Буунун Коопсуздук Кеңешинин тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылууда аялдардын ролу жөнүндө



Дата16.06.2016
өлшемі92.12 Kb.
#141112
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2013-жылдын “____”___________

№____ токтому менен бекитилген
БУУнун Коопсуздук Кеңешинин тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылууда аялдардын ролу жөнүндө

1325-резолюциясын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планы





Милдеттер

Иш-чаралар

Ишке ашыруу мөөнөтү

Жооптуу аткаруучулар


1-максат. Чыр-чатактарды алдын алуу боюнча иштерде аялдардын жана кыздардын укуктарын

институттук коргоо тутумун түзүү


1.1.

Кыргыз Республикасынын коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарын БУУнун ККнын аялдар, тынчтык, коопсуздук жөнүндө резолюциясынын талаптарына ылайык келтирүү

Кыргыз Республикасынын коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына экспертиза жүргүзүү максатында ведомстволор аралык комиссия түзүү


2013-жылдын

1-кварталы




ЖЭИКМ, ЮМ,

ЖК Коргоо жана коопсуздук комитети (макулдашуу боюнча)




Кыргыз Республикасынын коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарын БУУнун ККнын аялдар, тынчтык, коопсуздук жөнүндө резолюциясынын ченемдерине ылайык келтирүү маселелери боюнча парламенттик угууларды өткөрүү

2013-жылдын

2-кварталы




ЖК Коргоо жана коопсуздук комитети (макулдашуу боюнча)


1.2.

Медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүү боюнча клиникалык протоколдорду иштеп чыгуу жана киргизүү


Сексуалдык зомбулуктан жапа чеккен аялдарга жана кыздарга медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүүнүн бардык деңгээлдери үчүн клиникалык протоколдорду иштеп чыгуу жана жайылтуу

2013-жылдын

1-кварталы




ССМ


Медицина кызматкерлерин клиникалык протоколдорду колдонуу маселелерине үйрөтүү

2013-жылдын

2-кварталы




ССМ



1.3.



Мамлекеттик органдардын, ЖӨБОнун, ЖКУнун жана эл аралык уюмдардын өз ара аракеттенүү механизмдерин өркүндөтүү

Аялдар, тынчтык, коопсуздук маселелери боюнча парламенттик топту (комитет) түзүү

2013-жылдын

1-кварталы


ЖК (макулдашуу боюнча)



Чыр-чатактуу кырдаалдарда аялдар менен кыздарды зомбулуктан коргоону күчөтүү жана аларды тынчтык орнотуу ишине тартуу максатында КМнын, ӨКМнын, ИИМдин, ССМнын, ЖЭИКМнын жана эл аралык уюмдардын ортосунда меморандум даярдоо жана түзүү

2013-жылдын

1-кварталы




КМ, ӨКМ, ИИМ, ССМ, ЖЭИКМ

Субьекттердин чектерин карталаштыруу (аткарган функциялары жана көрсөткөн кызматтары көз карашында)

2013-жылдын

2-кварталы




ЖЭИКМ


2-максат. Коопсуздук, коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар секторунда, анын ичинде чечимдерди кабыл алуу деңгээлинде аялдардын ролун күчөтүү

2.1.

Коопсуздук, коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар секторунда аялдардын ролун жана катышуусун күчөтүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү

МУККда, КМда, ИИМде, ӨКМде кадрдык иштерге гендердик талдоо жүргүзүү

2013-жылдын

2-кварталы




МУКК, КМ, ИИМ, ӨКМ


МУККнын, КМнын, ИИМдин, ӨКМдин аял кызматкерлери үчүн гендердик сезгичтикти жогорулатуу жана зомбулуктун курмандыктарына жардам көрсөтүү көндүмдөрүнө ээ болуу боюнча окутуучу семинарларды өткөрүү

2013-жыл

МУКК, КМ, ИИМ, ӨКМ



2.2.


БУУ миссиясына жиберилүүчү тынчтык орнотуучу аялдардын санын көбөйтүү жана алардын потенциалын жогорулатуу

БУУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүндө аялдардын кызмат өтөө мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө кабардар болууну жогорулатуу максатында биргелешкен маалыматтык өнөктүктү өткөрүү

2013-жылдын

2-кварталы




ИИМ, КМ, МУКК

Аялдар - тынчтык орнотуучулар жөнүндө маалыматтар базасын түзүү

2013-жылдын

4-кварталы




ТИМ, ИИМ, КМ, МУКК



3-максат. Чыр-чатактуу кырдаалдарда аялдар менен кыздарга карата зомбулукка келишкис мамиле түзүү


3.1.

Маалыматтык-агартуучулук иштер аркылуу чыр-чатактуу факторлордун көбөйүшүн/таасирин азайтуу



БУУнун ККнын 1325-резолюциясы жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу боюнча “Аялдар, тынчтык жана коопсуздук” өнөктүгүн өткөрүү

2013-

2014-жылдар



ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ЖЭИКМ,

ИИМ, МУКК, ӨКМ



Чыр-чатактуу кырдаалдарда коомчулукта аялдарга жана кыздарга карата зомбулукка келишкис мамиле түзүү боюнча медиа өнөктүгүн өткөрүү


2013-

2014-жылдар



ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ЖЭИКМ

ИИМ, МУКК, ӨКМ



Чыр-чатактуу кырдаалдарда аялдар жана кыздарга карата зомбулукка келишкис мамиле түзүү боюнча соттук-медициналык эксперттер үчүн күч жана укук коргоо органдарында окутуучу семинарларды өткөрүү

2013-

2014-жылдар



МУКК, ИИМ, ССМ


4-максат. Аялдар жана кыздар үчүн коопсуз чөйрө түзүү жана аны колдоо


4.1.

Коопсуз чөйрөнү камсыз кылуу боюнча ЖӨБОнун, мамлекеттик органдардын, ЖКУнун иштерин активдештирүү

Республиканын түштүгүндө жана түндүгүндө зомбулуктун курмандыктары үчүн (бирден) башпаанек/шелтер түзүү

2014-жылдын

1-кварталы




ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ЖЭИКМ,

ӨКМ, ССМ


Зомбулуктун курмандыктарына алгачкы жардам көрсөтүү жана аларды андан ары реабилитациялоо боюнча апробацияланган тутумдун моделдерин жергиликтүү деңгээлде кеңири жайылтуу

2013-

2014-жылдар



ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ЖЭИКМ,

ИИМ, ССМ


4.2.

Калкка жана стейкхолдерлерге маалымат берүү жана аларды окутуу


“Аялдар коопсуз дүйнөдө” веб-сайтын түзүү, колдоо, башкаруу

2013-жылдын

4-кварталы




ЖЭИКМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)

Психикалык саламаттыкты жана сексуалдык репродуктивдик саламаттыкты сактоо маселелери боюнча медицина адистери жана калк үчүн маалыматтык-билим берүү материалдарын (МБМ) иштеп чыгуу

2013-

2014-жылдар



ССМ


4.3.

Шашылыш чара көрүү боюнча ӨКМнын, КМнын, МУККнын, ИИМдин, ССМдин иш-аракеттер пландарына комплекстүү гендерлик мамилени киргизүү


Шашылыш учурларда чара көрүү жөнүндө болгон номенклатураларга, стандарттарга, жоболорго гендерлик экспертиза жүргүзүү

2013-жылдын

3-кварталы





ӨКМ, КМ, МУКК, ИИМ,

ССМ




Экспертизанын жыйынтыгы боюнча өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү

2013-жылдын

4-кварталы




ӨКМ, КМ, МУКК, ИИМ, ССМ


5-максат. Чыр-чатактуу шарттарда аялдарды жана кыздарды коргоону эске алуу менен

чара көрүүчү субъекттердин даярдыгын күчөтүү





Аялдарга зомбулук көрсөтүү менен байланышкан учурларды документтештирүүгө соттук-медициналык эксперттерди жана ИИМдин тергөө бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин окутуу

Окутуучу семинарларды өткөрүү

2013-

2014-жылдар



ӨКМ


ИИМдин Академиясынын, КММАнын, КММКДКЖИнин окуу программаларына аялдарга зомбулук көрсөтүү менен байланышкан учурларды документтештирүү тартибин регламенттештирүүчү маселелерди киргизүү

2013-жылдын

4-кварталы




ИИМ, ССМ


5.2.


Чыр-чатактуу шарттарда сот акыйкаты тутумунун даярдыгын камсыз кылуу

Соттор үчүн “Аялдар, тынчтык жана коопсуздук” окутуу программасын иштеп чыгуу

2014-жылдын

2-кварталы




Жогорку сот (макулдашуу боюнча),

ЖЭИКМ


Соттор үчүн семинарларды өткөрүү

2013-

2014-жылдар



Жогорку сот (макулдашуу боюнча),

ЖЭИКМ


5.3.

Аялдарга жана кыздарга психологиялык жардам көрсөтүү

Чыр-чатактуу шарттарда аялдарга жана кыздарга шашылыш психологиялык жардам көрсөтүү боюнча мобилдик бригада жөнүндө жобонун долбоорун иштеп чыгуу

2013-жылдын

3-кварталы




ССМ, ӨКМ,

Ушул жааттагы адистердин маалымат базасын түзүү

2014-жылдын

1-кварталы




ССМ, ӨКМ



Кыскартуулардын тизмеси:
ЮМ – Юстиция министрлиги

ЖК – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ССМ – Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги

ЖЭИКМ - Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлиги

МУКК - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздуктун комитети

КМ – Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

ИИМ - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги

ӨКМ- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

ТИМ - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги

ЖКУ – Жарандык коом уюму

ЖӨБО - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары

БУУ КК - Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши



КММКДКЖИ – Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институту

Жогорку сот - Кыргыз Республикасынын Жогорку соту

Достарыңызбен бөлісу:




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет