5-класс үЧҮн тарбиялык сабактар


Окулган текстти окуучулар кайталап айтып беришет. Мындан кийинки



Pdf көрінісі
бет29/72
Дата15.05.2023
өлшемі0.82 Mb.
#473712
1   ...   25   26   27   28   29   30   31   32   ...   72
Тарбиялык сабактар, 5-класс(1)

Окулган текстти окуучулар кайталап айтып беришет. Мындан кийинки 
окуя кандай болоору жѳнүндѳ божомолдорду айтышат. Экинчи бѳлүм окулат. 
2-бѳлүм 


39 
Аңгыча анын алдына бир тилемчи келип нан сурайт. Ал Кожо-Кыдыр болот. Бай 
аны билбейт. Адаттагыдай эле байдын шакыйнасы тутат. Бирѳѳгѳ бир нерсесин берсе 
эле ооруп калчудай болот да: « Сен кайдан келдиң, ошол жагыңа жогол, сага бере 
турган эч нерсем жок» - дейт да аны ары түртүп, колуна бир үзүм да нан бербей кууп 
жиберет. Ошондо Кожо-Кыдырдын аябай ачуусу келет.
Окулган текстти окуучулар кайталап айтып беришет. Мындан кийинки 
окуя кандай болоору жѳнүндѳ божомолдорду айтышат. Үчүнчү бѳлүм окулат. 
 
3-бѳлүм 
Нары басат да кайрылып: «Ээ, Карынбай, элден укканым чын экен. Сен абдан 
ачкѳз болуп кетипсиң. Ташбоорлук, кайдыгерлик жан дүйнѳңѳ уялап алыптыр. Эми 
сен оңбойсуң. Мына жайылып жүргѳн эчкилериң - кайберенге, уйларың - топозго, кой, 
жылкыларың - ташка айланганын кѳрѳсүң. Ал эми ѳзүңдү жер жутсун!» - деп бир жолу 
айтканда Карынбай тизесине чейин жерге кире түшѳт. Экинчи айтканда – 
кѳкүрѳгүнѳ, үчүнчү жолу айтканда башына чейин жерге кирип кеткен экен. Эчкилери 
да ошол замат кайберенге айланып, тоо-тоого жылт коюптур, уйлары топозго 
айланып, кой-жылкылары ташка айланып кала бериптир. 
Ой жүгүртүү үчүн суроолор: 
1. Карынбайды эмне үчүн сараң деп айтабыз? 
2. Кожо-Кыдыр эмне үчүн Карынбайды сынагысы келди? 
3.Карынбай эмне үчүн сараң болуп калды деп ойлойсуңар? 
4.Кожо-Кыдыр Карынбайды каргабай эле койсо эмне болот эле? 
Талкуу үчүн текст: 
Сараңдыктын кесепети 
Илгери бир жакшы адам болгон экен. Ал жыл сайын эгин жыйганда ондон бирин 
кедейлерге бѳлүп берчү экен, ѳлѳѳрүнѳ жакындаганда үч баласын чакырып: 
«Балдарым, бул байлыкты бизге Кудай берген. Ошон үчүн биз мындан жыл сайын 
кедейлердин үлүшүн бѳлүп берип турушубуз керек. Бул бакты үчѳѳңѳр бѳлүп алгыла 
да, мен кѳз жумгандан кийин кедейлердин үлүшүн ѳз убагында берип тургула» - деп 
керээз калтырат. Ошентип абышка кѳз жумат. 
Эгин бышкан маалда, эки улуу баласы: «Эмне үчүн биз ѳз байлыгыбызды 
бирѳѳгѳ беришибиз керек?» - деп кичүүсүнѳ айтышат. Кичүүсү: «Койгула агалар, 
кѳүнѳѳгѳ батпайлы, анын үстүнѳ атабыз керээз калтырган. Келгиле, кедейлердин 
үлүшүн бѳлүп коелу, андан артканы да бизге жетет» - деп агаларын жакшылыкка 
үндѳйт. Бирок агалары макуп болбой, эртеси менен эрте элдер уктап жатканда
эгинди терип базарга алып барып таштайбыз дешет. Эртең менен барышса, багы 
күйүп калган болот. Кичүүсү: «Күнѳѳ кылбай, кедейлердин үлүшүн берип коелу деп 
айтпадым беле? Сараңдыктын арты мына ушундай болот» - дейт,
Алар 
аябай 
кейишет. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   25   26   27   28   29   30   31   32   ...   72




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет