5-класс үЧҮн тарбиялык сабактар



Pdf көрінісі
бет53/72
Дата15.05.2023
өлшемі0.82 Mb.
#473712
1   ...   49   50   51   52   53   54   55   56   ...   72
Тарбиялык сабактар, 5-класс(1)

Ширин сѳздүүлүк баяны 
«Жылуу, жылуу сүйлѳсѳ, 
 
 
 
 
 
Жылан чыгат ийинден». 
Эл макалы 
Ким болсо эгер чебер сѳздүү, акылман, 
Барган жерге үрѳѳн себээр накылдан. 
Окуучум, курч сѳздүүлүк, кепке чечендик ѳзүнчѳ баалануучу эң мыкты сапаттар. 
Дайыма жагымдуу, ачык, так, мазмундуу, маанилүү сүйлѳѳгѳ үйрѳнгүн. Жалган, ыплас 
сѳздѳрдү сүйлѳѳгѳ жатыкпагын, ѳзүңдү чынчылдык аты менен элге даңаза кыла 
билгин. 
Чыныгы, акылдуу, даанышман бир маселе тууралуу сүйлѳмѳкчү болсо, ал 
маселенин тѳркүнүнѳн толук кабардар болуп, эмне дээрин алдын ала толук ойлонуп 
туруп, андан соң ачык, даана, мазмундуу сүйлѳй билет. Түркѳй адам эч нерсеге 
түшүнбѳйт, эмне дегендигин ѳзү да аңдабайт. 
Окуучум, эгерде бир адамдын кемчилигин сезип, ага насаат айтмакчы болсоң, 
оболу анын табиятын жакшылап текшерип, соңунан насаатыңды айткын. Болбосо 
айткан насаатын сая кетет. Калайыкка айтаар сѳзүндү ѳтѳ назик, элпектик менен 
айткын, эл сенин ким экениңди, мартабаң менен даражаңдын канчалыгын 
сүйлѳгѳгѳн сѳзүңдүн тѳркүнүнѳн билип алат. Ар адамдын кудурети ошол ѳзү 
сүйлѳгѳн сѳзүнүн кѳлѳкѳсүндѳ купуя жашырышкан эмеспи. Кээде каймана иретинде 
айтылган бир түрдүү сѳз адамдын кѳңүлүн кыраа кылат, башка учурда дал эле 
ушундай айтылган каймана сѳздүн ѳзү адам кѳңүлүнѳ шаттык багыштайт. Сѳзгѳ 
эпчил, кандим, чебер адам ѳз сѳзүн кандай учурда кайсы мааниде айта билүүнү 
илгиртпей билип турат. 
Суроолор:
1. Сѳз баккан, тил кудуретин бийик туткан дегенди кандайча түшүнѳсүң? 
2. Ыплас сѳздүү деп кандай адамды айтасың? 
3. «Бир ооз сѳздѳн дүйнѳ кетет ѳрттѳнүп, бир ооз сѳздѳн кайра калат кѳрктѳнүп» 
дегендин маанисин чечмелеп бере аласыңбы? 
4. «Кут алчу билим» дастанынан сѳз кудуретин ачып берген саптарды кандайча 
түшүндүң? 
5. Баарлашуу, маектешүү деген эмне? 
6. «Адептүү сүйлѳѳ» жобосунан сага ѳзгѳчѳ таасир бергендери кайсылар? 
7. Ширин сѳздүүлүк деген эмне? 


73 
8. Сѳз дагы ширин, ачуу болуп бѳлүнѳбү, эмне үчүн? 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   49   50   51   52   53   54   55   56   ...   72




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет