- 24 -
өрчүү мезгилинде ортоңку түйүлдүк катмарынан – мезодермадан
өнүгөт. Өнүгүүсүндө тутумдаштыргыч ткань мезенхима катышат.
Сөөктөр
пайда болуп, өсүп – өнүгүүсүндөгү өзгөчөлүктөрү
боюнча 2ге бөлүнөт.
1.
2 этапты басып өтүүчү сөөктөр
а) Мезенхима
б) Сөөктүк ткань
Мындай сөөктөр тобуна баш сөөктөрүнүн өсүп өнүгүүсү ки-
рет.
2. 3
этапты басып
өткөн сөөктөр.
а) Мезенхима
б) Кемирчек
в) Сөөктүк
ткань
Скелеттин мындай сөөктөр тобуна тулку бойдун жана кол,
буттун сөөктөрү кирет. 3 этапты басып өткөн сөөктөрдүн өсүп
өнүгүүсү татаал жол менен жүрөт. Кемирчектин сөөккө ай-
лануусу узак убакытка созулат. Сөөктүн туура өсүп өнүгүүсү
тамак- аштын составындагы витаминдерден,
жана ички сек-
рециялык бездерден (гипофиз, калкан, бөлүнүп чыгуучу гор-
мондордон көз каранды болот. Кыска сөөктөрдүн өсүүсү узун
сөөктөрдүн өсүүсүнө салыштырганда аз убакытта жүрөт жана
тез калыптанат.
Сөөктөрдүн байланышы. Бардык сөөктөр бири-бири менен
байланышып, жалгыз бүтүн форманы берип турат. Сөөктөрдүн
байланышынын негизги 2 тобу белгилүү.
1. Жылчыксыз байланышкан сөөктөр- булар филогенети-
калык өрчүүсү боюнча кадимки сөөктөр тобуна кирет. Булардын
ортосунда жылчык аралык жок болуп, анын ордуна сөөк жипче-
лери же кемирчек түзүлөт. М: Баш сөөгүнүн сөөктөрү, төш сөөк-
төрү, жамбаш сөөгүнүн алдынан биригүүсү, куймулчак сөөгү,
узун сөөктөрдүн эпифиз жана диафиз аралыгы дагы жылчыксыз
байланышка кирет.
2.
Жылчыктуу байланышкан сөөктөр.
Бул сөөктөрдүн ашташкан бөлүгүнүн бетинде гиалин кемир-
чеги болот. Бул кемирчектин калыңдыгы 3 мм ди түзөт. Ашташ-
кан каптал бөлүгүндөгү синовиалдык суюктук болот. Сөөктүн
кыймылдуулугуна жараша синовиалдык суюктук бөлүнүп муун
сөөктөрдүн ортосундагы сүрүлүүсүн жок кылып турат.