Солженицын А. И



бет3/10
Дата15.06.2016
өлшемі0.72 Mb.
#137240
1   2   3   4   5   6   7   8   9   10

Эртең менен пайкасы жок жана муздак тамак ичкендиктен, Шухов бүгүн өзүн ач сезип туруп алды. Ич соруп, тамак сурабасын үчүн лагерь жөнүндө ойлобой, үйгө жакын арада кат жазаарын ойлоно баштады.

Колонна зэктер курган жыгачкананын жанынан, турак жайлардын жанынан (барактарды зэктер чогултса да, ал жерде эркин адамдар жашайт), жаңы клубдун жанынан (аны да зэктер курган, пайдубалынан көркөм сүрөттөрүнө чейин, кинону болсо боштондогулар көрүшөт) өтүп, шамаалга тике жана кызарып таң атып бараткан тарапка тике салып, талаага чыкты. Анын чет-четине чейин, оңго да, солго да жалаң агарган каар жатат, талаа бүтүн бир да дарак көрүнбөйт.

Жаңы, элүү биринчи жыл башталды, ушул жылда Шуховдун эки кат жазууга укугу бар. Акыркысын июлда жазып жиберген, жообун октябрда алды. Усть-Ижмада тартип башкача эле, кааласаң ай сайын жаза бер. Бирок катта эмнени жазасың? Азыркыдай эле, чанда-чанда жазчу.

Үйдөн Шухов кырк биринчи жылдын жыйырма үчүнчү июнунда кеткен. Жекшемби күнү эл Поломнядагы чиркөөдөн келип эле добурады: согуш, согуш деп. Поломняда почтадан билишиптир, Темгеневдо болсо согушка чейин эч кимдин радиосу жок болчу. Азыр дейт, каттан окуду, ар бир үйдө радио жаңырат, сымы тартылган.

Азыр кат жазганың – иримге таш ыргыткандай. Эмне өттү, эмне кетти – жаңырыгы келбейт. Кайсы бригадада иштеп жатканыңды, бригадириң Андрей Прокофьевич Тюрин кандай адам экендигин жаза албайсың. Учурда үйдөгүлөргө караганда Кильдигс латыш менен сүйлөшчү нерселер көп.

Алар да жылына эки жолу жазышат – жашоосун түшүнбөйсүң. Колхоз башчысы жаңы болду дейт – анысы жылына жаңы болуп турат, бир жылдан узак алар турушпайт. Колхозду кеңейтти дейт – аны мурун деле кеңейткен, кийин кайра майдалатышкан. Дагы, эмгек күн нормасын ким аткарбаса – огороддорду он беш соткага чейин, кимдикин болсо үйүнүн түбүнө чейин кесип салышты. Кемпир мурда жазган дагы, ошол норма үчүн сотко берип, ким аткарбаса - түрмөгө отургузуш керек деген мыйзам чыккан, бирок ал мыйзамы эмнегедир ишке ашкан жок.

Эмнени Шухов түшүнбөй койду, аялы жазат, согуштан бери бир дагы тирүү жан колхозго кошулган жок: эркеги болобу, кызы болобу, ким кандай амал таап, бардыгы жапырт шаарга заводго, же торф иштеткенге кетишет. Согуштан эркектердин жарымынан көбү келген жок, келгендер болсо колхозду билгиси келбейт: жашаганы жашайт, бирок сыртта иштешет. Колхоздо эркектерден: бригадир Захар Васильич менен сексен төрттөгү жыгач уста Тихон, жакында үйлөнүп, балалуу болду. Отузунчу жылдары тартылган аялдар колхоздун жүгүн эми да болсо тартып жүрүшөт, алар куласа – колхоз да жыгылат.

Мына ушуну Шухов эч бир түшүнө албай койду: үйгө келип жашайт дагы сыртка барып иштейт. Шухов жеке менчик жашоону көргөн, колхоздун турмушун да көрүп калды, бирок өз айылында иштебеген – муну кантип түшүнсө болот? Кол өнөрчүлүк сыяктуубу? Чөп чабыкта кантет анан?

Кол өнөрчүлүктү, аялы жооп берди, эчак ташташкан. Ошол биз тарап жыгач усталык менен белгилүү эле, аны да кылышпайт, сабактан өрүп корзина да жасашпайт, эч кимге анын кереги жок. Бир жаңы шайыр өнөрчүлүк чыкты – килем боёп тартмай. Согуштан кимдир бирөө трафарет алып келиптир, ошондон бери уламалап улашып боёгуч устакелер көбөйдү: эч жерде катталбайт, эч жерде иштебейт, жылда бир жолу - чөп чабыкта жана оруп-жыйнаганда колхозго жардам беришет, ошол үчүн колхоз аларга он бир айга баланча колхозчу өз иштери боюнча коё берилген жана анын карызы жок деген маалымкат берет. Бүт өлкөнү кыдырып жүрүшөт алар, самолет менен учушат, анткени убакытты текке кетирбейт, акчаны болсо күрөп табышат, бардык жерде килем боёшот: мейли, эски, жаман шейшеп болсун, элүү сомго бир килем, - ал килемди болсо боёгон бир сааттык жумуш. Аялы үмүттөнүп алыптыр, Иван үйгө кайтып келсе, колхозго жолобой, ошолорго окшогон боёкчу болуп кетеби деп. Ошондо алар азыркы жакырдыктан чыгып, балдарды техникумга окутушат, эски чириген тамдын ордуна жаңы там салышат. Боёкчулардын бардыгы өздөрүнө жаңы там тургузуп жатышпайбы, темир жолдун жанынан тамдар азыр мурункудай беш миң эмес, жыйырма беш миң турат.

Шуховдун отурганы дагы көпкө созулат, жайы-кыш жана жайы-кыш, бирок ошол килемдер анын тынчын кетирди. Эгерде укугунан ажыраса же куугунтукталса, дал ушул иш бизге окшогонго жарайт окшойт.

Жубайына жазып жибер деп суранды - өмүрүндө сүрөт тартып көрбөгөн жаны ал кантип боёкчу болуп иштейт? Жанагы эмне болгон укмуштуу килемдер, эмне тартылган аларда? Аларды тартканды, дейт жубайы, макоо болбосоң оңой эле тартасың: трафаретти койгун да кисточка менен жыртыкчаларын сүйкөй бер. Килемдердин болсо үч түрү бар: бир килеми «Тройка» - үч ат чегилген кооз арабада гусар офицер кетип баратат, экинчи килеми – «Бугу», үчүнчүсү болсо – персиялык килем. Башка эч кандай деле сүрөт жок, бирок ушуларды эл бүт өлкөбүздө колдон жулушуп, ырахматын айтышат. Анткени чыныгы килем элүү эмес, миң сом турат.

Көздүн кыйыгы менен бир көргөндө го ошол килемдерди…

Лагерде жана түрмөлөрдө жүрүп Иван Денисович эртеңки күндү, бир жылдан кийин эмне болоорун ойлобой, үй-бүлөгө кам көргөндү да унутуп калгандай. Бардыгын сен үчүн жетекчилер ойлоп койгон – бир чети анысы да өзүнчө жеңилдик. Ал эми бошогондон кийинчи?…

Эркин айдоочулар жана экскаваторчулардын айткандарынан Шухов баамдап койду – элдин түз жолун тосмолоп салышыптыр, бирок адамдан амал качып кутулбайт эмеспи: ошол тосмолорду айланып өтүшүп жан багып жатыптыр эл.

Айланып өткөн жолду Шухов деле табат дечи. Тигинтип иштеп тапканы жеңил-желпи окшойт. Өз айылдаштарынан артта калган дагы болбойт… Бирок, чынында, Иван Денисовичтин жанагы килемдер менен алектенүүгө көңүлү жок. Ал үчүн дырдалаң, беттен алган, милиция менен сөз табышкан неме болуш керек. Шухов жерди мына кырк жыл болду тепсеп жүрөт, тиштеринин жарымы жок, башы кашка болуп калды, ушуга чейин эч кимге пара берген эмес жана алган да эмес, лагерден да үйрөнгөн жок.

Жеңил акчанын салмагы жок, иштеп таптым деген көкүрөктө сезим да болбойт. Туура айткан карылар: бекер келгендин берекеси жок деп. Шуховдун колу дагы да болсо ишти билет, ишке жарайт, тигил эркиндикте өзүнө жумуш таппай эмне болуптур?

Ошол эркиндикке бошотобу дебейсиңби? Мындай эле, жөнү жок дагы он жыл кошуп бербейби?...

Аңгычакта колонна жетээр жерине жетип, объекттин зонасынын кең ачылган вахтасы алдына токтоду. Андан мурун, зонанын бурчунан тоң кийген эки конвоир бөлүнүп, талааны аралай өздөрүнүн алыскы чокуларына жөнөштү. Бардык чокуларга конвой турмайынча ичке киргизбейт. Начкар желкесинде автоматы менен вахтага кетти. Вахтанын моорунан болсо түтүн тынбай оргуштанат: тактай же цемент алып кетпесин үчүн эркин вахтер түн бою ошол жерде отурат.

Сым дарбазаны кесип, бүт курулуш зона аркылуу жана алыскы, тигил капталдагы сымды кесип – боз мунарыкта килейген кызыл күн көтөрүлүп баратты. Шуховдун жанында Алешка күндү карап сүйүнөт, жарыктык, оозу менен жылмайып. Бети куушурулган, жалаң пайкада отурат, курсагы үчүн иштебейт – эмнеге сүйнөт? Жекшемби сайын башка баптисттер менен күбүр-шыбыр болушат. Аларга лагерь – майга суу куйгандай, тийбейт. Жыйырма беш жылдан ар бирине берди баптисттик дини үчүн – эмне, ушинткенде ишеничи кетип калабы?

Жол бою бетин жапкан чүпүрөк деминен суу болуп, чет-четинен тоңуп муз кабык болуп калыптыр. Шухов аны бетинен мойнуна түшүрүп, шамалга аркасын тосту. Суук өтө деле эч жерин албаптыр, колдору гана жука колгапта үшүп, сол бутунун бармактары селейип калды: сол чокою отко күйгөн, экинчи жолу жамаачыланган.

Арка-белди ийнге чейин тартып сыздатып жатат – кантип иштейбиз?

Артты карай калса – бригадир менен жүз көрүшүп калды, ал арткы беш адамдын ичинде келатыптыр. Бригадир далылуу, кебете-кешпири да эндүү. Кабагы бүркөө. Бригада менен тамаша айың сүйлөшпөйт, бирок дурус багат, тамак жагынан жакшы кам көрөт. Экинчи мөөнөтүн өкүм сүрүп жүрөт, ГУЛАГдын баласы, лагердик адат ал үчүн аттын кашкасындай белгилүү.

Лагерде бардыгы бригадирдин колунда: жакшы бригадир сага экинчи өмүр берет, жаман бригадир көргө жеткирет. Андрей Прокофьевичти Шухов Усть-Ижмадан бери билет, бирок ал жакта анын биргадасында иштеген эмес. Усть-Ижмадагы жалпы лагерден элүү сегизинчи статьяны бул жакка, сүргүн лагерге айдап келишкенде, - бул жерден аны Тюрин кошуп алды. Лагерь начальниги, ПӨБ, прораб, инженерлер менен Шуховдун иши жок: бардык жерде бригадир ал үчүн турат, бригадирдин көкүрөгү болоттой бекем. Ошондуктан кабагы же сөөмөйү менен көрсөтүп эле койсун – чуркайсың, жасайсын. Лагерде каалаганыңды алдай бер, бирок Андрей Прокофьевичти алдаба. Ошондо жаның аман калат.

Шухов бригадирге кечээ иштеген жерде иштейбизби, же башка жерге которулабызбы деген суроо бергиси келди, бирок анын бийик ойлорун бузгандан кооптонуп койду. Жаңы эле Соцгородокту желкеден ыргытты, эми процентовканы ойлоп жаткандыр, кийинки беш күндүн тамагы ошого жараша болот.

Бригадирдин беттери чечектен чаар ала. Шамалга бетин тосуп турат, тырышып койбойт, беттеринин териси эмил кабыгындай.

Колдорун каккылап, буттарын ары-бери таптагылап турушат колоннада. Ызгаар шамаал! Алты чокуда тең желдеттер орун алса да, зонага койбербей жатышат, дөөпайлар. Сактыгын арттырып жатышабы.

Ана! Начкар вахтадан контролер менен чыкты, дарбазанын эки тарабына турушуп, дарбазаны ачышты.

- Бе-ештен тургула! Биринчи! Экинчи!

Парадда баскандай, кадамды жоокерлерче таштап, камактагылар зонага кире баштады. Зонага кирип кетсек, ал жактан эмне кылышты үйрөтпөй эле кой.

Вахтадан көп узабай – конторанын будкасы, конторанын жанында прораб турат, бригадирлерди кайрып, тигилер өздөрү деле ошол жакка баратышат. Дэр, зэктерден онбашы, ошол жакка кайрылды, жарыбаган ит неме, өз жакыны – зэкти эшектей иштетет.

Саат сегиз, сегизден беш мүнөт өттү (энергопоезд бир аз болду күүлдөп өткөнүнө), зэктер убакытты өткөрүп, жылынчу жерлерге жайылып кетпесин деп жетекчилер чоочулайт – зэктин күнү узак, бардыгына убакыты жетет. Кимиси зонага кирип, белин бүгүп жүрөт: тигил жерде бир тал, бул жерде бир тал, биздин очокко отун. Анан үңкүрлөрүнө жашынышат.

Тюрин жардамчысы Павлону конторага жүр деп ээрчитип кетти. Ошол тарапка Цезарь дагы кайрылды. Цезардын колунда бар, айына эки жолу жөнөтмө алат, кимге керек, бардыгына берип койгон, - эми конторада, нормировщиктин жардамчысы болуп иштеп жүрөт.

104-бригаданын калгандары өз тарапка карай кетти, кетти безген бойдон.

Ээн зона үстүндө мунарыктуу, кызарган күн чыкты: кай жерде чогултма үйлөрдүн тактайларын каар баскан, кай жерде тургуза баштап, пайдубалдан көп көтөрбөй таштап салган, тигинде экскаватордун колу жатат, тигинде анын сузгусу, тигинде темир-тезек, арыктар казылган, траншеялар, казылган аңдар, авторемонт устаканалардын чатыры бери чыккан, тигил дөңдө болсо – ТЭЦтин экинчи кабаты салынып бараткан учуру.

Бардыгы жашынып калышкан. Алты күзөтчүлөр гана чокуларда турушат жана конторанын жанында кыймыл байкалат. Мына ушул убакыт биздики! Ага прораб канча жолу бүт бригадаларга буйрутмаларды кечинде берем деп коркуткан эле – болбой койду. Анткени кечтен таңга чейин алардыкы теңирден тескери кайрылып калат улам.

Бул учур болсо - биздики! Жетекчилер эбин тапкычакты – жылуурак жер тапкын да отур, белиңди бүгөсүң күн кечке. Мештин жанынан орун тапсаң жакшы – чулгоону жаңыдан ороп, жылытып аласың. Ошондо буттарың кечке чейин жылуу жүрөт. Меш жок деле – дурус, боло берет.

Жүз төртүнчү авторемонттун чоң залына кирди, ал жерде күздөн бери айнек салынган жана 38-бригада бетон плиталарды куюшат. Кээ бир плиталар формада жатат, башкалары тургузулуп жыйылган, торчо арматуралар турат. Үстү бийик, полу да такыр жер, жылуу десең жылуусу деле жок, бирок бул залга от жагышат, көмүрдү аябастан: адамдар жылыныш үчүн эмес, плиталар бекем болуш үчүн. Градус ченегич илинип турат, жекшемби күнү лагерь кайсы бир себептен жумушка чыкпай калса, эркин жумушчулардын бири келип отту үзбөй жагат.

Отуз сегизинчи, албетте, бөтөн эч кимди мешке жолотпой, өзү тегеректеп чулгоолорун кургатып жатышат. Мейли, биз мындай, бурчка деле кыпчылабыз.

Отурбаган жерде отурган кебез шымынын арты менен Шухов жыгач форманын четине жайгашып алды, аркасы менен дубалга жөлөндү. Кыйшайып отурганда бушлат менен күрмө тону тартылып, сол жак көкүрөгүндө, жүрөктүн тушун катуу бир нерсе басып турганын сезди. Ал катуу нерсе – ички чөнтөкчөдө үзүм нандын бурчу, түшкүгө калтырган эртең мененки пайканын жарымы. Дайыма жумушка ушундай үзүм алып алчу жана түшкө чейин тийбечи. Бирок тигил жарымын эртең мененки тамак менен жеп койчу, бүгүн жебей калды. Ошондо Шухов үнөмдөгөн болбой калганын түшүндү: жылууда жанагы пайканы жеш керек деп ашказаны сурап туруп алды. Түшкү тамакка чейин беш саат бар, узак болуп кетет.

Белин сыздатканы эми бутуна жетти, буттары шалдырай түштү. Эх, мешке жакын отурганда!...

Шухов тизеге колгаптарын коюп, буунганын чечти, муз болуп катып калган жол чүпүрөгүн моюндан алып, эки-үч сындыра бүктөп чөнтөккө катты. Ак чүпүрөккө оролгон нанды алып чыгып, бир да күкүмдү жерге түшүрбөй, ак чүпүрөгү менен тосуп, акырындан тиштеп чайнап баштады. Нан эки кабат кийиминин ичинде, өз денесинин жылуулугу менен тоңбой жумшак экен.

Мурда айылда кантип тамак жегендерин Шухов лагерде көп жолу эстеп жүрдү: картөшкөнү – табактап, боткону – казандап, андан мурун, колхоз жокто, этти – устакандап. Сүттү – ич жарылганча жутушчу. Антпешти Шухов лагерден түшүндү. Жегенде – ошол тамакка кунт коюш керек, мына азыр нандын тырнактай күкүмдөрүн чайнап, тилиң менен аларды эзгилеп, жаактарыңда соргулап – ным тарткан кара нан кандай даамдуу! Сегиз жылдан ашуун, тогуз жыл бою Шухов эмне жеп жүрөт? Эчтеке. А эмнелерди омкорду? Хо-го!

Ошентип Шухов өзүнүн эки жүз граммы менен алектенип жатты, анын жанына болсо 104-бригаданын бардыгы баш калкалады.

Эки эстондуктар, эки ага-инидей, жапыс бетон плитага бирге отуруп, кезеги менен жарым тамекини бир мундштуктан тартып жатышты. Эстондуктар экөө тең ак саргыл, экөө тең узун, экөө тең арыкчырай, узун мурун, бакыракай көздүү. Бири бирине ушунчалык жакын, бири жок болсо бирине дем жетпей кала тургандай. Бригадир аларды эч качан бөлбөйт. Тамакты да тең бөлүшүп жешет, бир вагонкада үстүндө чогуу жатышат. Колоннада турабы, тизилгендеби, же уктаганы жатканда – бири бири менен акырын, жай бирдекени сүйлөшө беришет. Алар бирок бир тууган эмес, бул жерден, 104-бригададан таанышкан. Бириси, дешет, деңиз жээгинде балыкчы болчу экен, экинчисин Советтер келгенде бала кезинде ата-энеси Швецияга алып кетиптир. Чоңойгондо өз эрки менен институтка окуйм деп кайтып келет. Келээр замат колго түшөт.

Жаман улут болбойт дешет, ар бир улутта жаман адамдар болот имиш. Бирок Шухов канча эстондуктарды көрдү – жаманын алардын ичинен жолуктурган жок.

Бардыгы отурат – ким плиталарда, ким плиталар үчүн опалубкада, кимиси жерде. Эртең мененкисин сйлөшкөнү тил бурулбайт, ар ким өз ойлорун ойлоп унчукпайт. Фетюков, канчык, тамеки калдыктарын кайдан-жайдан терип келип (ал түкүргүчтөн болсо да чукуп алат, жийиркенбейт), эми тизесине аларды ачып, күйбөгөн тамекини бир кагазга чогултуп ушалап жатты. Фетюковдун эркинде үч баласы бар, бирок отурганда аны бардыгы танып кетишкен, аялы болсо башка күйөөгө чыкты: жардам берээр эч кимиси жок.

Буйновский көз кыйыгы менен Фетюковду көпкө чейин карап, бир маалда барк этти:

- Кайдагы балекеттин бардыгын чогултуп алдың! Оозуңду көтөн жара басат! Ташта!

Кавторанг – экинчи рангдагы капитан, - буйрук бергенге көнгөн, ал бардыгы менен буйрук бергендей сүйлөшөт.

Бирок Фетюков Буйновскийге көз каранды эмес – кавторанг дагы жөнөтмө албайт. Тиштердин жарымы жок оозу менен арам ырсайып, бурк этти:

- Шашпа, кавторанг, сегиз жыл отуруп көрчү – сен дагы чогултасың.

Анысы чын, кавторангдан кекирейген немелер лагерде бар болучу…

- Эмне-Эмне? – кулагы керең Сенька Клевшин укпай калды. Буйновский бүгүн тизилмеде жаза алганы тууралуу сөз болуп жатканбы деп ойлоптур. – Каяша айтпаш керек болчу! – деп башын капалуу чайкады.- Тиймек эмес.

Сенька Клевшин – жоош неме, бечара. Кулакта тарсылдагы кырк биринчи жылы жарылган. Кийин туткунга түшкөн, үч жолу качкан, кармалган, Бухенвальдда отурган. Бухенвальдда капыстан өлүмгө учурабай, эми камак мөөнөтүн тынч өткөрүп жүрөт. Каяша айтсаң, дейт, кабыргаң сынат.

Анысы туура, үшкүрсөң да белиң бүк. Ийилбесең – сынасың.

Алексей жүзүн колуна катып, унчкупайт. Намазын окуп жатат.

Шухов пайканын чымчымын калтырбай жеп бүттү, бирок кабыкчасынан үзүм, үстүнкү тегерекче кабыкчасын калтырып койду. Анткени кандай кашык болбосун, боткону нан менен тазалап жегендей болбойт. Ал кабыкчаны түшкү тамагына калтырып, кайра чүпүрөккө ороду, чүпүрөктү күрмө тондун алдындагы ички чөнтөккө салды, сууктан байлап-оронуп алды да даяр болуп отуруп калды, мейли азыр жумушка айдай бер. Бирок шашылбаганы бизге жакшы.

Отуз сегизинчи бригада туруп, тарап кетти: ким раствор аралаштырганы, кимиси сууга, кимиси арматурага.

Өз бригадасына Тюрин да келбей жатты, анын жардамчысы Павло да жок. 104-бригада жыйырма мүнөткө жетпей отурду, жумуш күн болсо – кышкы, кыска – алтыга чейин созулат, бирок бардыгы ушуга жыргап калгандай, эми кечкиге чейин бир аз эле убакыт бардай.

- Эх, бороон көптөн бери жок! – үшкүрдү бети кызыл толук латыш Кильдигс. – Кыш бою бир дагы бороон жок! Эмне болгон кыш бул?!

- Ооба…бороон болсо го… бороон…- үшкүрүндү бригада.

Бул жактагы бороон үйлөсө, жумушка эмей, барактан чыгарганы коркушат: барактан ашканага чейин жип тартпасаң адашып кетесиң. Камактагы каарга калып набыт болсо – кара жерге кирсин. Качып кетсечи? Анткендер да болгон. Бороондо каар тыпындай майда, үймөктөлүп жатса тапталгандай катуу. Ошондой үймөктөр аркылуу тикен сымдардан ашып кетишчү. Чынын айтканда, алыска эмес.

Ойлоп көрсөң, бороондон эч пайда жок: зэктер кулпуланып отурушат; көмүр убагында келбейт, барактын жулуулугу кетет; лагерге ун жеткирилбей – нан жок; ашкана демейдегидей иштебей калат. Анан бороон канча узак созулбасын – үч күнбү, бир жумабы, - бул күндөрдү дем алыш деп эсептешет, ошончо жекшемби күн катар жумушка айдашат.

Бирок баары бир зэктер бороонду жакшы көрүшөт, тилейт ошону. Шамаал кичине катуу үйлөп баштаса – асманга баштарын салып: кана, кана кош материалдан! дешет.

Каардан дегени.

Анткени жер менен сыйпаланган шамаалдан чыныгы бороон чыкпайт.

38-бригаданын мешине жылынганы кимиси жакындады эле, аны ал жактан кууп жиберишти.

Ошол маалда залга Тюрин кирди. Кабагы огош бетер бүркөө. Бригада түшүнө калды: бир нерсе жасаш керек, болгондо да тезинен.

- Та-ак, - Тюрин серп салды.- бардыгы бул жердеби, жүз төртүнчү?

Текшерип санап отурбастан, анткени Тюриндин эч кимиси эч жакка кетип калбайт, ал бат-баттан ар кимге буйрук бере баштады. Эки эстондуктарды, Клевшин менен Гопчикти жакын жерден растворго чоң ящикти алып, ТЭЦке көтөрүп келгени жөнөттү. Ушул сөздөн бригада жаңы курула баштаган жана кеч күздө ташталган ТЭЦке которулганын түшүндү. Дагы экөөнү шайманканага жиберди, ал жакта Павло инструмент алып жатыры. Төртөөнө ТЭЦ тегерегин, машиналык залдын кире беришин, машиналык залдын өзүн, өөдөкү кабатка чыкмаларды каардан тазалаганы буйруду. Дагы экөөнө ошол залдагы мешти жаккыла деди - көмүр менен, тактай таап отунга жарышсын. Бирөө чана менен ошол жакка цемент ташысын. Экөө суу алып келишсин, дагы экөө - кумду, бирөө болсо каардан кумду бошотуп, лом менен сындырсын.

Ушунун бардыгынан кийин буйрук албаган Шухов менен Кильдигс калды – бригаданын биринчи усталары. Аларды бери чакырып алып, бригадир айтты:

- Уккула бери, балдар (Өзү алардан кары болбосо да, ушунтип сүйлөмөйү бар болчу – «балдар» деп). Түштөн кийин шлакоблок менен экинчи кабаттын дубалын тургузасыңар, күзүндө алтынчы бригада таштап кеткен жерди. Азыр болсо машиналык залды жылуулаш керек. Ал жерде үч чоң терезенин орду бар, биринчи кезекте ошолорду бир нерсе менен кагып жаап салыш керек. Машиналык залда биз раствор да кылабыз, жылынабыз дагы. Жылытпасак – кагынган иттей баарыбыз тоңуп өлөбүз, түшүндүңөрбү?

Дагы башкасын айтып ооз ачкыча Гопчик, торопойдой кызыл он алты жашар бала, чуркап келди, тигил жакта башка бригада раствордун ящигин мушташып, бербей жатат деп. Тюрин чымылдаган бойдон кетти ошол жакка.

Жумуш күндү мындай суукта канчалык баштаган кыйын болсо да, бир баштап алсаң, калганы билинбей кетет.

Шухов менен Кильдигс бири бирин карашты. Экөө чогуу көп жолу иштешкен, бири биринин жыгач усталыгын да, үй тургузган өнөрчүлүгүн да баалашчу. Каар арасында жанагы терезелер ордун чапташка бир нерсе табыш оңой жумуштан эмес. Бирок Кильдигс айтты:

- Ваня! Чогултма үйлөрдүн жанында мен бир жерди билем – бир чоң тольдун рулону жатат. Мен анын үстүнөн жаап койгом. Кеттикпи?

Кильдигс латыш болсо да, орус тилин эне тилиндей билет – алардын жанында эски ишенимдеги орустардын айылы бар болчу экен, кичинекейинен үйрөнүп алыптыр. Лагерде Кильдигс болгону эки жыл отурат, бирок бардыгын түшүнүп алган: тиштебейсиңби – алалбайсың. Кильдигстин аты Ян, Шухов дагы аны Ваня дейт.

Тольго кетишмей болду. Бирок андан мурда Шухов авторемонттун курулуп жаткан корпусунан өзүнүн мастерогун барып алып келди. Мастерок эгерде колго оңтой жана жеңил болсо, үй тургузганга чоң өбөлгө. Бирок ар бир объектиде мындай тартип: эртең мененкисин бүт инструментти аласыңар, кечинде тапшырасыңар. Эртең кандай мастерок колго тиет – кудай билет. Шухов бир жолу инструмент тапшырганда, бир жакшы мастерокту эсептетпей алып калган. Эми кеч кирген сайын ошол мастерокту катып коёт, эртең менен, эгерде дубал тургузса, кайра таап алып келет. Албетте, 104-бригаданы бүгүн Соцгородокко айдаса Шухов кайра мастерогу жок калмак. Азыр болсо ташты омкорду, жылчыгына бармагын салып – мына, тартып алды.

Шухов менен Кильдигс авторемонттук корпустан чыгып, чогултма үйлөр тарапка жөнөштү. Дем алган сайын буу оргуштап чыгат. Күн көтөрүлүптүр, бирок туман баскандай, күндүн эки капталынан жарыгынын мамылары созулган.

- Күн мамыларын карачы? - Шухов Кильдигске башын ийкеди.

- А бизге мамылар тоскоол эмес, - деди Кильдигс күлүп – Бир мамыдан экинчиге тикенек сым тартпасын, ошону карагын.

Кильдигс тамашасыз сөз сүйлөбөйт. Ошол үчүн аны бригаданын бардыгы жакшы көрөт. Ал эми лагердеги латыштар аны канчалык сыйлайт дейсиң! Кильдигс бирок жакшы тамактанат, ай сайын эки жөнөтмө алат, беттери кызыл тору, лагерде жүргөндөй эмес. Кантип тамаша-оюн салбайсың анан?

Огулардын объектинин зонасы килейген! – ба-ардыгын басып өткүчө убакыт кетет. Жолдон 82-бригаданын балдары жолукту – аларды кайра чуңкур казганы жибериптир. Чуңкур көп чоң эмес: элүүгө элүү жана тереңдиги элүү, бирок жер жайында канчалык таштай катуу, азыркы тоңдо көрчү казып. Кирка менен ургуласа, анысы сыйгаланат от чачып, жер былкылдабайт. Турушат балдар ар бири өз чуңкурунун жанында, тегерек четинде жылынаар жер жок, кетип калууга болбойт – тигилер кайра кирка менен соккулайт. Ошондон гана жылуулук.

Шухов алардын ичинен таанышын, вяткалык бирөөнү көрүп калып, кеңеш берди:

- Бери уксаңар, жер казчулар, силер ар бир чуңкурга от жаккыла. Жер эрисин да.

- Уруксат жок – үшкүрдү вяткалык таанышы. – отун беришпейт.

- Табыш керек.

Кильдигс болсо ачуусу менен түкүрдү.

- Ваня, айтчы мага, эгерде жетекчилердин акылы болсо, элди ушундай суукта жер каздырмак беле?

Кильдигс дагы өзүнчө бир-эки жолу сөгүп унчукпай калды, суукта көп сүйлөй албайсың. Алар андан нары дагы бир далайга барышып, каар алдында чогултма үйлөрдүн тактайлары жаткан жерге келишти.

Шухов Кильдигс менен иштегенди жакшы көрөт, анын бир жери гана жаман – тамеки тартпайт, анын жөнөтмөлөрүндө тамеки болбойт.

Чын эле, Кильдигстин көрөгөчтүк жайы бар: экөөлөп бир тактайды, экинчини көтөрсө, анын алдында тольдун рулону жатат.

Чыгарышты. Эми – кантип алып кетиш керек? Чокудан байкаса байкасын: күзөтчүлөрдүн жумушу - зэктер качып кетпесин, ал эми жумуш зонанын ичинде бардыгын мейли балталап салгын. Лагердеги сакчы бет маңдай чыкса, ал дагы эч нерсе эмес: ал өзү жылмаңдап жүрөт, чарбага эмне көтөрүп кетсемби деп. Жумушчуларга да ушул чогултма үйлөрдүн бир тыйынча кереги жок. Бригадирлерге деле. Алар жөнүндө эркин прораб жана зэктерден он башы, жана тартагай Шкуропатенко кам көрөт. Эч кызматы жок, жөн гана зэк жанагы Шкуропатенко, бирок ит мүнөз. Зэктерден ушул чогултма үйлөрдү кайтарганы, туш-тушка ташып кетпесин үчүн гана убактылуу буйрутма жазып беришет ага. Мына ошол Шкуропатенко ачык жерден аларды кармашы мүмкүн.



Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   10




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет