5-класс үЧҮн тарбиялык сабактар



Pdf көрінісі
бет51/72
Дата15.05.2023
өлшемі0.82 Mb.
#473712
1   ...   47   48   49   50   51   52   53   54   ...   72
Тарбиялык сабактар, 5-класс(1)

Залкар ойлор 
Акылдуулардын ичинен акылын акмактыкка пайдалангандарды да табууга 
болот. 
Ф.Ларошфуко 
Акылы бѳксѳѳлѳр кырсыкка тепселип калса, акылы толуктар кырсыкты тепсеп 
кетишет. 
В.Ирвин 
Акмактар жол салып беришпесе, ушак менен заар тил анча куч албас эле. 
А.Дзюмо 
Жаман жолдош жоого алдырат, жаман сѳз доого калтырат. 
Элден 
Үйгө тапшырмалар: 
1. Жаш адамдын образын талдагыла. 
2.Жамандыктын залалдарын талкуулап, ѳз алдыңарча ыймандуу адамдын 
образын түзгүлѳ. 
3. Залкар ойлорду окуп талкуулагыла, 
4. Ѳз алдыңарча изденип залкар ойлорду таап жазгыла. 
5.«Жамандыктын залалдары кайдан келет?» деген темада дилбаян жазгыла. 


70 
№24 сабак 
ОРУНДУУ СѲЗ АКЫЛ ЭСТЕН ОТ АЛАТ,
ОРУНСУЗ СѲЗ ИЙИНИҢДЕН БАШ АЛАТ 
Сабактын максаты:
• «Адептүү сүйлѳѳ» жобосун түшүнүшѳт; 
• Текстти окуп, анын мазмунун түшүнѳ алат; 
• Мектепте, кѳчѳдѳ, коомдук жерлерде кандай сүйлѳѳнү үйрѳнүшѳт; 
• Досторуна, жалпы эле адамдарга жакшы сѳздѳрдү сүйлѳш керек экендигин 
билет; 
• Окуучулар ѳз ойлорун эркин айтууга үйрѳнүшѳт. 
Сабактын жабдылышы: 
Текст боюнча тартылган түстүү сүрѳттѳр, эки ватман, эки маркер (кызыл, кѳк), 
таркатмалар (адептүүлүк, адепсиздик жѳнүндѳ жазылган залкар ойлор), ж.б. 
Сабактын ыкмасы: Башкарып окутуу 
Сабактын жүрүшү:
Мугалим: 
Окуучум, адептүү сүйлѳѳ да улуу маданият. Сен сѳз баккан, тил кудуретин бийик 
туткан, нарк-насилдүү, ыйман-ызааттуу улуу элдин урпагысың. Муну менен 
сыймыктансаң болот. Ата бабаларыбыздан бизге кѳѳнѳрбѳс мурас, сѳз байлыктары 
калды. Башканы коюп «Манасты» айт. Кенже эпостору, жѳѳ жомоктору, ырлары, 
макал-лакаптарычы. Ѳзүнчѳ бир улуу философия
Ата-бабаларыбыз кандайча баарлашып. сүйлѳшкѳн? - деген суроого жооп берип 
кѳрѳлүчү. 
Ыплас сѳздүүлүктѳн качып «Бир ооз сѳздѳн дүйнѳ кетет ѳрттѳнүп, бир ооз 
сѳздѳн кайра калат кѳрктѳнүп» дегендей баарлашуу маданиятына ѳзгѳчѳ кѳңүл 
бѳлгѳн. 
Жалпы түрк элинин орток мурасы болгон Жусуп Батасагындын «Кут алчу 
билим» дастанында да тилдин асыл сапаттары жана пайда-зыяны жѳнүндѳ 
баяндалган. Анда кѳз жүгүртүп кѳрѳлү: 
«Заар тилим салды далай азапка! 
Тилди кесем башты сактоо максатта» 
Кудай сага сүйлѳѳрүңѳ берди тил- 
Башың коргоп, сѳздѳрүндү тескей бил! 
Тагдыр катаал болбойт десен ѳзүңѳ, 
Тишиң тиштеп, сак болгунун, сѳзүңѳ. 
Орундуу сѳз акыл эстен от алат?
Орунсуз сѳз ийиниңден баш алат. 
Кѳп сүйлѳбѳ, а кѳрѳкчѳ так сүйлѳ, 
Туман сѳздүн - оң мааниси бир сезде. 


71 
Бийлик, атак адамдарга тил берет,
Ашык сѳз - уят кылат, ѳлтүрѳт. 
Дайыма сѳздү ойлоп айтуу керек, 
Жакшы сѳз сокур үчүн кѳздѳй делет. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   47   48   49   50   51   52   53   54   ...   72




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет