5-класс үЧҮн тарбиялык сабактар



Pdf көрінісі
бет26/72
Дата15.05.2023
өлшемі0.82 Mb.
#473712
1   ...   22   23   24   25   26   27   28   29   ...   72
Тарбиялык сабактар, 5-класс(1)

Талкуу үчүн текст: 
Доско кылган жакшылык 
Бир күнү бир адам кѳчѳдѳ бара жатканда жамгыр аябай тѳгүп жиберет. Ошол 
жакын арада дүкѳнү бар жан кыйышпас досунун алдына барып, андан кол чатырын 
аманатка сурайт. Ал досу кол чатырын берет. Досу ыраазы болуп кѳтѳрүп кетет. 
Эртеси келип кол чатырды кайтарып, рахмат айтат. Арадан кѳп убакыт ѳтүп, бир күнү 
кол чатыр берген досу менен учурашып калат. Салам бергенден кийин, кол чатыр 
берген досу: 
-Ошол күнү кол чатырымды бербесем акыбалың кандай болоор эле? -дейт. Кол 
чатырды аманатка алган досу: 
-Жамгырда калып суу болот элем, - дейт. 


36 
Кол чатыр берген досунун пейили жаман ошондуктан кылган жакшылыгын 
милдет кыла берет. Арадан аз күн ѳткѳндѳн кийин алар дагы учурашып калышып, кол 
чатыр бергени: 
-Эгер ошондо кол чатыр бербегенимде, жамгырдан кандай жашынаар элең, - 
кылган жакшылыгын дагы милдет кылат. 
Ал досунан кол чатыр алганына аябай бушайман болду. Дагы бир күнү бакта, 
суунун боюнда учурашып калышып, кол чатыр берген адам: 
-Мага кара! Ошол күнү жамгырда кол чатыр бербесем, жамгырдан кандай 
бекинээр элең, акыбалың кандай болоор эле, - дептир. 
Кол чатыр алып бушайман болгон досу эч нерсе дебей, ѳзүн сууга таштап, 
чылкылдап суу болуп чыгат да досуна: 
-Мына, мындай болоор элем! Акыбалым мына ушундай болот эле! Сен ѳзү 
кандай адамсың? Инсан досуна жакшылык кылбайбы? Аз гана жакшылык кылып
кылган жакшылыгын милдет кыла берип, башка токмок ура берсе кандай болот? 
Достугубуздун баркы кайда калды? - деп басып кетиптир. 
Ой жүгүртүү үчүн суроолор: 
1.Бул тексттен достуктун кандай түрүн байкадыңар? 
2.Эмне үчүн кол чатыр бергенин кайра-кайра милдет кыла берди? 
3.Эмне үчүн кол чатыр алган досу ѳзүн сууга таштады деп ойлойсуңар? 
4. Алардын кимиси чыныгы дос экен? 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   22   23   24   25   26   27   28   29   ...   72




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет