Тақырыбындағы халықаралық ғылыми-практикалық конференция материалдары



Pdf көрінісі
бет60/181
Дата27.05.2023
өлшемі4.33 Mb.
#474356
1   ...   56   57   58   59   60   61   62   63   ...   181
1 2019

Ключевые слова: понимание, мышление, дикция, речь, контекст культура речи, уметь, владеть, 
пользоваться. 
Annotation: Culture of speech-spiritual wealth and the national heritage of mankind that is inherited from 
generation to generation. In this article attempts have been made to explain that to improve and accept under the 
influence of modern society and to be able to use skillfully the sacred treasure in modern society is the 
responsibility of every citizen. In speaking skills wealth, eurhythmics and simplicity of vocabulary, accuracy of 
thinking, semantics and meaning of modern academic language should be kept. In speaking and written speech of 
the person there can be some stylistic mistakes. 
Most of them are connected with the norms of academic speech, indirect and diverse content of the word in 
context. 
Keywords: understanding , reasoning, diction, speech, context , culture of speech, will, owning, use .
 
Кеп маданиятында тил пикир алуушунун куралы катары адамзат коомуна гана мүнөздүү көп кырдуу, 
купуя сырдуу кубулуш. Бирок ошондой болсо да тилдин калыптанышына, өнүгүп-өркүндөөсүн, коомдук 
милдет аткаруусун тескеп, ага аӊ-сезимдүүлүк, акыл-эстүүлүк менен жигердүү кам көрүү, таасир этүү 
маселеси эч качан көмүскөдө калбашы керек. 
Кептин коммуникативдик сапаты дегенде сүйлөгөн сөзүбүздүн, жазган жазуубуздун тууралыгы
тактыгы, тазалыгы, кеп байлыгынын, жагдайына, ал эми коомуникативдик максаттуулугу дегенде кеп-
сөзүбүздүн конкреттүү жагдай-шарт, кырдаал-чөйрөнүн талабына ылайыктуулугуна байланыштуу 
колдонулушу керек. 
Сүйлөө дикциясы ачык, так муундарга ажыратылган сүйлөмдөрдүн аягына чейин толук айтылышы, 
тынымдын туура колдонулушу талап кылынат. Сүйлөгөндө тиштин, тилдин, кекиртектин, көздүн, колдун 
функциялары дагы туура, ыктуу пайдаланылышы максатка ылайыктуу. Сүйлөп жатканда сөздүн 
интонациясына, музыкалуулугуна, кызыктыруучу жагына көңүл бөлүү зарыл. Кеп байлыгы айтканда 
тилдин жалпы байлыгы менен бирге тигил же бул адамдын активдщщ лексикасы, сөздщк кору, жёнщндё 
айта кетели: 
Элибиз тилди кастарлап, аны бардык өнөрдүн башаты катары баалап, “Өнөр алды – кызыл тил”, деп 
көркөм сөз өнөрүнүн адистерин, чечендерди ээрчип жүрүп угуп, кумарын жазып, көңүлүн ачышкан. 
Акыл күчүнөн жаралган чечен сөздүн чеберчилигин даңазалашкан. Сүйлөө маданияты адамдын ойлоо, 
кабылдоо маданияты менен диалектилик байланышта болот. Ким кандай сүйлөсө, анын ойлоосу, 
кабылдоосу ошого байланыштуу болот. 
Айтуучунун сырткы келбети, кийими, кыймыл-аракети, аудиторияга карата мамилеси, жагдайды 
байкап билүүсү - сүйлөө процессиндеги негизги эске алынуучу жагдайлар болуп эсептелет. 
Күндөлүк пикир алышууда эл оозунда калыптанып калган айтымдарды, макалдарды ыксыз бузуп 
колдонгон учурлар да арбын кездешүүдө. Мисалы: Жаман туугандан, жакын коңшу жакшы. (Туурасы: 
алыскы туугандан жакынкы коңшу), эртеңки аштан бүгүнкү шыйрак артык (Туурасы: Эртеңки 
куйруктан бүгүнкү өпкө артык), жылуу сөзгө жылан ийинден чыгат (Туурасы: Жылуу, жылуу сөз айтса, 
жылан ийинден чыгат, катуу, катуу сөз айтса, мусулман динден чыгат) ж.б.
Ошентип эл астына чыгып сүйлөөдө жогоруда белгиленген жагдайлар менен бизге вербалдык эмес 
каражаттарды туура колдонуу, экстралингвистикалык факторлорду эске алуу менен угуучу тараптан 
моралдык психологиялык табиятын так өздөштүрүү аркылуу кеп ишмердүүлүгүн жүзөгө ашырууга 
болот.
Сүйлөө маданиятында уга билүү принциби да орчундуу мааниге ээ кубулуштардан болуп саналат. 
Кыргыз элинде бул багытта дагы уникалдуу ой-жүгүртүүлөр, изденүүлөр жана табылгалар мурда эле 
болгон. Мисалы: «Жакшы сүйлөй албасаң, укканды үйрөн» деген макал маданияттуу сүйлөө үчүн угуу 
процессине көп көңүл буруу, маани берүүнү айгиленеп турат. Сүйлөшүү учурунда айтылуучу сөздүн 
каймана маанисине, анын таасирдүүлүгүнө да көңүл буруу зарыл. Анткени эл оозундагы накыл, насаат, 
кеңеш маанисинде айтылган айтымдардан да угарман аң-сезиминде туура кабыл алып, так жыйынтык 
чыгарышы керек. 
Адам баласы бир нерсени белгилүү бир үлгү аркылуу үйрөнөт жана өздөштүрөт. Андыктан адам 
адегенде үлгүнү туурайт, кайталайт. Кийинчерээк ал вариантка чыгармачылык менен өз вариантын кошо 
баштайт. Ошентип, адам үлгүнү акырындык менен толук өздөштүрөт. Ошондуктан бир нерсени 
үйрөнүүдө же өздөштүрүүдө, өнүгүп-өсүүдө ар ким уга билүү жөндөмүн өнүктүрүп туруусу аркылуу гана 
жетише алат. Адам турмушунда үйрөнүү, өздөштүрүү процесси - тынымсыз, түбөлүктүү улам 
кайталанып турган, обективдүү процесс болуп саналат. Ал эми үйрөнүү процессин угуу, кабыл алуу 
процессинен бөлүп кароого болбойт. Ошондуктан чыгыш философиясында, анын ичинде кыргыз ой 
таанымында, угуу чоң маданият катары таанылган жана ага көп көңүл бөлүнгөн. Үндүн угулушунун 


78 
мүнөзүнө карап сүйлөөчүнүн темпераментин, мүнөзүн, дүйнө таанып билүүсүн, анын көңүлүн, ички 
дүйнөсүн аңдап билүүгө болот. Сүйлөө органдарынын талаптагыдай иш-аракетинин негизинде таза
уккулуктуу тыбыштар жасалып, кептин жеткиликтүү, таасирдүү болушунун негизин түзөт. Сүйлөөчүнүн 
психикалык абалы (чың жана алсыз, кызыккандык жана көңүл коштук, чечкиндүүлүк ж.б.) анын үнүнөн 
даана билинип турат. Бул көрүнүштү так аныктап алуу угуунун гигиенасына байланыштуу болот.
Оозеки кеп сүйлөө органдарынын кыймылы менен (сырткы кошумча каражаттардын жардамысыз) 
угуу аркылуу кабыл алынат; жазуу кеби манжалардын кыймылы менен аткарылып, көрүү аркылуу 
кабылданат. Оозеки кептин техникасы менен жазуу кебинин техникасы жогорудагы бөтөнчөлүктөрү 
менен бири-биринен айырмаланат . [Нармырзаева К. Кеп маданияты-2014 8-б.] 
Бизге келип жеткен факт, материалдарга караганда, кылдат иликтеп, терең анализдеп угуу адам кылып 
калыптандыра турган күчкө ээ экендигин кыргыздар мурда эле таанып билишкен жана угууга чоң маани 
беришкен. Ошондуктан кыргыздарда «Жутаардан мурда чайна, сүйлөөрдөн мурда ук», «Атасы топко 
кирбеген сөзгө кулак салбайт», «Бир сүйлөсөң он тыңша», «Оозу орубагандын кулагы жоорубайт», 
«Баамы менен уккан, даамы менен сүйлөйт», «Сөз көп тыңшаган чечен болот, сөз укпаган бечел болот» 
ж.б. макалдар эл оозунда айтылып келет. Мындан мыкты сүйлөө үчүн ынта коюп угуу, кабыл алуу - 
негизги шарт экенин эске алуу керек.
Ата-бабаларыбыздын сүйлөө маданияты жөнүндөгү ой-пикирлерин көздүн карегиндей сактап, 
жашыруун сырларын өз ичине камтып, укумдан-тукумга өтүп келе жаткан нускалуу макал-лакаптардан, 
фразеологизмден, идиомадан, учкул сөздөрдөн ачык-айкын байкалат. Алар сөзүбүздүн так, курч, 
таасирдүү, логикалуу болушу үчүн төмөндөгүдөй талаптарга жооп бериш керек деп эсептешкен. Алсак, 
адамдардын баяндаган логикалык ой-пикири чындыкка ширелишип, иши менен айкалышып турушу 
зарыл. 
Анткени адамды өзүнөн, сөзүнөн эле эмес ишинен тааныйт. “Тоодой сөздү бергенче, берметтей 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   56   57   58   59   60   61   62   63   ...   181




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет