5-класс үЧҮн тарбиялык сабактар



Pdf көрінісі
бет49/72
Дата15.05.2023
өлшемі0.82 Mb.
#473712
1   ...   45   46   47   48   49   50   51   52   ...   72
Тарбиялык сабактар, 5-класс(1)

Үйгө тапшырмалар
1. Хадистин маанисин чечмелегиле. 
2. «Мен кайсы жоругумду таштоом керек» деген темада ѳзүңдү байкоо жүргүзүү 
дилбаянын жазып кѳр. 
3. Залкар ойлорду окуп, маанисин чечмелеп бер. 


67 
№23 сабак 
ЖАМАНДЫК КЫЛГАН ЖАРЫБАЙТ! 
Сабактын максаты:
• Жамандыктын залалдары жѳнүндѳ түшүнүк алышат; 
• Текстти окуп, анын мазмунун түшүнѳ алат; 
• Каармандар жѳнүндѳ сүйлѳп бере алат; 
• Досторуна, жалпы эле адамдарга жамандык кылбоо керек экендигин түшүнѳт; 
• Окуучулар ѳз ойлорун эркин айтууга үйрѳнүшѳт. 
Сабактын жабдылышы: 
Текст боюнча тартылган түстүү сүрѳттѳр, эки ватман, эки маркер (кызыл, кѳк), 
таркатмалар (жамандыктын залалдары жѳнүндѳ жазылган чакан тексттер), ж.б. 
Сабактын ыкмасы: Тыным менен окутуу 
Сабактын жүрүшү:
Мугалим: 
Ар бир жаш инсандын жүрѳгүндѳ келечекке болгон жакшы максат, жагымдуу ой 
- тилектери бар. Ошол жакшы жышаандарды жүзѳгѳ ашыруу үчүн инсан бул 
жашоосунда кѳп аракет жумшайт. Алар качан жүзѳгѳ ашат? Жакшы менен жаманды 
ажырата билгенде, дээриндеги изги сапаттар бышып жетилип ѳз түшүмүн бергенде 
гана. 
Турмуштагы ар кандай кырдаалдарды акыл элегинен ѳткѳрүп, таразалап, 
талдап анан адал жашоого умтулган жаш жеткинчек, сенден баралыңа келгенде 
абийирдүү, ыймандуу адам пайда болот. Талкуу үчүн «Жоомарт халифа» тексти 
тыным менен окулат. 
Окуучуларга алгач тѳмѳнкү суроо берилет:
- Текстте жоомарттыкка байланышкан кандай окуя баяндалат деп ойлойсуңар? 
Андан соң, чыгарманын биринчи бѳлүмү кѳрктүү окулат. 
1-бѳлүм 
Байыркы арабдардын «Умавия» тукумундагы халиф ал арынан Умар ибн 
Абдулазиз эң адилет, эч кимдин кѳңүлүн оорутпаган, зулумдук менен 
калыссыздыктарды бүтүрүүгѳ жан үрѳгѳн адам эле. Халифанын бул сапаттарын кѳрѳ 
албаган жандар бир адамды жалдап, халифаны ууландырышты. 
Окулган текстти окуучулар кайталап айтып беришет. Мындан кийинки окуя
кандай болоору жѳнүндѳ божомолдорду айтышат. 
2-бѳлүм 
Бирок уу берген адам качып кутула албады. Аны Умардын кашына алып 
келишти. 
Умар ал адамдан: 
-Мага эмне үчүн уу бердиң? Мындагы максатьң эмне эле? - деп сурады.
Ал адам: 
-Халифам, мен сиздин жоомарт адам экениңизди билемин. Душмандарыңыз 
мага миң алтын берип, сизди ууландырууну буюрушту. Акча үчүн абийиримди 
сатып, ушул жарабас ишти жасоого мажбур болдум. Ѳз ишиме ѳзүм кыжаалатмьн, - 
деди. 


68 
Халифа ал адамдан миң алтынды алып мамлекет казынасына тапшырды. Анан 
ал адамга абдан ачууланды. 
Окулган текстти окуучулар айтып беришет. Мындан кийинки окуя кандай 
болоору жѳнүндѳ божомолдорду айтышат. 
3-бѳлүм 
-Акча, дүнүйѳ үчүн бирѳѳгѳ жаманчылык кылуунун чоң күнѳѳ экендигин 
билбедиңби? Эгерде чоң күнѳѳ экендигин билген болсоң мындай ишке кол сунбас 
элең. Мен сени кечирдим, арийне инсан жамандык кылган адамдан ѳч албоосу, анын 
күнѳѳсүн кечирүүсү зарыл. Эгер сен берген уудан кез жумсам, адамдарым сени 
жиликтеп, тытып жибермек. Ошон үчүн тообо кылгын, акчага, дүнүйѳ-мүлккѳ кѳз 
артып, бирѳѳнүн ѳмүрүнѳ кастык кылбагын, -деди. 
Ал адам ыйлап тообо кылды. Халифадан кечирим сурады, кайырлашып чыгып 
кетти. Халифа бардык жигиттерине бул адамга таптакыр тийбегиле деп буюрду. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   45   46   47   48   49   50   51   52   ...   72




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет