5-класс үЧҮн тарбиялык сабактар



Pdf көрінісі
бет56/72
Дата15.05.2023
өлшемі0.82 Mb.
#473712
1   ...   52   53   54   55   56   57   58   59   ...   72
Тарбиялык сабактар, 5-класс(1)

Сабактын максаты:
• Мамиле кылуу боюнча он накылды билишет; 
• Текстти окуп, анын мазмунун түшүнѳ алат; 
• Түшүнгѳндѳрүн ырааттуу ай 
тып бере алышат; 
• Адамдарга кандай мамиле жасоо керек экендигин билишет
• Окуучулар ѳз ойлорун эркин айтууга үйрѳнүшѳт. 
Сабактын жабдылышы: 
Текст боюнча тартылган түстүү сүрѳттѳр, эки ватман, эки маркер (кызыл, кѳк), 
темага байланыштуу таркатмалар ж.б. 
Сабактын ыкмасы: Башкарып окутуу 
Сабактын жүрүшү:
Мугалим: 
Окуучум, элдин-нарк мурасы сенин инсан катары калыптанышыңа, толук 
кандуу ыймандуу адам болушуна ѳз таасирин тийгизээри талашсыз. Мында айтылган 
ар бир насаат алтынга тете. Аны терең түшүнүп ѳз турмушуңда пайдаланууга, ыйман 
–ызааттуу, нарк-насилдүү ѳмүр кечирүүгѳ жан дилиң менен аракет жаса. Адамдар 
менен мамиле түзүүнүн сырларын үйрѳнүүгѳ, баарлашуу маданиятын аңдап 
түшүнүүгѳ белсенип киришсең, ким менен кандай мамиледе болуунун усулун терең 
ѳздѳштүрүп аларыңа шек жок. 
Кимге кандай мамиле
кылуу керек 
«Энѳѳлүк, элебестик-элдешпес душмандарың» 
 
«Этияттык –канжардан да күчтүү курал» 
«Сырын ката билген пенде ар дайым эркин болот» 
Торгой Чечен 
Окуучум, адегенде душман арттырып албоого аракет кыл. Кокусунан бир киши 
душманың экенин билсең, каала ачык, каала жашыруун абалда анын сактануусунан, 
купуя аракетинен ар дайым кабардар болуп тургун, энѳѳлүк кылбагын. Ага сен ѳзүңдү 
ашкере коркок кылып кѳрсѳтпѳ. 
Окуучум, душманыңды майда, күчсүз деп элебей койбогун. Айрыкча, ѳзүңѳ оолак 
жүргѳн адамдын душмандыгына караганда, ѳз жанында кѳбүрѳѳк жакындашып 
жүргѳн кишинин душмандыгынан корккун. Анткени анын кылган арамдык ишин жат 
душман кыла албайт, а сен сабыр кылгын, душмандарыңды кѳбѳйтпѳгүн, чыныгы 
досторуңду кѳбѳйтүүгѳ аракет кылгын. Ачууң келген чакта ѳзүңдү тыйгын. Акырын, 
жумшак сүйлѳгүн. Бирѳѳнүн жүзүнѳ ачык айта албаган сѳзүндү ал жок учурда айтьш 
ушакчы атка конбогун. Эч качан эки жүздүү, ьплас болбогун. Эки жүздүү адамдардан 
ыраак болгун. Чагымчы адамдардан этият болгун. Анткени чагымчынын бир саатта 
бузган ишин бир жылда дагы түзѳтүп болбойт.
Фисогурс (Пифагор) аким айткан экен: «Караандай балээлерден кутулууну 
кааласаң, ар дайым мына бул он накылды ѳмүр бою кѳңүлүңѳ түйгүн: 


76 
1. Ѳзүңдѳн улуу киши менен урушпагын. 
2. Орой, ачуусу чукул адам менен тартышып отурбагын. 
3. Ичи тар, кѳралбас, кызганчаак менен бир жыйында болбогун. 
4. Наадан менен сѳз талашпагын. 
5. Сыналбаган адам менен дос болбогун. 
6. Жалганчы менен мамиле түзбѳгүн. 
7. Наадан менен маектешпегин. 
8. Аял кишилер менен айтышпагын. 
9. Кызуу кандуу, кызганчаак адамдар менен мамиле түзбѳгүн. 
10. Ѳз абийириңден кол жууп калууну каалабасаң, сырыңды бирѳѳгѳ айтпагын. 
Окуучум, эгерде бир адам сенин айыбыңды, кемчилигиңди бетке айтса, сен аны 
туура кабыл алып, ѳз кемчилигиңди тезинен жоюуга аракет кылгын. 
Сага ѳз муктаждыгы тууралуу арызданып келген кишини эч убакта 
кемсинтпегин, ага кайра жардам берип, анын зарылдыгынан куткаргын. Ѳзүндѳн 
кичүүлѳргѳ жакшы мамиле кылгын. Аларга мээрбан болгун. Дегеним, кичүүлѳр сенин 
эгинзарың болуп саналат, ѳзүңѳ тийиштүү болгон бардык иштериң алардын 
жардамы менен бүткѳрүлѳт. Эгерде ошол эгинзарыңды ѳзүң кыйратып алсаң, анда 
сенин жекече тиричилигиң зор кыйынчылык менен ѳтѳт. Досуңа дагы, душманыңа 
дагы мээримдүү болгун. Кѳпчүлүктүн алкышына татыктуу болууну кааласаң ырайым 
кылуу жолун дагы жакшы туткун. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   52   53   54   55   56   57   58   59   ...   72




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет