Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет39/107
Дата25.12.2023
өлшемі1.43 Mb.
#487888
1   ...   35   36   37   38   39   40   41   42   ...   107
Токоева-Г.С.-Философия-Окуу-усулдук-комплекс

Леон Батиста Альберти (1404-1472-жж.) – архитектор, живописчи, 
акын, музыкант, турмуштун активдүүлүгү жөнүндөгү теманы улантат. 
Активдүү деп алар көптөгөн ар түрдүү аракеттердин: көркөм, мамлекеттик
согуштук, соода, кызматты түшүнүшкөн. Альберти тагдырга моюн сунууга 
каршы чыккан. Биздин тагдырыбыз биз тездик жана аракет менен киргизген 
чечим, биз далилдеп жана колдогон нерсе экенин көпчүлүгүбүз моюнга 
албайбыз? Жеңилбегенди каалабаган кыйынчылыксыз жеңет. Моюн сунуп 
көнүп калган гана тагдырдын эзүүсүнө чыдайт. Альберти ошондой эле 
метафизикалык акылдуулукка каршы чыккан: анын оюу боюнча адамдар 
тажрыйба аркылуу берилгендерди гана билет. 
Көрүнүктүү гуманист Лоренцо Валла (1407-1457-жж.) тексттерди 
илимий сындоого, ыйык китептерди түшүнүү үчүн филологиялык ыкманы 
колдонууга негиз салуучулардын бири болгон. Ал эпикурчулукту мактап, 
ырахаттанууга болгон умтулуу жаратылыштын талабы, ошондуктан салтсыз 
ырахаттануу жок экендигин айтат. Валла адамдын өмүрү толук болууга тийиш: 
адамдын сезимдеринин ар тараптуу аракетинде рухий өмүрү денесинин сак-
саламатта болушу мүмкүн эместигин негиздейт. Ал бир жолу элүү да эмес, беш 
жүз да эмес, болгону беш гана сезим адамда бар экендигине кайгырган. 
Ырахаттануу «дененин жана жандын ырахаты» катары бийик жыргалчылык
жакшылык. «Ырахаттануу жөнүндө» китебинде: «Ар түрдүү курактагы жана ар 
түрдүү жыныс үчүн ишеничтүү жана такай ырахаттануу, бар болсун!» - деп 
үндөгөн. Валла индивидуализмди колдогон: анын түшүнүгүндө жеке өмүрүң 
башкалардын өмүрүнө караганда – эң бийик жыргалчылык. 1440-жылы Валла 
«Константиндин Дарствендик сабаттуулугунун жалгандыгы жөнүндө сөз» 
деген трактатын жазат. Гуманисттер аркылуу иштелип чыккан тарыхый жана 
филологиялык ыкма менен булактарды сыноосун кабыл алуу менен ал 
булактардын калп жана ак сөөктүк бийликке болгон капалыктын ашкересинин 
юридикалык негизине кызмат кыларын далилдеген. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   35   36   37   38   39   40   41   42   ...   107




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет