Кыргыз республикасынын билим берүҮ жана илим министрлиги и. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети


Таблица 4.2.11.- Комментарийлөө журналынын үлгүсү



Pdf көрінісі
бет58/93
Дата14.07.2022
өлшемі2.46 Mb.
#459688
1   ...   54   55   56   57   58   59   60   61   ...   93
ДИССЕРТАЦИЯ АКЫРКЫ ВАРИАНТ

Таблица 4.2.11.- Комментарийлөө журналынын үлгүсү. 
Окуучулардын 
аты 
Комментарийлер 
Арсен 
Тексттин 3 түрүнө мисалдарды түзө алат 
Амина 
Эркин темада дилбаян жаза алат 
Далия 
Сүйлөмгө морфологиялык талдоо жүргүзө алат 
Портфолиосу боюнча баалоо.Кыргыз тилин текстке байланыштуу 
окутуудапортфолиону баалоонун максаттары: 
Окуучунун алдыңкы жана начар жактарын так көрсөтүү аркылуу 
баалоо процессин жакшыртуу; 
Окуу максаттарына жетүүгө карата болгон умтулууну колдоо; 
Окуунун жүрүшүндөгү өзгөрүүлөрдү жана өсүштөрдү чагылдыруу; 
Окуучунун, мугалимдин, ата-энелердин ой жүгүртүп, талдоо 
жүргүзүшүнө өбөлгө түзүү; 
Окуучунун окуп үйрөнүүсүндөгү уланмалуулукту камсыздоо; 
Окуучунун өз алдынча аракеттенген окуп үйрөнүүсүнө колдоо 
көрсөтүү; 
Оуп үйрөнүлүп жаткан нерселер тууралуу түшүнүктү кеңейтүү; 
Окуй билүү жөндөмүн өнүктүрүү; 
Пландалган натыйжага жетүүдөгү өсүштү көрсөтүү; 
Окуучуларга өздөрүн баалоо мүмкүнчүлүктөрүн берүү; 


241 
Окуучулардын бири-бирине жардамдашып өсүшүнө жол ачуу.
Порфолионун бааланышы.Портфолио окуучулардын окуусун 
салттуу ыкмадан айырмаланып баалоого жол ачат. Портфолио аркылуу 
баалоодо мугалимге окуу процессине кеңири байкоо жүргүзүүгө, 
окуучунун өз алдынча чыгармачылык менен эмгектенүүсүн 
өнүктүрүүгө жана балага өзүнүн жетишкендиктерин баалай алууга 
өбөлгө түзөт. Порфолиону баалоонун критерийлери: 
аңдап билүүсү - ой жүгүртүүсүнүн жана чыгармачылык жөндөмү; 
окуу планынын максаттарына , көрсөткүчтөрүнө ылайык өсүүсү; 
негизги процесстерди түшүнүү жана колдоно билүү; 
портфолиодогу иштердин талаптарга шайкеш келиши; 
жазуу иштеринин ар түрдүүлүгү 
Окуу жылы ичинде мугалим менен окуучу тыгыз кызматташып, 
портфолиого киргизүүгө зарыл болгон маанилүү иштерди тандашы керек. 
Ошондой эле, алар портфолиодогу иштерди балоодо колдонула турган 
упайларды жана бааларды да биргелешип иштешсе болот. Портфолионун ар 
бир бөлүмүнө тиешелүү эрежелерди жана упайларды иштеп чыгышат. 
Иштердин жыйынтык бааланышы үчүн белгилер, баалар, упайлар аныкталат. 
Портфолиону жыйынтыктоочу баалоого окуучу, мугалим эгер мүмкүн болсо 
эксперттер тобу тартылуусу зарыл. Алар портфолионун бардык бөлүмдөрүн 
кылдат карап талдап, анан баалоо боюнча чечим кабыл алышат.
Кыргыз тилин текстке байланыштууокутууда окуучулардын топто 
иштегенине карай баалоодо топтун ишинин ийгиликтери гана эмес, ал 
ийгиликтерге кандайча жетишилгендиги да бааланат. Демек, иштин 
натыйжасы да иш процессинин өзү да толук бааланат дегендикти туюндурат. 
Анткени топто иштөө мезгилинде окуучулардын бир катар билгичтиктери 
калыптанат. Мында калыптандыруучу баалоо, кайтарым байланыштар да 
ишке ашырылат. Топто иштөөнү баалоонун бир нече жолдору бар. Мисалы: 
мугалим ар бир топтун ишин баалайт; 
айрым окуучулардын иштерин баалайт; 


242 
өзүн өзү баалоо, өз ара бири-бирин баалоо; 
топтун ишин мугалим менен окуучу биргелешип баалашат; 
Топто иштердин алдында мугалимдин милдеттери: 
топтогу иштин максаты окулуп жаткан теманын максатын дал 
келүүсү; 
тапшырмага баа берүү критерийлерин аныктоо: топтогу иш 
процессине баа берүү жана топтун ишине баа берүү; 
кимдер баалай тургандыгын жарялоо: 1) мугалим; 2) окуучулар 
менен мугалим биргелешип; 3) окуучулар; 4) атайын калыстар тобу 
топко ишти аткаруу мөөнөтүн жана формаларын аныктоо: эгер топ 
бир сабактан ашык, узак убакытка ылайыкталган тапшырманы 
аткаруу үчүн түзүлсө; 
баалоонун принциптерин айтуу: 
-- топтун ишине кошконокуучунун жекече салымы сөзсүз 
бааланышы; 
-- бүтүндөй топтун иши бааланат: “бирөө бардыгы үчүн, бардыгы 
бирөө үчүн”. 
Топто иштөөнү баалоо боюнча сабактын үлгүсүн сунуштайбыз: 
Сабактын темасы: Алфавит 
Сабактын максаттары: 
* билим берүүчүлүк: алфавит жөнүндө билимдерин бекемдешет. 
* өнүктүрүүчүлүк: алфавитти жатка билишет, текстти талдоо, көркөм айтуу 
көндүмдөрүн өркүндөтүшөт. 
* тарбия берүүчүлүк: улуттук баалуулуктар, анын ичинде элдик аспаптар 
жөнүндө, залкар акын А.Осмонов жөнүндө маалыматтарын кеңейтишет. 
Көрсөткүчтөр: 
Жогорудагы максаттар ишке ашат, эгерде: 
* алфавит деген эмне экендигин түшүнсө; 
* алфавитти жатка билсе; 
* алфавитти пайдалана билсе; 


243 
* ырды көркөм айта алса; 
* анын автору жөнүндө билсе; 
* текстти талдай алса. 
Сабактын тиби: жаңы материалды өздөштүрүү. 
Сабактын методу: интерактивдүү 
Сабактын формасы: Кластер түзүү, топто иштөө 
Сабактын жабдылышы: Алфавит, А.Осмоновдун портрети, улуттук 
аспаптардын сүрөттөрү, флипчарт, маркерлер. 
Сабактын жүрүшү: 
1. Уюштуруу. 
2. Өтүлгөн теманы кайталоо. Түгөйлөш үнсүздөр темасын кайталоо. 
Көнүгүүнү текшерүү. 
3. Жаңы сабак: Алфавит жөнүндө маалымат берүү. 
4. Бышыктоо. 
А.Осмоновдун “Комуз” ырынын негизинде көнүгүүлөрдү иштетүү. 
Комуз 
Үч буроо, жалгыз тээк, үч кыл комуз. 
Чертилбейт, күүгө келбейт, чебер колсуз, 
Опоңой, көргөн көзгө жөпжөнөкөй. 
Бирок да өнөрү бар айтып болгус. 
(А.Осмонов) 
“Улуттук аспаптар” темасына кластер түздүрүү. 
Кадамдар: 
* Окуучуларды 1ден 3кө чейин санатып, 3 топко бөлүү. 
* Ар бир топко 1ден флипчарт, маркер таратып берүү. 
* Улуттук аспаптар жөнүндө билгендерин сурап, жоопторду доскага жазып 
туруу. 
* Кластер түзүү эрежесин эстерине салуу. 
* Ар бир топ өз алдынча иштешет. 
* Топтор өз иштерин презентациялашат. 


244 
Потенциалы: Окуучулар билген маалыматтарын топтоштуруп, талдаганга 
жана биргелешип иштөө көндүмдөрүнө ээ болушат. 
Үй тапшырмасы: Кыргыздын белгилүү комузчулары жөнүндө 
маалыматтарды чогултуп, портфолиолоруна жайгаштырышат. 
Баалоо: Окуучулардын билими көрсөткүчтөргө ылайык жана топто 
иштөөсүнө карай бааланат. 
Топтун ишин мугалим адилет баалап, эгер топтун мүчөлөрүнө так милдеттер 
жүктөлгөн болсо анда айрымдарынын темадан четтеп кеткенин талкуулап 
эскертүү зарыл. 
Мугалим байкоо формасын иштеп чыгат да аны окуучулар менен талкуулап, 
бекитишет. 
Топтун ишинен алынган натыйжалар мугалимге тийиштүү чечимдерди 
кабыл алууга жардам берет. Топтор иштегенде мугалим айрым окуучулардын 
жетишкендиктерин баалай алат. Бул үчүн ал “Топто иштегендеги жеке 
окуучунун салымын баалоо” формасын колдонот.
Мугалим топтордогу тапшырманын аткарылышына байкоо жүргүзөт. 
Айрыкча тандап алган окуучулардын ишмердүүлүгүнө байкоо салат жана 
формага белги коет. Аткарылган иштин жыйынтыгына карай окуучуларга 
байкоонун натыйжаларын айтат. Бааларын сөзсүз билдирет жана баа коет.
Топто иштегенде окуучунун өзүнө жетишкендигин баалоо укугун берүү 
керек.Бул үчүн “Өзүн өзү баалоо” формасы колдонулат.Байкоонун жана 
окуучулар менен баарлашуунун негизинде алынган маалыматка таянып, 
мугалим топто иштөө көндүмдөрүн, окуу материалынын өздөштүрүлүү 
сапатын талдап, окуучулардын жетишүүсүн жакшыртуу боюнча кийинки 
кадамдарын пландай алат. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   54   55   56   57   58   59   60   61   ...   93




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет