5-класс үЧҮн тарбиялык сабактар



Pdf көрінісі
бет40/72
Дата15.05.2023
өлшемі0.82 Mb.
#473712
1   ...   36   37   38   39   40   41   42   43   ...   72
Тарбиялык сабактар, 5-класс(1)

Сабактын жабдылышы: 
 
Сулайман тоонун ар тараптан тартылган фото сүрөттөрү.
Сабактын жүрүшү: 
 
Мугалим сабакты тоо жөнүндөгү уламыштарды окуучулардан суроо менен 
баштайт. Ар кандай варианттагы уламыштарды угуп, жалпы класс талкуулашат. 
Мүмкүнчүлүк болсо окуучуларды Сулайман тоого экскурссияга алып барып, сабак 
ошол жерде өтүлсө да жакшы натыйжа берет. 
Сулайман тоо – керемет кенч 
Сулайман тоо Ош шаарынын чок ортосунан орун алып, өзүнүн жайгашуусунун 
өзгөчөлүгү, кооздугунун кайталангыстыгы, уникалдуулугу менен дүйнөгө 
таанылган. Бул тоо – өз-өзүнчө өркөчтөнгөн төрт тоонун тутумунан турат. Эң бийик 
жери 100-150 метрге жетсе, узундугу бир жарым километр, ал эми туурасы 120 метрге 
чамалап барса, абсолюттук белгиси деңиз деңгээлинен 1106 метр бийиктикте турат. 
Алардын үчүнчүсү - эң бийиги. Биринчи тоонун чокусуна туристтер үчүн атайын 
аянтча жасалган. Бул аянтчадан тоо этегинде жайгашкан карт шаардын жана Ак-
Буура суусунун панорамалуу ажайып пейзаждык көрүнүшү алаканга салгандай тегиз 
көрүнүп турат. Тоого чыгуучу атайын тепкичтер аркылуу өйдө көтөрүлсөңүз, 
анятчага чыгасыз. Андан ары тоону капталдаган бир аяк жол менен бара берсеңиз, 
Тешикташты, Үңкүрдү, Сыйгалакташты өз көзүңүз менен көрө аласыз. Сыйгалак 
таштын сыйкыр күчүнө ишенген адамдар – өмүрү согончогу канабагандар, ар кандай 
илдетке чалдыккандар ушул ташка сыйнышып, ушул таштан сыйгаланышат, таштын 
дартка дабаа, илдетке шыпаа болчу касиети аркылуу аялдар балалуу болоруна, 
кеселдер сакайып кетерине үмүт байлашат. Андан жогору көтөрүлсөңүз, Акүй деп 
аталуучу, атайын мусулмандар намаз окуп, зыярат кылуучу мечит-үй жайгашкан. 
Тарыхый маалыматтарга таянышып, бул үйдү «Бабурдун чежиреси» деп да атап 
жүрүшөт.
Сулайман тоо музейи анын батыш бөлүгүнөн орун алган. Музейде 
археологиялык казуулардын натыйжасында табылган буюмдар – таштагы жазуулар, 
ошол аймакты байырлаган жаныбарлардын, канаттуу куштардын катырылган 
эстеликтери көргөзмө катары коюлган. Археологиялык табылгаларды тарыхчы-
археологдор Чусть маданиятынын керамикасына жакындатышат. Тоонун тарыхына 
кайрылсак, эл оозундагы легенда боюнча мындай деп айтылат: «Өз заманында атагы 
алыска кеткен, каардуу Сулайман падыша Фергана өрөөнүн башкарып турган экен. 
Падышанын залимдигине чыдабаган эл ага нааразы болушуп, каршылык 
көрсөтүшөт. Падышанын сыйкыры бар белем, касиеттүү сөзүн айта салса эле жер 
астынан тоо пайда болуп, ошол тоого падыша өзүнүн түбөлүк тактысын орнотот. 
Шаарды бүтүндөй көзөмөлгө алып, өйдө карап сүйлөгөндөрдү сот өкүмүнө тартып, 


54 
четинен жазалап турат. Көтөрүлгөн эл ага аргасыз баш ийип, өмүр бою кыңк этпей 
кызматын кылууга сөз берет. Ошол тоо кийинчерээк эл арасында «Сулаймандын 
тоосу» деп аталып калат…» 
Негизинен Сулайман тоо жана Ош шаары жөнүндө орто кылымдарда жашап 
өткөн тарыхчылар өз эмгектеринде жазып калтырышкан. Буларга Махмуд ибн 
Валинин «Бахр ал-аскар фи манакиб ал-ахтар» аттуу эмгеги (17-к), Абдул-Касим 
Хордадбек, Ибн Хаукаль, Ал Мукаддаси ж.б. (9-10-к.) китептери кирет. Ал эми 
Мухаммад Захириддин Бабурдун «Бубар-наме» (15-к.) аттуу уникалдуу эмгегинде 
Сулайман тоо Баракух деген наам менен эскерилген. Кийинчерээк 19-кылымдын 
экинчи жарымында, Сулайман таш, Сулайман тоо, Сулайман так деген аталыштар эл 
арасына тараган.
(Гүлзина Кудайбердиеванын «Шоокум» журналындагы материалынан 
пайдаланылды. 2007-жыл, Чын куран.) 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   36   37   38   39   40   41   42   43   ...   72




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет