Бекказы Элебесов Армандуу махабат



бет5/6
Дата09.06.2016
өлшемі0.57 Mb.
#125784
1   2   3   4   5   6

ТУУГАНЫ: Кудагый, кудалар суу болбой үйгө кириңиздер.

Иштин чоо жайын түшүнгөн Жамалбүбүнүн ага, жеңеси үйдү көздөй баштап басышканда калгандары арттарынан ээрчип басышат.

Сахна караңгылайт.

Үчүнчү сүрөт

Үйдүн төркү бөлмөсү. Бөлмөнүн оң жак капталында эски туш кийиз илинип турат. Төрдө жүк тактанын үстүндө ончакты эски жууркан жыйылып, бурчта эски сандык, анын үстүндө эки, үч чемодан. Сол жак капталында эки терезе эски пардоолору менен. Жерде эскирген ала кийиз, шырдак, алардын үстүндө эскирген алтыгаттар. Бөлмөнүн ичиндеги көзгө урунгандар негизинен ушулар.

Эшиктен киргендер жайланышып отургандан кийин бат эле дасторкон жайылып, дасторкондун үстү тамак-ашка толуп, чай куюла баштайт. Босого жакта олтурган тууганы кеп баштап,

ТУУГАНЫ: Кудалар аз айып, көп күнөөбүз болсо кечирип коюңуздар, кулдугубуз бар. Кызды алакачып алуу ата-бабаларыбыздан бери келаткан экен. Эми “Кудай кошкон куда, пайгамбар кошкон дос болот” дейт, кудайдын буйругу менен минтип куда болуп олтурабыз. Эми куда сөөгүңүздөр менен тааныштырып койойун. Бул байбиче күйөө балаңыздардын энеси Аян байбиче. Бул кишинин абышкасынын каза болгонуна көп жыл болду. Абышкасынан жаш калганына карабай, экинчи турмушка чыкпай, эки уул, бир кызын жалгыз багып чоңойтту. Күйөө балаңардын атасы Окен абам колунан көөрү төгүлгөн зергер уста болуптур. Убагында элге алымдуу, кадыр-барктуу киши экен. Кызыңар жаман жерге келген жок. Күйөө балаңардын эжеси Темиркан Ошко турмушка чыккан. Жылына бир келсе келет, келбесе жок. Өз күнүн өзү көрүп кеткен. Күйөө балаңар Бекболот, “Кой оозунан чөп албаган” момун жигит. Үй-бүлөсүнө карап окубай калып, колхоздо иштейт. Иниси Темирболотту кичинекейинен багып алышкан экен. Учурда Кара-Колдо училищада окуп жүрөт. Ушинтип бул үйдө кызыңардан талаша-тартыша турган эч ким жок. Биз болсо жакын ага туугандары болобуз. Жок житигине колдон келишинче каралашып турабыз. Бизде мындан башка жашыра турган эч несебиз деле жок. Эми эки жаштын бактысын тилеп, жай баракат отуруп, сый көрүп баталарыбызды берели.

ТУУГАНДАР: Туура айтат. Кудалар тамакка караңыздар. (коштоп кетишет).

Арасынан бирөө арак куя баштайт. Ага жеңеси беркилер менен сөзгө кирип, тамак жей баштаганда, Бекказы кабагын бүркөп кайгырып, ичинен “жашоо турмушу го бул экен, эми жок дегенде жездем оңураак болсо экен” деп отурат. Арак куюлуп бүткөндө туугандарынын бирөө,



ТУУГАНЫ: Кана эмесе куда эки жашка каалоо тилегиңизди айтып, алдырып коюңуз. (Жамалүбүнүн агасына тос бергенде)

ЖАМАЛБҮБҮНҮН АГАСЫ: (Стаканды колуна алып) Куда, кудагыйлар эми өзүңүздөр айткандай, эки жаш кол кармашып, кудай кошуп куда болуп калыптырбыз. Ушул эки жаштын кармашкан колдору бекем болуп, алдыларын бала, аркаларын мал бассын. Бияктан силер, тияктан биз аман болуп, балдардын жакшылыгында жүрөлү. Ушул жакшы тилектерибиз менен колубуздагыны алып жиберели.

Жамалбүбү менен Бекказыдан башкаларынын баары колдорундагы стакандагы арактарын алып жиберишкенде, тууганы бошоп калган стакандарга кайра арак куйуп, улам бирөөнө тос бере баштайт. Босогодогу чай куйуп отурган Жамалбүбү Бекказыга карап, эшикке чыгалы дегендей ишарат кылат. Жамалбүбү менен Бекказы эшикке чыгат.

Сахна караңгылайт.

Төртүнчү сүрөт.

Короонун ичи. Короонун четинде үч төрт киши карта ойноп отурат. Жамалбүбү тиги кишилерди көрүп, Бекказыга чет жагында турган отургуч жакты көрсөтүп,



ЖАМАЛБҮБҮ: Жүрөгой Бекен тигиндейрек барып сүйлөшөлү. (отургучка барып отургандан кийин көздөрүнүн тегерегиндеги мончоктогон жашын араң тыйып, каргылданган үнү менен) Кагылайын каралдым, мени кудайым шорго малган окшойт. Сага жезде болчу неме менден он жаш улуу, жүдөгөн киши экен. Үй жайын деле көрүп турбайсыңбы. Тың болсо эмдигиче аял алып, үй жайын оңдоп албайт беле. Карыган энеси, өгөй иниси бар экен. Өзүнөн улуу эжеси Ошко турмушка чыгып кетиптир. Каралашкан жакын тууганы деле жок көрүнөт. Ата-энең болсо катка, “Барган жериңден чыкчу болбо. Баягынын кызы эрден чыгыптыр деп элге жаманатты болобуз. Эгер келе турган болсоң топурагыбызды түйүп беребиз”,-деп жазышыптыр. Эми эмне кылам? Айлам эмне болот же сүйлөшкөн жигитиме кетип калсамбы? Ал мени алакачып кетишкенин угуп, бирөөлөрдөң “Сенден ажырагым келбейт. Турмушка чыксаң деле мейли, Кара-Колго келгенде бары бир алып кетем”, -деп кат жазып берип жибериптир. Эми эмне кылам? (Бекказыны караганда араң турган көздөрүнүн жашы чубуруп кетти)

БЕККАЗЫ: (Эжесинин көз жашын көрүп, ал дагы ыйлап жиберди) Эжеке эгер жактырбасаңыз, үйгө барбай эле Кара-Колдон квартира таап алып жашай бербейсизби. Мен чоңойгондо, Кара-Колго келип окуганда сиз менен чогу жашап, сизге эч кимди тийгизбейм.

ЖАМАЛБҮБҮ: Кагылайын каралдым, сен чоңойуп калганда эмне. Азыр кичинекей болуп жатпайсыңбы. Чоңойгондо эч кимге тийгизбээриңе ишенем. Бул жерден кетсем ата-энеңдин карабай коюшканы аз келгенсип, эрден чыккан кыз атыгып, жаманатты болом го. Кантейин тагдырыма баш ийгенден башка аргам жок окшойт.

Эки бир тууган ыйлап бири-бирине армандарын айтып жатышканда үйдүн ичиндегилердин күлүп, бакылдашып сүйлөшүп жаткандары угулуп жатты.

Жамалбүбү буга чейин тагдырына баш ийбей аткан болсо, алек-саатта өзгөрө түшкөндөй болуп, эми гана башын ийип, ыйлап да, айтчу сөзүн айтып да бүттү көрүнөт. Бугу чыгып көксөөсү сууду окшойт, үн сөз жок инисин бир топко ойлуу тиктеп отуруп,

ЖАМАЛБҮБҮ: Жүрү Бекен үшүп кеттиң окшойт, үйгө кирели.

БЕККАЗЫ: Эже мага жезде болчу кишини көрсөтөсүзбү?

ЖАМАЛБҮБҮ: Макул, өзүң байкап көрчү. Кандай киши көрүнөт? (карта ойноп аткан кишилерге жакынырак барышканда) Тигине тетиги бери карап отурган киши.

Отуз жаш курагына барып калган, жапалдаш бойлуу, арыкчырай, беттерине бырыш түшүп, кебете кешпири абышкага окшогон кишини көрсөткөндө, Бекказы, адеп кирип келатышканда короонун чет жагында турган киши экенин таанып, аны алганы жаткан күйөөсүнүн атасы экен деп ойлогонун эстеп, жакпаса да эжесин капаланткысы келбей,



БЕККАЗЫ: Ырас эле киши көрүнөт. (дегени менен ого бетер кабагы бүркөлүп, үйдү көздөй эжесин ээрчип басты)

Көшөгө жабылат.



КӨШӨГӨ IV

Биринчи сүрөт.

Кара-Кол шаары. Квартирадагы бөлмөнүн ичи. Бөлмөнүн эки капталында экиден кроват журкан төшөктөрү менен, ортодо стол, төрт жагында төрт отургуч, төр жагында терезе пардоолору менен, терезенин оң жак капталында китеп салынган текче, кроваттардын үстүлөрүндө ар түрдүү плакаттар илинген.

Тыштан Жамалбүбү менен Жылдыз киришет. Жамалбүбү Жылдызды канчалык жаман көргөнү менен окууларын бүтөөрүнө аз калгандыктан, анын үстүнө берки эки чогу окуган кыздарын кыя албагандыктан, башка квартирага чыгып кете алган эмес. Жамалбүбү күйөөгө чыккандан бери сабыры суз болуп, мурдагы жайдары мүнөзү жоголуп кеткен. Жылдыз болсо ого бетер ачылып, өз боюн жасап, түзөп жүзүнөн күлкү кетпей калган.

ЖЫЛДЫЗ: Сен эмне мынча капаланасың, көңүлүңдү чөгөрбөй окууңду бүткөнчө ойноп күлүп алсаңчы. Эсен сага жолугат элем деп эле жанымды койбой койгонунан ресторанга чакырсаң ала келейин десем, кечкиге ресторанга Сапар үчөөбүздү чакырып жатат. Жүрү барып келели, ресторанга барганыбызды ким билмек эле. Уркалый менен Бекболотту бизди алакачып ал дедик беле. Алардан ушинтип өчүбүздү алышыбыз керек.

ЖАМАЛБҮБҮ:чуусу келип) Ай Жылдыз, эмне деп жатасың? Алар билбесе да кудай карап турбайбы! Мен ресторанга барып абийиримди сата албайм. Мени Бекболотко алакачып берип, багыма балта чапканың жетишет. Барсаң өзүң бара бер! Мени өз жайыма кой!

ЖЫЛДЫЗ: Сен Эсенди сүйгөнүң жалган экен го, болбосо бир айдан бери кантип чыдап жүрөсүң. Же эриң оңураак неме болсо бир жөн. Эсендин чыпалагына да тең келбейт. Жанагы жүдөгөн эриң сени оңураак эркелетип, жарпыңды жазаарына шегим бар. Ал эми Эсен болсо кандай гана сонун жигит. Сулуу десең сулуу, жаш десең жаш, күчтүү десең күчтүү. Эгер аны менен болсоң махабаттын даамын ошондо гана татаар элең.

ЖАМАЛБҮБҮ: “Кудайсыз кумурсканын буту сынбайт”, дейт ан сыңарындай, кудайым ушундай күйөөнү бешенеме жазса керек. Кудай жазса көтөрбөскө арга барбы. Бекболот менен нике кайып буюруп, тагдырыма туш келгенден кийин Эсенди канчалык сүйгөнүм менен баары бир ак никени аттап, кудайга күнөөкөр боло албайм. Өмүр бою Эсен мен үчүн кол жеткис адам бойдон кала берет. Эсендин да эсинде мурункудай таза, тунук тейден кала бергим келет.

ЖЫЛДЫЗ: Сенин эскичил, динчилдигиң качан калат. Эгер кудай баарын билип турган болсо, бизди сүйгөндөрүбүзгө кошуп койбойт беле. Мына эскичилдиктин айынан күйөөдөн чыккан уят болот, эл эмне дейт деп жатып, өзүбүз каалабаган жерге отуруп калдык. Эми кой бул күнөө болот, бул уят болот деп жүрүп баарынан куру калабызбы. Жок дегенде эми көңүл ачууга шарт түзүлүп, жетпегенге жеткени жатканда мындан да куру калалы дегени турасыңбы? Сен барбасаң, бул күнөө, бул уят деп келген бактыңды кармап кала албай жүрө бер. Мен кеттим. (Эшикти коздөй басканда)

ЖАМАЛБҮБҮ: Жылдыз сен туура эмес жолго түшкөнү баратасың, кеч болуп кала элегинде кайра тартсаңчы.

Жылдыз Жамалбүбүнүн сөзүн укмаксан болуп чыгып кетет. Жамалбүбү терең ойго батып жалгыз калат.

Сахна караңгылайт.

Экинчи сүрөт.

Күз. Кинотеатрдын алды. Көчөөнүн боюндагы отургучтун жанында Эсен эки жакты карап бирөөнү күтүп жаткандай саатын улам карап койот. Бир аздан кийин көчөдө келаткан Жамалбүбү менен Жылдыз көрүнөт. Эсен экөөнүн жолунан тосо чыгып, Жамалбүбүнүн жолун тороп туруп калат.



ЖЫЛДЫЗ: Кандай Эсен, (Эсен ага жооп кайтарганча эле) Мен силерге жолтоо болбой бара берейин. Эмне жөнүндө сөз болгонун кийин угаармын. (түз басып кетет).

Жылдыз узап кеткенден кийин,



ЭСЕН: Жакен менден эмне качасың? Сени зордоп алакачып кеткени үчүн сен күнөөлүү эмессиң. Мен чогу окуган кыздарыңдан баарын уктум. Кандай богон күндө да баары бир сени сүйөм. Ал тургай сага болгон сүйүүм ого бетер күчөдү. Сени менен көрүшпөй калган бир ай убакыт мен үчүн жүз жылга тете болду. Мен сенсиз жашай албайм. Эгер макул десең, азыр эле үйгө алып кетем.

ЖАМАЛБҮБҮ: Эсен, сен мени кечир. Бешенеме жазганы ушул экен. Мен деле сени менен эч убакта ажырашпайм деп ойлогом. Бирок тагдыр экөөбүздү эки жакка бөлүп кетти. Эми сага, кайда жүрсөң аман болуп, өз теңиңди таап бактылуу бол дегенден башка айтаарым жок.

ЭСЕН: Жакен алдыда кандай гана кыйынчылыктар болбосун моюн сунбай, баш кошуп, түбөлүк бир болобуз дечү эмес белек. Ошол сөздөрдү унуттуңбу?

ЖАМАЛБҮБҮ: Эсен кыйынчылыктарга мен туруштук бере албай калдым. Аял заты ушундай алсыз жаралган окшойт. Ойлогон ойлорду кыстаган турмуш жеңип кетти. Мени чындап сүйсөң, бактылуу болсун десең экинчи жолугам дечү болбо. (дегенге араң жарап, ичинен канчалык Эсенди жакшы көрүп, ал тургай арыз муңун айтып ыйлап, кучагына жыгылгысы келип турса да, өзүн араң кармап, тескери бурулуп басары менен көзүнүн жашына ээ боло албай калды).

ЭСЕН: Жамалбүбү! Баары бир оң жооп болмойунча күтө берем!

Жамалбүбү Эсендин сөзүн укканы менен артына кылчайбай басып кетти.

Эсен болсо Жамалбүбүнүн карааны үзүлгөнчө карап туруп калат.

Сахна караңгылайт.



Үчүнчү сүрөт.

Бекболоттун үйүнүн ичи Жамалбүбү адеп келгендегисине караганда таанылгыстай болуп өзгөргөн. Бөлмөнүн оң жак капталындагы эски туш кийиздин ордуна чоң килем тагылып, төрдө оймолонуп жасалган жүк такта, анын үстүндө үйдүн төбөсүнө жете жыйылган жаңы жууркандар, терезе пардолору жерге салганынан бери жаңырып, үйдүн ичи жарашыктуу жасалгаланган. Дасторкондун үстүндө дүрдүйүм тамактар жайнап турат. Аян байбиче жакшы кийинип алып Уркалыйдын энеси Айымкан байбичеге чай куйуп берип олтурат.



АЯН: Чайдан алып олтурсаңыз жеңе. Эртең менен эрте балдар жумуштарына кетип, эртеден кечке үйдө жалгыз калчу болдум. Күндө бир маал басып келип, чай ичип, эрмектешип кетип турсаңыз боло. Эмнегедир көптөн бери каттабай калдыңыз.

АЙЫМКАН: Ээ Аяным, кайсы бирин айтайын. Мен деле үйдө эртеден кечке сен сыяктуу жалгыз олтурам. Жаш өткөн сайын алдан күчтөн тайып баратат окшойм. Үйдөгү көр оокаттан чыга албай, тырмалап атып кечтин кандай киргенин билбей калчу болдум. Бүгүн мында келип калганымдын себеби, уул-келиним Жылдыздын төркүнүнө кетишти. Үйлөрдү жыйнап, кир кечелерди жууп, кечкиге тамак жасамай менин мойнумда болгондуктан, бүгүн да колум бошоп, мында келе алмак эмесмин. Жылдыз кантордо бухгалтер болуп иштегенден бери өз боюн карап, үй жыйнап кир жууп тамак жасабай калды. Эртең менен эрте таңдан туруп тамак берип, Уркалыйды жумушуна узатам. Ал таң күнү талаада машина айдап, колхоздун жумуштарында жүрүп, түн ортосунда келгенде тамагын белендеп берем. Жылдыз болсо эртең менен жай туруп, күзгүнүн алдынан кетпей жасанып алып, ал да жумушуна кетип, кээ күнү эрте келсе, кээ күнү ал да түн ортосунда араң келчү болду. Бир күнү кеч келгенинен “Ээ балам ушунча да кеч келесиңби, эртерээк келип, үй жайга каралашсаң боло”, десем, “Энең минтип айтат”, деп уулума арызданган окшойт. Уулум эртеси “Эне эки кишинин тамагын жасап, үйдү жыйнап койгон сизге оор болуп жатабы? Келиниңиз жумушка жаңыдан кирип, жумушу оор болуп жатса, кайсы убакта келип үйдөн жумуш жасамак эле. Мындан кийин аны-мунуну айтып келиниңиздин башын оорута бербей, үйдөгү жумуштарды өзүңүз эле жасай бериңиз” деп койгон. Мындай жумуштарда мурда жумуш катары сезчү эмес элем. Эми ушул жумуштар да мага оор болуп, күндөн күнгө шайым бошоп баратат.

Айымкан кейип-кепчип арыз арманын айтып жатканда, Аян ичинен өзүнүн уул-келинин ойлоп, ошол эле учурда тигинин уул-келинине салыштырып, жетине албай мактанып кирди.



АЯН: Жеңе Жамалбүбү бул үйгө келгени ырыскы кошо киргендей эле болду. “Кантордон кесибиң боюнча бухгалтер болуп иштесеңчи”, десем, болбой “Анда күнүгө иштеп, үй жумуштарына чолом тийбей калат. Анын үстүнө жумушка орношуш үчүн тааныш керек. Андан көрө үйдө жардам бере турган киши жок болгондон кийин, талаастанына барып, поварлык кызматынан иштейин. Ал жерден бир күн иштеп, бир күн бош болот экемин. Бош болгон күнү үй жумуштарын жасап, үй оокаттарымды оңдоп алайын”, деп поварлык кызматында иштегенден бери, бир күнү иштеп, бир күнү бош. Бош калган күндөрү үйдөгү эски-уску эмеректердин баарын жууп, тазалап, жаңыртып көктөп, күнү түнү тыным албайт. Жумушуна барган күндөрү да кеч келгенине карабай, “Жатып эс алсаңчы”, дегениме болбой, түнү менен кир кечесин жууп, үйүн жыйнап, кайсы убакта жатып, эс аларын билбейм. Мен кармалашып жардам берейин десем, “Энеке мен баарына өзүм эле жетишем, сиз эч нерсе жасабаңыз”, деп эч нерсе жасаттырбайт. Жеке эле үй оокаттарын эмес, тыштагы короо жайды да өзү эле тейлөөчү болду. Ал жокто жасайын десем, баары эле ирети менен жасалып тургандыктан, чай койуп ичкенден башканы билбей калдым. Жумушуна кетээрде үйлөрүн жыйнап, тамак-ашынан өйдө белендеп кетет. Бекболот болсо таң күнү талаада, колхоздун сугатынан колу бошобойт. Үй жумуштары менен иши жок болуп калды.

АЙЫМКАН: Ээ Аяным, бир айтасыңбы, эки айтасыңбы, айтпасаң деле Жамалбүбүнүн кандай келин экени жасаган ишинен эле көрүнүп турбайбы. Сен эле эмес, келиниңди жалпы айылдын эли мактап жатышат. Ушундай келинге туш болгон бактың тоодой экен. Жамалбүбү ата-энесинен жакшы тарбия алып, жаш тайынан жумушка күйдүм-быштым болуп чоңойгон тура. “Баланы жашынан, аялды башынан”, дегендей Жамалбүбү менен Бекболот эми камчы салдырбай оокат кылып кетише турган болуп калышты. Менин уул-келиним башынан экөө тең башкармалардын балдары болушуп, бардар белен оокат менен чоңойушуп, бар менен жоктун айырмасын билбей калышты. Абышкам экөөбүз убагында бийлик, мансап, дүйнө жыйнайбыз деп жүрүп, Уркалыйга жакшы тарбия бере албай калдык. Жылдыздын атасы да башкарма болуп жүргөндүктөн, Жылдыз деле ошондой чөйрөдө чоңойсо керек. Мына жыйган терген дүнүйөнүн баары чаң басып, күндөн күнгө четинен керектен чыгып баратат. Силердики болсо жаңырып, көбөйүүнүн үстүндө. Баланын эси жок болсо, атасынын кашыктап жыйганын чөмүчтөп чачат окшобойбу. “Аял жакшы эр жакшы”, дегендей Бекболоттун турмушу күндөн күнгө оңолуп, келим-кетими көбөйүп, элге алына баштады. Уркалый менен Жылдыз болсо эч ким менен катышпай калышты. Алардын келечегинен күмөн санап калдым. Деги ушулардын жаманчылыгын көрө электе абышкамдын артынан кетсем экен. (Жашып кетет).

АЯН: (Боору ооруп). Жеңе анчалык эле кейий бербеңизчи. “Ордунда бар оңолот”, дегендей, балдар жаш эмеспи. Бара-бара оңолуп кетишээр.

АЙЫМКАН: Деги эле сен айткандай болуп оңолуп кетишсе кана. “Жашыңда берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү” дегендей, дөөлөттүү карылардан болсок экен. Кой эми, көпкө отуруп калдык окшойт, үйүмө кетейин.

Айымкан оордунан туруп, эшикти көздөй басканда, Аян оордунан туруп узатып жөнөйт.

Көшөгө жабылат.

КӨШӨГӨ V

Биринчи сүрөт.

Арадан он жылча убакыт өткөн. Колхоздун талаастаны. Эки бөлмөлүү үй, андан удаа салынган ашкана. Маңдайында катарынан салынган мал сарайлар. Ары жакта үйүлгөн чоң-чоң үймөк чөптөр. Жем киргизген чоң склат, тоют даярдаган цех, трактор, машиналар. Короодо ары-бери басып, ашканага кирип чыккан колхозчулар. Короонун бир бурчундагы столдун тегерегинде Уркалый, Жылдыз, Бекболот, Жамалбүбү болуп тамак ичип отурушат. Уркалыйдын энеси Айымкан байбиче менен Бекболоттун энеси Аян байбиче мындан беш, алты жыл илгери каза болушкан. Жылдыз жасанып, боёнуп, колу башында алтын шакек, иймектер жаркырайт.



ЖЫЛДЫЗ: Ой Жамалбүбү сен ушунча кишиге кантип тамак жасап берип, жетишип жатасың. Бир жагынан беш кызыл чиедей балдарыңды багып. Анан баарынын эле дени сак болсо жакшы эмеспи. Алардын ичинен экөө ненормальный оорукчан болуп эмдигиче сийип чычканды билбесе. Сени көргөндө сага аябай боорум ачычу болду. Мен профком менен жакшымын. Эгер кааласаң жумуш аяктаганда курортко путевка алып, чогу барып, эс алып келбейлиби? Пусть Бекболот бир айча жалгыз оокат кылып, сенин баркыңды билип көрсүн. Сен деле адам сыяктуу ичип жеп ойноп күлүшүң керек да.

ЖАМАЛБҮБҮ: Жылдыз сен мага бооруңду оорутпай эле кой. Мен канчалык кыйналсам да, үй-бүлөм, элим үчүн эмгектенип, ушул эмгегимдин үзүрүн көрүп, балдарымды чоңойтуп, элдин сый урматына ээ болуп жатам. Мен эримди балдарымды жол каратып коюп, курортко барып санаам тынып эс ала албайм. Ал эми оорукчан балдарымды деле кудайым өз ырыскысы менен жазса керек. Улам чоңойушкан сайын эс кирип, кийин өз оокаттарын өзүлөрү кылып кетишээр. Барып көнгөн жаның курортко өзүң барып, ичип-жеп, ойноп күлүп эс алып келсең болот. Жалгыз жанын Уркалый бир ай бага албай эмне болуптур. Менин курортко барып, азыр эс алууга шартым жок. Кийин балдарым чоңойгондо деле эс алармын.

ЖЫЛДЫЗ: Жамалбүбү сен мени жаман көрбө. Мен жөн эле чогу эс алып келсекпи дегемин. Сенин шартың жок болсо өзүм деле барып эс алып келем дечи. Бизде Уркалыйдын күнөөсүнөн бала болбой жаткандан кийин отпусканы үйдө кантип жалгыз олтуруп өткөрмөк элем.

УРКАЛЫЙ: Жылдыз эмне деп жатасың. Күнөө менде эмей эле, өзүңдө болуп жүрбөсүн. Өткөндө догдурга барып, текшерилип келели дегенде, өзүң болбой коюп, өзүм барып текшерилсем, сенин ден соолугуң таза эле экен дешкенин айтып келбедим беле. Ишенбесең эми деле барып, текшерилип келсек болот.

ЖЫЛДЫЗ: Уркалый сен башты оорутпачы. Азыр карып деле кете элекбиз го, андан көрө жаш кезибизде ойноп-күлүп алып, кийин деле балалуу болорбуз. Эгер болбосок багып деле аларбыз. Балалуу болгон ким эле жыргап кетип жатыптыр. Келгиле андан көрө муну бөлө тартып жиберели. (Жылдыз сумкасынан бир бөтөлкө аракты алып чыгып, столдун үстүнө койгондо Бекболот менен Уркалый кубанып кетишет)

Жамалбүбү туруп барып, үч стакан алып келет.



УРКАЛЫЙ: (Аракты куйуп жатып) Молодецсиң Жылдызка сен менин көңүлүмдү кайсы убакта көтөрөрдү айттырбай билгениң үчүн сени эч кимге теңебей сүйүп, күйүп жашап жүрбөймүнбү. Кана эмесе Бекболот жок дегенде тос сүйлөп койсоң боло.

БЕКБОЛОТ: Жылдыз сага чоң рахмат. Кандай кишинин эле аялы, күйөөсүнө арак алып берип, сыйлап турат болду экен. Жамалбүбү болсо мага арак алып бермек турсун, кайра, арак ичесиң деп урушат. Кана эмесе алып жиберели.

Үчөө колундагы стакандарды алып жиберишет.



ЖАМАЛБҮБҮ: Бекболот мен сага кантип арак алып берем. Тапкан айлыгыбызды бир айдан бир айга араң жеткирип отурбайбызбы. Жаздан бери колхозчуларга тамак жасап арткан үрткөн тамак менен жан багып жатабыз. Эми кыш келгенде бул жерде тамак жасалбай калса, жыйып койгон эгинибиз жок балдарды кантип багабыз.

УРКАЛЫЙ: Ай Жамалбүбү, мени менен жакшылап сүйлөшсөң, бир машина буудайды алып келип, бир түндө эле түшүрүп берем. (Ырсактап күлгөндө).

ЖАМАЛБҮБҮ: (ачуусу келип) Мен ачка өлсөм да андай ишке барып жаманатты боло албайм.

УРКАЛЫЙ: Ой эмнеге анча ачууң келип кетти. Мен жөн эле тамашалап койдум. Менин айтайын дегеним бир кой берсең эле бир машина буудай алып келип, түн катып түшүрүп берем. Ансыз деле эрте турган чоңдордун, байлардын бары түшүрүп алып жатышат.

ЖАМАЛБҮБҮ: Жок, машинелеп ууру кылган бизге жарашпайт. Айтканыңа рахмат. Түшүрүп бербей эле кой. Силер шашпай отуруп иче бергиле мен жумушка барайын.

Жамалбүбү ашкананы көздөй басат

Сахна караңгылайт.

Экинчи сүрөт.

Караңгы түн. Асманда жылдыздар көрүнбөйт. Ар кайсы жерде мүрзөлөрдүн карааны көрүнөт. Жонуна мүшөк көтөргөн Жамалбүбү темтеңдеп басып келип, жалгыз аяк жолдон чыгып кетип, оозу ачылып калган мүрзөнүн ичине мүшөгү менен кошо кулап түшкөндө, коркконунан ачуу чаңырып, бир топко эси жыя албай отуруп калат. Бир кезде өзүнө келип, коркконунан жүрөгү кабынан чыгып кетчүдөй болуп, жүрөгү акылдап, бат-баттан дем алып, төгүлгөн буудайларын кайра мүшөгүнө салып жатып өзүнчө сүйлөнөт.



ЖАМАЛБҮБҮ: Ээ кудайым ай шерменде кыла көрбө, кокус буту колум сынып, ушул жерде калсам эл эмне дейт эле. Же жүрөгүм жарылып кетип өлсөм, эртең эле душмандарым “Жан талашып жүрүп ушуну көрмөк”, деп табалашпайт беле. Оо шордуу балдарым ай, алар эмне күндү көрүшмөк. Кийин эрте турганы күн көрсөтпөй, “Энең буудай уурдап келатып, жүрөгү жарылып өлгөн”, деген сөзгө калышпайт беле. Оо кудайым ай, эмнеңден жазган үчүн мени ушунча шорго малдың? Же эрим эле элдин эркектериндей тың болуп, ушундай жумуштарды өзү эле жасасачы. Эгер балдарым ачка калат дебесем ушул ишке барат белем. Билип билбей күнөөм болсо кечире көр.

Жамалбүбү ыйлап жатып буудайларын мүшөгүнө салып бүтүп, ыйын токтотуп, мүшөгүн өйдө сүйрөп чыгаргандан кийин, мүшөгүн көтөрүп кайра жонуна салайын десе, алы келбей койгондо кайра мүшөгүнө отура калып, ызаланып ыйлап киргенде мүрзөөлөрдүн арасынан караандар көрүнөт. Мындайда адамдын оюна капкайдагынан баары келет эмеспи. Жамалбүбүнүн оюна мурдатан угуп жүргөн арбактар жөнүндөгү окуялар келе баштады. Арбактар жөнүндө айтылгандарга караганда, түн ичинде өлгөн кишилер арбак болуп, мүрзөлөрүнөн туруп, тышка чыгышып басып жүрө беришет экен. Кээ бирөөнүн үй-бүлөсү тамак жасап, куран окутушпаса, ач арбак болуп, бирөөлөрдөн үмүт кылып, кишилерге жолугуп, алардын жолдорун тороп, кол салганда, алар оорукчан болуп, кээ бир учурларда өлүп да калат экен дегендерин угуп жүргөндүктөн, эми караандардын баары аны тегеректеп, чогулуп тосуп алышкансып, ыйын токтотуп, кыйкырып кирет.



ЖАМАЛБҮБҮ: Эмне! Эмне керек силерге? Тонойсуңарбы! Өлтүрөсүңөрбү?! Эмне үчүн машиналап уурдагандарды көрбөй, бир мүшөк уурдаганымды көрүп калдыңарбы? Эгер ушуну көп көрүп атсаңар алгыла! Алып мени өз жайыма койгула! (Оордунан тура калып мүшөктү көрсөтүп, өзү артка чегинет. Мүшөккө эч ким жолобогон соң, эсин токтотуп, эки жакты жакшылап караса, эч ким көрүнбөйт). Мен эмне болуп турам коркконго кош көрүнөт деген ушулбу. Кой бул жерден тезирээк кетишим керек. (Мүшөккө кайра басып барып, көтөрүүгө аракет кыла баштайт).

Сахнанын артынан үн чыгат.



ҮН: Мындай оор түйшүк тартып, жаны кыйналган күндөр буга чейин Жамалбүбүнүн башынан далай жолу өткөн. Эми дагы эле өтө бермекчи. “Турмушуң эшек араба туулдуң калдың баляга” дегендей адам баласы төрөлүп жарык дүйнөгө келгенден баштап, жашоо менен бирге турмуш башталып, айтылып жүргөндөй турмушта ар кандай балээлерге жолугуп, алар менен өмүр бою күрөшөт белем. “Балээ басып, мээнет чырмап” дегендей кээ бир адамдардын маңдайына ошондой жазылып калабы, өмүр бою балекет-мээнеттен арыла албай, алар менен күрөшүп, жеңгени жеңип аягына чейин күрөшсө, жеңбегени жеңилип ошол бойдон өмүрүнүн аягына жетпей орто жолдон жоголот окшобойбу. Ошол турмуштагы терс көрүнүштөр менен күрөшүүдө, ар бир адамдын канына, тазалыгына, акыл-эсине, алган тарбиясына, билимине, ар-намысына, адеп-аклагына, кайратына жараша туруштук берсе керек. Жамалбүбү ошондой жакшы сапаттарга ээ үчүн ушунча кыйынчылыктарга туруштук берип келди. Эми дагы алдыдагы кыйынчылыктарга канчага чейин туруштук бере алат болду экен. Тескерисинче Жылдыздын жогорудагыдай жакшы сапаттарынын жоктугунан адегенде турмушу канчалык жеңил өтүп, жашоосу жакшы болгону менен турмуштагы кыйынчылыктарга туруштук бере албай улам артка чегине баштаган учуру эле.

Үн жоголот.

Жамалбүбү эптеп тырышып жатып, мүшөгүн жонуна салып, көтөрүп, темтеңдеп басып кетет.

Көшөгө жабылат.




Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет