46
чыгармаларга каршы чыгууда «бардык шексиздиктин атасы тажрыйба аркылуу
пайда болбогон жана тажрыйба менен аякталбаган» илимдерде адашкандыктар
көп экендигин белгилейт. «Биздин таанып билүүбүздүн баары сезимден
башталат» деп, Леонардо чечкиндүү түрдө
Ыйык жазуудан алынган же
мистикалык билимди макул таппайт.
Леонардо да Винчинин түшүнүгүндө жаратылыш чыгармачыл, аракеттүү
башат катары турат, ал аныкталган мааниде жаратылыштын кубулуштарынын
зарылдыгынын гаранты болгон Кудай менен шайкештелет. Жаратылыш
адамдын денесин жана адамдын жанын жаратат.
Жан дене менен ажырагыс
байланышкан, ал ансыз жашай да, кыймылдай да албайт.
Кайра жаралуунун натурфилософиясынын чоң фигурасы
Джордано
Бруно (1548-1600-жж.) болгон. Жаратылыш Брунонун түшүнүгүндө факт
түрүндө
толук өз алдынчалыгын алат, Кудай болсо биримдигинин синоними
катары ойлонулат. Аритотелдик-схоластикалык концепция болгон материя –
форма деген
көз карашка каршы чыгуу менен, Бруно материя өзүндө
формаларды камтыйт, «формаларды өзүнүн колунан өндүрөт» деп эсептеген.
Материянын формаларды түзүүгө болгон жөндөмү дүйнөнүн жаны деп аталат.
Ал материянын ичинде жайгашкан менен аны башкарат. Ушул негизде Бруно
жаратылыш жалпы жандуу деген ойго келет. Нерсе
канчалык билинбес жана
кичине болбосун, ал өзүндө жандуу субстанциянын мүчөсүнө ээ, эгерде туура
келүүчү субъект, өсүмдүк болууга, жаныбар болууга умтулса жана дененин
каалаган бөлүгүн алышса, ал ар качан жандуу зат деп аталат. Брунонун оюу
боюнча, дүйнө өзүнчө бир организмди элестет. Бардык касиеттүүлүктүн ээси
катары түшүнүлгөн материя болмуштун жана
кыймылдын сырткы себебине
муктаж эмес, жаратылыштын өзүнүн кыймылы. Брунонун жаратылыштын
жандуулугу жөнүндөгү окуусунун негизги идеясы ушундай. Бруно дүйнөнүн
түгөнгүстүгүн, чексиздигин далилдейт жана Коперниктин гелиоцентризминен
маанилүү жыйынтыктарды чыгарат.
Достарыңызбен бөлісу: