5-класс үЧҮн тарбиялык сабактар



Pdf көрінісі
бет41/72
Дата15.05.2023
өлшемі0.82 Mb.
#473712
1   ...   37   38   39   40   41   42   43   44   ...   72
Тарбиялык сабактар, 5-класс(1)

 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 


55 
№18 сабак 
ӨНӨРЛҮҮ – ӨЛБӨЙТ
Сабактын максаты: 
Окуучулар өнөрдүн баркын, өнөрлүү адам эч нерседен кем болбостугун 
түшүнүшөт.
Сабактын жабдылышы: 
Жомоктун тексти.
Сабактын жүрүшү: 
Мугалим окуучуларга жомокту окуп берет. Жомокту окугандан кийин класста 
талкуулашат.
Ѳнѳрдүн баркы 
Чоң энем дайыма кишинин пайдалуу иш жасашы керек экенин айтчу. Ар дайым 
тамакка олтурганыбызда мага: 
-Ар бир киши жыгачтан болобу, темирден болобу же башка нерседен болобу, ѳз 
колу менен адамзатка пайдалуу бир иш жасоосу керек, дээр эле. 
-Дүйнѳдѳ жаш жигиттин ак мээнети менен бир чеберчилик үйрѳнүп, пайдалуу 
бир эмгек калтырганынан артык нерсе жок. Ушундай ѳнѳрүң барбы, айтчы? Жѳнѳкѳй 
бир үстѳл, же бир отургуч, же бир табак, эң эле болбогондо кофе чѳйчѳгүн жасай 
аласыңбы? Колуңдан келген бир ѳнѳрүң барбы, балам? –деп, жемелүү кѳз карашы 
менен тиктеп калар эле. Билем, баары сени жазуучу деп эсептейт. Бир нерселерди 
чийгилеп эле жатасың, түшүнүп турам, балким бир жазуучусуң, бирок колуңдан 
келгени, үйдѳ тамекинин түтүнүнѳ толтургандан башка эч нерсе эмес. Менин оюча 
ишке жарай турган, кѳзгѳ басар, колдонула турган нерсе жасашың керек, бул ѳтѳ 
маанилүү, балам. Сага бир жомок айтып берейинби. 
Илгери Иран ханынын бир баласы бар экен. Сүйүү деген ушундай болот 
турбайбы, ал бала бир кедей чабандын кызына ашык болуп калыптыр. Атасына 
келип: 
-Ата, мен бир чабандын кызын жакшы кѳрүп калдым. Ошол кыз менен баш 
кошоюн дедим эле, дейт. Атасы каарданып: 
-Ошондой да болобу, балам? Сен хандын баласысың. Мен ѳлсѳм тактыма сен 
олтурасың. Чабандын кызы сарайга кантип жарашсын? 
Хандын баласы болбой, атасына жалбарып: 
-Айланайын атаке, мен ал кызды абдан жакшы кѳрѳм. Эгер ага үйлѳнбѳсѳм, ѳлѳм 
деп, атасынын кулагын жейт. Атасы баласын кыя албай: 
-Мейли, балам, жуучу жиберип, кызды суратайын дейт. Ошентип, вазирин кызга 
жуучу кылып жиберет. Вазири кызга барып, хандын уулу аны сүйгѳнүн жана ага 
үйлѳнгүсү келгенин айтат. Анда чабандын кызы: 
-Макул. Хандын уулу эмне иш кылат? – десе, вазир чочуп кетет: 
-Хандын уулубу? Бул кандай суроо? Хандын уулун да эмне иш кылат деп сурачу 
беле? Хандын уулу кайдан иштесин! – дейт. 
-Жок, дептир кыз. Хандын баласы болсо да, бир чеберчиликти үйрѳнүшү керек. 
Мен колунан эч нерсе келбеген бирѳѳгѳ, хандын баласы болсо да, турмушка чыга 


56 
албайм. Вазир башын жерге салып, ханга айтат. Ага кыздын айткандарын айтып 
берет. Анда хан баласын чакырып: 
-Эгер сен ал кызды ошондой эле катуу сүйсѳң, бир чеберчилик үйрѳн же ал 
сүйүүдѳн баш тарт, дейт. 
Анда уулу: “Мейли, мен анда чий токуганды үйрѳнѳйүн”, дейт экен. Айлар бою 
чарчабай, тажабай аракет, кѳңүл коюп, чий токуганды үйрѳнѳ баштайт. 
Барган сайын чеберчилиги артат. Кооз оймолорду жаратып, түрдүү-түрдүү 
түстѳргѳ боеп, кооз чийлерди токуйт. Чеберчилиги ѳскѳндѳн кийин вазирди кайра 
жуучу кылып, колуна чий берип кызга жиберишет. Вазир кызга “мына” деп хандын 
уулунун токуган чийлерин кѳргѳзѳт. 
Чабандын кызы, ѳрүлгѳн чийлерди кѳрүп, абдан кубанып, сунушуна макул 
болот. Ошентип кыз келин болуп сарайга барат. Күндѳрдүн биринде хандын баласы 
кѳчѳдѳ сейилдеп басып жүрсѳ, бир кербен сарай учурайт. Сарайдын ичи таза, эшик 
болсо ысык болот, күндүн ысыгына чыдабай, ошол сарайга кирип, бир бурчка 
олтурат. Бирок ал сарай ууру, каракчылардын сарайы экен. Ал сарайга киргендерди 
каршылык кылууга мүмкүнчүлүк бербей, шап кармап, зынданга ыргытышчу экен. 
Кѳзүн кан баскан каракчылардын дагы мындай бир салты бар болчу. Колго 
түшкѳндѳрдүн семиздерин ѳлтүрүп, арыктарына жедиришчү. Хандын баласы арык 
болгонунан тирүү калыптыр. 
Күндѳрдүн биринде баласы каракчыларга: “Мен сонун-сонун чийлерди токуйм. 
Бул чийлер абдан кымбат турат. Мага бир аз камыш, анан үстѳлүмѳ чырак 
берсеңиздер, силерге эң кооз чийлерди токуп берейин”, - дейт. Каракчылар баланы 
угуп, айтканын кылышат. Арадан үч күн ѳтпѳй бала түрдүү-түрдүү, кооз чийлерди 
токуп берет да: “Бул бойролорду алып, Иран ханынын сарайын барсаңар, чийлерди 
кѳрүп, силерге бир ууч алтын берет” дейт. 
Каракчылар чийлерди жондоруна кѳтѳргѳн бойдон, хандын сарайына жетип 
барышат. Хан бир кѳрүштѳ чийдин оймолоруна, кооздугуна айраң таң калат. 
Бойролорду келинине жиберет. 
“Бул чийлерди сатып алышыбыз үчүн алып келишиптир. Эгер ал жакса, ал” деп 
кабар берет. Чабандын кызы ар бир оймону ѳз-ѳзүнчѳ изилдеп, оймолордун 
токулушунан күйѳѳсүнүн ага жашыруун кабар жибергенин түшүнѳт. Хандын баласы 
кайсыл жакка качырылганын чийдин оймолору менен кѳргѳзүптүр. Аялы катты 
окуур замат жүгүрүп келип, ханга айтат. Хан каркчылардын сарайына сакчыларын 
жиберип, сарайды басып алып, каркчыларды кармашат. Хандын уулу сарайга, 
чабандын кызына кайтып келет да: 
“Кымбаттуу жарым, сен мени ѳлүмдѳн сактап калдың, сага карызмын” - дейт. Хан 
дагы чабандын кызынын акылдуулугуна абдан ыраазы болуп, аны жакшы кѳрүп, 
кучактайт. Ошентип, жомогун айтып бүтүргѳн чоң энем: “Түшүндүңбү эми, жашоодо 
ѳнѳрдүн маанисин?” дегенде, мен: “Ооба, түшүндүм. Бир аз акча таап, араа, жыгач 
сатып алайын. Анан каалаганыңыздай бир үстѳл же китеп текчесин жасап берем” 
дедим. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   37   38   39   40   41   42   43   44   ...   72




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет