58
№19 САБАК
ЖАКШЫЛЫККА ЖАКШЫЛЫК,
ЖАКШЫ АДАМДЫН ИШИ
Сабактын максаты:
➢
Окуучулар жакшылык кылуу түшүнүгүнө ээ болушат;
➢
Жакшылыкка жакшылык менен жооп
бериш керек экендигин билишет;
➢
Бири-биринин пикирин баалоону үйрѳнүшѳт;
➢
Жакшылыкты унутуу жаман сапат экендигин түшүнүшөт;
➢
Жомоктун маанисин түшүндүрүп бере алышат.
Сабактын жабдылышы:
Окуучуларга таркатылуучу темага байланыштуу “Шаардык менен айылдык”
деген жомоктун тексти, ватмандар, маркерлер.
Сабактын жүрүшү:
Мугалим окуучуларга төмөндөгү таблицаны толтурууга тапшырма берет. Ар бир
окуучу өз алдынча толтурушат. Шаардык жана айылдык достору жөнүндө кыскача
жазышат.
Шаардык досум
Айылдык досум
Таблицаны жеке толтуруп бүткөндөн кийин жупта талкуулашат. Белгиленген
убакыт өткөн соӊ каалоочлар өзүнүн жазгандарын окуп беришет.
Класста талкуу
жүргѳндѳн
кийин атайын текст таркатылып, окууга кѳрсѳтмѳ берилет.
Достарыңызбен бөлісу: