Солженицын А. И



бет6/10
Дата15.06.2016
өлшемі0.72 Mb.
#137240
1   2   3   4   5   6   7   8   9   10

- Мага ташыйсың! Бул жерге кой! Анан бул жерге.

Cенька музду чаап бүткөрүп атты, Шухов болсо болот сымдан шыпыргысын алып, эки колу менен тияка-бияка, тияка-бияка дубалды сүрткүлөп кирди, үстүнкү катар шлакоблокторду тап-таза болбосо да, агала каарына чейин, өзгөчө кирпичтер беттешкен жерлерди тазалады.

Бригадир дагы үстүнө чыкты, Шухов шыпыргысы менен алышканча, бригадир бурчка рейка кагып койду. Шухов менен Кильдигстики чеке жактарында эчак эле кагылган.

- Гэй! – Павло ылдыйдан кыйкырат.- Тирүү жан барбы үстүндө? Алгыла растворду!

Шуховдун шаштысы кетип, чекесинен тер чыкты: жипти дагы эле тарта элек! Мындай чечти: жипти бир катарга эмес, экиге эмес, биротоло үч катарга тартып койду. Сенькага жеңил болуш үчүн ал жактагы тышкы катардын бир четин алып кетиш керек, ички катарын өзү кылат.

Үстүнкү четтен жипти тартып, Сенькага кол менен, сөз менен эптеп түшүндүрдү, кай жерден ал коёрун. Кулагы керең болсо да түшүндү. Эриндерин тиштеп, көзүн кыйшайтып, бригадирдин дубалы жагына ийкейт – эмне, көрсөтөлүкпү, дегенсип. Калбайбыз! Күлөт.

Анакей траптан растворду алып келатышат. Растворду эки кишиден төрт түгөй ташыйт. Бригадир усталардын жанына раствордук ящиктерди койбогула деди – растворду бир идиштен экинчиге салып төккүчө ал тоңуп калат. Түз эле ташыган идиши менен коюшат – алгыла усталар, тургуза бер дубалды. Ташыгандар үстүндө жөн гана үшүп турбай, шлакоблокторду ташый берсин үстүнөн. Идиш бошогондо, тыныгуу болбостон булар ылдый кетишет, экинчилери үстүнө - раствор менен. Ылдый жактан ташыган идишин мешке коюп, тоңгон растворду болушунча эритишет, өздөрү бир аз болсо да жылынат.

Дароо эки тарапка бир алып келип калышты – Кильдигстин дубалына жана Шуховдукуна. Раствор суукта бууланып атат, бирок жарыган жылуулугу деле жок. Мастерок менен дубалга шөлп эттирип, оозду ачып кичине туруп калсаң – мына сага катыды. Балканын уч жагы менен чыгарбасаң анан, мастерок менен чыгара албайсың. Шлакоблокту туура эмес коюп койсоң – көз ачып жумгуча аның дагы кыйшайган бойдон катып калат. Аны балтанын баш жагы менен гана ургулап, растворун кертип түшүрөсүң.

Шухов бирок жаңылбайт. Шлакоблоктор бардыгы бирдей эмес. Биринин бурчу сынган, биринин капталы түшкөн же куюлмасы менен – Шухов мындайды заматта байкайт, ал шлакоблок кайсы жагы менен отураарын көрө коёт жана дубалда ошол шлакоблокту күткөн орунду дароо табат.

Мастерок менен бууланган растворду алып – ылдыйкы кошулма жерге ыргытат жана ошол кошулма жерин эстеп коёт (ошол жерге үстүнкү шлакоблоктун ортосу туш келиши керек). Растворду туура бир шлакоблокко жеткидей кылып ыргытат. Үймөктөн бир шлакоблок алып чыгат (этияттык менен алат – колгапты жыртып албагыдай кылып, шлакоблоктун будуракайы колгапка өч). Анан растворду мастерок менен түздөп – шлакоблокту шөлп коюуп коёт. Ошол замат, ошол замат аны түздөгүлөп, мастероктун капталы менен ургулап тууралаш керек: тышкы жагы түзөтмө менен кетиш керек, кирпич узунунан да жатканда, туурасынан да жатканда кырынан эмес, бетинен жаткыдай болсун. Болду анан, ал кармалып катып калат.

Эми, эгерде капталынан раствор сыгылып чыкса, анысын мастероктун кыры менен тез уруп сындырып, дубалдан нары ыргытасың (жайында ал кийинки кирпичке кетмек, азыр колдономун деп ойго да алба) жана кайра ылдыйкы кошулма жерди карап коюш керек – айрым учурда, ал жерде бүтүн блок эмес, сыныктары болуп калат, - ошондо растворду сол капталына калыңыраак кылып кайра ыргытып, шлакоблокту жөн гана эмес, оңдон солго жылбыштырып коёсуң, раствордун ашыкчасы алдына да, капталына да сыгылып чыгат. Түзөтмөнү бир карамай. Жалпагынан дагы бир карап коймой. Кармалды. Кийинкиси!

Жылды жумуш. Эки катар коюп кетсек, мурдагы чала-була кылганды тегиздесек, нары май сыйпагандай жеңил кетет. Азыр болсо – кыраакы болуш керек!

Кетти, кетти анан тышкы катары Сенькага карай. Сенька да тигил бурчта бригадирден тетири, бери көздөй салып келатат.

Ташып жүргөндөргө көзүн кысып койду Шухов – растворду, растворду бери, колго жакын жылдыргыла! деп. Ушундай иш кызып баштады дейсиң – мурдуңду сүрткөнү убакыт жок.

Сенька экөө беттешип, бир ящиктен сузуп баштады эле – заматта түбүн кырып калышты.

- Раствор! – Шухов дубалдын нары жагына кыйкырды.

- Ме-егиле! – Павло кайтарат.

Алып келди ящикти. Аны дагы сузуп бүтүрүп койдук, суюгунун бардыгын, ал эми капталына жабышып тоңуп калганын – өзүңөр кырып түшүргүлө! Карттанып калың болуп кетсе – өзүңөргө оор болот. Кете бер! Кийинкиси!

Шухов жана башка усталар да суукту сезбей калышты. Ыкчам ишке жаңы кирип кеткенде аларды биринчи тер басты – бушлат алдында, күрмө тон алдында, ички жана сырткы көйнөктөрүнө чейин суу тер басат. Бирок алар бир көз ирмемге токтобостон кирпич койгонун кетире берди, кетире берди. Бир саат өткөндө экинчи тер басты – бул жолу жанагы тердин суусу кургайт. Буттары үшүгөн жок, бул эң негизгиси, калганы болсо эчтеке эмес, салкын, ичке кирген жел –дубал тургузуу ишинен аларды алаксыткыдай эмес. Клевшин гана буттарын каккылап атты: ал байкуштун буту кырк алтынчыга тең келет, чокойлору ар кайсы түгөйдөн, таарырак.

Бригадир мезгил-мезгили менен кыйкырып коёт: «Раство-ор!» Шухов дагы калбайт: «Раство-ор!» деп. Ким жумушту жакшы тартса, ал дагы коңшуларга бригадирдей болуп калат. Шухов азыр тигил усталардан калбашы керек, ал азыр бир тууганын болсо да аябастан жүгүртүп иштетмек.

Буйновский башында, түшкө чейин, Фетюков менен раствор ташып жүргөн. Траптан басыш бийик дагы, оңтойсуз дагы, башында ал жакшы тартпай, Шухов аны бир аз түрткүлөп атты:

- Кавторанг, ылдамыраак! Кавторанг, шлакоблокторду!

Бирок барган сайын кавторанг чыйрак иштеп, Фетюков болсо жалкоолонуп баштады: баратат, иттин баласы, көтөрүнчүсүн кыйшайтып, растворду төгүп, жеңилдеткен амалын карап кой!

Шухов аны желкеден нары бир урду:

- У, кан ичкир! Директор болуп жүргөндө – жумушчуларды зыкылдатканды билчисиң, ээ?

- Бригадир! – кавторанг кыйкырат.- Мага адам берчи! Мынабу айбан менен ташыбаймын!

Алмаштырды бригадир: Фетюков ылдый жактан шлакоблокторду коймолорго ыргытат, өз алдынча тургузду, канча шлакоблок ыргытканын өзүнчө санагыдай кылып, ал эми баптист Алешканы – кавторанг менен. Алешка – момун, аны башкарбаган киши жок.

- Аврал, мадыра баш! – кавторанг түшүндүрүп атат. – Көрдүңбү, иштин кычаганын!

Алешка түшүнүү менен жылмайды:

- Эгерде тезирээк десеңиз – тезирээк иштейли. Сиз айткандай болот.

Кетишти топурашып ылдый жакка.

Момун – бригада үчүн алтын.

Бригадир кимдир бирөөгө ылдыйга кыйкырып атат. Көрсө, шлакоблоктор менен дагы бир машине келиптир. Жарым жылда бир машине келбечү эле, азыр биринин аркасынан бири. Шлакоблоктор келип жаткандан кийин, иштей бериш керек. Биринчи күн. Анан туруп калабыз, жылбай.

Анан дагы бригадир бирөө менен айкырышып жатат. Көтөргүч машине жөнүндө. Шуховдун билгиси келип атат, бирок убакыт таар: дубалды түздөш керек. Ташыгандар келишти, айтып берди: монтер көтөргүч машиненин моторун оңдогону келиптир, аны менен электр иштери боюнча прораб, зэк эмес.

Монтёр чукулап атат, прораб карап турат.

Бул турган иш: бири иштесе, бири карап турат.

Азыр көтөргүчүн жасап койсо го – шлакоблокту да, растворду да көтөрүп берет эле. Шухов үчүнчү катарды баштаганда (Кильдигс дагы үчүнчүсүн алпаратат), трап менен дагы бир көзөмөлчү, дагы бир начальник келатат – курулуштун онбашысы Дэр. Москвалык. Министрликте иштеген дешет.

Шухов Кильдигске жакын турган, Дэр келатканын көрсөттү.

- А-а! – колун серпиди Кильдигс.- Менин начальниктер менен ишим жок. Алдагы траптан кокус ыргып кетсе, мени ошондо чакырып кой.

Азыр усталардын аркасынан карап туруп алат. Мына ушул байкоочуларды Шухов бардыгынан жек көрөт. Инженер көрөт өзүн, чочко баш! Бир жолу көрсөткөн, кантип кирпич коюшту, Шухов боору эзилгиче күлгөн. Менимче, өз колуң менен салгын бир үйдү, ошондо инженер болосуң.

Темгенёвдо кирпичтен үй салчу эмес, бардыгы жыгачтан. Мектеп да балта менен салынган, жыгачты кароол токойдон алты кулач кылып алып келишчү. Лагерде кирпич койгон уста керек болуп калдыбы – Шухов, мынакей, ошондой уста. Ким колу менен эки ишти билсе, ал он ишти да алып кетет.

Жок, кулаган жок Дэр, бир жолу гана чалынып кетти. Үстүнө атырылып чуркап чыкты.

- Тю-урин! – кыйкырат көзүн алаңдатып. – Тюрин!

Аркасынан трап менен Павло күрөгүн көтөргөн бойдон чыгып келатат.

Дэрдин бушлаты лагердики, бирок таза, жап-жаңы. Шапкеси сонун, териден. Бирок анысында барыныкындай номер чапталган: Б-731.

- Не? – Тюрин ага мастерок менен чыкты. Бригадирдин шапкеси капталдап, көзү жагына кыйшайып кеткен.

Болуп көрбөгөн окуя. Көрбөй калууга да болбойт, таштасаң раствор катып калат. Шухов кирпичин коюп баратат, бир кулагы биякта.

- Сен эмне?! – кыйкырат Дэр, шилекейи чачырайт.- Бул карцер эмес! Бул жаза иши, Тюрин! Үчүнчү мөөнөт аласың!

Эми гана Шуховдун башына октой жетти. Кильдигсти карады – ал дагы түшүнүптүр. Толь! Терезедеги тольду көрдү.

Өзү үчүн Шухов кыпындай корккон жок, бригадир аны сатпайт. Бригадир үчүн коркту. Биз үчүн бригадир – атадай, аларга болсо – кумурска. Мындай иш үчүн түндүктө экинчи мөөнөттү ойлонбой моюнга илип коюшчу.

Ух, бригадирдин өңү бузулуп кеткенин айт! Мастерокту ка-аңк эткире бут алдына ыргытып салды! Дэр тарапка – бир кадам! Дэр артты карай калды – Павло күрөгүн шилтегени даяр.

Күрөктү көтөргөнү! Күрөктү жөн гана көтөрүп келген жок ал…

Сенька дагы, кереңдиги менен бардыгын түшүндү: колдорун белге таяп, жакындады. Килейген неме.

Дэр көздөрүн ирмеп, кайсалактап, кирерге ийин таппай калды.

Бригадир Дэрге эңкейип, акырын, бирок бул жерде, үстүндө даана угулгандай сүйлөдү:

- Сенин, жалаңкыч, мөөнөт берген мезгилиң өттү! Эгерде сөз айтсаң, кан ичкир, - акыркы күн жашайсың, билгиниң!

Калчылдап кетти бригадир. Калчылдаганы токтобойт.

Бети сүйрү Павло Дэрди көзү менен жеп салгыдай.

- Силер эмне, балдар, силер эмне! – Дэр бозоруп, траптан алыстады.

Башка эч нерсе айткан жок бригадир, шапкесин түздөп, майышкан мастерогун көтөрдү, өз дубалына басты.

Павло да күрөгү менен жай гана ылдый түштү.

Жа-ай гана…

Мда-а. Мына, жанагы набыт болгондордун каны… Үчөөнү сайып салды эле, лагерь эми такыр башка.

Дэр калып калганы да коркуп турат, ылдый түшкөнү да чоочулап турат. Кильдигстин артына жашынып алган.

Кильдигс болсо камырабай кирпич коюп баратат – ушинтип дарыканада дары-дармек ченеп беришет: кебетеси догдурдай, эч бир шашып койбойт. Дэрге аркасы менен турат, байкамаксан болуп.

Дэр бригадирге жакындады. Баягы текебердигинин изи да жок.

- Прорабга эмне деп айтам, Тюрин?

Бригадир коюп баратат, башын көтөрбөй:

- Эмне десе, айтасың – «ушундай болчу» деп. Биз келсек – ушундай болчу.

Туруп турду Дэр. Азыр кол салышпайт экенин түшүндү. Колун чөнтөккө салып, акырын басты.

- Эй, Ща - сегиз жүз элүү төрт, - күңкүлдөдү. – Растворду эмне ичке салып атасың?

Бирөөдөн жинин чыгарыш керек да. Шуховдуку кыйшак эмес, кошулмасы дурус – мына эми раствор ичке имиш.

- Эсиңизге салып коёюн, - жооп кайтарды ал, какшыктап: - эгерде азыр калың кылсак, жазында эзилип түшүп калат бардыгы.

- Сен – катардагы устасың, ошондуктан онбашы эмне деп жатканын уккун, - кабагын чытып, бетин дулдуйтту Дэр, ушундай бир адаты бар болчу.

Эми, ар-сар жерде жукадыр, калың деле салса болмок, бирок кышында эмес, адам сыяктанып салган учурда. Элди да аяш керек. Иш ченемин аткарыш керек. Эгерде адамдын түшүнүгү болбосо, кантип түшүндүрөсүң!

Кетти Дэр траптан акырын түшүп.

- Силер мага көтөргүчтү жасап бергиле! – бригадир артынан кыйкырды. – Биз эмне – эшекпизби? Экинчи кабатка шлакоблокторду колу менен ыргытып!

- Шлакоблок ташыганыңды төлөп берип атат сага, - Дэр траптан үн чыгарды жоошуп.

- «Тачка мененби»? Кана, тачка менен трапка чыгып көрчү. «Ташыма менен» төлөгүлө!

- Мен эмне аяп атамбы? Бухгалтерия өткөрбөйт «ташыма менен».

- Бухгалтерия! Менде төрт устага бүт бригада иштеп атат! Мен анан канча иштеп табам?

Кыйкырып атат бригадир, колу болсо тынымсыз кирпич коюп баратат.

- Раство-ор! – ылдыйга кыйкырды.

- Раство-ор! – коштоду Шухов. Үчүнчү катар менен бардыгын түздөдүк, төртүнчүдө уруп-согуп кете бер. Түздөгөн жипти бир катар өөдө тартыш керек эле, мейли эми, бир катар жиби жок деле боло берет.

Кетти Дэр талааны бойлой, шүмүрөйүп алган. Конторага, жылынганы. Оңтойсузданып бараткандыр. Ойлонуш керек да анан, Тюринге окшогон карт бөрүгө каршы чыгарда. Мындай бригадирлер менен тил табышса, убарасы аз болмок: «белди бүгүп иштегин» дебейт, пайкасы жогору, өз алдынча кабинети бар – дагы эмне керек? Жок, өзүн көрсөтүш керек да.

Ылдыйдан келип, айтышты – электрмонтаж боюнча прораб кетти, монтер дагы кетип калды – көтөргүч оңдолбойт экен.

Эшектей иштейбиз, башка арга жок.

Канча Шухов өндүрүштү көрдү, ошол техника же өзү сынат, же аны зэктер сындырышат. Жыгач устун ташыгычты сындырышат: цепке кертим жыгач салып, катуурак айлантып жиберишет. Эс алыш үчүн. Устун жыгач устун жыгачтын үстүнө койгуча, белиң бүгүлбөй калат.

- Шлакоблок! Шлакоблок! – бригадир кыйкырды, күчтөнүп алган. Энеңди силерди, энесинин көрү деп ашатты ыргыткандарды, ташыгандарды.

- Павло сурап атат, растворду кантебиз? – ылдыйдан чуулдап атышат.

- Кантмек элек, жасагыла!

- Жасалган жарым ящик бар!

- Демек, бир ящик жасагыла!

Мына сага, чымгуут! Бешинчи катар кетти. Биринчини эңкейип алып барган болсок, азыр карагын, көкүрөккө жетип калды! Анан эмне алып барбай, же терезе жок, же эшик жок, курулай эки дубалды кайчылаш көтөрбөй эмне болуптурбуз шлакоблоктор толуп турганда? Жипти тартыш керек эле, бирок кеч болуп калды.

- Сексен экинчи инструменттерди тапшырганы кетти, - маалымдады Гопчик.

Бригадир ага көздөрү менен зиркилдеп койду.

- Өзүңдүн ишиң бил, жубармек! Кирпич ташыгын!

Кылчактап карап койду Шухов. Ооба, күн батып баратыптыр. Кызарып батты жана туман менен бозомук тарткан. Иш кайнап аткан эле – таштагың келбейт. Эми бешинчини баштагандан кийин – бүтүрүп коюш керек. Тегиз болсун.

Ташыгандар – оозунан көбүк кеткен аттардай. Кавторангдын кебетеси кара көк тарткан. Кырктын тегерегинде кавторангдын жашы.

Суук градустарын кошту окшойт. Колдор жумушта, а бирок илбирек колгаптан манжалар сыздайт үшүгөндөн. Сол чокойго да суук кирип баратат. Топ-топ этип коёт Шухов, топ-топ этип коёт ошол чокоюу менен.

Дубалга эми эңкейүүнүн кереги жок, бирок ар бир шлакоблокко жана ар бир сузум растворго дагы – белиңди бүк.

- Балдар! Балдар! – Шухов суранат.- Силер шлакоблокторду дубалга койсоңор! Түз эле дубалга койсоңор!

Кавторанг коюп берейин эле дейт, шайы ооп калды. Көнбөгөндөн. Алешка болсо:

- Мейли, Иван Денисыч. Кай жерге коюш керек - көрсөтүңүз.

Эмне сурасаң, түк жок дебейт ушул Алешка. Эгерде бардыгы ушундай болсо, Шухов да ушундай болмок. Адам сурап атса – жардам бербей эмне эле? Бул жагы туура алардыкы.

Бүт зона боюнча, ТЭЦке да даана угулду: рельсе каңк эткирди. Жыйналгыла! Раствор менен аша чааптырбыз. Эх, куураган оокат!...

- Растворду бер! Растворду бер! – кыйкырат бригадир.

Ал жакта ящик олчоюп жаңы жасалган! Эми – коюш керек, башка айла жок: эгерде ящикти бошотпосок, эртең аны талкалаш керек, раствор катып калат, чукуп чыгара албайсың.

- Кана, чамда, агатайлар! – Шухов чакырат.

Кильдигстин жини келген. Чымгууттарды жакшы көрбөйт. Аларда, Латвияда, айтат ал, бардыгы акырын иштеп, бай жашашчу. Бирок ал дагы шакылдатып баштады, качмак беле!

Ылдыйдан Павло чуркап келди, ташыманы көтөрүшүп, колунда мастерок. Ал дагы коё баштады. Беш мастерок шакылдап атат.

Эми кошулган жерлерди жасоого үлгүрүш керек! Шухов көзү менен ченеп коёт, кайсы кирпич кошулган жерге кетиш керек, анан Алешкага балка берип:

- Ме, мага мынабу жагын ургулап бер! – деп буйруйт.

Шашып жасалган - бышпаган болуп калат. Азыр бардыгы шашпалактап атканда, Шухов тездигине качырбай, дубалды байкоого үңүлдү. Сеньканы сол тарапка түртүп жиберди, өзү – оңго, башкы бурчка. Азыр, эгерде дубалды кыйшайтып же бурчту бузуп алсак – эртең жарым күн ошону оңдоп жүрөбүз.

- Токто! – Павлону кирпичтен сүрүп, өзү түздөгөнү кирди. Ошол жерден, бурчтан, караса – Сеньканын дубалы кыйшайып баратыптыр. Сенькага чуркап барып, эки кирпич менен түздөп жиберди.

Кавторанг, жакшы каралган жылкыдай, ташыманы көтөрүшүп келди.

- Дагы, - кыйкырды, - эки ташымадай болот!

Жыгылайын деп турат кавторанг, а бирок тартып келатат. Шуховдун колхозго чейин ушундай жылкысы бар болчу, Шухов аны аяп бакчу, башканын колуна тийгенде тез шылынды. Терисин гана сыйрып алышты.

Күндүн жылчыйып турган чети жер аркасына кирип кетти. Эми Гопчик айтпаса да көрөнүп турат: бардык бригадалар инструменттерин тапшырмак түгүл, элдин бардыгы жапырт вахтага жөнөштү. (Чакырык менен бардыгы дароо чыгып калышпайт, ал жерде үшүп тургандай келесоо жок. Жылыткычтардын жанында отурушат бардыгы. Бирок ушундай бир учур келет, бригадирлер сүйлөшүп алып, бардык бригадалар чогуу чыгышат. Сүйлөшүп албаса, камактагылар ушундай бир кыянат эл – бирине бири эрегишип, отура беришет түн ортосуна чейин)

Бригадир да эсине келе түштү, кеч калганын көрдү. Тигил жакта инструмент алган неме ашатып сөгүп жаткан чыгаар.

- Эх, - кыйкырды, - бокту аяйбызбы! Ташыгандар! Чоң ящикти ылдыйга алпарып, тазалап кырып – тэтигил чуңкурга таштагыла, үстүнө каар ыргытып, көрүнбөгүдөй болсун! Сен, Павло, эки кишини алып, инструменттерди чогултуп, тапшырып салгын. Мен сага Гопчик менен кийинчирээк үч мастерокту жиберем, мынабу эки акыркы ташыманы бүтүрүп салалык.

Жабалактап кирдик. Шуховдон балканы алып алышты, жипти чечишти. Ташыгандар, ыргыткандар – бардыгы раствордук жайга кетишти, бул жерде кылаарга иши жок эми. Үчөө калды үстүндө, усталар – Кильдигс, Клевшин жана Шухов. Бригадир басып, карап жүрөт, канча койгонубузду. Ыраазы.

- Жакшы коюптурбуз, ыя? Жарым күндө. Көтөргүч-мөтөргүчсүз.

Шухов байкады – Кильдигстин идишинде аз калыптыр. Ойлоду Шухов – инструменттик жайда бригадирди мастероктор үчүн урушпасын деп.

- Уккулачы, балдар, - Шухов кеп-кеңешин ортого салды, - мастерокторду Гопчикке алып бара бергиле, меники – саналбаган, тапшырбаймын, мене бул жерди өзүм бүткөрүп коём.

Күлөт бригадир:

- Сени кантип эркиндикке чыгарууга кол барат эми? Сени жоктоп, түрмө ыйлабайбы!

Күлдү Шухов дагы. Коюп баратат.

Алып кетти Кильдигс мастерокторду. Сенька Шуховго шлакоблокторду сунуп турат, Кильдигстин раствору бул идишке төңкөрүп салынган.

Кетти чуркап Гопчик, талааны кесип, инструменттер жайына, Павлого жетишип калайын деп. 104-бригада өзү, бригадири жок, талааны бойлой кетип баратат. Бригадир – күч, бирок конвой – андан күчтүү күч. Кечигип калгандарды жазып алса – кондейге.

Каардуу көрүнөт вахтада топтолгондор. Бардыгы чогулган. Конвой дагы чыккан окшойт – санап атышат.

(Чыкканда эки жолу санашат: биринчи жолу дарбаза жабыкта, ошол дарбазаны ачканы болобу, болбойбу, билиш үчүн; экинчи жолу – ачык дарбазадан чыгарып атып. Эгерде туура эмес болуп көрүнсө - дарбазанын аркасынан дагы бир жолу санашат.)

- Куруп калсын ошол раствор! – колун булгайт бригадир. – дубалдан нары ыргыта бер!

- Кете бер, бригадир! Кете бер, сен ал жакта керексиң! – (Шухов аны Андрей Прокофьевич дечү, бирок азыр жумуш үстүндө бригадир менен теңелгенин билди. «Мына, мен бригадирге теңмин» деп ойлогон жок, а бирок сезип турат, ошондой экенин.) Анан траптан бутун чоң шилтеп, кетип бараткан бригадирдин артынан тамашалады: - Бу эмнеси, түгөнгүр ай, жумуш күнү мынча кыска? Жаңы ишке киришсең – жыйналгыла деп кайра чакырат!

Керең экөө калышты. Бул менен көп сүйлөшө албайсың, сүйлөшүп деле кереги жок: ал барынан акылдуу, сөзү жок түшүнөт.

Шөлп растворду! Шөлп шлакоблокту! Кыстардык. Текшердик. Раствор. Шлакоблок. Раствор. Шлакоблок…

Мындай карасаң, бригадир деле айтпадыбы – растворду аябагыла, дубалдын аркасына ыргытып – кете бер. Бирок Шуховдун ушундай бир жинди чалыш мүнөзү бар, кой деп койдура албай коюшкан: ар бир буюмду, ар бир эмгекти текке кетиргиси келбейт, аяйт.

Раствор! Шлакоблок! Раствор! Шлакоблок!

- Бүттүк, энесин урайын, ташта! – Сенька кыйкырат. – Айда, кеттик!

Ташыманы көтөрүп алып – траптан ылдый.

Шухов, азыр конвой иттер менен талатканы турса да, артты карай чуркап барып бир карады. Дурус. Чуркап келип, дубалдын тышын оңунан, солунан карады. Эх, көзүм көрөгөчүм! Түз экен! Кол карый элек.

Трап менен чуркап түштү.

Сенька – раствордук жайдан чыгып, дөңсөө менен чуркап баратат.

- Бол! Бол! – бурулуп карайт.

- Кете бер, мен азыр! – Шухов колун шилтеди.

Өзү болсо – раствордук жайга. Мастерокту жөн таштап кетүүгө болбойт. Балким, эртең Шухов чыкпай калат, же бригаданы Соцгородокко айдап салышат, же балким бул тарапка жарым жылдай келбей калышат – мастерок житип кетсинби? Катылуу беле, катыш керек!

Раствордук жайда мештер өчкөн. Караңгы. Коркунучтуу. Караңгыдан эмес, эч ким жоктон коркунучтуу, вахтадан жалгыз сени күтүп калышса, конвой сазайыңды берет.

А бирок көзүн чуркатып, көрө калды килейген ташты бурчтагы, оодарды аны, алдына мастерокту салып, ошол таш менен кайра жаап койду. Эми баары жайында!

Сеньканы кууп жетиш керек. Ал жүз метрдей чуркап барып, турат нары кетпей. Эч качан Клевшин таштабайт жамандыкта. Жооп берсек – чогуу жооп беребиз.

Теңме-тең чуркап кетишти – чоң менен кичинекей. Сеньканын көкүрөгүнө эле жетет Шуховдун төбөсү, башы да калдайган чоң тигиники.

Бекерпоздор бар – стадиондо өз эрки менен кубалашып чуркап жүрүшөт. Мына ушинтип чуркатса, шайтандарды, жумуш күнү бүткөндөн кийин, түзөлө элек белиң менен, колдоруңда суу колгап, жыртылайын деген чокой менен – суукта жүгүртсө.

Кутурган иттердей ыкшып калышты: хы-хы! хы-хы!

Бригадир вахтада, түшүндүргөндүр.

Мына түз эле калың эл тарапка баратышат, коркосуң.

Жүздөгөн үндөр дароо чуу салды: энеңди да, атаңды да, кабыргаңды да, оозуңа да, мурдуңа да. Беш жүз адам сага жинин чыгарса – кантип коркпойсуң?!

Бирок эң негизгиси – конвой эмне экен?

Жок, конвой тынч эле. Бригадир мына акыркы катарда турат. Түшүндүрдү, демек, күнөөнү өзүнө алды.

Балдар болсо бакырганын койбойт, сөгүнүп атышат! Алардын бакырганы Сенькага да жетти окшойт, демин түзөп, үстү жактан жооп кайтарды дейсиң! Өмүр бою унчукпай келатат – анан бир барк этет! Муштумун түйүп, азыр мушташканы даяр. Унчукпай калышты. Арасында күлдү айрымдары.

- Эй, жүз төртүнчү! Алдагыңар керең эмес окшойт! – тамашалашты. – Биз текшербедикпи.

Күлүштү бардыгы. Конвой дагы.

- Бештен бөлүн!

Дарбазаны бирок ачпайт. Өздөрүнө өздөрү ишенбейт. Элди дарбазадан артка жылдырды. (Дарбазага жабышат, дөөпөйлөр, ошондон тезирээк болгонсуп.)

- Бештен бөлүн! Биринчи! Экинчи! Үчүнчү!...

Бештикти санаганда, алар бир нече метр алдыга жылат.

Демин бастырды Шухов, бурулуп караса – атаңдын көрү, ай кызарып түнөргөн, асманга жаңы чыккан окшойт. Чекесинен оюлуп баратыптыр. Кечээ ушул маалда бийигирээк турган.

Бардыгы ойку-тойкусуз жакшы бүткөнүнө Шуховдун көңүлү ачылып, кавторангды капталга уруп, сөздүн башын чыгарды:

- Укчу бери, кавторанг, силердин илимиңер боюнча – эски ай кайда кетет?

- Кайда дегениң кандай? Караңгы неме! Жөн эле көрүнбөй калат!

Шухов башын чайкап, күлөт:

- Көрүнбөй калса – анан каяктан билесиң анын бар-жогун?

- Сеники боюнча эмне, - таң калды капитан, - ай сайын жаңы ай жаралабы?

- Эмнеси бар экен? Адам деле тигине, күн сайын туулуп жатпайбы, ай эмне, төрт жумада бир кайра жаралса болбойбу?

- Тьфу! – түкүрүндү капитан. – Ушуга окшогон дөөпай матросту жолуктура элек болчумун! Эскисин анан каяка жибердиң?

- Мен да сенден ушуну сурап атпайынбы – каяка? деп. – Шухов тиштерин ырсыйтты. – И-и? Каяка?

Шухов үшкүрүнүп, өзү айтып берди:

- Бизде мындай дечү: эски айды Теңир жылдыз кылып майдалайт имиш.

- Мына жапайылык! - күлөт капитан. – Укпаптырмын! Сен эмне, Шухов, кудайга ишенесиңби?

- Ананчы? – башын ийкеди Шухов. - Күркүрөп бир койгондо – ишенбей көрчү!

- Кудай аны эмнеге кылып атат анан?



Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   10




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет