Көйнөк топчуларын чечкиле!

Волковойду зэктер гана эмес, сакчылар бери турсун – лагерь начальниги өзү коркот деп айтышат. Кудайдын берген аты-жөнүн да карабайсыңбы! Волковойдун көз карашы – тим эле бөрү. Өңү кара, узун, кабагы бүркөө - анан басканы тез. Барактын артынан чыга калып барк этет: «Бу жерде эмне чогулуп калдыңар?» Жашынууга үлгүрбөйсүң. Башында камчы көтөрүп жүрчү, териден, өрүлгөн. БУРда ошону менен сабачу дешет. Же кечки текшерүүдө зэктер барактын жанында үйүлүп калса, артыңан билгизбей келип моюнга камчы менен тарта салат: «Сен эмне катардан чыктың, айбан?» Үйүлгөн топ толкун качкандай нары чегине түшөт. Камчы жеген мойнун кармап, канды сүртүп унчукпайт: БУРга отургузуп салбагыдай эле.

Азыр эмнегедир камчысын көтөрбөй калды.

Суукта жөнөкөй тинтмеде кечинде болбосо, эртең мененкисин тартип жумшак болчу: камактагы бушлатын чечип, четтерин эки жакка ачып берет. Ошентип бештен адам өтөт, беш сакчы маңдайында турат. Алар зэкти белинен курчалган күрмө тондун капталынан чапкылап, уруксат берилген оң тизедеги бир чөнтөктөн чапкылашат кийген колгаптары менен, эгерде түшүнүксүз нерсе жүргөнүн байкаса, дароо сууруп чыкпай, жалкоолонуп сурашат: «Мунуң – эмне?»

Эртең мененкисин зэктен эмне издейсиң? Бычакпы? Аны лагерден эмес, лагерге алып барышат. Эртең менен качып кеткени үч килограмм тамагы жокпу текшериш керек. Бир убакта, ошол нан, түшкү тамактын эки жүз грамм наны коркунуч көрүнүп, буйрук берилген: ар бир бригада өзүнө жыгач чемодан жасашы керек жана ошол чемоданда бригаданын бүт наны жүрөт, ар биринин кесиндиси ошого чогултулат. Бу душмандар эмнени көздөгөнүн азыр түшүнө албайсың, адамды азап кылуу эле амалы, дайыны жок баш оорутмай: өзүңдүн пайкаңды тиштеп кой, анысын байкагын, чемоданга салгын, тигил кесиндилер болсо бардыгы бири бирине окшош, бир нандан жасалган, жол бою анан ойлонуп кыйнала бер, сенин кесиндиң алмашып кетеби, жокпу, бири бириң менен талашып, мушташканга чейин барган күндөр болгон. Бирок бир жолу өндүрүштүк зонадан үчөө автомашина менен качып, ушундай бир чемодан нан алаа качкан. Ошондо начальниктер акылына келип, вахтада бүт чемодандарды балталап салышкан. Эми мурдагыдай ар кими өзүнчө салып жүрө бер.

Эртең мененкисин дагы текшере турган нерсе, зэктин кийми алдында граждандык костюм кийлбегенби? А бирок граждандык буюмдар бүт бардыгынан тап-таза алып салынган, мөөнөтү бүткөнгө чейин берилбейт дешкен. Ал эми бул лагерде болсо эч кимдин мөөнөтү аяктай элек.

Дагы текшериш керек – боштондуктан келип иштеген жумушчулардан жибериш үчүн кат жазып бараткан жокпу? Бирок ар биринин жазган катын издеп жүрсөң түшкө чейин убара тартасың.

Деген менен Волковой бир нерсе издегиле деп кыйкырды эле – сакчылар колгаптарын чече коюшуп, күрмө тонду чыгаргыла (барактын жылуусун ар ким ошол жакта сактап келген), көйнөктүн топчуларын чечкиле деп буйрушту – уставда уруксат берилгенден ашыкча ким эмне кийип алган, тинтишет. Зэкке эки көйнөк – ички жана сырткы, кийүүгө уруксат, ашыкчасын чечип сал! – зэктер катардан катарга Волковойдун буйругун айтып беришти. Кай бир бригадалар өз бактысына эртерээк өтүп, дарбазадан чыгып кетишти, калгандары болсо – ачылгыла! Кимдики ашыкча болсо – ушул суукта ыргыт киймиңди четке!

Ошентип баштады эле, бирок ирээти бузулуп калды: дарбазада санап бүтүшүп, конвой вахтадан шаштырат: бол, эле! бол, эй! бол, эле! бол! Волковой 104-чүгө кезек жеткенде ачуусун тыюуга аргасыз болду: кимдин ашыкча кийми бар, жазып алышат, кечинде өздөрү каптеркага тапшырсын жана түшүндүрмө кат жазсын: кантип, эмне үчүн жашырып алышты.

Шуховдун үстүндөгүсү бүт өкмөттүкү, ме, кармалай бер - көкүрөк-башы ачык, ал эми Цезардын бир жылуу көйнөгүн, Буйновскийдин чыптамасынбы же ичке ороп алмасынбы жазып алышты. Буйновский – бакырык салды, өзүнүн крейсер кемесинде жүргөндөй, лагерге келгени үч ай боло элек:

- Адамды суукта чечиндирген силердин укугуңар жок! Силер жазык кодексинин тогузунчу статьясын билбейсиңер!...

Билишет. Кылышат. Сен, балакай, али биле элексиң.

- Силер советтик адам эмессиңер! – деп тынчыбай согуп жатты капитан.

Кодекстеги статьяны Волковой дагы укмаксанга салып чыдады, мында болсо кара чагылгандай чарт этти:

- Он сутка катуу камакка!

Старшинага акырын:

- Кечинде тариздейсиң.

Булар эртең мененкисин карцерге алгысы келбейт: бир адамдын ишке чыкканы жоголуп жатпайбы. Күндүз иштеп, белин бүксүн, кечинде аны – БУРга.

БУР дегени мына, линейканын сол жагында: таштан салынган, эки канаты бар. Экинчи канаты ушул күздө курулду – бир канатта эл батпай кетти. Түрмөдө он сегиз камера, камералардан дагы жалгыз камакка алуу жайлары жасалган. Лагердин бүт жыгачтан жасалса, бир эле түрмө - таштан.

Суук көйнөк ичке кирип кетти, эми аны кууп чыгыш кыйын. Канчалык оронду эле зэктер – курулай убара. Шуховдун аркасы наалыта тартканын койбойт. Оорукана койкасына жатып алып азыр – уктасаң, чиркин. Башка эч нерсенин кереги жок. Калың журкан жамынып алып.

Зэктер дарбаза алдында турушат, топчуланышып, байланышып, сырттан конвой:

- Бол, эле! Бол!

Нарядчик аркадан түртүп:

- Бол, эле! Бол!

Бир дарбаза. Зонага кире бериш жер. Экинчи дарбаза. Вахта жанында эки жагынан кармагычтар.

- Токто-о! – вахтер жинденет. – Койго окшоп жайылбай, бештен тур!

Таңатып баратат. Вахта артында конвойдун жаккан оту өчүп баратты. Алар тизилээр алдында дайыма от жагышат – жылынууга жана эсептегенге жарык болуш үчүн.

Бир вахтер катуу айтып, тез санап жатты:

- Биринчи! Экинчи! Үчүнчү!

Беш адамдан чыгып, өз алдынча тизилип кетип жатышты, артынан карай бер, алдынан карай бер: баштары беш, аркалары беш, он бут.

Экинчи вахтер – контролер, кармагычтардын аркы бетинде унчукпай турат, текшерип жатат, эсеп туурабы.

Дагы лейтенант бар, карап турат.

Бул лагерден.

Адам – алтындан кымбат. Сым аркасынан бир адамдын башы жетпей калса - өз башың ошолорго кошулат.

Бригада кайрадан бирге чогулуп калды.

Эми конвойдогу сержант эсептеп келатат:

- Биринчи! Экинчи! Үчүнчү!

Кайрадан беш адамдан чыгып, өз алдынча тизилип кетишет.

Караул начальнигинин жардамчысы да наркы жактан текшерип жатат.

Лейтенант дагы.

Бул конвойдон.

Эч бир ката кетирген болбойт. Ашыкча бир баш үчүн кол койсоң - өзүңдүн башыңды салып бересиң.

Конвоирлердин жыштыгын ай! ТЭЦ колоннасын курчап алган, автоматтары даяр, тике эле башка мээлешет. Боз иттери менен ит бакчулар. Бир иттин тиштери ырсыят зэктерди шылдыңдап күлгөндөй. Конвоирлер кыска тон кийишкен, алтоонун эле тону бар. Алардын тону алмашма: ким чокуга чыгып кайтарса, ошол киет.

Дагы бир жолу бригадаларды аралаштырып, конвой ТЭЦ колоннаны бүтүндөй бештен кылып санап чыкты.

- Күн чыгаар маалда сууктун эң ызгаар учуру келет! – деп жарыялады кавторанг. – Анткени ошондо түнкү сууктун эң акыркы чекити коюлат.

Капитан деги эле түшүндүрүп айтканды жакшы көрөт. Ай кандай – жаңырганбы, толгонбу,- ар жылга, ар күнгө эсептеп берет.

Капитандын жаактары кирип, алдан тайып баратканы көрүнүп турат – бирок өзү чөкпөгөн.

Зонадан чыкканда, суук маңдайга соккон жел менен Шуховдун бардыгына чыдап көнгөн бетин катуу чымчылай баштады. ТЭЦке чейин жол бою ушинтип бетке шамал үйлөй берерин түшүнүп, Шухов чүпүрөк кийгенди оң көрдү. Бетке урган шамалдан корголонуш үчүн эки узун тилиндиси менен көпчүлүк тагынган чүпүрөгү бар. Мындай чүпүрөк жардам берерин зэктер билишти. Шухов көзүнө чейин чүпүрөк менен бетин жапты, кулак түбүнөн кесиндисин чыгарып, желкеден байлады. Желкесин шапкени оодарып жапты, бушлаттын жакасын көтөрдү. Шапкенин алды жагын да оодарып маңдайына түшүрдү. Ошенткенде алды жактан көздөрү гана калды жабылбай. Бушлатты өрүлгөн жип менен белден тыкан байлады. Эми бардыгы жайында, колгаптар гана начар жана колдор селейген. Ал колдорун ургулап, сүрткүлөп жатты, анткени азыр колду артка алып, жол бою ушинтип басыш керек болот.

Караул начальниги камактагылардын күндөгү жадаткан «намазын» окуду:

- Көңүл төшөгүлө, абактагылар! Жолдо баратып колонна тартибин катуу кармагыла! Чоюлбагыла, кууп ашпагыла, бир бештен экинчиге көчпөгүлө, сүйлөшпөгүлө, ар тарапты карабагыла, колуңарды артка алгыла! Оңго - кадам, солго - кадам качууга аракет болуп саналат, конвой эскертпей ок атат! Баштапкы, арыш-та!

Алдыңкы эки конвоир жолду бойлоп жылды окшойт. Алдыда колонна чайпала түшүп, ийнилери кыймылдай баштады, конвой дагы колоннанын оң жагынан, сол жагынан жыйырма кадам четкерээк, бири биринен он кадам аралыкта, - кетти, автоматтарын атканы даяр кармашып.

Каар бир жумадан бери жаай элек, жол эчак тапталган. Лагерди курчап, нары чыкканда шамал бетке кыйгачтап үйлөдү. Колду артка кармап, башты түшүрүп, колонна көргө жөнөгөндөй баратты. Алдыңкы экөө-үчөөнүн буттары жана кадамың таштай турган алдыдагы тапталган жер гана көрүнөт. Мезгил-мезгили менен кайсы бир конвоирдин кыйкырыгы угулат: «Ю – кырк сегиз! Колуңду артка!», «Бэ – беш жүз эки! Артка калба!» Кийин алар да кыйкырганды койду: шамал согуп турат, жакшы көрө албайсың. Аларга бетти чүпүрөк менен жамынган болбойт. Бу кызматың да оңойлордон эмес…

Жылуу күндөрү колоннада бардыгы – кыйкыр аларга, кыйкырба, - күбүрөңдөй беришет. Бүгүн болсо үңкүйүшүп, ар бири алдыңкынын аркасына жашынат, өз ойлоруна чөмүлгөн.

Камактагынын ойлору дагы – эркин эмес, кайрылып, кайра ойлоно бермей: матрастагы пайканы таппайбы? Кечинде санчасть жумуштан бошотобу? Капитан отурабы же отурбайбы? Цезарь кантип колуна жанагы жылуу киймин алды экен? Өздүк буюмдар каптеркасында бир нерсе берди да, каяктан алмак эле?



Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   10




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет