Министрлиги



Pdf көрінісі
бет1/45
Дата05.12.2022
өлшемі0.76 Mb.
#466506
түріПрограмма
  1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   45
ca0b1618-cd19-4572-8b0f-d953a153bb54 (1)



КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ 
МИНИСТРЛИГИ 
КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ 
 
КЫРГЫЗ ТИЛИНИН ПРОГРАММАСЫ 
5-9-класстар
 
Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн орто мектептер жана 
гимназиялар үчүн
Бишкек – 2018 


Кыргыз тилинин программасынын өркүндөтүлгөн жаңы редакциясы Кыргыз билим 
берүү академиясынын Мамлекеттик, расмий жана чет тилдер лабораториясында иштелип 
чыкты. 
Программаны түзүүчүлөр: [доцент А.Сапарбаев], п.и.д., профессор Б.Өмүралиев, 
профессор С.Үсөналиев, п.и.д. В.И.Мусаева, КРдин эмгек сиңирген мугалими Н.Абдесов, 
п.и.к., доцент Б.А.Абдухамидова. Илимий редактор: п.и.д., профессор С.К.Рысбаев 
Кыргыз тилинин программасы. 5-9-класстар. Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн 
орто мектептер жана гимназиялар үчүн. – 2018. – 77 б. 
Бул программа Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Билим берүү жөнүндө», 
«Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамдарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын 
билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген «Кыргыз тилин эне тил 
катары окутуунун предметтик стандартынын» (5-9-кл. 10-11-кл. 2014) негизинде 
иштелип чыкты.
Программада кыргыз тилин эне тил катары окутуунун деңгээлин жогорулатып, 
натыйжалуулугун арттыруу максатында тилдик-грамматикалык материалдарды каражат 
катары колдонуу менен окуучулардын оозеки, жазуу кеп маданиятын калыптандыруучу 
практика түрүндөгү машыгуу, көнүгүүлөргө кеңири орун берилди. Эң башкысы «Кыргыз 
тилин эне тил катары окутуунун предметтик стандартындагы» эне тилин максатка 
ылайыктап, 
натыйжалуу 
окутуу 
үчүн 
кептик, 
тилдик 
жана 
маданий 
компетенттүүлүктөрдүн негизинде инсанга багыттап окутуп-үйрөтүүгө басым жасалып, ар 
бир класстын аягында аталган компетенттүүлүктөр боюнча окуучулар ээ боло турган 
окуп-үйрөнүүдөн күтүлүүчү натыйжалар сунушталды. 




Достарыңызбен бөлісу:
  1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   45




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет