5-класс үЧҮн тарбиялык сабактар


№6 сабак  ТОКТОООЛУКТА ЖАНА ЖӨНӨКӨЙЛҮКТӨ



Pdf көрінісі
бет15/72
Дата15.05.2023
өлшемі0.82 Mb.
#473712
1   ...   11   12   13   14   15   16   17   18   ...   72
Тарбиялык сабактар, 5-класс(1)

№6 сабак 
ТОКТОООЛУКТА ЖАНА ЖӨНӨКӨЙЛҮКТӨ
КӨТӨРҮМДҮҮ ЖЕРДЕЙ БОЛ 
Токтоолук – бакытка алып баруучу
ырыстуу жол 
Тарбиялык сааттын максаты: 
➢ 
окуучулар токтоолук жана жөнөкөйлүк сапат тууралуу түшүнүк алышат; 
➢ 
токтоолук сапаты калыптанат; 
➢ 
бой көтөрбөөгө, жөнөкөй болууга умтулушат. 
Тарбиялык саатты өткөрүүнүн формасы:
топ менен иштөө 
Керектелүүчү каражаттар: флипчарт (ватман), маркерлер, скотч.
Тарбиялык саатка даярдык: 
➢ 
окуучулар эки топко бөлүнүшөт; 
➢ 
флипчартка (ватманга) «Токтоолук», «Жөнөкөйлүк» деген таблица 
даярдалат. 
Тарбиялык сабактын жүрүшү: 
 
Сабак акын А.Осмоновдун ыры менен башталат. Мугалим ырды көркөм окуп 
берет: 
Замандашыма 
Жашыл ала жагоо тагып желбиреп
Жакшы өмүрдүн жарашыгы биз элек. 
Жаштык күндүн ар бир соккон сагаты
Жаш сүйүүдөй койнубузда эркелеп. 
Кызыл ала жагоо тагып желбиреп, 
Кызык күндүн кызыктары биз элек. 
Кымбат күндүн ар бир соккон сагаты, 
Кыз баладай койнубузда эркелеп. 
Жашоо эркине жаратылып бир ирет, 
Карап көрсөң кандай эмгек кылдым деп. 
Кайран күндөр бекер кеткен экен деп
Ойлоп-ойлоп өкүнөрүн ким билет?.. 
Сонун күнгө жаратылып бир ирет, 
Санап көрсөң кандай эмгек кылдым деп. 
Сайран өмүр текке кеткен экен деп, 
Самап-самап сагынарын ким билет? 
Кеткен кемтик жакшы ыр менен жетилет
Андай болсо, көп кечикпей кууп жет. 
Доорубузга каухар чачып калалы, 


23 
Алдыбызда канча күн бар ким билет? 
Жаштык айып таттуу ыр менен жетилет
Андай болсо, көп кечикпей кууп жет. 
Заманага жыпар төгүп калалы, 
Дагы канча жашоо калды ким билет? 
Мугалим: Урматтуу окуучум, акын Алыкул замандаштарына эмне айткысы 
келген? Бул ырдын төркүнү эмне? Менимче силерге түшүнүктүү эле. Акын ырында 
беш күнчүлүк жашоодо кандай эмгек кылдык деп, кымбат күндөрдү, жакшы өмүрдү 
татыктуу өткөрүү жөнүндө ой толгоп жатат. Акындын мына ушул оюн улаган, жакшы 
жашоодогу үлгүлүү жүрүш-турушка багыттаган сабагыбызды баштайбыз. 
Мугалим флипчарттагы (ватман) төмөндөгүдөй таблицаны доскага илет.


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   11   12   13   14   15   16   17   18   ...   72




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет