5-класс үЧҮн тарбиялык сабактар


№16 сабак  МЕНИН СҮЙГӨН КЕСИБИМ



Pdf көрінісі
бет37/72
Дата15.05.2023
өлшемі0.82 Mb.
#473712
1   ...   33   34   35   36   37   38   39   40   ...   72
Тарбиялык сабактар, 5-класс(1)

№16 сабак 
МЕНИН СҮЙГӨН КЕСИБИМ 
Сабактын максаттары: 
кесип эмне экендигин биле алат; 
• кесип тандоого багыт алат;
• келечекке максат коё билет. 
Сабактын жабдылышы: дубал газеталар, китептер, ар кандай лозунгалар, 
ватман, маркер ж.б. 
I.Сабакка чейин: 
Бул сабак эмне берет? 
- кесип жөнүндө түшүнүк алышат; 
- бүгүнкү күндөгү кайсы кесип эң актуалдуу экендигин билишет; 
- кесип тандоого үйрөнүшөт; 
- келечектеги кесиби аркылуу өздөрүн тааный алышат. 
Сабактын өбөлгөсү: Окуучулардын априордук билими. 
Убакытты бөлүштүрүү: 
- Саламдашуу, уюштуруу – 3 мүнөт;
- Сабактын максатын жарыялоо – 1 мүнөт;
Кесиптердин тизмесин жазуу – 6 мүнөт; 
“Кесип атоо оюну” – 3 мүнөт;
Мугалимдин сөзү – 1 мүнөт;
- Кесип тандоо – 2 мүнөт; 
- Мугалимдин сөзү – 1 мүнөт; 
- Топторго бөлүнүп иштөө (Т схемасын толтуруу) – 20 мүнөт; 
- Кесип атактуулары жана кызыктары – 5 мүнөт; 
- Жыйынтыктоо – 3 мүнөт. 
I. Сабактын жүрүшү: КРнын Мамлекеттик Гимни менен башталат. 
Мугалим: Элибизде ар кандай кесип ардактуу” – деп айтылат эмеспи. Ошонун 
сыңарындай, бүгүнкү сабакта кесип жана кесип тандоо жөнүндө сөз кылабыз. 
Ар бир адам бул жашоого келгенде алдына чоң максатты коёт. Андан соң ал 
максатка жетишүүнү пландаштырат. Силер да бүгүнкү сабагыбыз аркылуу келечекте 
өзүңөр сүйгөн, тандаган кесибиңерге жетүү жөнүндө ой бөлүшөсүңөр. 
(Мугалим доскага ватманды илет да, ага окуучуларды кандай кесиптер бар 
экендигин жаздырат. Ар бир окуучу билгендерин жазып чыгат). 
Мисалы: мугалим, дарыгер, юрист, сот, адвокат, геолог, археолог, архитектор, 
инженер, дизайнер, актер, актриса, режиссер, оператор, программист, стилист, 
экономист, стюардесса, ашпозчу, котормочу, дипломат, бухгалтер, бакчы, астроном, 
космонавт, диктор, журналист, спортсмен, менеджмент, банкир, диетолог, минеролог, 
шахтер, фермер, уста, чебер (уз) ж.б. 
Балдар, жогоруда бир канча кесиптердин бар экендигин жаздыңар жана 
билдиңер. Жазылгандардын ичинен азыркы учурдагы эң керек, эң актуалдуу 
кесиптердин астын чийгиле. 


51 
Азыр мен доскага жазган кесиптерге тиешелүү сөздөрдү, терминдерди, 
заттарды, нерселерди атаймын, силер кайсы кесипке тиешелүү экендигин бир 
бирден айтасыңар. Бул “Кесип атоо” оюну болот. 
Мисалы: бор, диск, дары-дармек, кариес, блок, укук, кылмыш, акт, дор, 
репортаж, концерт, операция, особ, реакция, пайдубал, бурч, программа, теорема, 
оазис, макал-лакап, камчы, комуз, скрипка, конституция, дисплей, кино, ийне, 
микрофон, драма, ыр, күбө, чач, мода (үлгү), бак, сабиз, пияз, самолет, мотор ж.б. 
Мугалим окуучуларга сүйгөн кесибин тандатат. Андан соң тамыры бир 
кесиптерди тандагандарды топ-топко бөлүп, топтоштурат. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   33   34   35   36   37   38   39   40   ...   72




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет