5-класс үЧҮн тарбиялык сабактар


«Айбектин сыр жашырбастыгы»



Pdf көрінісі
бет13/72
Дата15.05.2023
өлшемі0.82 Mb.
#473712
1   ...   9   10   11   12   13   14   15   16   ...   72
Тарбиялык сабактар, 5-класс(1)

«Айбектин сыр жашырбастыгы» 
Үйдө Динар иниси Айбек экөө ойноп жатышкан. Алардын апасы дүкөнгө чыгып 
кеткен эле. Динара үйдү жыйнаштырып, Айбек үнүн бийик чыгарып, муундап китеп 
окуп жаткан. Бир убакта «тарс» эткен үн чыкты. Айбек үндү угары менен Динара 
жүргөн ашканага чуркап чыкты. Динара идиш-аякты сүртүп жатып кымбат баалуу 
тарелканы сындырып алыптыр. Шашып кеткен кыз сыныктарды жыйнап 
таштандыга салды да, Айбекке апасына айтпоосун өтүндү. Иниси макул болду. 
Дүкөндөн апасы келгенде Динара эмнегедир ыңгайсыздана берди. Айбек 
канчалык айтпайын десе да болбоду, чыдамы кетти. Анан апасына айтып салды. 
Апасы кызын аябай кейип, азыраак уруп да койду. Динара Айбекке аябай капа болду.


20 
Силер кантип ойлойсуңар Айбек эжесинин кылганын жашырып айтпай койсо 
болот беле?
2-топ №2 кырдаалды талдайт: 
«Бекзат эмнеден уялды?» 
Танапис учурунда балдар мектептин короосунда маектешип туруп калышты. 
Кечээги көргөн кинолорун, бирөөдөн алган белектерин, айтор өткөн кеткен сөздөрдү 
айтып отурушту. Ошол учурда алардын жанынан физика мугалими Бермет эжей өтүп 
кетти. Ал өтүп кетери менен Асан: Ушул эжей аябай тойгозду. Кыйкыра берет. Бир 
күнү үнү бүтүп калса эле, - деп калды. Аңгыча кирүүгө коңгуроо кагылды. Аларга 
физика сабагы эле. Баары жабыла чуркашты. Бекзат гана класска кирбестен Бермет 
эжекесин утурлап усулканага карай басты. Физика мугалиминине жолугуп Асандын 
айткан сөзүн айтып жиберди. Эмне үчүн андай кадамга барганы түшүнүксүз. 
Сабак башталды. Физика мугалими Асанды ордунун тургузду да: -экинчи менин 
сабагыма кирбегин, - деп айтты. Асан эч нерсе түшүнбөй калды. Окуучулар да таң 
калышты. Бир гана Бекзат башын жерге салып, айыптуудай жер тиктеди. Кылган 
ишине өкүндүбү ким билет? 
3-топ №3 кырдаалды талдайт: 
«Падышанын шакеги жоголду» 
Бир падышанын эки увазири жакын дос эле. Бир күнү алардын бирөөсү аябай 
акчага муктаж болот. Анан падышанын кымбат баалуу шакегин уурдап алып сатып 
жиберет. Шакекти уурдап жатканда берки досу бирөө келип калбасын деп күзөтүп 
турган. Бир гана ошол күбө эле. 
Эртеси падыша шакегин таппай тополоң кыла баштады. Бардык 
кызматкерлерин чакырып сурак жүгүздү. Акыры айласы кетти кимдир бирөөнү 
жазалаш керек эле. Анан баягы күбө болуп, күзөттө турган увазирин чакырды:
- Сен ким алганын билесиң. Себеби сенден башка эч ким менин бөлмөмө 
кирбейт, - деди. Увазир көрбөгөнүн айтты. Падыша ачууланып аны зынданга 
салдырды. Ошондо да ал досунун кемчилигин жашырды. Айткан жок.
Бул окуяны уккан увазир досун зындандан куткарып качырып жиберди. Ыйлап, 
бир өмүр ыраазы экендигин айтты.
Мугалим жогорудагы тексттерди алдын ала даярдап коёт. Ар бир топко бирден 
текст берилет. Кичи топтордо иштөөгө 20 мүнөт убакыт берилет. Берилген 
кырдаалдарды окуучулар сахналаштырып, же көрктүү окуп, топтун жалпы оюн 
таанытымга (презентацияга) алып чыгат. Төмөндөгүдөй суроолорго флипчартка 
(ватманга) жооп жазышат: 
1. Бул кырдаалдарды болтурбай койсо болот беле? 
2. Бул кырдаалдардан силер кантип чыгаар элеңер? 
3. Силер бул окуялардан кандай тарбия ала алдыңар? 
4. Бирөөнүн кемчиликтерин жашыруунун пайдасы барбы? 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   9   10   11   12   13   14   15   16   ...   72




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет