5-класс үЧҮн тарбиялык сабактар


-кадам: Мугалим слайддын жардамы менен түшүндүрөт. Окуучуларга  суроолорду берип, талкуулап турат. 1-слайд



Pdf көрінісі
бет46/72
Дата15.05.2023
өлшемі0.82 Mb.
#473712
1   ...   42   43   44   45   46   47   48   49   ...   72
Тарбиялык сабактар, 5-класс(1)

2-кадам: Мугалим слайддын жардамы менен түшүндүрөт. Окуучуларга 
суроолорду берип, талкуулап турат.
1-слайд.
Адамзатты бүгүнкү доорго алып келген башкы нерсе – бул анын эмгеги. Адам 
адам болуп жаралдыбы, ал эмгек кылууга милдеттүү. Эмгек – бул мээнет, мээнеттенүү 
демектир. Мейли ал акыл эмгеги болсун, күч эмгеги болсун айрымасы жок, адам 
баласын жакшылыкка алып бара турган нерсе ушул – эмгектенүү. 
Эмгек гана ырыс, бак жаратат. 
«Булар жашынан мээнет кылып чоңойгон», «Жерге жүргөндөн тырмалап келет», 
«Мунун колу гүл» деп макташат бала кезден иш менен алектенип жүргөндөрдү. 
Ошондой үй-бүлөдө чоңойгон балдардын келечеги өзү үчүн да, эли үчүн да пайдалуу 
болот. Дагы алар «Бекерчиден безе кач» дешет. 
2-слайд.
Кайсыл бир жылдары Москвадан кыргыздардын айылындагы мектептерге 
эмгек тарбиясын текшерип комиссия келип калыптыр. Анан алар кечки мал келер 


63 
алдында сыртка чыгып турса, ошол короого кире турган койлордун бири чоочун 
кишилерден жатыркап, үркүп, ары өтүп жөнөптүр. Аны көргөн ушул үйдүн 5-6 жашар 
баласы учуп чыгып, чуркап барып жанагы койду шыйрактан алып жыгылыптыр. Кой 
ары тартып, бала бери тартып, бирде бала жыгылып, бирде кой жыгылып, анын бала 
шыйрактан өтүп моюндан кармап отуруп, акыры короосуна киргизиптир. «Мына 
буларда эмгек тарбиясы» дептир москвалык текшерүүчүлөр. 
Мал менен өскөн кыргыз балдар чыйрак, бышык, ден соолугу чың болору 
тарыхтан айтылып келет. Дал ушундай эмгекчил улуттун уулдарын биздин заманга 
чейинки Александр Макадонский да, андан кийинки арабдар да, булардан соң 
монголдор да, андан кийин кытайлар да баш ийдире албаптыр. Эгерде Түгөлбай 
Сыдыкбековдун «Көк асаба» деген романын окуп чыксаңар, анда кыргыздардын 
балдарына жоокерчилик өнөрүн кандайча үйрөткөндүгү менен таанышып, бул элдин 
ушунчалык мээнеткечтигине таң калбай коё албайсыңар. 
«Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат» деп илгертеден балдарга өнөр үйрөткөн 
кыргыздар иштебегендерди «жатып ичер жалкоо» дешип элден чыгарган. Кол учунан 
иштегендерди да жаман көргөн.
3-слайд.
Жалалиддин Руми айтат: «Өзүң билбеген, түшүнбөгөн ишке киришпе, кайсыл бир 
ишке киришмекчи болсоң, өзүң билген акылдуу, тажрыйбалуу киши менен кеңеш
анын айткандарына кулак сал, андан кийин гана жумушту башта. Ошондой кылсаң 
гана өзүңдү жаңылыштыктардан сактай аласың», - деп. Айткандай эле көрүнгөн 
нерсени аткарам деп кол жетпеген нерсеге умтула бергенде болбойт, ар кандай 
өнөргө, кесипке адегенде аз-аздан үйрөнүп аракет кылуу керек. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   42   43   44   45   46   47   48   49   ...   72




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет