Солженицын А. И



бет5/10
Дата15.06.2016
өлшемі0.72 Mb.
#137240
1   2   3   4   5   6   7   8   9   10

- Сегиз, он.

Гопчик эмне бригада менен жоголду?

- Он эки, он төрт,… - санап жатышат.

Ушул маалда тигил жакта чөйчөк жетпей калды окшойт. Павлонун башы менен ийни жагынан Шухов көрдү: ашпозчунун эки колу терезеге эки чөйчөктү койду дагы аларды кармаган бойдон токтоп калды, ойлонгонсуп. Кайрылып алып, идиш жуугандарды сөгүп жатабы. Ошол учурда терезеге бош идиштердин үймөгүн сунуп калышты. Чөйчөктөн колун алып, бош идиштерди артка берип жатат.

Шухов столдогу чөйчөктөр үймөгүн таштап, отургучтан аттап барып, эки чөйчөктү тартып, ашпозчуга эмес, Павлого кайрылгансып акырын кайталады:

- Он төрт.

- Токто! Каякка тартып баратасың? – бакырды ашпозчу.

- Биздики, биздики, - Павло ырастагансыды.

- Силердики болсо болсун, эсепти бузба!

- Он төрт, - алаканын жайды Павло. Ал өзү ашык чөйчөк шилтегени бармак эмес, помбригадир катары аброюн түшүрбөшү керек, бул жерде болсо Шуховдун артынан кайталап койгонсуду, бирдекеси чыкса ошол эле Шухов күнөөлүү.

- Мен «он төрт» дебедим белем! – ашпозчу тынчып калбайт.

- Дегениң деген! Айтып коюп, колуңа кармап калбадыңбы? – Шухов айтыша кетти.- Ишенбейсиңби, бар санагын! Мына бардыгы, столдо турат!

Шухов ашпозчуга кыйкырып жатты, ошол эле учурда эки эстондуктардын келатканын көрүп, аларга эки чөйчөктү суна салды. Анан столго келип, бардыгы ордундабы санап койгону үлгүрдү, кошуналар уурдап кетпептир, опоңой шилтеп кетмек.

Терезеден ашпозчунун кыпкызыл бети көрүндү.

- Кана чөйчөктөр? – кабагын түйүп сурады.

- Ме, көр! – Шухов үнүн басаңдаткан жок. – мындай турчу, досум, далдаа болбой! – кимдир бирөөнү түрттү. – Мына экөө! – үстүндөгү эки чөйчөктү көтөрдү. – Тигине төрттөн үч катар, таптак санагын!

- Бригада келе элекпи? – ишенбей карап турду ашпозчу чакан терезенин жыртыгынан, анын чакандыгы – бул жактан казанда канча калганы көрүнбөшү үчүн атайын жасалган чыгар.

- Жок, бригада келе элек, - башын чайкады Павло.

- Анан эмне чөйчөктөрдү ээлеп алдыңар, бригада жок болсо? – жинденип кетти ашпозчу.

- Тигине, тигине бригада! – кыйыкырды Шухов.

Ошол замат эшиктен капитандык жерден буйрук бергенсип, кавторангдын үнү угулду:

- Эмне чогулуп турасыңар? Жедиңби – чыгып кет! Башкалар дагы жесин!

Ашпозчу бирдеме деп күңкүлдөп, башын көтөрдү, жанагы терезеден кайра анын колу көрүндү.

- Он алты, он сегиз…

Акыркысын, эки порциялууну куюп:

- Жыйырма үч. Бүттү! Кийинкилер!

Бригадалаштар келишип, Павло аларга чөйчөктөрдү сунуп жатты, кимисине отургандардын башынан өөдөлөтүп, экинчи столго.

Ар бир отургучка жайында бешөө батышат, бирок азыр бардыгы калың кийингендиктен араң гана төртөө отурат, аларга да кашыктар менен кыймылдаганы оңтой эмес.

Эки шилтеген порциянын бирөөсү болсо да меники деп, Шухов өзүнүкүн тез баштай берди. Ал үчүн оң тизесин ичке тартып, чокоюнан «Усть-Ижма, 1944» деген кашыгын сууруп чыкты, шапкесин чечип, сол колтугуна кымтыды да, кашыгы менен ботконун чекелерин түздөп койду.

Мына ушул мүнөттү бүтүн тамакка чогултуп, түбүнөн ботконун ичкесин алып, шашпай оозго салып, тилиң менен эзгилеш керек. Бирок чамдаш дагы керек, Павло анын бүткөнүн көрүп, экинчи боткону ошондо сунат да. Бул жерде Фетюков эстондуктар менен чогуу келип, эки ботко шилтегендин бардыгын байкады, Павлонун бет маңдайына туруп алып, калган төрт таратылбаган бригадалык порцияларды карап жеп жатты. Ал Павлого порция болбосо да, жарым порция мага бериш керек деп көрсөтүп турганы.

Күңгө карайган жаш Павло бирок өзүнүн эки порциялуу боткосун шашпай бүтүрүп жатты, анын жүзүнөн бул жерде ким турганы, эки ашык порция эсинде экенин баамдай албайсың.

Шухов боткосун бүтүрдү. Оозду эки чөйчөккө аңырайтып алып, бир сулу чөйчөктөн мурда тойгондой тойбой калды. Шухов ички чөнтөгүнөн, ак чүпүрөгүнөн өзүнүн тоңбогон тоголок нандын кабыгын алып чыгып, аны менен чөйчөктүн түбүнөн жана жазы капталынан ботконун калдыктарын тыкан сүртө баштады. Чогултуп, боткону кабыктан тили менен жалап, анан кайра кабыгы менен чогултат. Акыры чөйчөк жуулгандай таза болуп калды, бир аз гана бозомугу бар. Ал чогулткан кишиге ийинден чөйчөгүн берип, чечкен шапкеси бойдон бир аз убакыт отура берди.

Чөйчөктөрдү Шухов шилтесе да, аларга кожоюн – помбригадир.

Павло өзүнүн чөйчөгүн бүтүргүчө бир аз зарыктырып, кашыгын жалап-сыйпап катты, чокунду. Ошондо гана бир аз колун тийгизип – жылдырууга орун жок эле - төрттөн эки чөйчөктү Шуховго берди.

- Иван Денисович. Бирөө өзүңөрдүкү, экинчисин Цезарга алып баргыла.

Шухов бир чөйчөктү конторага Цезарга алып барыш керекти билген (Цезарь бул жерден да, лагерден да ашканага барып өзүн эч качан түшүрбөчү), - эсинде бар болчу, бирок Павло эки чөйчөккө колун тийгизгенде, Шуховдун жүрөгү шуу дей түштү: ашык баш экөөнү тең берип жаткан жокпу Павло? Анан жүрөк кайра өз ыргагы менен кага баштады.

Ошол замат ал өзүнүн тапканына үңүлүп, жаңы бригадалар аркасынан жүйөлөп жатканын сезбей, шашпастан тамагын жеп баштады. Бир гана нерсеге ичи ачышкансыды, Фетюковго экинчи боткону берип койбогудай. Шилекейин агызып сураганга Фетюков дайыма даяр, а бирок шилтеп алганы кудурети жетпейт.

…Жанында столдо кавторанг Буйновский отурган. Ал өзүнүн боткосун эчак бүтүрүп, бригадада ашыгы бар экенин оюна албай, аңдыбастан, помбригадирде канчасы калганы менен иши жок отурат. Жылынып, магдырап, азыр суукка чыгып, жылытпаган жылытма жайына туруп барууга шайы келбей турган кези. Ал жанагы беш мүнөт мурда өзү катуу үнү менен кууган бригадаларга окшоп, азыр жаңы келип жаткандарга тоскоол болуп, башкалардын орунун ээлеп отурат. Кечээ жакында эле лагерге келди, жалпы иштерге чыкканына бир аз убакыт болду. Мына азыркыга окшогон мүнөттөр ал үчүн өтө маанилүү, үнү катуу буйрукчул деңиз офицерди кыймылы ченелүү сак жүргөн зэкке айландырган мүнөттөр экенин билбей жүрөт, ошол ченелүү кыймылы менен гана жыйырма беш жыл түрмөнү көтөрүп кетиши мүмкүн.

…Орун бошот деп анын аркасынан түрткүлөп, кыйкырып жатышты.

Павло кайрылды:

- Капитан! А, капитан!

Буйновский ойгонгонсуп селт этип, тегерек-четин карады.

Павло аны жейсиңби деп сурабай, боткону сунду.

Буйновскийдин кашы көтөрүлүп, көздөрү боткону укмуш бир нерсени карагандай тиктеп калды.

- Алыңыз, алыңыз – деп анын таң калышын тынчытып, Павло акыркы калган боткону бригадирге алып, чыгып кетти.

…Европаны тегеренип, Улуу түндүк жолу менен сүзүп жүргөн капитан жарылган эриндери менен күнөөлүү жылмайды. Анан суюк, бир тамчы майы жок сулудан жасалган ботконун – сууга эле бышырылган жарым сузгу сулунун үстүнөн бактылуу үңүлүп жеп баштады.

… Фетюков Шуховду, капитанды жаман көздөрү менен карап, аргасыз кетип калды.

Ботко капитанга берилгенин Шухов туура көрдү. Капитан жашоону түшүнөөр кез келет, азыр түшүнө элек.

Шуховдун дагы бир кичинекей үмүтү бар – Цезарь өзүнүн боткосун берип коёбу? Бирок бербейтко, анткени эки жумадан бери жөнөтмө ала элек.

Экинчи боткодон кийин анын түбүн жана каптал жактарын нандын кабыгы менен сүртүп, ар бир сүрткөн сайын аны жалап, Шухов акырында ошол нандын кабыгын да жеп салды. Андан кийин Цезардын муздап калган боткосун алып жөнөдү.

- Конторага! – деп чөйчөк менен чыгарбай жаткан жалдамчы немени түртүп, эшиктен чыгып кетти.

Контора – вахтанын жанындагы устундан тургузулган үй. Анын морунан азыр да, эртең мененкидей, түтүн оргуштап жатат. Атайын бир дневальный жагат аны, тигини алып кел, буну алып кел деген жумушту кылат, ал үчүн саатына иштеди деген кагаз жазып беришет. Контора үчүн отун-потунду го аяшпайт.

Шухов тамбурдун кыйчылдаган эшигин ачты, анан жылуулатып кагылган дагы бир эшикти, оргуган буу менен кошо кирип, аркасынан эшикти тез тартып жапты. («Эй, өлүп кет, жаппайсыңбы эшикти!» деп кыйкыртпай, шашылып).

Конторанын ичи мончодой ысык. Муздары эриген терезеде күн көңүлдүү жаркырап турат, тигил ТЭЦтин үстүндөгүдөй чымчылабайт. Цезардын трубкасынан түтүн күн нуруна чиркөөдөгүдөй өөдөгө жайылат. Меш кыпкызыл, ушунча жагышыптыр, арбак ургурлар. Мору дагы кызарган.

Мындай жылууда отура калсаң эле – уйкуга кулайсың. Контора эки бөлмөлүү.

Экинчисинде, прорабдыкында, эшиги тыгыз жабылбай, ал жактан барсылдаган прорабдын үнү угулат:

- Биз эмгек акы фонду боюнча жана курулуш материал боюнча ашыкча чыгаша кылдык. Баалуу тактайларды, тигил чогултма үйдүн тактайларын айтпай эле коёлу, камактагылар отунга жарып, жылынууга жагып жатышат, силер болсо эч нерсе көрбөгөн немедей жүрөсүңөр. Кечээ жакында кампанын жанында камактагылар цементти катуу шамалда түшүрүштү, он метр жерге носилка менен ташыган, кампаны айланта бүт жердин бардыгында цементке бутуң көмүлөт, жумушчулардын кийми кара эмес, цементке боз болуп кетти. Канча деген жоготуулар?!

Прораб кеңешме өткөрүп жаткан турбайбы. Онбашылар менен болуш керек.

Босогодо, бурчта дневальный стулчага отуруп, магдырап калыптыр. Андан ары Шкуропатенко, Б-219, ийилген таяктай, терезени көзүн албай тиктейт, чогултма үйлөрүн ташып жатышкан жокпу. Тольдуго көрбөй калдың, байкеси.

Эки бухгалтер, зэктер, нанды мешке ысытып жатышат. Күйбөш үчүн сымдан торчо жасап алышыптыр.

Цезарь өзүнүн столу жанында жайланып, трубкасын түтөтүп коёт. Шуховго аркасы менен отурат, көргөн жок.

Анын бет маңдайында Х-123, жыйырма жылга кесилген, өкүмү боюнча сүргүнгө айдалган карууcу кете элек чал. Боткосун жеп отурат.

- Жок, досум, - деп, тамекисин шашпай үйлөп, Цезарь сүйлөп жатты, - объективдүүлүк менен айтыш керек, Эйзенштейн – гений. «Иоанн Грозный» - гениалдуу эмеспи? Опричниктердин бет жапмасы менен бийлегени! Собордогу сцена!

- Кылжыктоо! – оозуна кашыкты жеткирбей силкилдейт Х-123. – Ушунчалык көп искусство болгондуктан искусствонун өзү жоголгон. Зарыл нандын ордуна калемпир менен таттууну сунат! Анан дагы саясий идеясы кара санатайлуу – жеке зомбулук бийликти актоо. Үч муун орус интеллигенциянын бетине түкүргөндүк! (Боткону сезбеген оозу менен жеп жатат, текке кеткен оокат).

- Андан башка кайсы трактовканы өткөрмөк эле?...

- А-а, өткөрмөк белеби?! Анда гений деп эмне сүйлөйсүңөр? Кошоматчы, иттин тапшырмасын аткарган дебейсиңерби. Генийлер трактовканы бийликтин оюндагыдай кылып жасашпайт!

- Гм, гм, - жөтөлүп койду Шухов, билимдүү сөздү бузгандан тартынып. Бирок бул жерде жөн эле тура бергендин дагы кажети жок болчу.

Цезарь кайрылып, колун боткого сунду, Шуховду караган да жок, ботко өзүнөн өзү аба менен келгенсип, - анан сөзүн уланта берди:

- Бирок искусство деген – эмнеден жасалган эмес, кантип жасалган.

Х-123 сөз талашып, алакандын кыры менен столго, столго чапты:

- Жок, силердин «кантип жасалган» дегениңерди шайтан алып кетсин, эгерде ал менде жакшы сезимдерди ойготпосо!

Шухов боткону берип коюп, болушунча туруп турду. Цезарь чегип жаткан тамекисинен береби деп күткөнсүдү. Бирок Цезарь бул жерде, аркасында киши турганын элеске да алган жок.

Шухов акырын кайрылып, чыгып кетти.

Эчтеке эмес, тышта анча деле суук эмес экен. Дубал тургузганы оң болгудай.

Шухов тапталган жолчо менен кетип баратып, каарда жаткан темир аранын сыныгын көрүп калды. Ал сынык эч бир муктаждыкка азырынча жарабаса да, эртеңки күнү эмне керектигин кайдан билесиң? Көтөрүп, шымдын чөнтөгүнө салып койду. ТЭЦке катып коюш керек. Бай болгуча, камылга шай болсун делет эмеспи.

ТЭЦке келип, бардыгынан мурда катылган мастерогун алып чыкты, белиндеги жипке кымтып салып койду. Андан кийин гана раствордук жайга эңкейип кирди.

Күндөн келгендиктен ал жакта өтө күңүрт жана тыштагыдан жылуу деле эместей көрүндү. Ным тарткандай.

Бардыгы чогулуп, Шухов койгон тегерек мештин жана буусу чыгып кум кургатылып жаткан мештин жанында отурушуптур. Кимге орун жетпесе - раствордук ящиктин кырында отурушат. Бригадир мештин түбүндө отуруп, боткосун жепаткан экен. Павло боткону мешке жылытып бериптир.

Шу-шу этишет балдар. Көңүлдөрү жакшы. Иван Денисовичке акырын шыбырашты: бригадир процентовканы жакшы жаап келиптир. Көңүлдүү келди.

Кай жерден, кайсы жумушту тапты – бригадирдин өзүнүн иши. Мына бүгүн, мисалы, эмне кылдык? Эчтеке. Меш койгонго төлөшпөйт, жылытма жайды жасаганды төлөп беришпейт: аларды өзүбүз үчүн жасадык, өндүрүш үчүн эмес. Нарядга болсо бирдекени жазыш керек. Балким, Цезарь бригадирдин нарядына бир нерсесин чоюп берет чыгаар – бригадир сый мамиле кылат, жөнү жок антмек эмес.

«Жакшы жапты» дегени – эми беш күн пайкалар жакшы болот. Беш дегенибиз толук беш эмес, төрт күн: беш күндүн бирисин жетекчилер өздөрүнө пайдаланат, гарантийка менен бүт лагерди бирдей кетирет, жакшысын да, начарын да. Мындай карасаң, бардыгына теңме-тең, эч ким таарынбайт, а бирок биздин курсагыбыздын эсебинен үнөмдөп жатышпайбы. Мейли дейсиң, зэктин ашказаны бардыгына чыдайт: бүгүн эптеп-септеп күн көрсөк, эртең тоёбуз. Ушул тилеги менен лагерь гарантийка күнү уйкуга чөмүлөт.

Териштирип келсең – беш күн иштейбиз, төрт эле күн курсакты тойгузабыз.

Тынч отурат бригада. Кимдин тамекиси болсо, акырын өзү чегип отурат. Караңгыда бир жерге топтолушуп, мештин жарыгын тиктеп отурушат. Бир чоң үй-бүлөдөй. Бригада деген үй-бүлө эмей анан эмне? Бригадир мештин жанында эки-үчөөнө айтып бергенин тыңшап отурушат. Ал дайыны жок сүйлөгөн неме эмес, эгерде сөз чуурутуп баштаса, көңүлү ток кайгы жок келген экен.

Шапкени кийген бойдон тамак жегенди үйрөнбөптүр, Андрей Прокофьевич. Шапкеси жок башы кары адамдыкы. Чачы барыныкындай кыскартылган, мештин жарыгы менен сарала чачтарына ак басканы көрүнүп турат.

- …Мен батальон командири алдында зирилдеп калчумун, бул жерде комполка өзү! «Кызыл аскер Тюрин сиздин буйругуңуз боюнча…» Кабак-кашы бүркөө тиктейт: «Атың ким, атаңдын аты?» Айттым. «Туулган жылың?» Айттым. Мен анда, отузунчу жылы, жыйырма экидемин, эне сүтү оозуман кете элек. «И-и, кандай кызмат кылып атасың, Тюрин?» - «Эмгекчил элиме кызмат кылам!» Зиркилдеп, эки колу менен столду бир чапты. «Эмгекчил элиме кызмат кылып жүрөсүң, өзүң болсо кимсиң, митаам?!» Ичиме чок салгандай болуп кетти!... Бирок өзүмдү кармап: «Аткыч-пулеметчик, биринчи номер. Согуш жана саясий отли…» - «Кайсы биринчи номер, жүзүкара? Атаң сенин кулак! Мына, Каменден кагаз келиптир! Атаң сенин кулак, сен болсо качып кеткенсиң, эки жылдан бери издеп жүрүшөт!» Кумсарып, унчукпай турам. Бир жыл бою үйгө кат жазбагам, изимди калтырбайын деп. Тирүүбү-жокпу билбейм, алар дагы менин жайымды билишпейт. «Кайсы бетиң менен – кыйкырып атат, төрт шпаласын зиркилдетип, - жумушчу дыйкандардын бийлигин алдап жүрөсүң?» Муштумун жейм го деп ойлогом. Жок, урган жок. Буйрукка кол койду – алты сааттын ичинде дарбазадан ары айдагыла деген… Ноябрь айы. Кышкы кийимди жулуп алышты, жайкы, кыйла кийилип сүсүлгөн кийим беришти, шөлпөйгөн шинель. Мен келесоо, киймди тапшырбай, урганым жок деп кетип калганды билбептирмин… Колумда суук маалымкаты: «…катардан …. кулактын баласы катары айдалды». Ошол маалымкат менен жумушка барып көр анан. Поезд менен төрт күндүк жол – темир жол литерди жазып бербеген, кыпындай тамак-аш берген жок. Акыркы жолу курсакты тойгузуп, аскердик шаарчадан көчүккө тепти.

…Отуз сегизинчи жылы Котлас айдалмасында комвзводду жолуктурдум, ал дагы он жылга отуруптур. Ошол айтты: тигил комполка жана комиссар - экөө тең отуз жетинчи жылы атууга кетиптир. Сен пролетарийби же кулаксыңбы, алдамчыбы же алдабаганбы - баары бир… Ошондо мен кудайга тобо дедим: «О Жараткан, ушул сен бар окшойсуң! Көп чыдайсың, бирок катуу урасың».

Эки чөйчөк боткодон кийин Шухов өлгүдөй тамеки тарткысы келди. Жетинчи барактагы латыштан эки стакан тамеки сатып алып кутулармын деген ой менен Шухов эстон балыкчыга акырын шыбырады:

- Бери укчу, Эйно, эртеңкиге чейин бир ором тамеки берчи. Мен алдабайм го.

Эйно Шуховдун көзүн бир тиктеп, анан шашпай кан досун карады. Алар бардыгын тең бөлүшөт, бир тал тамекини өзү билип коротпойт. Бири бири менен күңкүлдөшүп, Эйно мала кызыл жип менен кооздолуп тигилген тамеки салгычын алып чыкты. Анын ичинен фабрикада кесилген тамекиден бир чымчым алып чыгып, Шуховдун алаканына септи, көзү менен бир өлчөп, дагы кичине кошту. Туура бир ором тамекиге, ашык эмес.

Гезит Шуховдо бар. Айрыды, ороду, бригадирдин бут жагына тоголонуп түшкөн чокту көтөрүп, - cоро, соро тартты! Ушундай тамекинин күчү дене боюна тарап, бутуна да, башына да тепти.

Тамеки күйгүзөөр замат алыстан бөлмөнү тешчүдөй эки жашыл көз күйдү: Фетюков. Мейли деп бул канчыкка берип деле койсо болмок, бирок ал бүгүн сурап чеккенин Шухов көргөн. Андан көрө Сенька Клевшинге калтырыш керек. Бригадир сүйлөгөнүн уккан ал жок, отурат, жарыктык, от алдында башын шылкыйтып.

Бригадирдин чаар ала бети мештин жарыгында. Өзү жөнүндө эместей, боору оорубастан айтып отурат:

- Кайсы бир буюм кечегимди болбогон баага сатып салдым. Катып-сатарлардан эки нан алдым, ал убакта карточкалар болуп калган. Товардык вагондор менен жетейин десем, ошол мезгилде ага каршы катуу закондор чыккан: товардык поездге жармашкандарды аёосуз аткыла деген… Кимдин эсинде бардыр, билет акчасы бар немеге тийчү эмес, акчасы жокту айтпай эле коёлу. Вокзалдын аянтчалары карапайым элдин тондору менен төшөлүп калчу. Кетпей калып, ачкадан өлгөндөрү канча. Билеттер мына кимге берилчү – ГПУга, аскерлерге, иш сапардагыларга. Перронго дагы жол жок: босогодо милиция, станциянын эки тарабынан сакчылар темир жолду бойлоп жүрүшөт. Салкын күн батып баратат, көлчүктөрдү тоң баскан – кайда барып түнөйсүң?... Таштан тургузулган жылмакай дубалды, кучагымда эки нан, ашып түшүп – перрондогу дааратканага кирип кеттим. Күтүп турдум – артыман куугун жокпу. Жүргүнчү аскер немедей жай чыктым. Ошол тушта ырас Владивосток-Москва поезди туруптур. Кайнаган сууга эл үймөк, биринин башына бири чакасын кийгизет. Көк көйнөкчөн кыз эки литрлик чайнеги менен тегеренип жүрөт, кайнаган сууга жолой албай. Буттары ийнеликтей, сууга күйдүрөт экен же тебелеп салышат. «Карма, дедим, нандарымды, азыр сага кайнак суу болот!» Суу куйгуча поезд кылт этип жүрө баштаса болобу. Кыздын колунда нандарым, тигинин ыйлагысы келип, эмне кылаарын билбей, чайнегин таштаганы даяр. «Чурка, деп кыйкырдым, чуркагын, мен артыңан!» Ал алдымда, мен аркасынан. Чуркап жетип, колум менен жардам бердим, - поезд болсо ыкчамдап баратат! Мен дагы – бут койгучуна секирдим. Кондуктор мени колго чапкан жок, көкүрөктөн түртпөдү: вагондо башка аскерлер бараткан, ошолордун бири деп киргизип жиберди.

Шухов Сеньканы капталга т­үрттү: ме, тартып сал, кам көрбөгүр. Жыгачтан жасалган мундштук менен берип койду, соро берсин, эчтеме болбойт. Сенька, кызык киши, артисттей: бир колун жүрөккө басып, башын улам-улам ийкейт. Кулагы керең, андан эмне алмак элең!...

Бригадир сөзүн чуурутуп жатат:

- Алты кыз экен, жабык купеде баратышат, ленинграддык студент кыздар практикадан. Столчодо май-сайы жазылган, плащтары илгичте термелет кыймылга, кичинекей чемодандары чехолдо. Турмуштан кайкып баратышат, чиркин, жолунда жашыл семафор… Тамашалашып, сүйлөшүп, бирге чай ичтик. А сиз кайсы вагондон деп сурап калышты. Катуу үшкүрүп, ачылдым аларга: менин вагонум, кыздар, ушундай – силер жашоого жыргап жүрсөңөр, мени ажал кууп жүрөт…

Раствордук жайда тым-тырс. Мештин жагылганы угулат.

- Ахалап, охолоп кеңешти бири бири менен… Үчүнчү полкада плащтары менен жаап коюшту. Ал убакта кондукторлор ГПУ менен чогуу текшеришчү. Билет жөнүндө эмес, керт башың жөнүндө кеп болгон. Новосибирскиге чейин жашырып алып келишти… Ошол кыздардын бирөөсүн кийин Печорадан көрүп, жакшылыгын унуткан жокмун: ал кыз отуз бешинчи жылы Киров агымына туш келип, жалпы иштерде шылынып, өчүп бараткан кезде мен аны кийим тигүү жагына орноштуруп койгом.

- Растворду жасап баштасакпы? – Павло акырын бригадирге шыбырады.

Укпагансып койду бригадир.

- Үйгө түнүчүндө короолор менен жашынып келдим. Атамды айдап кетиптир, энем балдар менен этапты күтүп олтурат. Мен тууралуу телеграмма келиптир, сельсовет мени камаймын деп издеген экен. Калтырап отурабыз, чыракты өчүргөнбүз, ылдый чөгөлөп дубалга жабышып отуруп алганбыз, айылда активисттер көчө бойлоп, терезелерди шыкаалашат. Ошол эле түнү кичи инимди жаныма алып, жылуу тарапка кеттик, Фрунзеге. Ичерге тамагыбыз жок, ачка жүрөбүз. Фрунзеде, асфальтты челекте ысытып жаткан жерде көчөнүн балдары тегерете отурушуптур. Мен дагы аларга кошулуп, жагдайымды ачып бердим: «Бери карагыла, штаны жок мырзалар! Инимди кошуп алгыла араңарга, турмушка үйрөткүлө!» Кошуп алышты… Өзүм да ошого окшогондорго аралашып кетпегениме азыр өкүнөм…

- Ошондон бери иниңерди көрө элексиңерби? – кавторанг сурады.

Тюрин оозун чоң ачып эстеп койду.

- Жок, көрө элекмин. – Дагы бир эстеп койду. Бардыгына кайрылды: - Мейли, балдар, кейибегиле! ТЭЦке да байыр алабыз. Ким раствор жасайт – баштай бергиле, чакырыкты күтпөгүлө.

Бригада деген ушул – жетекчи жумуш учурунда жумушчуну жылдыра албайт, бригадир эс алуу учурда иште дедиби – иштейсиң. Анткени курсактын камын көргөн бригадир. Ал дайыны жок иштетпейт.

Эгерде чакырыктан кийин растворду жасап баштаса, дубал тургузгандар күтүп турабы?

Шухов үшкүрүнүп, ордунан турду.

- Барып муздарды чапсамбы.

Колуна балта, шыпыргы алды, дубал тургузганга – таш сындырчу балкасын, рейканы, жипти, түзөтмөнү.

Кызыл бет Кильдигс Шуховду карап, мурчуюп койду – сен эмне бригадирден эрте тура качтын дегенсип. Бригада курсакты кантип тойгузаары менен Кильдигстин башы оорубайт да: ал тас башка эки жүз граммдан кем нан күнүгө берсең да, ал жөнөтмө алып курсагы ток жүрөт.

Түшүнөт бирок, көчүк көтөрүп тура баштады. Бригаданы өзүң үчүн кармабайсың да.

- Ваня, токтоп тур, чогуу барабыз! – деп чакырды.

Ооба, ооба, калың бет. Өзүң үчүн иштесең мындан эрте турмаксың.

(Шухов эртерек тургандын да бир себеби, түзөтмөнү Кильдигстен мурун алып кетиш керек болчу, анткени андан бирөө эле келген.)

Павло сурады бригадирден:

- Үчөө жетишеби? Дубал койгону дагы бирөөнү кошсокпу? Же раствор жасаганы жетишпей калабызбы?

Бригадир кабагын бүркөп, ойлонуп турду.

- Төртүнчү болуп мен өзүм турам, Павло. Сен болсо – раствор! Ящик чоң, алты адамды мындай койгун: бир жагынан даяр раствор салып бергидей болсун, бир жагынан болсо жаңы раствор даярдай беришсин. Бир мүнөт тыныгуу болбосун!

- Эх! – секирип турду Павло, жаш бала, лагерге уруна элек, каны таза, хохолдордун тамагына бетти табак кылган. – Эгерде сиз дубалды өзүңүз тургузсаңыз, анда мен растворду өзүм жасайм! Көрүп алгыла, ким көп кылат экенин! Кана эң узун күрөктү бергилечи?

Мына бригада деген ушул! Токойдо жашынып мынтык аткан жана түндө районго кол салып жүргөн Павло – бул жерде белин бүкмөк беле! Бригадир үчүн болсо – башкача кеп!

Чыкты үстүнө Шухов менен Кильдигс, артынан Сенька келатат. Кулагы укпаса да түшүндү.

Экинчи кабатта дубал жаңы гана башталган: тегерете үч катар, кээ бир жерлери эле өөдөрөк. Тизеден көкүрөккө чейин дубал эшек коюлбай эң бачым курулат.

Бул жердеги эшектер, тирегичтер – бардыгын зэктер талап түгөтүштү: кайсыны башка имаратка, кайсыны жагып салышты – бөтөн бригадага калбасын үчүн. Эми ишти жылдырам десең, эртең эле эшектерди жасаш керек, болбосо токтойбуз.

ТЭЦтин үстүнөн алыска көрүнөт: каарга чөмүлгөн ээн (зэктер жашынып, чакырык күүлдөмөйүнчө жылынып отурушат) зона бүтүн, сакчылар турган кара чокулар, учтугуй устундар тикенек сымдары менен. Тикенек сымы күн тараптан көрүнөт, тескей жактан – көрүнбөйт. Күндүн жарыгы көздү уялтат, көз ачалбайсың.

Нары, ыраак эмес аралыкта – энергопоезд. Түтүндү асманга оргуштатат дейсиң! Анан – күшүлдөй түштү. Чакырык чыгараар алдында ушинтип күшүлдөйт. Мына күүлдөгүн салды. Анчалык деле көп иштеп жиберген жокпуз.

- Эй, стахановчу! Түзөтмө менен тезирээк бүтүр ишиңди! – Кильдигс шаштырат.

- Дубалыңдагы муздарды карачы! Кечкиге чейин чаап бүтөсүңбү? Мастерокту үстүгө алып келип жөн эле убара болдуң, - деп Шухов дагы шылдыңдады аны.

Түшкө чейин бөлүштүрүп алган дубалдарга тургуча, бригадир ылдыйдан үн салды:

- Эй, балдар! Ящикте раствор тоңбос үчүн экиден турабыз. Шухов! Сен өзүңө Клевшинди алгын, мен Кильдигс менен боломун. Азырынча Гопчик мен үчүн Кильдигстин дубалын тазалап берет.

Шухов менен Кильдигс бири бирин карашты. Туура. Ылдамыраак болот.

Балталар чакылдап баштады.

Болду анан – байкаган жок Шухов алыста күн каарга чагылышып, көл болгонсуп турганын, жылытма жайлардан жумушчулар зона боюнча таркап баратканын – ким чуңкур ойгону, эртеден бери оюлбаган, ким арматура бекемдегени, ким устаканада чатыр койгону. Шухов бир гана өзүнүн дубалын көрүп турду – сол жактагы эки дубал белден өйдө тепкичтей болуп кошулган жерден оң жактан Кильдигс менен анын дубалы кошулган бурчка чейин. Сенькага кай жерден музду чабыш керектигин көрсөтүп берди, өзү балтанын башы менен, мизи менен ынталуу уруп баштады, муз тегерек четке, бетине чачырайт, бул жумушту ойлонбостон ыкчамдык менен бүткөрүп жатты. Оюу менен, көзү менен дубалдын өзүн сыйпалагансып, ТЭЦтин тышкы беткей эки шлакоблоктуу дубалын билүүгө умтулган. Бул жерде дубалды белгисиз бир уста ишти билбей же шалаакыланып коюптур, эми Шухов бул дубалга көнүп атты. Мына бул жерде – ичке кирип кетиптир, бир катар менен теңдей албайсың, үч катар коюп теңдеш керек, катар сайын растворду калыңыраак салып. Наркы жерде дубал, тескерисинче, тышка чыгып кеткен – эки катар коюлуп теңделет. Анан дубалды өзү билген бир чекке бөлдү – дубал тепкич болуп кошулган жерден ошол чекке чейин өзү коёт, андан ары оң тарапка Кильдигске чейин – Сеньканыкы. Тигил бурчта Кильдигс «мейли» деп Сенька үчүн бир аз коюп кетет, ал үчүн жеңил болот. Тигилер бурчту ченеп түздөгүчө Шухов жарым дубалдан көбүн тургузуп коёт, тигилерден калбагыдай кылып. Канча шлакоблок кай жерге ташташ керектигин белгилеп койду. Шлакоблок ташыгандар үстүнө чыгаар замат, Алешканы өзүнө аркандады:



Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   10




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет