5-класс үЧҮн тарбиялык сабактар



Pdf көрінісі
бет54/72
Дата15.05.2023
өлшемі0.82 Mb.
#473712
1   ...   50   51   52   53   54   55   56   57   ...   72
Тарбиялык сабактар, 5-класс(1)

Талкуу үчүн текст
Кимдин жүзү ырайымсыз? 
Байыркы арабдардын Умавия ѳкмѳтүнүн калыйпаларынын ичинде Хажжож 
аттуу ѳтѳ залим, жарамсыз бир амир бар эле. Бул залим амир Хажоз вилаетинин акими 
болчу. 
Күндѳрдүн биринде Хажжож аңчылык кылууга камынып, таң сүрѳ электе ѳз 
сарайынан аттанып чыкты. Калк али уйкуда, дүкѳндѳр бек, кѳчѳдѳ бирди-жарым 
адам кѳрүнбѳйт. Хажжож шаардын чыга беришиндеги дарбазасына жакыныраак 
жерден бир дүкѳнчѳнү кѳрүп калды. Атын чапкан бойдон ошол дүкѳнчѳнүн жанына 
заматта жетип келди. Дүкѳндүн ээси кембагалыраак бир адам болучу, таң жарый 
электе эле дүкѳнүн ачып коюп, китеп окуп олтурган. 
Хажжож залим баягы кембагал дүкѳнчүгѳ: 
-Эй, дүкѳндүн кожоюну, мен бүгүн ууга бара жатам. Сарайдан чыккандан бери 
карай дал ушул жерге келгенче жолдо эч кимге кезикпедим. Мага бүгүн биринчи 
кезиккен адам сен гана болдуң, биринчи жолу сенин жүзүндү кѳрдүм. Эми мен ырым 
кыламын: эгерде уудан курсант болуп аман кайтсам, шыралгам менен сени 
сүйүнтѳмүн. Капилет бир балакетке кабылсам денеңден башыңды жуламын, 
уктуңбу? - деп шаар дарбазасынан чыгып кетти. 
Аң уулоо учурунда Хажжождун аты бир нерседен үркүп кетти, ал залимди жерге 
жыкты. Хажжождун колу жаралуу болуп кѳп ѳтпѳй ишип чыкты. Ал залим сарайына 
келээри менен табыпты алдырып, колун дарылата баштады. Качан колу айыккандан 
кийин баягы кембагал дүкѳнчүнү кашына чакырып келип, ага мындай деди: 
-Аң уулоого бара жатканымда мага ошол күнү алгачкы жолуккан адам сен 
болдуң. Мен биринчи жолу сенин жүзүңдү кѳрдүм. Ошол учурда ырым кылып эмне 
дегенимди эсиңден чыгарбасаң керек. Сенин жүзүң шумпай болгондуктан уудан 
аттан жыгылып, колум жараланып канчалык азап тарттым. Эми сенин башыңды 
денеңден ажыратамын, - деп желдетин чакырды. 
Баягы кембагал дүкѳнчү Хажжожго таазим кылып: 
-Эй тѳрѳм, сѳздѳрүңдүн баардыгы туура. Эми менин башымды кестиресиз. 
Ѳлѳѳрүмдүн алдында бир эки сѳз айтууга уруксат бериңиз? - деди. Хажжож урусат 
берери менен баягы дүкѳнчү: 
-Урматтуу тѳрѳм, ошол күнү сиз эң оболуу менин жүзүмдү күргүн сыяктуу эле, 
мен дагы ошол күнү сиздин жүзүңүздү кѳрдүм. Ошол күнү сиз менин жүзүмдү 
кѳргѳнүңүз үчүн колуңуз жараланды. Мен сиздин жүзүңүздү кѳргѳнүм учун мына 
азыр башым кесилет. Нысап кылып айтыңызчы, кана кимдин жүзү барып турган эң 
ырайымсыз шумпай жүз? Менин жүзүмбү же сиздин жүзүңүзбү? - деди. 
Дүкѳнчүнүн сѳздѳрүнѳ Хажжож ыраазылана каткырып күлүп, аны кечирди. 
Бейт:
Ар кимди бучкакка илбей жекирип,
Алба бекер ѳз абийириң кетирип. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   50   51   52   53   54   55   56   57   ...   72




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет