5-класс үЧҮн тарбиялык сабактар


Ой жүгүртүү үчүн суроолор



Pdf көрінісі
бет50/72
Дата15.05.2023
өлшемі0.82 Mb.
#473712
1   ...   46   47   48   49   50   51   52   53   ...   72
Тарбиялык сабактар, 5-класс(1)

Ой жүгүртүү үчүн суроолор
1.Бул кичинекей окуядан жамандыктын кандай залалдарын байкадың?
2.Абдулазиз халифанын жакшы сапаттарын эмне үчүн кѳрѳ албады деп 
ойлойсуңар? 
3.Халифа ал адамды жазалаш керек беле? Эмне үчүн жазалабады? 
4. Халифа ууну ичип, бирок аман калганында кандай сыр бар? 
5. Инсан жамандык кылган адамдан ѳч албоосу, анын күнѳѳсүн кечирүүсү зарыл 
дегенди кандайча түшүнѳсүң? 
ЖАМАНДЫКТЫН ЗАЛАЛДАРЫ 
Жалганчылык залалы 
Жалганчылык - бул жамандалган сапаттардан. Мухаммед пайгамбар айткан: 
«Силерге жалгандан сактануу милдет. Себеби, жалганчылык бузулууга багыттайт. Ал 
эми бузулуу отко багыттайт». Демек, ар бир мусулман жалган сүйлѳѳдѳн сактануусу 
зарьл. Жалганчылык бардык иштерге арам. 
Кыянаттык залалы 
Аманатка кыянаттык кылууга катуу тыюу салынган. Кыянаттык - бул 
ыймансыздыктын белгиси. «Ыймансыздыктын белгиси тѳртѳѳ: Ага ар бир нерсени 
тапшырсаң кыянаттык кылат; сѳз сүйлѳсѳ жалган сүйлѳйт; убадасын аткарбайт; эгер 
ал талаша кетсе аша чаап долулук кылат...» 
Текеберлик залалы 
Пендеге текеберлик кылуу ылайык эмес. Ошондуктан ар бир пенде жүрѳгүн 
жана ѳз напсисин текеберликтен толук тазалоо милдет. Мухаммед пайгамбар мындай 
деп айткан: «Инсандын жүрѳгүндѳ кымындай гана текеберлик болсо, анда ал 
бейишке кирбейт». 
Ичи тардык залалы 
Ичи тардык - бул мүлктү кедей болуп калуудан коркуп сарптабастан кармоо. Ичи 
тардык ээсин залымдыкка, адам ѳлтүрүүгѳ, бузукулук менен адамдардын малын 
жегенге жана башка күнѳѳлѳргѳ кабылтат. 
Кѳралбастык залалы 
Кѳралбастык - бул башкалардан жакшылыктын кетүүсүн каалоо. Бул сыпат 
мусулманга ылайык болбогон жаман сыпаттардан. Ошол себептүү пайгамбар мынтип 


69 
айткан: «Силерге кѳралбастыктан сактануу милдет. Кѳралбастык от отунду жеген 
сыяктуу, жакшы амалдарды жеп коет. Кѳралбас башкалардын бактылуулугуна ичи 
тарыйт, кѳрѳ албайт. Башкалар ийгиликке жетишсе ичи күйѳт». 
Ушак залалы 
Ушак - бул адамдардын ортосун бузуу үчүн таратыла турган сѳздѳр. 
Ынтымактын түркүктѳрүн кулата турган нерселердин эң чоңу бул ушак. Демек, 
бизден ар түрдүү сѳздѳргѳ кулак салбообуз талап кылынат. Ошондой эле уккан 
нерсебизди бирѳѳлѳргѳ жайбастан, бек кармообуз жана күмѳн санабообуз милдет. 
Сыйкырчы бир жыл бою буза албаган нерсени жалганчы менен ушакчы бир сааттын 
ичинде бузуп коет. Ушакчыдан сактан. Анткени, ал урматы жок, уятсыз адам. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   46   47   48   49   50   51   52   53   ...   72




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет