5-класс үЧҮн тарбиялык сабактар



Pdf көрінісі
бет14/72
Дата15.05.2023
өлшемі0.82 Mb.
#473712
1   ...   10   11   12   13   14   15   16   17   ...   72
Тарбиялык сабактар, 5-класс(1)

Беш мүнөттүк эркин жазуу: 
Ар бир окуучуга А4 форматындагы кагаз берилет. Окуучулар сабактан алган 
таасирин, тема жөнүндө ойлорун кагазга түшүрүшөт. Берилген убакыт аяктагандан 
кийин каалоочулар жазганын окуйт. Окуучулар бири-биринин жакшы жумушу үчүн 
музыкалык кол чабуу менен ыраазылык билдиришет.


21 
1-окуучу: Бүгүнкү сабак мага чоң таасир калтырды. Сыр сактоону, бирөөнүн 
кемчиликтерин жашырууну үйрөндүм. Мен эми эч качан бирөөнүн кемчиликтерин 
көрүнгөнгө айта бербейм. Албетте кемчиликти айтуу керек. Бирок ошол адамдын 
өзүнө гана.
2-окуучу: Менин бүгүнкү сабактан алган таасирим чоң. Анткени, бирөөнүн 
кемчиликтерин жашырууда капкараңгы түндөй болуу керек экендигин түшүндүм. 
Айбектин, Бекзаттын жасаган жоруктары туура эмес экендигине ынандым.
3-окуучу: Бирөөнүн кемчиликтерин жашыра билүү кыйын. Канчалык ичиңе 
сактасаң да, тынчтык бербейт. Ошондуктан кимдир бирөөгө айтууга туура келет. 
Бирок канчалык кыйын болсо да жашыруу керек экендигин бүгүнкү сабак далилдеди.
Тарбиялык саатты жыйынтыктоо: 
Мугалим: Менин сүйүктүү окуучуларым, бүгүнкү сабак силерге кандай таасир 
берди? Сабактан кандай үлгү алдыңар? Бул суроолорго жооп талап кылбайм. Өз 
эркиңер. Бирок, мен бир нерсеге ишенем силер ар дайым адептүү жүрүш-турушуңар 
менен башкаларга үлгү көрсөтө аласыңар. «Бирөөнүн кемчиликтерин жашырууда 
капкараңгы түндөй бол!» деген кептин төркүнүн да бир нече мисалдар менен байкай 
алдыңар. Демек аны өз турмушуңарда пайдалана аласыңар деген ойдомун. Ар дайым 
бирөөнүн жакшы жагын көрүп, жаманы болсо өзүнө айтып, башка бирөөгө сөз 
кылбаганга көнгүлө. Бүгүнкү сабакка тиешелүү жаш акын Улукбек Омокеевдин 
төмөндөгү ырын жаттап, айтып жүргүлө: 
Бул «ачык ооз», тиги «өлгүдөй» сак дебе
Жаңылышат кары деле жаш деле. 
Дүйнөң түгөл болуп кетпес адамдын
Кемчилигин айткан менен ашкере. 
Бул дүйнөдө мүдүрүлгөн батыл көп, 
Жакшы иш жасап айтар эриген асыл кеп. 
Жамы журттун пайдасы үчүн эл айткан
Жаманды жаап, жакшылыкты ашыр деп. 


22 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   10   11   12   13   14   15   16   17   ...   72




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет