5-класс үЧҮн тарбиялык сабактар



Pdf көрінісі
бет32/72
Дата15.05.2023
өлшемі0.82 Mb.
#473712
1   ...   28   29   30   31   32   33   34   35   ...   72
Тарбиялык сабактар, 5-класс(1)

 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 


43 
№13 сабак 
ЫНТЫМАКТУУ КОШУНА БОЛУУ 
Сабактын максаты:
• Кошунага кандай мамиле жасоо керек экендигин түшүнүшѳт; 
• Текстти окуп, анын мазмунун түшүнѳ алат; 
• Окуучулар ѳз ойлорун эркин айтууга үйрѳнүшѳт. 
Сабактын жабдылышы: 
Текст боюнча тартылган түстүү сүрѳттѳр, эки ватман, эки маркер (кызыл, кѳк), 
темага байланыштуу таркатмалар ж.б. 
Сабактын ыкмасы: Багыттап окутуу 
Сабактын жүрүшү:
Мугалим: 
Жаш жеткинчек, сен жогорку муундардан ѳрнѳктүү тарбия алсаң бараалыңа 
келгенде татыктуу инсан болооруң талашсыз. Ал үчүн сен талбаган изденүү, билим, 
таалим-тарбия менен ар дайым алга умтулууң керек. Сага берилээр бул адептик 
тарбия кошуна менен кандай мамиледе болуу жѳнүндѳ. 
Элибизде айтылып жүргѳн «Аталаштан айылдаш жакын», «Алыстагы туугандан, 
жакындагы кошуна артык», «Конуш тандаба, кошуна танда» деген сыяктуу учкул 
сѳздѳр кошуна-колондук ынтымак жѳнүндѳгү даанышман айтылмалар болуп 
эсептелет эмеспи. 
Дүйнѳдѳ жашаган ар бир инсан билет эмеспи, адамга кошунадай жардамы тие 
турган эч ким жок. Ата-бабаларыбыз: «Үй алба, кошуна ал» дешкен. Кошуна үйгѳ 
караганда ѳтѳ керектүү. Ата-бабаларыбыз: «Кошуна кошунанын колуна муктаж» 
дешкен жана бул сѳдѳрдүн маанисин Курандан да алышкан. Пайгамбар ѳз хадисинде: 
«Кошунаң ач болгон убакта сен ток болуп, таң атырганың ыймандуулукка жатпайт» 
- деп айткан.
Канча үй силерге кошуна болот? Оң тараптан кырк үй, сол тараптан кырк үй 
силерге кошуна болот. Ар бир инсан тѳрт тараптан кырк үйдѳн кабардар болот. 
Мусулманчылыкта кошуна акысы ушундай улуу. Кошуналарга анын кайгысын 
тең бѳлүшүп, кубанычына ортоктош болбой, сүйүнгѳн адам адептүү болбойт. 
Ѳзүң үчүн каалаган жакшы иштерди кошунаң үчүн да каалагын. Тѳмѳндѳгү 
рибаяттан кошунага кандай мамиле жасоо керектиги жѳнүндѳ түшүнүк алсаң болот. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   28   29   30   31   32   33   34   35   ...   72




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет