59
Айылдык жыл сайын шаардык досунун үйүнө келип үч-төрт ай бекер жашап,
бекер ичип-жеп жүрө берчү.
Акырында үч ай шаардык досунун үйүндө калганда, досун мажбурлап айылга
барууга көндүрөт. Ошондо да алар сөзүнө турушчу эмес. Шаардык досунун балдары
болсо:
- Ата досуңузга көп жардамыңыз тийди. Ал
дагы сизди айылга алпарып
карызынан кутулайын деп жатса керек – дешти. Акырында макул болуп, даярданып
жолго чыгышат. Шаардык досу балдары менен качырларга минип алып баратып, ал
жактын кооз табиятын элестете баштайт.
Бир ай жол жүрүп олтуруп, акырында айылга келишет. Аябай чарчап
чаалыгышкан. Ат, качырлары да отсуз, жемсиз калышкан эле. Бирок, кызыгы
айылдык
досу алардан качып, эшигин да ачпай коёт.
Түн кирери менен жаан жаап, бороон улуп аябай суук боло баштайт. Шаардык
досу дагы бир ирет эшигин каккылап көрөт. Эч болбосо балдары үчүн таң атканга
чейин баш калкалоочу жай сурайт. Айылдык досу:
- Колуңа жаа,
курал алып, короомду тоодон түшө турган карышкырлардан
коргой турган болсоң жай таап берем – дейт.
Аргасы кеткен шаардык буга макул болуп, балдары менен бир бөлмөдө таңды
күтө баштайт. Түн бир оокумда тоо тараптан бир топ карышкырдын түшкөнүн көргөн
шаардык досу колундагы жаасы менен бир карышкырды атып өлтүрөт. Бирок
айылдык досу:
- Эмне кылып койдуң? Сен аткан карышкыр эмес менин эшегимдин баласы эле!
– деп жаңжал чыгара баштайт.
Шаардык досу өлгөн карышкыр экендигин ишенимдүү түрдө айтат да, андан:
-
Мындай жаан жаап, бороон улуган караңгы түндө анын эшегиңдин баласы
экенин кайдан билдиң? – деп сурайт. Айылдык досу:
- Аны сен ага мылтык кезеп жатканда тааныдым – дейт.
Ошондо сабыры түгөнгөн шаардык досу аны жакадан алып:
- Акмак адам! Эшегиңдин баласын ошончолук узактан, жамгырлуу караңгы
түндө тааныйсың да, сени айлап коноктогон он
жылдык досуңду тааныбай
калдыңбы? – дептир.
Болуп өткөн окуядан жакшы бир сабак алган шаардык досу таң агараары менен
үй-бүлөсүн алып жолго чыгат.
Достарыңызбен бөлісу: