5-класс үЧҮн тарбиялык сабактар


Ой жүгүртүү үчүн суроолор



Pdf көрінісі
бет61/72
Дата15.05.2023
өлшемі0.82 Mb.
#473712
1   ...   57   58   59   60   61   62   63   64   ...   72
Тарбиялык сабактар, 5-класс(1)

Ой жүгүртүү үчүн суроолор
1. Үч жолоочу кирген үңкүрдүн оозун эмне үчүн таш бекитип калды деп 
ойлойсуңар? 
2. Эмне үчүн алар кайырлуу иштерибизди эстеп жардам сурайлы деп 
жатышат? 
3. Ал жерден чыгууга ѳздѳрү кандай аракет жасасаболот эле? 
4. Ал адам эмне үчүн ата-энесин ойготподу? 
5. Эмне үчүн балдары тамак сураса бербеди? 
6. Ата-энесин ойгонгучакутуп олтуруп эмне тапты деп ойлойсуң? 


81 
7. Балдарына тамак бербей, ата-энесине тамак бергенди жараткан жактырабы, 
эмне үчүн?  
 
 
 
Рубаилер 
Ата - дѳѳлѳт, эне - таалай бала үчүн, 
Кадырлоого жумша андыктан бар күчүң. 
Кылбасаң да чеке тердеп алп мээнет, 
Ошол болсун коомго кошкон үлүшүң. 
Ата менен эне тирүү барында,
Эң башкы ишиң жан дилиңден кадырла. 
Каза тапса арзыбайт бир тыйынга
Сен короткон алтының да, ыйың да. 
Мактай албайм үйдѳй алтын жыйнасаң, 
Мага десе академик аалым бол!
Ата-энени терең урмат кылбасаң,
Адам деген асыл наамың болот кор. 
Куштарбек Кимсанов 
Залкар ойлор 
Ата-энеңе кандай мамиле балдарыңдан ошону күтѳ бер! 
Питтак 
Ата - аскалуу тоо, 
Апа - боорундагы булак.
Бала - экѳѳнѳ шам чырак. 
 
 
 
 
 
 
Казак 
Атанын салган жолу бар,
Апанын тиккен тону бар. 
Каракалпак 
Карысы бар үй,
Казынасы бар үй. 
Кытай 
 
Үйгө тапшырмалар: 
1. Рубаилердин маанисин чечмелегиле. 
2. Залкар ойлорду чечмелеп, класста талкуулагыла. 
3. «Уядан эмнени кѳрсѳ учканда ошону алат» деген нуска сѳздүн маанисин 
чечмелегиле. 
4. Ата-эне менен болгон адепти дагы ѳз алдыңарча иштеп чыккыла. 


82 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   57   58   59   60   61   62   63   64   ...   72




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет