5-класс үЧҮн тарбиялык сабактар


Кѳнүгүүнү уюштуруу процесси



Pdf көрінісі
бет2/72
Дата15.05.2023
өлшемі0.82 Mb.
#473712
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   72
Тарбиялык сабактар, 5-класс(1)

Кѳнүгүүнү уюштуруу процесси: 
1. Окуучуларга текстер таркатылат



2. Окуучуларга текстте берилген ар бир абал учурунда боло турган сезимди бош 
калтырылган жерге жазуулары айтылат; 
3. Жооп берүү иши бүткѳндѳн кийин окуучуларга берген жоопторун 
класстагылар менен бѳлүшүүсү айтылат; 
4. Тѳмѳнкү суроолор менен кайрылып, баарлашма башталат: 
✓ 
Сезимдериӊер абалдарга жараша ѳзгѳрдүбү? Эмнеге? 
✓ 
Бардыгында бир эле абалда бирдей сезимдер болдубу? Кээ бирѳѳлѳрдүн 
ошол эле абалда башкача сезимдерди сезүүсүнүн себеби эмне болушу мүмкүн? 
✓ 
Алгач ирет бир сезимди туюп, кийинчерээк бул сезимди пайда кылган окуя 
тууралуу жаӊы маалыматтар алганыӊызда бул сезим ѳзгѳргѳн учурлар болдубу? 
Буларды биз менен бѳлүшкүӊѳр келеби? 
✓ 
Бир сезимди ѳзгѳрткүӊѳр келгенде колуӊардан келген нерсе барбы? 
1
Кѳнүгүүдѳн кийин мугалим окуучуларды 2 топко бѳлүп, ар бирине ватман
маркер берет. Эки топ теӊ “Уруксат суроо адебин” иштеп чыгышып, бирден ѳкүл 
презентация жасайт. Класста талкуу жүргѳндѳн кийин атайын текст таркатылып, 
окууга кѳрсѳтмѳ берилет.
Текст:
Эгиздер 
Бар экен, жок экен, кайсы бир шаарда, кайсы бир аймакта эгиз бир туугандар 
болгон экен. Ал экѳѳ бири-бирине куюп койгондой окшош болуптур. Айрыкча экѳѳ 
бири-биринен эч калбай, кайда барса чогуу басып, бир нерсени жесе чогуу жешчү.
Бир күнү ушул эгиздер шаар сыртындагы кандайдыр бир кѳлмѳгѳ барышып, 
ошол жерде жуунмакчы болушат. Бирок бул кѳлмѳ жѳн эле кѳлмѳ эмес болчу. 
Ошентип экѳѳ кѳлгѳ жуунушат. Эӊ кызыгы алар жуунгандан кийин бир саамга 
эстерин жоготуп шалдырап жатып калышат. Анан бир убакта кайра эстерине 
келишкенде таптакыр башка ааламда, тактап айтканда бир чоӊ шаарда болуп 
калышыптыр.
Бул шаар туш-тарабы ажайып кооздукка бѳлѳнгѳн, шумдуктуу чоӊ шаар болчу. 
Кайда карасаӊ баары таптаза, бардыгы ирети менен жайгашып, анан калса кѳркѳмү 
кѳздү уялткан бийик-бийик имараттар да бар экен. Ошондой эле шаардын 
жашоочулары да бир башкача эле. Шаардын ар кайсы жеринде дүйүм тамак, мѳмѳ-
жемиштер ачык эле такталардын үстүндѳ, себеттерде салынуу турат. Кайтарган бир 
да жан жок. Туш-тарапта беймарал басып жүргѳн бул шаардын тургундары да бул 
экѳѳнѳн аябай ѳзгѳчѳлѳнүп турат экен. Кээ бири аябай чоӊ болсо, кээ бири аябай 
кичине. Кээси шуулдап учуп жүрсѳ, кээси жер менен зымырап чуркап жүрѳт. Кыскасы 
эгиздер мурда-кийин такыр болуп кѳрбѳгѳн ушундай укмуш ѳлкѳгѳ туш болушту. 
Эгиздердин шилекейи чууруп, тамактардан жегилери келди. Анан бир маалда 
эгиздердин бири: 
-Кое турчу. Бул жердеги бардык нерсенин ээси бар болуш керек. Ошолорду 
табалы, - деди.
Экинчиси аны таӊ кала карап: 
-Эмнени айтып жатасыӊ? – деп сурады. 
1
Сердар Эркан. Мектептерде группалык жолдоо иш-чараларынан мисалдар. –Б.: 2002, -50-б. 



-Сенин оюӊча ушунча мал-мүлк, дүйүм тамак, жалтыраган кооз имараттар 
ѳзүнѳн-ѳзү эле ушинтип тизилип, жайнап жатып калды дейсиӊби? Албетте, булардын 
ээси бар да, анан да алардын баарын бири-бирине аралаштырбай башкарган 
башчысы да бар, - деди беркиниси ага түшүндүрүп. 
-Койсоӊчу, ар кайсыны айта бербей. Кел андан кѳрѳ батыраак курсакты 
тойгузуп, шаарды кыдырбайлыбы, - деп кежирленди бирѳѳсү. 
-Жок! – деп берки кесе айтты да, сѳзүн улап: 
-Булардын баарынын ээсин табуу керек. Анан бул шаардын эрежелерин билбей 
туруп эч нерсеге тийүүгѳ болбойт. Бул жердин башкаруучусун таап, ал-абалды 
билмейинче эч нерсеге тийбегенибиз оӊ. 
-Эй, эмне кыласыӊ башчысын таап? Алдыбызда турат го баары жер жайнап, - деп 
кѳздѳрүн бакырайтты бирѳѳсү. 
-Жок. Мен ушул нерсенин баарынын ээси келип, анан алгыла демейинче эч 
нерсеге тие албайм. Ар бир жердин ѳз эрежеси бар. Биринчи ошону билишибиз керек! 
– деди беркиси. 
-Анда бар, сен биле бер! Мени кармаба! – тамакка жулунганы. 
Ошону менен бири-бирине келише албаган эгиздер ѳмүрүндѳ биринчи жолу эки 
ача жолго түшүштү. Канча айтса да болбогон түгѳйүн таштап, беркиниси шаардын 
башчысын издеп жѳнѳдү. 
Арадан кѳп күндѳр ѳттү. Шаар башчысын издеген эгиздин шериги акыры 
максатына жетип, башчыны тапты да, бул шаарга адашып келип калганын айтты. 
Башчы ага боор ачып, каалашынча жүрүүгѳ уруксат берди. Айрыкча элине аны конок 
катары жарыялап, кимге жолукпасын сыйлап, урматтап туруусун буюрду. Ошону 
менен ал каалаган жагына басып, ээн-эркин жүрүүгѳ мүмкүнчүлүк алды. 
Ошентип күндѳр ѳтѳ берди.
Бир күнү ал шаар аралап жүрүп баягы кежирленген түгѳйүн кѳрүп калды. 
Байкуштун кебетеси кетип, кимдир бирѳѳгѳ кул болуп жүргѳн экен. Кѳрсѳ ал барып 
эле бирѳѳнүн тамак-ашын уруксатсыз жей баштаптыр. Анан аны тамак-аштын ээси 
келип аны кармап алган экен. Натыйжада бул шаардын эли ѳз мыйзамын бузган 
ууруну кармап, бирѳѳгѳ кул кылып беришет экен. 
Мына ушинтип ынтымаксыз эгиздер эки жакта жашап калышыптыр. 
2


Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   72




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет