5-класс үЧҮн тарбиялык сабактар



Pdf көрінісі
бет28/72
Дата15.05.2023
өлшемі0.82 Mb.
#473712
1   ...   24   25   26   27   28   29   30   31   ...   72
Тарбиялык сабактар, 5-класс(1)

 
 
 
 
 
 
 
 
 


38 
№11 сабак 
САРАҢДЫК 
Сабактын максаты:
• Сараңдык деген эмне экендигин түшүнүшѳт; 
• Текстти окуп, анын мазмунун түшүнѳ алат; 
• Тексттеги каармандар жѳнүндѳ эркин айтып бере алышат. 
Сабактын жабдылышы: 
Текст боюнча тартылган түстүү сүрѳттѳр, эки ватман, эки маркер (кызыл, кѳк), 
темага байланыштуу таркатмалар ж.б. 
Сабактын ыкмасы: Тыным менен окуу, Башкарып окутуу 
Сабактын жүрүшү:
Мугалим:
Сүйүктүү балдар, силер сараңдык кандай сапат экендигин билесиңерби? 
Албетте, бул кайрымдуулукка, ырайымдуулукка, каниеттүүлүккѳ каршы келген 
сапат. Сараңдык, битирдик адамгерчиликтин алкагына сыйбаган терс жосун. Ар 
дайым сараңдыктан алыс болуп, кең пейил, берешен инсан катары калыптанууга 
аракет жасаганыңар оң. «Жараткан дагы бергенге берет»- дейт эмеспи элибиз. 
Ошондуктан зыкым, ичи тар, кара мүртѳз адам болуудан корккула. 
Адептүүлүккѳ үндѳгѳн жакшы сапаттарды ѳзүңѳргѳ калыптандыргыла. Эл 
оозунда аңыз болуп айтылып калган «Чык татырбас Чынарбай», «Байлыкка тойбос 
карынбай» сыяктуу Кудайдын каарына да калбай, барга каниет келтирип, 
шүгүрчүлүк кылгыла, сабырдуу болгула. 
Талкуу үчүн текст: 
Талкуу үчүн «Карынбай» тексти тыным менен окулат. 
Окуучуларга алгач тѳмѳнкү суроолор берилет:
1.Текст кандай башталышы мүмкүн?
2.Эмне жѳнүндѳ болот деп ойлойсуңар?
Андан соң, чыгарманын биринчи бѳлүмү кѳрктүү окулат. 
 
1-бѳлүм 
Илгери-илгери, ѳткѳн заманда бир Карынбай деген абдан сараң бай болгон экен. 
Ал кулдарына «битин сыктырчу эмес» -дешет. Бирѳѳлѳргѳ боору да ачышпайт. Ал ар 
жыл жазы кулдарына малын айдатып, жайлоого кѳчүп чыкчу. Жайлоонун жакшы, 
чѳптүү жерин тандап, малдарын ошол жерге бактырчу экен. Ѳзү койчуларына: «Кара, 
кайтар!» - деп гана кыйкырып, бир жайда эле жата берет экен. 
Күндѳрдүн биринде анын алдына Кожо-Кыдыр келет. Ал тилемчинин 
самтыраган, жыртылган кийимдерин кийип алган болот. Кожо-Кыдырга элдин муңу, 
зары жеткендиктенби, ал сыноо үчүн келет. Карынбай күндѳгүсүндѳй эле, 
койчуларына кыйкырып коюп, алдына дасторкон жайдырып, түркүн тамактарды 
коюп, жаңы алып келген кымызды ичип, тамактанып олтурган. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   24   25   26   27   28   29   30   31   ...   72




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет