5-класс үЧҮн тарбиялык сабактар



Pdf көрінісі
бет25/72
Дата15.05.2023
өлшемі0.82 Mb.
#473712
1   ...   21   22   23   24   25   26   27   28   ...   72
Тарбиялык сабактар, 5-класс(1)

 


35 
№10 сабак 
ДОС ЖАНА ДОСТОШУУ 
Сабактын максаты:
• Дос, достук деген эмне экендигин түшүнүшѳт; 
• Текстти окуп, анын мазмунун түшүнѳ алат; 
• Жакшы, жаман достун кандай экендигин билишет
• Окуучулар ѳз ойлорун эркин айтууга үйрѳнүшѳт. 
Сабактын жабдылышы: 
Текст боюнча тартылган түстүү сүрѳттѳр, эки ватман, эки маркер (кызыл, кѳк), 
темага байланыштуу таркатмалар ж.б. 
Сабактын ыкмасы: Багыттап окутуу 
Сабактын жүрүшү:
Мугалим: 
Окуучум, бүгүнкү сага кайрылуучу насаат кебибиз достук жѳнүндѳ болмокчу. 
Достук деген эмне? Дос деген ким? Бул суроолорго жооп издеп кѳрѳлүчү, Дос - бул жан 
кыйышпас, кайгыңды тең бѳлүшѳѳр, кубанычыңа ортоктош болоор, ар дайым сага 
жѳлѳк, таяныч болоор асыл адам. Эгер сен достукка бекем болсоң, достуктун 
кадырына жете билсең гана жогорудагы биз айткандай дос болушу мүмкүн. 
Тарыхтагы, элдик эпостордогу достуктун улуу үлгүлѳрүнѳ кайрылып кѳрѳлүчү. 
Мисалы, «Курманбек» эпосундагы Курманбек менен Аккандын достугун айтсак 
болот. Курманбек баатыр жоо огунан жараланып, ажал менен алпурушуп ээн талаада 
жаткан мезгилде аны жараатынан тазалап, дарыгер алдырып дарылап, үстүнѳ тон 
жаап, ичерине тамак камдап, кийин ал кѳз жумгандан соң баласы Сейитбекти асырап 
алган Аккан достуктун шертин аткарды десек болот. Дос мына ушундай 
кыйынчылык башка түшкѳн убакта сыналат эмеспи. Алардын достугу достуктун 
кадырына жетүү, достукка бек болууну айгинелеп турат. 
Ата-бабаларыбыздын «Жүз сомуң болгуча, жүз досуң болсун» деген сѳзү 
калетсиз айтылган белем. Силер да достуктун антын бекем сактаган адептүү бала 
болууга умтулгула. Досуңардан эч нерсе аябагыла, бергениңерди милдет кылбагыла 
«Ат аяган жер карайт» деген эл макалын жадыңарда туткула. Ал силердин 
аракетиңерге байланыштуу. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   21   22   23   24   25   26   27   28   ...   72




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет