Чынтемир Аскаров Атаман уурулардын тагдыры



бет5/10
Дата17.06.2016
өлшемі1.02 Mb.
#143314
1   2   3   4   5   6   7   8   9   10

– Анан эмне таза кучакташып алган?

– Ал жагын өзүнөн сура. Мен билбейт экем,– деди Назик. Кубандыктын ачуусу бетине чыгып карайып турганын Назик сезе койду. А Кубандык болсо Акшоола таарынбаса жигитти ушул жерден эле баса калып атасын таанытарын ойлоду. Бирок азыр туура эмес. Акшооланы сыйласа мындай ишке баралбайт.

– Акшо-ола! Назиктин үнүн эми гана угуп, Акшоола токтоп калды.

– Эмне?!.

– Бери келсең. Тиги музыканы өчүрүп, Акшоола бери басып келди. Кубандыкты көрүп Акшоола «бул эмне келди» дегендей эч нерсени түшүнбөй турду.

– Тааныдыңбы? Кечээ бизди апарган жигит. Сага жолугайын деп келиптир.

– Жо-о-жок, экөөңөргө жолугайын дегем. Кыргызда «биринчи тааныш, анан сый алыш» дейт эмеспи. Силерди сыйлайын деп келдим,– деди Кубандык.

– Биз бош эмеспиз да. Саат он бирде баардыгыбыз чогулабыз. Концертке даярданабыз. Өтө кеч болуп кетет. Жөн эле убара боло бербеңиз,– деди Акшоола.

– Кайсы убакка чейин болсо да күтөм. Бүгүн бошмун. Эртеңден баштап чачтан көп жумуштарым бар. Андан көрө бүгүн эле макул болуп койгула.

– Мейличи Акшоола, жаш жигиттин көңүлүн калтырбайлычы. Мейли десең. Назик Кубандыкка жан тартып сүйлөгөнү менен Акшоола негедир жактырбагандай болуп:

– Концертке даярданып бүтөлүчү. Анан көрөрбүз,– деп тим болду.

Кубандык базар жакка барып бир сыйра магазиндерди кыдырып кайра келди. Концерттик залда репитиция жүрүп жатканын билип көпкө чейин машинасында отурду. Кайрадан жабалактаган ойлор биринин артынан бири келе баштады. Бүгүнкү көргөнүм өңүмбү же түшүмбү дейт. Эгер өңүм болсо эмнеге үйлүү-жайлуу адамдын кучагына жыгылат. Же түнкү көпөлөктөй ар кимдин жүрөгүнө башын коюп жүргөн немеби? Өңүм эмес, түшүм болгой эле дейт кайра өзү. Мен анын башка бирөөлөр менен жүргөнүн каалабайм.

Мына эми топ-топ болуп жаштар чыга баштады. Экөө эң артында чыкканы менен жанагы «жүзү кургур» кошо жүрөт. Дагы эле Кубандыктын ачуусу кайнап чыкты. «Карап тур, карап тур жолугарсың бир жерден» деп тишин качыратып алды.

– Али күтүп турасыңбы? – деп Назик кабинанын эшигин ачты.

– Эмне, тигил кафеге алпарганга макулбу?..

– Айтып көрөм, макул болбосо сен мага таарынба... Үчөө бери басып келатып, тигил жигит башка багытты көздөй басып кетти. Кубандык кабинадан түшүп эшикти ачты. Унчугушкан жок. Түз эле кафеге алып келип тамакты жайнатып койду. Стакандарга шампан куюлганда «кой биз ичпейбиз дешип кылыктангандары менен бир аздан кийин биринин артынан бирин ичише башташты. Акшооланын эки бети мурункудан да бетер кызарып чыкты. Ансайын Кубандыктын суктануусу артып жүрөк сырын төгүп-төгүп айткысы келди. Бирок Акшоола бир сырдуу. Көп сүйлөбөйт. Чечилип сырын билдирбейт.

– Атыбызды го билип алдык. Эми жөн-жайыбызды сураштырып билип алалы, Акшоола бухгалтир. Бухгалтир болгон менен бул чакан райондун маданий үйүндө кайсы эсеп-кысап дейсиң. Көбүнчө солист катары иш жүргүзөт. Мактап коеюн таланттуу. Аны концертте баамдайсың го. Ал эми мен китепканада иштегеним менен мен да ырчымын. Кээде айыл-айылдарга кыдырып кетебиз. Чөнтөгүбүзгө бир аз акча түшсө бапыраңдап кафелерге киргибиз келип калат. Мына ушундай. Эми өзүң жөнүндө айтчы. Биз угалы,– деп Назик чечилип кетти.

– Мен бир жүргөн жөнөкөй адаммын. Атам фермер. Мен анын малына баш көз болом. Базарга эт ташыйм. Сатам. Акчасын алибетте атама алып барып берем. Билимим жетинчи эле класс. Башка эмнени айтмак элем. Болду.

– О-о фермер дегениң азыркы күндө байлардын байы болуп жатпайбы. Демек байдын баласы турбайсыңбы?

– Аның туура. Атамдын аты байлык жактан таш жарбаса да алынча бар.

Акшоола булардын баарын угуп турган менен дагы эле чечилип сүйлөй элек. Ошону байкап отурган Кубандык отургучту жанаша жылдырып отура кетти. Акшооланы кадалып тиктеп калды. Ооба бул көз караш сүйүүгө мелт-калт толгон көз караш эле. Аны Акшоола эми сезди. Бирок анын ойлогону башка болчу. Жанагы режиссермун деген жигит аялымдан ажырашам. Экөөбүз баш кошобуз деп ынандырып койгон. Акшоола да аны кандайча сүйүп калганын билбейт. Көргөн сайын жакшы көрүп тартыла берет. Анын үстүнө «алтыным», «жаным», «аккуум» деп жан алы калбай эркелеткенин айт. Анын мындай эрип элжиреп кеткен кыялдарын ойлосо түн уйкусунан ойгонот. Бул жөнүндө Кубандык кайдан билсин. Күйөөсү жок, бой экенин билгенден бери ичинен сүйүнүп, кандайча өзүмө тартып алсам экен деп баятан бери тынчы кетип отурат. Акырын колун жылдырып колунан кармады. Акшооланын алаканынын илеби урду. Жаш жигиттин алаканынын табы андан да кем эмес эле. Кубандык кандай жылуу сезимге кабылса, Акшоола да ошондой болду. Жүрөгүнө жылуулук уялап, Кубандыкка тартыла түштү. Анын үстүнө Кубандыктын мүчө келбети, өңү-түсү тигиге караганда келишип турбайбы. Ушунданбы улам сөзгө аралашып, күлкүсү чыгып, маңдайы жадырай түштү. Аны сезген Кубандык дагы бир бөтөлкө шампанды апкелип столго койду.

– Муну ким ичет? Эми кыйнасаң кетип калам,– деди Акшоола.

– Кыйноо жок. Ичишибизче ичербиз. Ат оонаган жерде түк калат дегендей ичпесек калып калар,– деп Кубандык дагы бир жолу стакандарды толтуруп чыкты. Жок, бул сапар да Кубандыктын көңүлүн калтырган жок. Стаканды аппак алып көмкөрүп койду.

Убакыттын тез өткөнүн үчөө тең билбей калды. Сыртка чыкканда жаңыдан караңгы кире баштаптыр.

– Эми бизди үйүбүзгө чейин жеткизесиң,– деди Назик. Кубандык ичинен жым этип, машинасына кыздарды отургузуп үйлөрүн көздөй жөнөдү. Кыштактын четиндеги эки этаждуу үйгө келгенде машинаны токтотушту.

– Рахмат. Жакшы барыңыз,– деди Акшоола кабинадан түшүп жатып.

– Кетпей эле силердикине жатып алсам кантет,– деди Кубандык кыздарга.

– Биздин үйдө эркек атпайлардан жок. Экөөбүз эле, кантип жаткырайлы,– деди Назик кабинанын эшигин жаап жатып. Кубандык бүгүнкү өткөн күнүнө ыраазы болуп машинасын чымын куюн айдап үйүнө кандайча тез жеткенин билбей калды.

Үйгө Акмолдо келип калыптыр. Тиги СИЗОдо жаткандар үчүн өтө ири суммадагы акча керек болуп жатканын айтты. Ошон үчүн адаттагы «А-операциясын» жүргүзүү зарылчылыгы келип чыккан. Аккүзөн баштаган топ бекеринен чогулуп келбегендерин Кубандык дароо түшүндү.

Бардыгы Акмолдонун иш жүргүзүүчү бөлмөсүнө киришти. Картаны жайып коюп айылдын каерде экенин аныктап тактап чыгышты. Акмолдо бул жерде жети жыл мурда болгон. Эли ууру-бөрү дегенди билбей түндө да малдарын көчөгө байлап эч нерседен камырабай жатып калат экен. Акмолдо ошол аймактарда болуп коен жатагына чейин билип алган. Кур кол кайткан эмес, улам бирден-экиден уурдап отуруп жети жылкыны алып кеткени али эсинде. Азыркы «А-операциясы» дал ошого туш келгенин карачы.

Аккүзөн тамдын короо жайларын, машинанын каерде турганына чейин кагазга түшүрүп алыптыр. Акмолдо анын ийне жибине чейин карап чыгып, анан каерде кандай жол бар экенин, эгер кууп калса каерге жашына тургандыктарына чейин айтып берди.

– Мал менен иш жүргүзчү элек, эми машинага өттүкпү,– деп күлүп койду Акмолдо. Анан ойлуу тур­ду да:

– Кубандык бул төртөөнө сен кошуласың,– деди. Кубандык эмне айтаарын билбей туруп калды.

Оштон өтүп, дагы алты саат жол жүргөндө «Жарташ» айлына барып автобустан түшүштү. Алды менен машинанын каерде турганын көчө менен баратып байкап чыгышты. Машина гараж-маражы жок эшигинин алдында ачык жерде токтоп турат. Аккүзөн өткөн базарда эле бул машинаны сатып жаткан кишиден:

– Да масло, верьте мне,– деп орус жигитинин айтканын уккан. Мына эми дал ошол ак түстөгү «МАЗДА» көздү кычыштырып бул жерде токтоп турат.

«Бөрүлөр» чакан мейманканадан орун алышып, «жортуулду» түнкү саат үчтө баштамак болушту. Ага чейин уктабай жеп-ичип чардап отура бериш керек. Алар ошентти.

Үйдүн жанына келишти. Үй ээси секичеде коңурук тартып уктап жатат. «Кудай бизге берди,– деди Аккүзөн, толгон токой ачкычтарды чөнтөгүнөн сууруп чыгып. Мындайда Аккүзөн мышыктай болуп шыбыш чыгарбай жөрмөлөй алат. Ачкычты бат эле таап, машинаны замоктон чыгарды. Белине байланган жипти машинанын артына байлап ыргытты да, «тарткыла» деген белги берди. Жолго жаңы эле чыгарып бир аз жерге сүйрөйүн дегенче, коңшу үйдөн бирөөлөр кыйкырып калды. Коңшулар чуру-чуу түшкөнү менен «бөрүлөр» машинага түшүп, от алдырып, айылдан алыстап калышкан.

– Он беш чакырым өткөндөн кийин оң жакта жол бар. Ошого түшкүлө болбосо ГАИнин постуна кабылып каласыңар деген Акмолдо. Андан өтүп кетип жүрбөйлү. Кайра кайрылсак куугунчуларга туш болуп шорубуз шорподой кайнайт. Баарыңар көзүңөрдү албай оң жакты карагыла. Кудай уруп түндүн өтө караңгылыгын кара,– деп Аккүзөн топтун командири болуп приказ берип келатты. Оң жактагы жолду таап, эки чакырымдай жүргөндөн кийин эле, кара жолдон үстүндө кызыл жарык чагылышкан машиналар биринен сала бири өтө башташты.

– Булар түз эле постко кетишти. Кайра кайрылышат. Ушул токойлуу жердеги жолду шимшилешет. Ага чейин өзөнгө жетип, андан ары өтүп кетишибиз керек.

Аккүзөн машинаны эми гана жарык кылып өң-дөңдү карабай айдап баратты. Алдыдан дал жолдун ортосуна чыккан талды көрүштү.

– Эмне мындан ары жол жокко дейм,– деп Илбирстин жаны чыгып кетти.

– Андан аркы жолду фонарик менен карайлычы.

Кубандык бир топ жерге чейин барып карап чыкты. Кудай жалгап андан аркы жол канчалык кыйынчылыкка турбасын, жүрүүгө болот экен.

– Бул талды эмне кылсак. Балталап таштайык десек балтабыз жок болсо. Балталасак үн чыгып тигилер биздин изибизге ошондо түшүп калбасын,– деп акылын айта баштада Аккүзөн.

– Туурасынан жыгып көтөрүп өткөзөбүз,– деди Кубандык.

– Баса Бегомот турганда эмне камыбыз бар деп күлүп калышты жолдоштору. Бирок көл-шал терге түшүшүп араң дегенде сүйрөп машинаны өткөздү да, андан аркы жолду улашты.

Бирде ташка урунуп, бирде которулуп кете жаздап үч чакырымдай жерди араң басып өтүштү. Айткандай эле бир аздан кийин ГАИлердин машиналары токойдун арасындагы жолго түшүп дал ошол талга келип та­калды.

– Биякка келе албайт,– деди Аккүзөн,– биз кутулдук. Ошентип алар өзөнгө жакасын кармап кудайлап зорго жетишти. Өзөндөгү кечит да оңуп калган эмес экен. Күргүштөп суу аккан менен жайык жери бардай. Ал да тизеден өйдө.

– Артка жол жок. Өлсөк да ушул жолго түшүшүбүз керек. Аккүзөн рулда отуруп калгандары артынан итеришти. Машина ортосуна жетпей өчүп калды.

– Эми эмне кылдык? – деди Илбирс адатынча чебелектеп.

– Эмне кылмак элек итерип отуруп эптеп чыгарып кетебиз,– деди Аккүзөн.

– Көзүм жетип турат аркы өйүзгө чыгара албайбыз. Илбирс суудан чыгып жээктеги ташка отурду да чылымын тарта кетти.

– Коркок! – деп Аккүзөндүн жаны чыгып кетти. – Ушунча дүнүйөнү сууга агызып жиберейин деп турасыңбы?! Чекесиндеги кан тамыры көөп ачуусу менен атып жиберүүгө дайын турду.

– Бир аз эс алалы. Анан тилсиз жоо менен күрөшүп көрөлү,– деп Кубандык Аккүзөндү жоошутту.

Жана эле балбылдап жанган чолпон жылдыздын өңү өчүп, таңдын аппак шоолалары чыгыштан супа сала баштады. Таңдын лепилдеген жагымдуу абасы согуп, жээктеги майда барат жапайы өскөн талдардын башын ыргайт. Тээ алыстан машиналардын гүүлдөгөн үндөрү угулат. Ташка тийип мүдүрүлгөн агымдар мончоктой тамчыларын чачыратып күр-шар этет. Мына ошол күр-шар эткен агым кески уурулардын көкөйүнө көк талкандай тийип кантип өтөрдүн амалын таппай отурушат. Анткен менен бул өзөндөн эртерээк өтүп, дөңдөн ылдый түшкөн сайга далдаланышы керек. Антпесе жарык кирери менен менттер из кууп келери бышык.

Кийимдерин колго алышып баары аркы өйүзгө өтүү үчүн сууну кече башташты. Суунун агымы күчтүү. Ошондуктан дагы бир ирет тайыз жерди карап чыгышты. Эки-экиден жан жагына турушуп, Илбирс машинанын артынан итерип калды. Бир аз жылдыргандан кийин машина жарым жартылай оодарылып, Жөжөнүн бутун басып калды.

– Куруду Жөжө, бол Илбирс бол. Биякка кел! Ылдый тарталы,– деди суунун агымында турган Кубандык. Төртөөлөп машинаны бутуна койгондо Жөжөнүн сууга агып баратканын көрүштү.

Эси ооп калган турбайбы, машина басканда. Кудай жалгап, убагында көрүп калдык,– деди Илбирс Жөжөнү суудан алып чыгып аркы өйүзгө жаткызып жатып. Машинаны ташка такап коюп, кайрадан кечүүнү тактап, жоон жыгач табышып акырындап отуруп чыгарып кетишти. Сайга жеткенден кийин моторду ачышып суу болгон жерин тазалагандан кийин жаңы машина бат эле от алып кетти.

– Эсиңден чыгып кетпесин, номерин алмаштырып кой,– деди Илбирс Аккүзөнгө. Өлүм же жашоонун кыл көпүрөсүн башынан далай ирет өткөрүшкөн кески уурулар кабагым кашым дебей кайра:

– Алда Жөжө ай-я, бир өлүмдөн калдың го,– дешип каткырып келатышты.

«МАЗДАНЫ» апкелгенде Акмолдо кубанып же жайдарыланып сүйлөгөн да жок. Демейдеги калыбында баарын ээрчитип бөлмөсүнө кирди. Отурган жигиттерин сыдырата карап:

– Жөжө кана? – деди.

– Ооруканага жаткырып келдик.

– Эмнеге?! – деп Акмолдонун жаны чыгып кетти,– бияк­тагыларды бошото албай жатканда анын да кырсыктап калганын карачы.

– Коркпой эле кой Атаман аке,– деди Илбирс,– машинаны сууда итерип келе жатып жамбашын машинага бастырып алды. Эти ооруп калса керек. Көп болсо бир жума жатып чыгып кетет.

– Ошондой дегилечи бай болгурлар. Акмолдо сейфти ачты да бир таңгак акчаны алып чыгып:

– Бул төртөңөрдүкү. Эмки менин аракетим СИЗОдогулар менен болот,– деди.

– Майор досуңуздан жардам сурап көрбөйсүзбө. Мүмкүн анын чоң жардамы тийип калар,– деп Аккүзөн Акмолдого суроолуу кара.

– Кайра ошол былгытып жатабы, ким билет. Чини көтөрүлүптүр деп уктум. Демек мында бир сыр бар...

Тиги «бөрүлөр» кеткенден кийин Атаман кандай тапшырма берер экен деп кечке күтүп жүрдү Кубандык. Бирок эч кандай тапшырма бербестен эрте менен эрте туруп «МАЗДАНЫ» айдап, каяка барарын да айтпай кетип калды. Кетип калганы да жакшы болду. Бүгүн кечинде Акшоолалардын концерти болот. Концертти көрүп, анан Акшоолага жолугуу кандай бакыт!

Кубандык эртелеп жуунуп тазаланып, үстүнө али бир да кол тие элек жаңы кийимдерди кийди. Күзгүгө ары-бери каранып жаткан Кубандыкты көрүп Зыябү:

– Каякка барайын деп жатырсың? – деди.

– Концертке.

– Бара кой айланайын. Эртелеп жүрө бер. Бейбаш балдарга кабылып жүрбө,– деп өз баласын аягандай сөз катты.

Райондун борборуна жарым саат эрте келип, Акшоолага да, Назикке да гүл алып алды. Биринчи катардан орун алып, экөөнүн үнүн угууга ынтызарланып отурган менен жакында чыга коюшкан жок. Мына Назик чыкты. Эл кол чаап жиберишти. Назик алды менен элден сүрдөндүбү үнү кысылып чыгып, бара-бара ачылып анан залды шаңга бөлөп жиберди. Музыканын шаңы басылар менен Кубандык сахнага ыргып чыгып Назикке гүл сунду. Анын колун кармаганда али денесинин титирегени басыла электигин байкады Кубандык. «Сыртынан караганда ырчылардын турмушу жеңил, анан кандай жыргал деп коебуз. Күндө ыр-күлкү менен жүрүп картабайт да болуш керек деп божомолдойбуз. Көрсө сахнага чыгуунун өзү да оңойдой кө­рүнбөйт. Жүздөгөн көздөр бир кишини эле карап турса ким толкунданбайт, сүрдөнбөйт, калтырабайт. Демек жашоодо оңой оокат жок тура» деп ойго чөмүлүп отурду Кубандык.

Акшоола сахнага чыкканда эл залды жаңыртып кол чаап жиберди. Анын үнүнө куштар болуп, эңсеп сүйүү­чүлөр көп экенин көрүп ичинен сүйүнүп койду. Анан музыканын коштоосунда Акшооланын ооз комуздай дирилдеген үнү залдын ичинде оболоду. Микрофонду кармап тал чыбыктай белин ийилтип, бий коштоп ырдаганычы. Арт жакта отурган жаштар чыдай албай кетиштиби ышкырып ал турсун «биз сени сүйөбүз» деп кыйкырып да жиберишти. Акшооланын үнү калкыгандан калкып, дене бойду балкытып, эт жүрөктү элжиретип кимди болсо да сыйкырлап койгондой. Элден Назиктей болуп калтаарып кетпей, кайра жүрөгү эргип улам үнүн бийиктете созолонот. Ууртуна күлкү уялап, көздөрү күлмүңдөп, нур төгүлгөн жүзүнө сахнадагы шамдар төгүлүп ого бетер сулуулантып жибергендей. Чиркин, отургандар магниттей тартылып, көз кумарлары тарабай тигилишет. Ырдын арткы саптарын кайталап, акырын-акырын үнүн пастап токтоду. Дүркүрөгөн кол чабууга залдын ичи жаңырды. Кубандык нес болгон кишидей ордунан козголбой калыптыр. Гүл эми эсине түшүп селт этип кетти. Ордунан ыргып туруп көшөгөнүн ары жагындагы эшикке кирип бара жаткан жеринен токтотту.

– Куттуктайм Акшоола, куттуктайм. Укмуш ырдадың,– деди Кубандык гүлүн сунуп жатып.

– Рахмат,– деп Акшоола ыраазычылыгын бил­дирди.

– Сыртта күтөм. Назик экөөңөр жолугарсыңар.

– Көрөбүзго. Акшоола туюк жооп берип ары жакка кирип кетти.

Ушундай кызга жолугуп, аны катуу сүйүп калгандыгы үчүн тагдырына ыраазы боло түштү. Бирок али чечилип сырдашпаганына капа боло кетет. Ошентип ал машинасын чыга беришке коюп чыдамсыздык менен күтүп отурду. Элдин агымы суюлар менен көп күттүрбөй чыга келишти. Сүйүнүп кетти. Кудай кааласа эркимче сүйлөшүп, агыл-төгүл махабатымды билдирем деп ойлонду өзүнчө.

Эки кыз үйлөрүнө жеткенде унчугушпай кабинанын эшигин жаап кетүүгө камынышты.

– Эмне кыздар мени таштап кеткени жатырсыңарбы:.. Силерге белек ала келгем. Мүмкүн болсо бир аз убакыт бирге отуралы. Тигил экөө шыбыраша түшүшүп:

– Эмне белек? Ушул жерде эле берсеңиз болбойбу? – деди Назик.

– Болбойт. Аны жарыкта эле көрүүгө болот. Тигил экөө кайра шыбыраша калышып, анан «жүр» дегендей белги кылышты. Кабагы ачыла түшүп, сумканы колуна кармай кыздардын бөлмөсүнө кирди. Экөө бат эле чай дайындашып дасторкон жая салышты. Кубандык сумкасынан бир шампан, эки кутуча алып чыкты. Назик кутучадагы атырды көрүп сүйүнүп кетти. Анткени өтө кымбат баалуу атыр эле. Акшоола ары бери кармалап көрдү да кымбаттыгына маани бербегендей түр көрсөтүп текчеге апарып коюп койду. Шампан стакандарга куюлганда ичпейм деп да айтышкан жок. Эки стакандан айланганда экөөнүн беттери кызарып чыкты. Кубандык мурдагыдан да сугун артып Акшооланы карагандан карайт. Анткен менен тигил жылуу жумшак мамиле кылып койсочу. Бир калыпта сиз деп сүйлөп келберсигенден келберсийт.

– Кенен кесир сүйлөшпөй тумчугуп кеттикко. Музыканы коеюнчу,– деп Назик магнетофонду кое кетти. Баятан берки ичкен ичкилик таасир эткен окшойт, Акшоола Кубандыктын бийге чакырганына каршылык көрсөткөн жок. Ичке белинен секин кучактай. башын Акшооланын чачына жөлөй, жытын искей, рахатка малынып бийлеп жатты.

– Экөөңөр бири-бириңерге жарашып калат экенсиңер. Кап сүрөтчү болсом ээ, тартат элем дал ушул абалыңарда,– деп Назик күлө сүйлөдү. Ошентер менен Акшоола колун кое берди. Өзүнчө эргип, жыргап турган денеси, муздай түштү. Делдээ Акшооланы карап калды. Кубандыктын оңтойсуз абалда калганын сезе койгон Назик токтой элек музыканы коштой Кубандык менен бийлей кетти.

– Эми үй-үйлөрүбүзгө кайталы, эс алалы. Мен чарчап турам,– деди Акшоола дасторконду жыйнап жатып. Анткен менен магнетофондон Назиктин сүйгөн ыры «жаштык вальсы» аягына чыга элек эле. Канчалык жакындашып сыр чечишейин деген Кубандыктын аракети оңунан чыккан жок. Мергенчиге алдырбаган калтардай жакындайын дегенде эле тура качат. Кабагы ачылбай, сиркеси суу көтөрбөйт. Анын жанында Назик жаркылдап жайнайт. Жагымдуу мамилеси менен ачык айрымдыгы жүрөктү жылытат. Бирок сүйүү ага карабайт тура. Кубандыктын ойлогону, үмүтүнүн өчпөс таңы Акшоола гана. Ошентип ушул күн кубанычсыз да кайгысыз да бейпайда өттү да кетти.

Бир жума бою Акмолдо келген жок. Кубандык анын жолун карап отуруп эч жакка чыга албады. Малчыларга баш көз болуп байланган согумдарды өзү карап жүрдү. Атаманды издеп келгендерди Кубандык өзү кабыл алып, ал абалды сурап, анан акылын айтып жөнөтөт.

Акмолдо кеткен жагынан көздөрүн үлдүрөтүп чарчаңкы келди. Тамагын ичер менен эч кимге эч нерсе дебей Зыябүгө төшөк салдырып жата кетти. Анын ортосунда Оруссиядан Дворник менен Серый келишти. Зыябү аларга:

– Эс алып жатат, башка күнү келгиле,– деп жөнөтүп жиберди. Ошентип ал эки күн эч кимди киргизген жок. Зыябү гана кирип тамак аш берип жатканда «сага эмне болгон» деп сураган. «Иш чатак, биерден кетпесек болбой калды окшойт. Тергөөчүлөр биздин уюмду шимшилей баштаптыр. Үч жигитибизди тим эле сыгып, баарын айттырып алуу үчүн кыйнап жатышат. Сунуш кылган акчамды албай коюшту. Кайра өзүмө асыла баштаса болобу. Аттиң, заманыбыз өтүп бара жаткан экен».

– Кудайым ушул убакка чейин жалгап келди. Мындан ары да жакшылыгы бар чыгар. Чылый чөгө бербечи. Өзүңдү кармачы,– деп Зыябү кайрат айтты.

Дворник менен Серый кайра кайрылып келгенде Акмолдо али сыртка чыгып эч кимге жолуга элек болуучу. Ошондуктан келгендерди Зыябү өзү Акмолдого киргизди. Акмолдо ордунан туруп орус туугандары менен кол алышып учурашып Зыябүгө жакшылап тамак жасап, ичкилик алып келүүнү буйруду. Коноктор кур кол келишпептир. Алтын, күмүш, табылгыз акактарды алдына таштады.

Жөн эле койбойсуңарбы,– деди Атаман.

– Жок, башканы унутсак да сизди унута албайбыз. Жетимдиктин айынан нан таба албай жүргөндө бизди бооруңузга басып, анан нан таап жегенге үйрөттүңүз. Жан кечти иш болгону менен үй-бүлөбүздү тың багып жатабыз. Дворник бир кыздуу, мен эркек уулдуу болдум. Кембагалдарга эмес дүнүйөсү ашып-ташыган байлардын капчыгын аз-аздап азайтып койгонубуз болбосо башка бирөөлөрдөй көппөйбүз. Өтө ашынып кетпейбиз,– деп бежиреп кирди Серый.

– Колунда бар болгон күндө да жөнөкөйлүктү сакташ керек. Ууру ушул сапат менен айырмаланат,– деп Акмолдо баса сүйлөдү.

Тамак алдыга келип, арактан бир-эки стакан ичкенден кийин Акмолдонун башын мыжыктырып оорутуп жаткан оор сокку кайда тарап кеткенин билбей калды.

– Силерде да уурунун жолу тарып баратабы? Акмолдонун айбаттуу көз карашы кетип, маанайы пас болуп калганына аң-таң болуп отурду Серый.

– Россия кыргызстандай чакан мамлекет эмес. Бир учунан бир учуна кетсең эч ким тааныбай калат. Уурунун жолу кенен.

– Ал жагы бар. Мен уулумду силерге кошуп жиберем. Жер көрсүн. Силерден көп нерсени үйрөнөт. Анын үстүнө үйлөнүүгө да убакыты келип калды. Силер менен иштеп капчыгын кампыйтып келсин.

– Абдан жакшы болот. Жашоого эң сонун шарт түзүп беребиз,– деп экөө тең жарыша сүйлөдү.

Кубандыкты чакырып, ал жөнүндө айтканда аяш атасына эч нерсе дей албады. Эгер Акшоолага жолукпаганда аябай сүйүнүп кетмек. Эми көрбөйсүңбү тагдырдын тамашасын. Бир күндө эле ойлогон ою, барам деген жагы бөгөлүп калбадыбы.

Кубандык жолдоштору менен эки ай жүрдү. Алар көбүнчө үйгө кирип, баалуу буюмдарды уурдап чыкканга машыгып калгандардан экен. Кандай гана кулп болбосун өз үйүн ачкандай ачышат. Бир шаардан бир шаарга кыдырышып, жалаң ресторандардан тамактанышат. Бирок жыргап куунап жашаган эки ай, эки жылдай узарып кетти. Басса, турса Акшооланы ойлоп, башы ооручу болду. Маанайы пас, кабагы ачылбаган Кубандыкты көрүшүп достору кетүүгө уруксат беришти. Тапкандарын тең бөлүшүп:

– А это Атаману,– деп атайын белек тапшырышты.

Акмолдо Кубандыктын таап келген дүнүйөсүнө эмес, аман-эсен келгенине сүйүндү. Анын үстүнө Кубандык келинчек алганы жүрөт деп Зыябү Акмолдонун кулагына шыбырап койгон. «Апкелсе апкелсин. Ушул үйгө эле алып келе берсин» деген Атаман. Ошентип Кубандык үчүн экөөнүн тең тилеги ак эле.

Акшоолага кантип жолуксам деп Кубандык түнү бою уктаган жок. Эртеси эрте туруп Атаманга ооз ачып койбой райондун борборун көздөй жөнөдү. Баягы тааныш үйдүн эшигин каккылаган менен эч ким чыкпады. Маданий үйүнө келсе, мында да кыбыр эткен жан жок. Сурамжалдап китепкананы тапты да Назикке жолукту.

– Мага Акшоола кайда барарын айтпайт да,– деди Назик.

– Чоңташтагы үйүнө кеткен жокпу?

– Жо-о-жок. Досторундабы, бир жакка сейилдеп кеттиби, биле албайм. Бир гана кечте үйдө болорубуз анык.

Китепканада Назик экөө көпкө сүйлөшүп отурушту. Түшкү тамакта Назикти кафеге киргизип сый көрсөттү. Чынында Акшоола эмес, Назик Кубандыкты сүйүп калган эле. Ошон үчүн улам карегине кадала карап, өзү күткөн сөз чыга калабы деп үмүттөнөт. Бирок Кубандык эч нерсени сезбегендей, туйбагандай бейкапар. Ойлогону Акшоола. Жаным, чүрөгүм, бүгүн сага жолуксам экен деп миң кайталап жатты ичинен.

Машинасын талдын далдаасына коюп, кире беришти аңдып отурганына үч сааттай өттү. Караңгы кирип көз байлана баштады. Баятан бери чырк-чырк деп жаткан чымчыктар да уясына кирип жайланып калгандай. Тынчы кете баштады Кубандыктын. Акшоола келбесе да, Назик качан эле келип калышы керек эле.

Мына үчөөнүн карааны көрүндү. Эшиктин алдына токтолушту. Даана тааныды. Акшоола, Назик, баягыда көргөн режиссер сөрөй. Тишин кычыратып алды Кубандык. «Кап колго ээн тийсе экен». Негедир Назик үйгө кирип кетип, сыртта Акшоола менен режиссер калды. Кучакташа кетишти.

– Болдучу, кетейинчи,– деди Акшоола.

– Сага баятан бери бир сөздү айта албай жатам.

– Айта бер. Бүгүн эле таанышкан жерибиз жокко.

– Мен аялым менен ажыраштым. Сен үчүн ажыраштым. Мен сени чексиз сүйөм,– деди жигит кетүүгө камынган Акшооланын колунан кармай калып.

– Балаңды эмне кыласың? Бирөөлөр балага жетпей жүрсө сен балаңды жетим кылып коймок белең?..

– Экөөбүз балалуу болобуз. Ал бала эч жакка качпайт. Акыры мени издеп келет. Азыр сенин макулдугуң гана керек. Анын үстүнө бирге иштеп бир жүрөбүз.

– Али бир чечимге келе элекмин. Көрө жатарбыз,– деп тим болду Акшоола. Режиссер жигиттин аты Буудайбек экенин мурда эле билип алган. Ошондуктан Акшоола менен коштошуп ары баса бергенде эле.

– Буудайбек токточу,– деди Кубандык. Оюнда эч нерсе жок жигит токтоду.

– Мен сени жакшы тааныбайт экем...

– Азыр жакшылап таанышабыз. Менин атым Кубандык. Колун сунду. Ал да колун сунганда кычырата кармады колун. Анан жакасынан алып муунтканда эки көзү чакчайып кетти. Деми кыстыгып далбас уруп калганда колун кое берди Кубандык.

– Эй тууган мунуң эмне, эмне күнөөм үчүн кылкынтып жатасың, же сени атаң, энең дедимби? Айтчы байболгур,– деп Буудайбек булдуруктай сүйлөдү.

– Күнөөңдү билбейсиңби я?! Сен аялыңды таштап кимге үйлөнгөнү жүрөсүң я?! Ал күнөө эмес бекен?..

– Ал сенин ишиң эмес, менин ишим.

Кубандыктын ачуусу ашып ташып, жини кайнай түштү.

– Менин ишим бар. Ошон үчүн мына дагы сага.

Чоң муштуму менен бир койгондо араң турган Буудайбек көлчүккө барып кулап, башындагы калпагы калың өскөн чөптөрдүн арасына ыргып кетти. Кайра тургузуп алды да:

– Экинчи Акшоолага жакындаба. Ал меники. Түшүндүңбү? – деди. Буудайбек көлчүктөн тура калып, үстү башынын булганганына карабай жан далбастап качып жөнөдү. Ошондон көп өтпөй эле машинадагы белек бечкегин алып кыздардын эшигин каккылады. Назик чыга калып Кубандыктын турганын көрүп:

– Али кете элек белең,– деп алая карады.

– Силерди эмдигиче келип калгандыр деп атайын кеч келдим. Айып көрбөйсүңөрбү?..

Назик Кубандыктын колундагы сумкасын көрүп «сөзсүз бир нерсе апкелди» деп ойлонду.

Үйгө киргенде дасторкон жайылуу экен. Бирге чай ичип отуруп, бир маалда сумкасын аңтара кетти Кубандык. Эки кутуча бир шампанды алып чыкты. Кыздар алар менен кутучаны ачышты. Өмүрүндө көрбөгөн сонун акак шурулар экен. Экөө тең моюндарына тагынышып, ары-бери каранышат. Акшооланын көңүлүнө жактыбы, өз алдынча жылмайып койду. Буйруса жүрөгүнүн ачкычын таптым го деп сүйүнүп отурду Кубандык.

Шампандан алып, чай ичүү да аяктап баратат. Акшооланын эки бети мурункудай кызарып чыкты. Көздөрү балбылдап күйүп, кундуздай кара чачтары маңдайына түшүп сеңселет. Кубандыкты караган сайын сугу артылып алапайын таппай кетет. Мурдагыдай колун кармалап жылуу көз карашта отурганы менен жарытылуу эч нерсе айта албады. «Эгер Назик ортобузда болбосо Акшоола экөөбүз чечилишип отурат белек» деп коет ичинен. Отургучту Акшооланын жанына жылдырып белинен кучактады.

– Колуңду тартчы! – деп силкине сүйлөдү Акшоо­ла. – Эми болду үйүңүзгө кетиңиз! Берген мончогуңузга мактанып отурсузбу?! Анда кайра алыңыз.

– Койчу Акшоола бул да сый да. Кубандыктын бергени кудайдын бергени деп ала берели,– деп Назик Кубандыкты жактай сүйлөдү.

Акшоола кайра келип Кубандыктын жанына отурган менен кабак-кашы ачылган жок. «Жай сүйлөшкөн менен болбойт экен» деп койду ичинен. Аңгыча сырттан бирөөнүн ышкырганы угулду. Амантур го,– деди Назик,– мен чыгып келейин. Кубандык талиске кошо чыкты.

– Ме миң сом. Сен келбей эле койчу. Биз экөөбүз ээн-эркин сүйлөшөлү.

– Мейли, эжемдердики жакын эле жерде,– деп акча алганына сүйүнүп кетти Назик.

Акырын эшиктин илгичин илип, Кубандык ички бөлмөгө кирди. Акшоола эч нерсени ойлобой пиала чайнектерди орду ордуна коюп жатыптыр.

– Сиз кеткен жоксузбу? – деди Кубандыкты көрөрү менен.

– Кайда кетем. Мен сени чексиз сүйүп калганымды билбейсиңби?..

– Билбейм, билгим да келбейт. Менин сүйгөнүм бар. А сендей жигитке ким тийбей коет деги?..

– Билем сүйгөнүңдү. Үйлүү-жайлуу болгон режиссер чыгар. Бир күнү эле баламды кыя албай койдум деп кетип калса эмне кыласың?

– Сен аны кайдан билесиң?

– Бирөөлөрдөн уктум.

– Уксаң анда ошол.

– Акшоола түшүнчү мен сенсиз жашай албайм. Жанымда сен болбой, башкага кетсең асылып өлөм. Менин сүйүүм ушунчалык, ишенсең...

– Башымды оорутпачы! Бүгүн коюп башка күнү сүйлөшөлү, эми үйдү бошот. Акшоола сыртка карай итергиледи эле Кубандык шап белинен кучактап анан жаш баланы көтөргөндөй алаканына салып алды да, көйнөктөрүн быт-чыт айрып диванга жыгылды.

– Мага тийбегин, мен жуанмын, өзүңө ылайыктуу кыз тап,– деп жалбарынып жалынып жиберди.

– Жуан эмес он эрге тийсең да мен сени сүйөм, мен сенсиз жашай албайм,– деп Кубандык өзүн токтото албай, күр-шар аккан суудагы жалбыздай дирилдеп кетти...

...Кубандык катуу уктап эрте менен кеч ойгонду. Акшоола чайды дайындап, дивандын жанында тигиле карап отуруптур. Ал караш мурдагыдай эмес, сүйкүмдүү да жагымдуу. «Чын эле сүйгөнүмө жеттимби?» деген ойдо Акшооланын колунан тарта калып кучагына алды да, бетинин эч жерин койбой өөп жатты.

Үйгө келгенде чак түш болуп калган. Акмолдо ага кейип-кечиген да жок. Болгону машина керек болгонун, кезектеги «жортуулга» жиберерин айтты. Кубандык аркы бөлмөгө кирип төртөөнө жолукту. Аларды жакшы тааныйт. Желмаян, Тоодак, Сарычычкан жана Карабөкөн. Бардыгынын бирден машинасы бар. Сүйлөгөндө асмандан таш кулатып сүйлөп, бойлоруна эч кимди теңебей чиренишет. Анткен менен Кубандыкты жакшы билишет. Кубандыкка жолукканда: «Мына мунун муштуму кувалда гой» деп күлүп калышат. Ошондуктан мышыктан корккон чычкандай бөйпөң­дөшүп турат.

Бир ай бою Каратоодо мал аңдышып жүрүштү. Кээ бир фермерлер малдарын ушул жакка кое беришет. Малдар тоонун күңгөй беттериндеги түркүн-түркүн чөптөрдү жеп нык семиришет. Анын үстүнө этинин даамдуулугун айт. Бир жесең бир жумага чейин оозуңдан даамы кетпейт.

«Саргара күтсөң, кызара бөртөсүң» дегендей эки үйүр жылкы эки бетте ээн-эркин оттоп жатты. Үчөө үч саат бою убара болуп жатып үч атты кармашты.

– Тигилерге убара болуп беш ат менен кетебизби. Үйүрү менен айдап кетебиз. Тиги белди ашсак эле болду. Андан ары жайык жер. Жолду арбытып алыстап кетебиз,– деп Желмаян болбой туруп алды. Эки күн күн-түндөп жүрүп отурушту. Жайыкка келгенде аттарды жайытка кое беришип, өздөрү эс алышты.

– Эми коркунуч жок. Мындан аркы жолдун коен жатагына чейин билемин,– деп мактанып отурду Желмаян. Анткен менен күн ысып чыкты. Тал эмес куурайдын көлөкөсү көрүнбөйт. Мээни жеп сызгырып баратат. Суу бир аз гана калды. Ал түгөнгөндөн кийин эмне кыларын билбейт үчөө тең. Алар багыт алып бараткан Ташбулакка чейин али канча күн жатат.

Куюлган терлерин көйнөктөрү менен аарчышып, анан баштарына ороп алышты. Аттарды жаңы эле минип тигил жайылып жүргөн жылкыларды чогултайын дегенде асмандан вертолеттун үнү угулду. Түз эле алар жакка келатканын көрүшүп:

– Аттарды таштап бешөөбүз беш жакка качалы,– деди Кубандык.

– Жаратылышты коргоонун вертолету чыгар,– деп Желмаян камырабай баратканда асты жагынан ок жаап кетти. Артын карабай чаап бараткан Кубандык бөксө тоонун кырына жеткенде, тигилер эмне болду экен деп көз чаптырып карады. Экөөнүн аты өлүп, жөө далбастап чуркап баратканын көрдү. Эки атчан кайда кеткени белгисиз. Тигил ийнеликтей канатын сабалаган вертолет алардын артынан түшсө керек. Жедеп чарчап бүткөн атын камчы менен чапкылап жылга жакка айдап жиберди да, таштын далдаасына бугуп жатып калды. Вертолет келгенде ат тигил кырга жетип, үйүрүн издеп аска зоону жаңыртып кишенеп баратты. Вертолет ошол тегеректе айланып-айланып өттү да анан тигилер жакка бет алды.

Арып ачып, жолу болбой келген Кубандыктан тигилердин жөн-жайын сурады Акмолдо.

– Алар жөнүндө убайым чекпей эле кой. Сөзгө бек, адамды сатпаган ишенимдүү кишилери бар. Ал эми мындай кыйын кысталыштар ар бир уурунун башына келет,– деп жубатып койду. Канткен менен да бир жума бою өзүнө келе албай жатты Кубандык. Ошентсе да Акшоола эмне кылып жүрдү экен? Бир көрүнүп жок болуп кеткениме таң калып жүргөндүр. Же баягы Буудайбеги менен жүрүп калдыбы деп ойлоно калат.

Негедир кийинки кездерде Акмолдонун кабагы ачылбай калды. Анан ар кайсы жактардагы ууруларды чогултуп алардын жөн-жайын ой-пикирлерин укту. Чынында «бөрүлөр» уюмунун иши күн өткөн сайын өтө кооптуу боло баштаган. Ошондуктан алты айдан бир жылга чейин тыныгуу керектигин маалымдады. Ири малдарды, банктарды, машиналарды уурдоого тыюу салды. Анысы Кубандыкка майдай жакты. «Эми Акшоолага үйлөнүү керек деп чечти өзүнчө. Муну Зыябүгө айтпаса да кексе аял билип жүргөн. Ошондонбу дасторкондо чай ичип отурганда Акмолдо сөз баштап калды.

– Биерде жашап иш жүргүзүп жатканымды бирөөлөр сөз кылса керек. Кийинки кезде коркунучтуу ойлор келип, башка жакка кетким келип жүрөт. Аял ал. Сени райондун борборуна бөлөм. Там, машина алып берем. Антпесем бир жаман иш башка келип калса, тапкан дүйнөлөрдүн баары сапырылып жок болуп кетет,– деди. Кубандык унчуккан жок. Бирок Акшооланы ойлоп ичинен сүйүнүп койду.

Акмолдо ишти ылдамдатып жиберди. Кубандыкка чоң там алып берип, ичин мебелдерге толтурду. Ак түстөгү жапжаңы «АУДИ», мал сатканга керек болот деп «ФОРД» маркасындагы маршрутка алды. Ошентип сейфтеги акчасынан кыпым калган жок. Анткен менен үч жүздөй кою, жыйырмага жакын кара малдары бар болчу. Аларды четинен базарга апарып сата баштады. Семиздерин сойдуртуп Бишкекке өзү барып, кээде Кубандыкты жөнөтүп турат. Ишсиз калган жумушчулары биз кайда барабыз деп даттана баштады.

– Азырынча тамагыңар барбы, жашай бергиле. Орун которгондо силерди кошо ала кетем дейт Акмолдо. Мунун баарын көрүп жүргөн Кубандык «чал эмне жинди болуп кеткенби» деп ойлоп коет. Кайра «э, койчу аны, мен өзүмдүн турмушумду өзүм алып кетишим керек» дейт.

Жаңы «АУДИ»ни китепкананын жанына токтоткондо Назик кайсы чоңдор келди экен деп сыртка чыга калды. Кабинадан Кубандык чыга калганда аң-таң. Мынча акчаны кайдан тапты экен деп ойлоду ичинен.

– Акшоола кайда? – деди учурашкандан кийин.

– Кайда болмок эле. Жумушунда эле. Айтчы сен кайда жоголуп кеттиң Кубандык.

– Кайда жоголмок элем. Россияга барып соода сатык иштерин жүргүзүп иштеп келдим. Жолум болду. Машина алдым. Там алдым. Көрөсүңөр го.

– Ойго келбес иш ко.

– Ошондой болуп кетти, эмнени айтасың. Эми жүр Акшоолага баралы.

Назик бат эле Акшооланы ээрчитип чыкты.

– Кандайсың Акшоола? – деп колун сунду Кубандык. Акшоола күлмүңдөп колун берди. Негедир Кубандыкты сагынып калыптыр. Буудайбек болсо Акшоолага көптөн бери сыртын салып сүйлөшпөйт. «Аялы менен жарашып алгандыр» деп ойлоп койгон. Ал эми Кубандыктын бир келип, кайра кайрылбай койгону табышмак. «Мүмкүн башкага үйлөнгөндүр. Оозу шок жаным жуанмын деп эмнеге айта койдум экен» деп Акшоола ичинен өкүнөт. Бирок Кубандык оюна эч нерсе албагандай шатыра-шатман, көңүлдүү.

– Экөөңөрдөн сүйүнчү алайын деп келдим. Мына машинам. Азыр силерге тамымды көрсөтөм. Макулсуңарбы? – деди Кубандык.

– Мен жумуштамын Назик экөөңөр барып келгилечи,– деп кетенчиктеди Акшоола.

– Ашып кетсе жарым саат. Машина менен кайра эле жеткирип коем.

– Сен барбасаң мен да барбайм, мен да жумуштамын. Назик кетүүгө камынды.

Экөө акыйлашып отуруп акыры машинага түшүштү. Тамдын ичине киргенде жомоктогудай жасалгаланган үй ичин көрүп таң калышты.

– Бир гана ушуларга кожоюн боло турган келинчек керек деди Кубандык.

– А-а, Акшоолачы?.. Акшоола жаман көзү менен карады Назикти.

– Ушун үчүн апкелдиңерби?! Акшоола ачуусу келип бултуңдай түштү.

– Жок, жылдызым, силерден сүйүнчү алайын деп алып келдим. Менден каталык кетсе кечирип койгула. Тамды болсо көрдүңөр. Эми кухня тамга кирели. Силерге сюрприз дайындап койгом. Үчөө кухняга киргенде жашылча жемиштердин түркүн түрүн, казы, карталарды кесеге салып ортого коюп коюптур. «Мына жашоо. Эгер мага үйлөнөм десе, азыр эле кошо кетет элем» деп ойлонду Назик. Акшоола болсо: «мындай арам дүйнөнү кайдан тапты экен. Мындай киши менен жашоо коркунучтуу. Жакшылап таанышып, сырын билгенден кийин гана турмушка чыгуу керек»,– деп ойлоп койду ичинен.

Кубандык аларга сыр билдирбей тамактангандан кийин иштеген жерлерине жеткирип. кетеринде үйлөрүнө узатып коерун айтты.

Кыздар сөзгө туруп, иштен чыккандан кийин жымылдаган машинага түшүп, каткырыкты калың салып келатышкан. Бурулушка келгенде гана машина башка жолдо баратканын көрүштү. Акшоола канчалык түшүп кетейин деген менен болуучудай эмес. Кыздар отурган эшиктерди жана эле кулптап койгон экен. «Эртеби, кечпи ушундай болмок» деп кайра өзүн тынчтандырды Акшоола.

Тоо боорундагы сарайдай чоң тамга түшкөндө ушерде да кишилер бар экен деп аң-таң калышты эки кыз тең. Болгону эки аял, эки эркек тосуп чыгышты түшө бергенде. Зыябү башына кулпурган жоолук салып, баалуу көйнөктү кийгизе салып жан алы калбай жалбарынып көшөгөгө отургузду. Акшоланын ата-энеси карып калгандар. Атасы жетимишке чыгып, былтыр эле коло-коңшулары менен белгилеген. Кудай таалам бешенесине жаңгыз кызды жазыптыр. Аны финансы-экономикалык техникумга окутушуп, былтыр эле бухгалтер деген адистикти алып келген. Акимчиликке чуркап жүрүп, акыры маданият бөлүмүнө орноштурган эле. Кызынын артисттик таланты бар экенин кийин билип жүрөт. Акшоола айлык алып келип калганда атасы да, апасы да:

– Акчаңды өзүңө жумша, кызсың, кийим кечеңе жарат. Экөөбүздүн пенсиябыз деле өзүбүзгө жетет,– деп бир тыйынын албай кайтарар эле. Эми мына кемпир чалдын жаңгыз кызы элден ээндеп отурган ууруларга келин болуп отурат. Алардын мындай экенин ата-эне да, кызы да билген эмес. Ошентип Акшоола эч кандай чатак чыгарбай келин болуп отуруп калды. Акмолдо болсо дароо ачуу басарга миң доллар алып барып берип, кемпир чалды ыраазы кылды. Кызы бай жерге барыптыр деп эл арасында сөз тарады.

Акмолдо келинин колунан бир ай чай ичип, анан өзүңөр менен өзүңөр болгула деп алган тамына бөлүп койду. Үйдө бардыгы жетиштүү болгону менен Кубандык Акшооланы жумушуңду ташта. Же артис болуп эл кыдырганыңды кой деген жок. Түркүн-түркүн кийимдерди кийип жаркылдап чыкканда Назик ага суктана карап, кандай бактылуу деп калат. Кубандыктын иши эмне экенин Акшоола билбей жүрсө да сураган жок. Айтоор эрте менен кетип, кечке келет. Кээде бир жума жоголуп кетет. Анда атабыздын сойгон койлорун Бишкекке сатып эми келдим деп калат. Чынында эле байланган койлорду союшуп, жолдун алыстыгына карабай этти Ош базарына алып барып сатып жүрдү. Акмолдонун буйругу менен «бөрүлөр» уюмундагылар аз каттап, тынчтык өкүм сүрүп, көңүлдөрү жайында эле. Анткен менен кээ бирөөлөрү келип тигинтсек болот эле, минтсек болот эле деп келип калышат. Акмолдо аларга дем алгыла дедим эле го деп жолго салат.

Бирок Акмолдо өзү тынчыган жок. Баалуу буюмдарды ар кайсы жакка алып барып, баарын акчага айландырып жүрдү. Атамандын бул иштери Кубандыкты таң калтырган менен эртеби кечпи билинерине шек санаган жок.

Ошол күнү Кубандык эттерин сатып бүтүп Ош базарын ээн-эркин кыдырып жүрдү. Базардан чыга бер­генде:

– Нан алгыла. Нан алгыла. Жаңы нан. Жаңы нан,– деген бирөөнүн тааныш үнүн укту. Жанына келип жазбай тааныды. Сүйгөн кызы – Нур экен. Кыз Кубандыкты көрөр замат негедир уялып кетип, өзүнөн өзү кызарып кетти. Нандарын жаба салып артына бурулду.

– Нур, тааныбай турасыңбы? Кубандыкмын го. Эч болбосо учурашып койбойсуңбу,– деди. Нур эмне кыларын билбей мелтиреп туруп калды.

– Бир күндүк табышың канча?

– Эмне кыласың?

– Канча болсо ошончо төлөйм. Ишенбей турасыңбы. Мына акча,– деп Кубандык акчаны чөнтөгүнөн бапыратып алып чыкты.

– Бир күндүк табышым ашып кетсе эки жүз сом.

– Анда нандарыңды машинага сал да мени менен жүр.

– Каякка?

– Үйүңө. Үйүңө машина менен жеткизип акчаны колуңа берем. Макулсуңбу? Нур Кубандыкты көз кырын салып карады. Баягыдай эмес. Толуп алган. Зыңгырап кийинип алганын айт. Жашоо шарты жакшы болсо керек» деп ойлуу ордунан жылбай туруп калды.

– Эмне, кеттикпи? деди Кубандык. Үйгө келгенде Нурдун колуна беш жүз сом берип кайтайын дегенде:

– Үйгө кир. Эч болбосо чай ичип кет,– деп Нур колунан тарткылады.

Үйгө кирип аң-таң болуп калды Кубандык. Кичинекей тар бөлмө. Ичинде эмеректерден ныпым эч нерсе жок.

– Бул кандайча мындай болуп кетти? – Ата-энелериң бар эле го? Анан базарга нан сатып калганыңа таңмын Нур?..

– Менин башыма келгенди эч кимдин башына келбесин. Атам да, апам да мен мектепти бүтөр жылы авариядан кайтыш болду. Бир үйдө жаңгыз калдым. Отура бергенде мага бирөө оокат бермек беле. Үйдөгү буюмдарды четинен сатып күндөлүк жашоомо жумшап жүрдүм. Ал аз келгенсип, эл жашап жаткан үч этаждуу үйдү бир бай адам бүтүндөй сатып алыптыр. Баарыбыз көчөдө калдык. Арыздангандар арызданып бир жактардан үй таап орношушту. Мени ким укмак эле. Издеп жүрүп ушул квартирага туш болдум. Үч жылдан бери айына жети жүз сом берип жашап жатам. Ушундай Кубандык. Сен болсо автобуста жолуккан боюнча келбей койдуң. Кайда жүрбөйүн сенин карааныңды издеп жүрдүм. Сөзсүз келет деп үмүтүмдү ушул убакка чейин үзбөй келем. Рахмат мени унутпай, келип отурганыңа.

– Шайтандай болуп милициялар жолукпаса мен өмүр бою сендик болмокмун. Уурулук кылган айыбымды кечирбейт деп ойлонбодумбу. Аттиң арман десең. Кайра бир кайрылганымда, тунук сүйүүмдү жашырбай айтканымда болмок экен, аттиң!

– Эмне үйлөнүп алгансыңбы?..

– Ооба. Бир жыл боло элек...

– Анда бактылуу болушуңду тилейм.

– Рахмат. Мен да сенин бактылуу болушуңду каалар элем.

Экөө бирге чай ичишип отурушуп, өткөн кеткендерди айтып түгөтөр эмес. Негедир бири-бирине тартылышып айрылгысы келишпейт. Аны сезип отурган Кубандык машинасын токтоочу жайга коюп кайра келерин айтты. Келатып бардык азык-түлүктөрдү ала келди. Ортого бир шампанды коюп түн бир оокумга чейин сүйлөшүп отурду. Нур өзүнүн кроватына Кубандыкка төшөк салып берип, өзү талистен орун алды. Мындайда кайдан уйку. Түркүн ойго түйшөлүп жата берди Кубандык. Эркектик напсиси араандай ачылып, Нурдун жылуу койнуна киргизи келип кетти. Ой-боюна койбой Акшооланы зордуктап койгонун эстеди. Анчалык каршылык көрсөтпөйт ко деп ойлонду ичинен. Ордунан туруп, Нурдун жаткан жерине келди. Эч нерсени билбей мемиреп уктап жатыптыр. Мейли мен анын койнуна кирейин. Бир чылымды чегип ыргыткандай рахат табармын. Ошон үчүн кыздын бүткүл өмүрүнө балта чабамбы? Өлүп баратсам аялым туру го» деген ойго келе түштү. Дене бою муздай түшүп кайра артына бурулду да төшөгүнө келип катуу уктап кетти.

Эртеси Нурга өзүнчө жер там алып берүүнү чечип аны Нурга айтканда:

– Кереги жок. Мен эптеп иштеп жүрүп там алып алармын деп секирип кетти. Ага тырышып Кубандык да болбой койду. Нурду ээрчитип алып үч күн там издеди. Акыры эки бөлмөлүү жай там таап, үйгө өзү киргизди. Кандай ыраазычылыгын билдирерин билбей калды Нур. Бетинен өөп жыттап:

– Сен эки үч күн болчу. Кааласаң экинчи аялың болоюн,– деди.

– Жок Нур сен өз бактыңды табышың керек. Мен сенин бактылуу болушуңду тилеп жүрүп өтөм. Бул жашоодо жолугушуу жолдор көп дегендей сен турмушка чыккандан кийин деле жолугушуп каларбыз,– деди.

– Адрести жакшы билип алдың го. Шаарга келгенде келип турчу. Сенин жолуңду күдөр үзбөй карап жүрөм. Кубандык карындашындай көрүп, чачынан сылап, бетинен өөп коштошту.

Бишкектен келгенден кийин мунун баарын Акмолдого айтты. Акмолдо:

– Туура кылгансың. Андай иш эр адамдын гана колунан келет,– деп Кубандыкты кубаттап койду.

Үйүнө эрте келип Акшооланы зарыга күттү. Жумушунан кеч келди. Бирок Кубандык мыжың адамдардай эмнеге минтип, тигинтип, эмнеге кеч же эрте келдиң дечү эмес. Кызгануу деген оюна да келип, түшүнө да кирбейт. Ал эми Буудайбектен кызганайын десе, аны эси-көөнүнө кеткис кылып эскертип койгон.

Акшооланын бир жуманын ичинде эле сагынып калыптыр. Кирери менен алаканына сала көтөрүп, ал тажаганча өөп, диванга жыгып уйпалай кетти.

– Деги арак ичкенден соосуңбу. Кийимдеримди да чече элекмин го. Турчу ары. Жөнү жок эле асыла бербей,– деп Акшоола узун тырмактарын бетине кар­мады.

– Койдум, койдум байболгур. Артис да сендей болобу. Боорго тартайын десем боорго тебесиң,– деп Кубандык таарына түштү. Акшооланын мүнөзүнө түк түшүнө албай койду. Эзилип элжиреп ойногусу, эркелеткиси келип турганда орой мамиле жасай салат да, көңүлүн суутуп коет. Чарчап чаалыгып келгенде башка аялдардай болуп кабак кашын карап чебеленип кетпейт. Тамак даярдап койсо болду. Тымтыйып отуруп алып адабий китептерди окуганы окуган. Кээде ээн тамда бир ырды он, андан көп кайталап ырдай кетет. Ага Кубандык кызыга карап туруп:

– Үнүңдөн сенин, үнүңдөн болоюн,– деп Акшооланы кубантып коет.

– Гастролдорго уруксат бересиңби? – деген бир жолу.

– Сендей таланттуу асылзаадага руксат бербегенде кимге берем. Кайда барсаң бара бер. Бир гана мени унутпа. Башкаларга азгырылып кетпе,– деген.

– Сен турганда андай ишке кайдан бармак элем,– деп койгон мойнуна асыла эркелей. Андан бери эки жолу айыл кыдырып концертке барып келди. Кубандык эмне таап келдиң деп да сураган жок. Көп болсо тапканы атыр менен бет майларына кетер деп койчу өзүнчө.

Үй-бүлө жагынан көңүлү тынчыган менен Акмолдонун мүнөзүнүн тез өзгөрүшү, малды көбөйткөндүн ордуна сатып же союп жок кылышы Кубандыкты ойлондурбай койгон жок. Анын үстүнө мында иштегендердин көбү кетип, сарайдай чоң там аңгырай түштү. Ошол арада баягы кыныгып калган майор Бекмат келип калды. Чини көтөрүлүп подполковник болуп алыптыр. Жанында кенже лейтенант милиционер жигит бар. Акмолдо алар менен учурашып анан бөлмөсүнө алып кирди.

– Дагы эмне дейин деп келдиң? – деди Акмолдо анын келгенин жактырбай.

– Акча керек болуп калды Акмолдо.

– Канча?..

– Жыйырма миң доллар.

– Аның көпко. Эмне менин теримди сыйрып аласыңбы?

– Билем сенде дүйнө көп. Башыңдан ошол дүйнө өйдө эмес да, – деди Бекмат.

– Башкадан кутулсам да сенден кутулбай койдум го. Мен өмүрүмдө бир чоң каталык кетирген экем. Сенин башыңды качан эле алыш керек эле,– деп бычагын кынынан сууруп алды.

– Бычагыңды кой. Эркекче сүйлөшөлү,– деди Бекмат чөнтөгүндөгү пистлетин алып кенже лейтенантка сунуп. Акмолдо колундагы канжарын Кубандыкка берип:

– Бизге жолто болбогула. Эркекче сүйлөшсөк эркекче сүйлөшөлү. Чыгып кеткиле,– деди. Бекмат кийинки убакта үйрөнгөн мыкты ыкмаларына ишенди. Бир жагынан андан жаш, күчкө толуп турган кези. Бир жагынан салмагы оор. Бир басып калса Акмолдонун кутулуп кетиши кыйын. Акмолдо болсо чакан адам болгону менен дене бою куюлган коргошундай салмактуу, чымыр. Ал да өз күчүнө ишенет. Анткени мындай бок курсактардын далайын алдына чөгөлөткөн.

Ошентип Кубандык менен Бегмат эрөөлгө чыгышып, үй ичинде көпкө былчылдаша муштатышты. Акмолдо жеңишке ээ болуп, биринчи эшикти ачты. Жерде жаткан Бегматты көрүп, лейтенант милициянын жаны чыгып кетти.

– Шеф сообу?!

– Соо. Сенин жардамың керек.

Кубандык менен милиса бөлмөгө киргенде оозу мурду канжалап чалкасынан жаткан Бекматты көрүштү. Суу апкелип бетине чачышып эс алдырышып, оозу мурдунан аккан канды тазалашып, кийимдерин жууганга беришти. Эр чекишпей, бекишпейт дегендей экөө бат эле жарашып алышты.

– Ушунча жылдан бери дарек атыңды билдирбей келе жатам. Мага ыраазы болбойсуңбу. Эгер менин ордумда башка бирөө болсо качан эле торго салып көзүңдү тостойтуп коймок,– деди Бегмат.

– Сенин ордуңда башка бирөө болсо колунан келген жардамын бермек. Сен эмне жардам берип жатасың? Кайра балдарымды кайырмакка илип жаткан сен болушуң керек. Анан калса канча жылдан бери муну бер, тигини бер деп канымды соруп келатасың. Эми мына эч нерседен эч нерсе жок жыйырма миң доллар бер дейсиң. Ошон үчүн сени ач көзсүң дейм да,– деп Акмолдо жактырбагандай сүйлөдү.

– Төрт жигитиң ат уурдаган экен. Желмаяныңды өзүм кийлигишип бошоттум. Жардам бербегеним ушулбу. Адамдын бир башы канчага турарын билесиңби? Сөздү кыскартайлы жыйырма миң бер анан тынч жашай бер.

– Сен мамлекеттин эмес, өзүңдүн кызыкчылыгыңды ойлогон адам экенсиң. Сени кайсы башы жок адам ушул кызматка койду экен?

– Э-э-э-й, абайлап сүйлө. Баягыдан ар намысыма тийип баратасың. Бербесең бербе. Мен кеттим.

Акмолдо мындай мамиленин аягы жакшы болбосун түшүнүп бир аз жумшай түштү:

– Сен эми менин жагдайыма кара. Он миң доллар бере турайын. Он миңди алты айдан кийин алып кет. Акмолдо оозунан чыккан сөзгө бек турчу. Муну билген Бекмат ага ичинен сүйүнүп жолго түштү.

...Арадан эки жыл өттү. Болгон малын түгөтүп, кезек-кезек уурдалып келген малдарды союп, аны сатуу менен чектелип калды. Бекмат дагы эле ач көздүгүн карматып, Акмолдону коркутуп опузалап эки жолу келип акча алып кетти. Аз суммадагы акча сураса мейли эле го, оозун толтуруп акча сурайт. «Кайран досум мен болбосом качан эле түрмөдө жатып, жамбашың чирийт эле го» деп калат Бекмат Акмолдону жубатып. Акмолдо акчаны шыпырып кеткенине ичи ачышып «алкымыңдан сыгып, жаныңды албасамбы» деп калат да, кайра аяп жүрө берсинчи деп коет. Эмне себептен мындай экенин Акмолдо өзү да түшүнбөй калды. Анткени өзү уюштуруп, канатын кенен жайып койгон «бөрүлөр» уюмунун иши таптаза аксап калды. Ички иштерде иштеп жаткан кызматкерлер «бөрүлөр» уюмунун айрым топторун кармашып, тамырларын биротоло курутууга катуу киришип калган экен. Ошондуктан мурдагыдай агылып келип жаткан уурулар жок. Анткен менен ач жылаңач көчөдө калган балдар жок эмес эле. Жетишпеген турмуштун айынан кандай жумуш болбосун кете бере тургандар чыкты. Акмолдо аларды бир жагы аяп, бир жагы арзан күч катары пайдалануучу. Кийинки убактарда андай балдарды ишке салууда Кубандыкка ыйгарып койгон.

– Мен ушинтип каруу күчтүү болуп жүрө бербейм. Сен менин жумушумду колуңа алууң керек. Акырындап «бөрүлөр» уюмунун атаманы болосуң. Муну бир айтамбы, миң айтамбы кулагыңа салып кой. Кийинки убактарда Акмолдону өз атасындай жакшы көрүп кетти. Ал турсун «Атаман аке» дегенди коюп, «ата» дейт. Акмолдо да Кубандык дебей «балам» дегенге өттү. Ошентип Кубандык биротоло уурлукка үйрөндү да калды.

Машыктыруучу бөлмөдө үйрөнүүгө эмне десең баардыгы бар эле. Балдардын аягы суюлбай, кээде түндө да келип калчу. Мындай учурда сөзсүз Акшооланы ойготуп тамак даярдатат. Келинчегинин көңүлүнө карабайт. Оюндагысы сөзсүз аткарылышы керек. Моюн толгосо акырын гана көкүрөгүнө кысып дем алдырбай коет. Мындан көрө камчы менен сабаганы жакшы эле го деп ыза болот Акшоола.

Акшоола мурдагыдай эле түнт, жадырап жайнап жүрбөйт. Кубандык тамашалап ойноюн десе жаш баланы каккандай кагып коет. Кубандык ошон үчүн чатак чыгармак беле. Ажырашуу жөнүндө оюна да келбей, ичинен нараазы болуп:

– Сага эмне жетишпей жүрөт Акшоола? Үйдө бардык шарт бар го. Бай кишинин аялындай болуп күлүп жайнап жүрчү. Ошондо менин көзүмө сулуунун сулуусу болуп көрүнөсүң. Деги өзүңө тартып жылуулук берчи мага. Ал канча кубат,– дечү Кубандык.

– Болгон мүнөзүм ушул болсо эмне кылайын. Сен эч нерсе кылбай эле эркелетип отура бер дейсиңби. Анда башканы таап ал.

Кубандык айтыша кеткенди анча жакшы көрчү эмес. Оюна эч нерсе албай күлө жооп берип сыртка чыгып иш менен алаксып кетчү.

Эки жылдан бери бирге жашаган менен экөө тең ыңаалаган баланын үнүнө зар. Акшоола эки жолу докторго барып эки жолу текшерилип келди. Экөөңдө тең күйөөңдү чакыр. Ал да текшерилсин,– деген. Аны Кубандыкка айтуудан корунуп, эмне кыларын билбей жүрдү. «Кап, деп ичинен өкүнөт Акшоола,– Буудайбекке тийгенде эмдигиче балпайган бала төрөйт белем. Карачы кудай тааламдын кылганын. Канттим эми, ушу бойдон перзентсиз өтүп кетемби», деп жүрөк заада болот. Кубандык жубайынын ички сырын кайдан билсин. Мурункудай эле жумалап, кээде айлап жоголуп кетет. Мындайда Назик келе калып, Акшооланы жаңгызсыратпайт. Өздөрүнчө ыр ырдап, берилген ролдорду аткарышып черлери жазылып калат.

– Мага сеникиндей жашоо болсо жумушту да, ырдаганды да таштайт элем,– дейт Назик.

– Үйдөн чыкпай, эл менен аралашпай маңкурт болсун дейсиңби. Ал сөзүңдү жолдош болсоң экинчи айтпа. Эгер Кубандыкка угузсаң ал туура көрөт. Анан үйдөн карыш жыла албай, казан менен кармашып калам.

– Үй кызматчы аял таппайсыңарбы?

– Койсоңчу аны да Кубандыкка угузба.

– Мейли. Бирок Буудайбекке убал болду ээ,– дейт Назик,– балалуу аялы менен ажырашып тозоктун отуна түшкөнсүп жүрөт. Байкайсыңбы өтө жүдөп кетти. Сени ойлоп жүргөн жокпу?..

– Койчу ошону, айтпачы аны,– дей салат Акшоола. Бирок ага болгон сүйүүсү канчалык өчүрөйүн деген менен өчпөй койду. Бая күнү бир ролду аткарып жатып колу колуна тийип кетти. Буудайбек ага таасирлене түштүбү колунан шап кармап өзүнө тартты.

– Акшоола мен сенсиз жашай албайм. Кетели алыс жакка. Бактыбызды табарбыз,– деди.

Эмне кыларын билбей калды Акшоола. Канткен менен алгачкы махабатын тутандырган ушул Буудайбек эле. Эми мына экөө эки аралда калгансып бири-бирине жанаша албай жүрөт.

– Сый болуп эле жүрөлүчү,– деди Акшоола көптөн кийин гана. Бирок анын да, өзүнүн да жүрөгү сыздап турганын сезди. Буудайбек да мурункудай алыстабай, жылуу жумшак мамилеси менен жакындай берди. Мунун акыры жакшылык менен бүтпөсүн сезген Акшоола экинчи Буудайбекке жолукпаш үчүн иштен чыгып кетүүнү ойлоп жүрдү. Бирок ырчылык таланты ага жол бербеди. Ырдап эл алдына чыккысы келе берет. Баары бир анын оюндагыдай болгон жок. Күн өткөн сайын «жаштар» тобунун иши артка кетип кээде гана даярдыктар өткөрүлчү болду.

Кубандыктын ууру экенин билгенден бери көңүлү сууп, кабагы ачылбай калган. Акшооланын эшиктен коңгуроо кагып кирген бейтааныш адамдарды көргөндө жүрөгү оозуна келе түшөт. Куугунчулардын бирөө жарымдары болуп жүрбөсүн деп корко берет. Бул коркунучтар акыр аягы жүрөк оорууга дуушарлантпаса болду деп коет ичинен.

Кубандыктын Таластын баш аягын кыдырып жүргөн «жортуулу» жаман болгон жок. Капчыгын акчага толтуруп келди. Акмолдонун үйүнө келгенде түн жарымы болуп калган эле. Кире бергенде Бекматтын колу буту байланып столдо отурганын көрдү. Көзүнөн жашы буурчак-буурчак. Эч нерсеге түшүнө албай Акмолдо отурган бөлмөгө кирип барды. Зыябү экөө эле экен.

– Баары бүттү. Уурунун жашоосу ушундай. Эртең бар болом же жок болом. Сен балам аман калышың керек. Ал үчүн башка жакка качышыңар оң. Зыябү апаңды калтырбай алып кет. Анын кылдай күнөөсү жок. Мен үчүн өлүп калып жүрбөсүн.

– Өлсөм өлөм, сенин жаныңда карыш жылбайм! – деп балбалактап ыйлап жатты Зыябү.

– Бегматты эмнеге кармап отурасыз ата?

– Аны качан эле жок кылыш керек эле. Мына башыбызга түн түшүргөнү отурат. Атайын даярдалган аскерлер келип бул жерди камоого алып, мени кармайт имиш. Бул чындык болсо Бекмат менен кошо кетем. Бекматтын чыккынчы экенин Төөкуш келип айтып кетти.

Кубандык Зыябү экөө Акмолдо менен ыйлап коштошту.

Райондогу өз үйүнө келгенде түн жарымынан өтүп калган. Дарбазанын да, эшиктин да ачкычы чөнтөгүндө эле. Андыктан бат эле эшиктерди ачышып төркү бөлмөгө киришти. Үй ичи жарык кылар менен бир ордунда селейип туруп калышты. Буудайбек Акшооланын мойнуна колун оролтуп, уйкуда мемиреп жатат. Көптөн бери чала уктап, чарчанып келген Кубандык өңү экенин, түшү экенин билбей нес болуп турду.

– Эмне эле мелтиреп турасың. Тургуз тигилерди. Абийирсиздер ай, абийирсиздер! – деп Зыябү акырын сүйлөп сыртка чыгып кетти.

Кубандык ачуусуна чыдай албай эки көзү кызарып, жини кирген буурадай кайнап чыкты.

– Тургунуң! – деп үстүндөгү жуурканды шыпырып алды. Жыпжылаңач жаткан Буудайбекти ордунан так көтөрүп алып эшиктин алдына бапырата баса калды. Кудайга үнүн угуза уруп жылаңач экенине карабай дарбазадан ары итерип жиберип, эшикти кулптап койду.

Үйгө киргенде Акшоола кийинип бүтүп, качууга ат коюп калган экен.

– И-и, сен каякка?

– Мындан көрө өлгөнүм жакшы. Кое бер мени! Кое бер дейм! Кубандык бутун тыпырчылатып көтөрүп алды да диванга отургузду. Акшоола ээ-жаа бербей өңгүрөп өксүп ыйлай берди. Кубандыктын боору ачый түшүп, салаа-салаа аккан жашын бет аарчысы менен сүртүп, бооруна кысты:

– Ыйлабачы жаным. Мен сени кечирем. Мен деле учуру келгенде бирөөдүн аялына туш келип жүрбөй­мүнбү. Сен да менин күнөөмдү кечир. Бири бирибизди кечирели. Менин жагдайым да жакшы болуп жаткан жок. Мындайда мага арка бел болбосоң болбойт.

Кубандык Акшооланын бетинен өпкүлөп тынчтан­дыр­ганда, Зыябү бөлмөгө баш бакты.

– Кетсек даярданалы. Ала турган буюмдарыңды унутпай ал.

– Каякка? – деди Акшоола.

– Эмне кыласың. Жүр деген жакка жүрө бербейңсиңби.

– Аякка барбайм. Атамдардыкына жеткизгиле. Кийин барайын. Акшооланын өжөрлүгү кармаганда айткан сөздөн кайтчу эмес. Кубандык аны түшүнүп, анын оюндагысын аткарды. Кемпир чалга алыска кетип баратканын айтып, мен кайрылып келгенче ишке деле чыкпай кое турсун деди да чөнтөгүнөн беш миң доллар сууруп берди. Бир аздан кийин Кубандык айдаган «АУДИ» казакстан тарапка зуулдап кетип баратты...

Эртеси күн аркан бою көтөрүлгөн менен эч жактан эч ким келген жок. Акмолдо Бекматтын айткандары жалган болсо экен деп кудайга жалынып, жакасын карманып отурду. Жардыргыч заттарды качан эле төрт жерге коюп, анан калса Бекматтын жонуна да бир жардыргычты байлап, өзүн да анын да башын өлүмгө сайып койгон.

Түн ортосунан ооп баратты. Эми келбей калды го деген ой менен сырткы дарбазаны ачып айылдан каттай турган жолду карады. Алыс болсо да даана көрүндү. Үстүндө жылтылдагы бар машина так тоону көздөй бет алды. Шашыла дарбазаны жапты да, Бекматты айнектин тушуна апкелип желкесине тапанча такады.

– Мен эмнени айтсам ошону айтасың. Кокус башкача сүйлөсөң эле өлдүң. Бекмат эмне демек баарына макул. Бир гана чымын жаны аман калса болду. Атайы даярдыгы бар жоокерлер да оңой эмес. Мындайлардын далайын баштарынан өткөрүшкөн. Бекматтын ишенгени ошолор эле.

Жоокерлер тез эле корооду курчап алып, дарбазанын талканын чыгарып жиберишти. Бекматка Акмолдо сүйлөп, Бекмат аны сырттагыларга кыйкырып кирди:

– Тамга жакындабагыла. Бомба бар. Буга ишенгиле. Мени аман-эсен куткарып алам десеңер вертолет чакырткыла. Акмолдо экөөбүздүн өмүрүбүз үчүн кепил болуп бизди оруссияга жөнөткүлө. Ошондо гана биз да аман, силер да аман каласыңар.

– Ойлонууга бир саат убакыт беребиз. Өз ыктыяры менен тамдан чыгып кеткиле. Кылмыштарыңарды жеңилдетели. Үй-бүлөңөргө эркиндик берели...

– Ага макул эмес, туугандар. Акмолдонун талабына макул болуп мени аман алып калгыла,– деп Бегмат калтырак баскан денесин араң токтотуп кыйкырды.

Солдаттардын командири кандайча колго түшүрүүнүн тактикасын бат эле иштеп чыкты. Бирок бомба бир эле жерде, Бекмат турган жерде гана болуш керек деп божомолдошкон. Чынында төрт жардыргычтардын зымын Акмолдо өзү гана кармап отурду.

Мына солдаттардын кыймылы жандана баштады. Акмолдо эми аман калбасын түшүндү да жаргычтарды ишке киргизди. Бат эле дүң деген үндөр чыгып, чачырандылар көккө атылып, тегереги тумандап калды. Солдаттар артка дүрбөлөң түшкөн менен эки солдатынан ажырап, ондон ашык адамдар жаракат алды. Жарылуудан кийин өрт чыгып, тамдын дубалынан башка эч нерсе калган жок.

Ошол күнү эле Чоңташтагы кемпир чалдын үйүнөн ызы-чуу чыкты. Акшоола жипти талга байлап өзүн өзү асып өлүп калыптыр. Ошол күнү эле Кубандык менен Зыябү жолдо кетип бараткан жерден кармалып сурала баштады. Зыябүнүн жүрөк оорусу кармап, ооруканада бир жума жаткандан кийин жан берди. Мындай оор кайгыны Кубандыктын жүрөгү гана көтөрө алды. Бирок Кубандык өз жазасын алып, катуу режим менен сегиз жылга соттолду.

Түрмөдө баягыдай эркиндик, баягыдай тамак кайда. Бат эле жаагы шапайып, өңү жуулган чүпүрөктөй бозоруп калды. Эрмеги карта анан шахмат. Баарынан элүүдөн ашып калган Дөөт деген киши бар. Жомокчу болгондо да өлгөндөй жомокчу. Карта менен шахматтан тажаганда анын жомогун угуп отуруп калышат көптөрү. Бу киши айрыкча Кубандыкка жагат. Ошондонбу айтоор анын жанынан чыкпайт.

– Дөкө, баягы жомокторуңуздан бир шиңгил таштап койбойсузбу,– деп калат Ку­бандык.

Дөөт Кубандыкка жакын оңтойлонуп отурат да суранган бир шиңгил жомогун айта баштайт.

Илгери-илгери ээн сайда жашаган он үйлүү эл болот. Өздөрү аз болгон менен малдуу-жандуу болушат. Күндөрдүн биринде Шаамурат деген адам төрт баласы, аялы менен көчүп келип калат. Балдарынын да, өзүнүн да үстүндө үйрүп алар кийими жок экен. Ынтымакта жашап жаткан эл, баары чогулуп келип там салып берет. Азык түлүк менен камсыз кылат. Бирок Шаамырат эл менен кошулуп эмгектенбей жата берет. Мындай бекерчилик турмуш көпкө созулмак беле. Азык-түлүгү түгөнгөндө суурдай болуп үйүнөн чыга баштайт. Караса тиги тоонун боорунда да, бул тоонун боорунда да мал. Артынан түшүп карап жүргөн эч ким жок. Пейили бузулуп бир күнү бир койду уурдап барып сатса, экинчи күнү уйду сатып, үчүнчү күнү атты сатып жүрө берет. Малдын азайганын билишкен эл бир күнү Шаамуратка келишет. Тегереги тасырайта шыпырылып, шектүү эч нерсе билинбейт.

– Карышкырлар жеп кетип жүргөндүр. Менин үйүмдү аңдыганча, карышкырларды аңдыгыла. Силердин жакшылыгыңарды көрүп жашап жатып анан уурулук кылсам мени кудай тас төбөмдөн урбайбы,– деп карганат. Көз менен көрбөгөндөн кийин эл эмне демек эле. Эч нерсе дебей тарап кетишет. Арадан аз өтөбү, көп өтөбү дагы эле мал азая баштайт. Шаамураттын үйүнө келсе дагы эле баягыдай тегерегин шыпырынып-теринип отурат. Кылдай шек санатпайт. – Чиркин ушунчалык эптүүлүгүн айт,– деп эл кайтып баратканда бир аксакал:

– Кудайдын каргышына калсын! Башка эч нерсе дей албайбыз,– деген экен.

Шаамурат бул каргыш сөздү оюна да албайт. Күн­дөр­дүн биринде дагы «мергенчилигине» чыгып малды сатып чөнтөгүн кампайтып үйүнө келсе, чагылгандан үйү өрттөнүп, үй-бүлөсүндөгүлөрдүн баары күлгө айланып ка­лыптыр. Ошол күнү эле Шаамураттын колу, буту тырышып баспай калган экен. Ошондо баягы чал келип:

– Шаамурат, сага Кудайдын каргышы тийди. Сенин өлүмүң да жакын. Али да болсо кудайга жалын. Мүмкүн бир жакшылык кылар,– деген экен. Бирок каргыш тийгенден кийин Шаамурат оңолбой, мунжу болгону аз келгенсип жинди болуп кетип өзүн-өзү ташка башын уруп өлгөн экен. Эл өлүгүн көөмп койгондон кийин көп жыл өтпөй ошол Шаамураттын мүрзөсүнүн үстүнө топ-топ болуп тикенек чыгып калган имиш.

– Бул жомогуңузду мага боло айтып жатасызбы? – деди Кубандык.

– Жок, балам жомок кандай айтылса ошондой айтам да. Сага тийип калса мени кечирип кой.

– Сиз да уурулук кылгандырсыз. Эмесе биерде отурбайт элеңиз да.

– Чынын айтайын. Мен бир адамдын үйүнө кирип кылын кыйшайткан адам эмесмин. Тескерисинче уурулардын душманымын. Мындан үч жыл мурун өтө ашынган ууруну кармадым да терекке байлап койдум. Эл бат эле чогулуп калышып:

– Муну туура кылгансың. Башка ууруларга сабак болот. Таш баранга алабыз дешти. Малын уурдатып жаны ачыган адамдар токтоп тура алабы, а деп бу дедир­бей таш баранга ала кетишти. Уурунун жалдырап жалбарып жан соолаганын ошондо көрдүм. Ыйлаган үнү ку­дайга жетти го! Ууру өлгөндөн кийин ушулар уюштурган деп бешөөбүздү кармады. Эл бар экен мени бошотуу үчүн тикесинен тик турушту. Ишти жеңилдеттиришип мени беш жылга, тигил төртөө үч жылга соттолушту. Алар бошонгон менен менин дагы эки жылым бар. Ушундай балам. Демек биерде дос болгонубуз менен турмушта келишпес душманбыз. Тилим ал, эч качан, эч убакта уурулукка азгырылба. Уурулук кадыр-баркыңды, абийириңди кетирет. Бетиңе көө сыйпайт.

– Дөкө мунуңуз туура. Кудайым аман коюп муногу тикенек зымдардын ары жагына чыксам бирөөдүн кою эмес корголун да албайм.

– Ошент балам, бул дүйнөдө таза жашап өтүүдөн жогору эч нерсе жок,– деп Дөкө ордунан турганда Кубандык кошо басып барып өзү жаткан камерага кирип кетти.

Дөкөнүн айткан жомогу Кубандыкты ойлондурбай койгон жок. Ой тооба, тигил жомоктун өз башына дал келип жатканын карасаң. Кудайдын каргышы бизге тийбегенди кимге тийди дейсиң. Бир күндө эле күлүбүз көккө сапырылды. Өлгөнүбүз өлдүк, соттолгонубуз соттолдук. Тапкан ташыганыбыздын кымындайы да калган жок. Баш паанек кылар тамыбыз болсочу чиркин...

Көпкө чейин Кубандыктын кабагы ачылбай жүрдү. Бир күнү Пил келип калды. Эки чоң сумканы көтөрүп алыптыр. Эки саат кенен сүйлөшүп чери жазылып, көңүлү көтөрүлө түштү.

– Уурулукту койсоңчу Пил. Аягы жакшы болбойт экен. Аны бир кишиден уктум. Анын үстүнө биздин үйдөгүлөрдүн тагдыры деле сабак болуп калбадыбы. Күнөөң көбөйгөндө каргыш тиет экен, кимге болсо да. Экөөбүздүн күнөөбүз башыбыздан ашып баратат. Мен койдум, сен да кой суранам. Бөрүлөр менен байланышканыңды ташта.

– Эр жүрөк десем, суу жүрөк болуп калган экенсиң Кубандык. Акмолдонун өрттөнүп кетишине тагдырдын бешенеге жазган буйругу. Ошол буйрук аткарылды да койду. Ал эми экөөбүздүн бешенебизге тагдыр эмне жазды, аны жашап көрөбүз. «Алтын баш аман болсо алтын аяктан суу ичет». Сен экөөбүз алтын аяктан суу ичип каларбыз. Муногу тордон аман-эсен чыксаң.

Түрмөдөгү сегиз жылдын ичинде эмнелерди гана көрбөдү Кубандык. Далайлар менен мушташты аман калды. Канатыңды кайрып, кубатыңды кетиребиз деген милиция кызматкерлеринен өлөсө таяк жеген күндөрү болду. Анда да аман калды. Ошентип так сегиз жылды так отуруп түрмөдөн чыкты.

Мына баягы кичинекейиндей болуп чөнтөгүндө кара чака тыйыны жок Ош базарында каңгып жүрдү. Мусапыр кейиптенген Кубандыкка эч ким бир сындырым нан да берген жок. Кантет. Складдан тачка сурап алып тачка айдап, ак мээнети менен жашагысы келди. Бирок мындай турмуш алымсындырабы? Жок алымсындырбайт Кубандыкты. Ниети бузулду. Баягы уурулардын бирөө жарымдары жолугуп калабы деп көчөдө жүрдү. Ойлогон ою ордунан чыгып Пил жолугуп калды. Чөнтөгүнөн акча сапырылат. Жаңы кийимдерди сатып берип, кафеден тамактандырды да үйүнө алып жөнөдү.

Төрт ай бою эч нерсе кылбай жата берди Кубандык Пилдин үйүндө. Кадыресе оңолуп, ал турсун өңдөнүп кызылы кызыл, агы ак болуп чыга келди. «Жаңы бөрүлөр» уюмундагылар да угуп калышып, Кубандыкка каттай баштады. Алардын арасында өзү жекеме жеке мушташууга машыктырган жигиттер да бар экен.

– Сиз аман-эсен түрмөдөн чыгып келген экенсиз. Сизди Атаман шайлайбыз,– деп бир канчасы кулак кагыш кылды.

– Мени анча жактырышпай жүрдү эле. Сенин болгонуң жакшы болот,– деди Пил чын дилинен.

Эмне кылса?.. Эми эки жолдун бирөөн тандоо керек Кубандыкка. Биринчи жол – ак эмгек менен жашап өтүү. Бул жол менен жакында бакубат жашоого жетишүү мүмкүн эмес. Ал турсун бир жерге кирип иштей турган адистиги да жок. Ошон үчүн өлбө жаным өлбө деп жашап өтүү коркунучу.

Экинчи жол – уурулук жолу. Бат байып же акчадан тартыш болбой жашап өтүү. Бирок Дөкөнүн айткандарын эсинен чыгарбай көкүрөгүндө сактап келет. Элдин каргышы бар, кудайдын каргышы бар, Эртеби кечпи ал каргыштар башка келе турган иш. Демек эки жолдун кайсынысын тандасам деп башы катат Ку­бандыктын. Ал баш катыруу көпкө созулган жок. Турмуш өзү кайсы жол менен кетерин дароо түздөп койду.

– Шаардын ичинен эле там алып беребиз. Ушул жерден иш жүргүзгөнүң оң,– деди Пил бир күнү. Ага Кубандык эч нерсе дей албады. Анткени турмуш ушуга шарт түзүп отурбайбы.

– Атаман аке,– эми бул үйгө баш көз боло турган аял керек. Аны эртерээк табыңыз,– деди эмеректерди орноштуруп столго отургандан кийин Капсалаң.

– Ал жөнүндө эч нерсени ойлонбогула. Эртең эле киргизип коем,– деди Кубандык.

Түн бир оокумга чейин чардашып, анан тарашты компаниядагылар. Эртең эле алып келем деген сөзүнүн жөнү бар болчу. Ойлогону эле Нур эле. Эгер ал турмушка чыкпаган болсо, же чыкса да ажырашкан болсо түз эле үйгө алып жүрө бермек.

Нурдун жашаган жерин жакшы билгендиктен бат эле таап, эшикти такылдатты. Алды менен алты жашар бала, анан артынан тамтуң баскан бөбөк чыга келди.

– Атам жок үйдө, жумушка кеткен. Сиз кимге келдиңиз,– деди бала эч тартынбай. Аңгыча Нур Кубандыкты көрө коюп селейип катып калды. Бир саам тынчтык өкүм сүрүп, анан Кубандыктын мойнун кучактап ыйлап жиберди.

– Бир жолу да кайрылбай койдуң го. Айтчы эмне болду?.. Кубандык көпкө чейин унчукпай туруп:

– Мен сенин бактылуу болушуңду каалабадым беле. Бактылуу экенсиң. Карачы мотурайган бөбөктөрдү,– деди да артка бурула берип жолго түштү.

– Эч болбосо чай ичип кетсең боло,– деп Нур жалооруй сүйлөдү. Кубандык биринчи махабатынан биротоло кол үзгөнүн, ал кайрылбастыгын эми гана сезип, ичи туз куйгандай ачышып баратты...

Жашоо кемеси токтобой – өмүрдүн кызыгын да, азабын да көрсөтүп алга карай жыла берди. Кубандык да бул кемеде баратат. Азабын аз тартып, таттуусун көбүрөөк таткысы келип жутунат. Акчаны сапырып ой келгендей жумшап жашагысы келет. Баягы: «Кудайым аман коюп, муногу тикенек зымдардын ары жагына чыксам, бирөөнүн кою эмес корголун да албайм» деген сөзү эсинен да чыгып кетти. Алкымын араандай ачышкан уурулардын чөйрөсүндө кайрадан кайнады да калды. Жаңгыз бой жашагандыктан улам бир аялды сонундап дуулдаган күндөрү көп болду. Мындай турмуш канчага чейин созуларын өзү да билген жок.

Бир ай бою Ысыккөлдүн айланасында төрт жигити менен уурулук кылып Бишкекке кайтты. Олжолуу кайткандарын белгилешип, таңга жакын тарашты. Негедир Кубандыктын жүрөгү алып учуп бир кырсыкка дуушарлана тургансып кооптоно түштү. Машинасын далдаа жерге токтотуп үй жагына басып келатты. Заматтын ортосунда айнектер шалдырт деп сынып, автоматчылардын үйгө кирип жатканын өз көзү менен көрдү. Кудайым ушул жолу да бир жамандыктан сактагай эле деп жакасын карманды. Тамында эмне болуп жатканын карабай, машинасын айдап, Түлкүнүн үйүнө жетип бопбоз болуп отурду.

– Жер таарып баратат ко,– деди муңайым гана Кубандык.

– Эртең Тараз шаарына баралы. Чоң шаар, эл көп. Этаждардын биринде жашай бересиң. Сени эч ким тааныбайт, сен эч кимди тааныбайсың. Биз менен байланышып иш жүргүзө бер. Түлкүнүн акылы Кубандыкты муютуп койду. Чынында уурулардын жашоосу да шарты да дал ушундай. Алар бир жерге турбай орун алмаштырып жүргөнү жүргөн. Бирок заңгыраган тамынан ажырап каңгып калганына ичи ачышты. Ал жерге экинчи кайрылып барбайт. Менин мүлкүм деп доомат кое албайт. Кокус барса ошол күнү кармалып жамбашы түрмөдө жатып чирири анык.

Тараз шаарына келгени ага ыңгайлуу шарт түзүлгөн жок. Көчө сайын ГАИлер. Бир жактан жүк алып келатканда сөзсүз ошолорго кабыласың. Алкымын араандай ачышып көп акча сурашат. Бербей койсоң, көз каранды кылып, документтерди бербей ээрчитип алат. Ачууга тийсең шоруңду кайнатаары бышык. «Эмнеге Түлкүнүн тилин алдым экен» деп ичинен кейип, анан жашаган тамын дароо сатып жиберип, Талас жакка бет алды...

Мындай жакшы болбоспу. Биягы Суумасыр, тиягында Чаткал жайлоолору бар. Керек болсо тээ асман тиреген Манас атанын чокусуна чейин мал жайыт. Түркүн чөптөрдүн бүрүн жеп нык семирет кайсы мал болсо да. Кубандыкка мына ушу керек болчу. Тилеги ишке ашып тоо боорундагы бузулган коргондун жанына там салып бирөө жарым жолукса эптеп жан сактап жүргөн адаммын деп, «торун» алыска жайып, ээн жердин бөрүсү болуп туруп калды...

...Таң шооласы алды менен бийик тоолордун чокусуна чачылып, акырындык менен жылгаларга жайылып келатты. Түнү бою көз ирмебей карагандын түбүндө жатып өткөндөгү турмушун элестеп бүттү Кубандык. Кечетен бери коргологон бадалдан турду да жылгадагы сууга бетин жууду. Уучуна толтура суу сузуп шимирди. Көңүлү тынчыбай чокуга чыгып тигил милицио­нерлерди карагысы келди. Сөзсүз кете элек деп болжолдоду. Үрөң-бараңда чокуга көздөй беттеп, жерге жарык киргенде чокуга жетти. Алар кетпептир. Кол телефондору менен жан алы калышпай сүйлөшүп жатышат. Ка-ап андан ары кете бербей деп өкүнүп калды. Тоодон ылдыйлап келе жатканда алыстан самолеттун үнү угулду. Жок, самолет эмес, вертолет экен. Жүрөгү оозуна каптала түштү. Бул бекер келе жаткан жок. Тигилердин чакыруусу менен келаткан чалгынчылар. Демек өлгөнүм ушу деп далбасалап далдааны издеп калды. Жан алы калбай мүдүрү­лүп сүрүлүп көзүнө көрүнгөн чоң таштын түбүнө келди. Кудай жалгап суурдунбу, кашкулактынбы ийни бар экен. Эптеп бүктөлө отуруп, айланага көз жүгүрттү. Вертолет түз эле жарадар болгон милиционерлерди көздөй бет алды. Бат эле кайрылып баягы бадалдын тымтыракайын койбой аткылап, анан Кубандык бекинген таш да кур калган жок. Автоматтын жаадырган октун бири согончок жакка тийди. Кан агып чыкты. Каериң ооруса жан ошерде эмеспи. Кан токтобой аккан сайын жүрөгү лакылдап жаны көзүнө көрүнүп баратты. Көйнөгүнүн бир жеңин жулуп алды да бекем байлап койду. Тигил вертолет кайра кайрылып келбегей эле деп кудайдан тиледи. Тамактарын, дары дармектерин бадалдын жанындагы аккан суунун жээгине таштап койгон.

Айлана тым-тырс боло түштү. Эми ылдыйлап түшүп бадалга жетүү керек. Ушул арада вертолет жетип келсе шорунун кайнаганы.

Акырын ийинден чыкты. Ок тийген буту бастырар эмес. Андан да катуу ооруганын айт. Саал эле жерге тийсе, көзү чагыла түшөт. Айла канча бир колуна күч келтирип, бир бутун сүйрөп жамбаштап жыла баштады. Жанына күч келип ала-шала терге түштү. Үшкү­рүнүп бир маалга чейин отурат да эптеп жамбашы менен жыла баштайт. Ошентип бадалга жетпей эси ооп жатып калды.

Кечке жуук эсин жыйды. Күн кызарып батыптыр. Аны тиги бийик чокулардын баштарындагы кызгылт нурдун төгүлүп турганынан баамдады. Бирок жылганын ичи улам күңгүрттөгөндөн күңгөрттөп баратат. Ок тийген бутун карады. Жаткан жеринде кан агып жерге сиңип кеткенин көрдү. Кудай жалгап кан токтоп калса керек. Эми бадалга жетсе иод бар. Демек азыр бир ажалдан калды. Дагы сактай көр деп кудайга жалынып жалбарынып алды.

Шүүшүңдөп аккан кан чүпүрөккө сиңип этке жармашып калыптыр. Тишин кычырата жаны ачыганына карабай чүпүрөктү оромосунан чыгарып, анан ок тийген жерге иодду сыйпай салды. Эми мындан аркы жол кандай болот ошону ойлоно кетти. Баса мындан эки белести ашкандан кийин бир чабандын кичинекей тамын мындан он жыл мурда көргөн. Эгер ал алигече бар болсо анда кудайдын боору ачыганы. Жок болсо бутунун жараатынан же ачкачылыктан өлөрү анык. Эх! деп үшкүрүнүп алды. «Кудайдын каргышына калган жокмунбу? Түрмөдөн чыксам кой эмес корголго да тийбейм дебедим беле. Аны эсимден чыгарып көзүм кашайдыбы. Мына эл алдында да, абийир намыс алдында да күнөөлүүмүн. Мени таңдан чыгарбай алып кет кудайым, алып кет кудайым, мен ыраазымын алып кетсең!

Кечээги түндөгү уктабагынан көзү ачышып, башына баштыгын коюп жата кетти. Бирок буттун башы эле сыздап ооругандан ооруп, кир жуугандай башты мыжып барат. Анткени менен уйку катуу келгенде оорууну да жеңет окшобойбу. Бир сааттай ооналактап жатып анан уктап кетти. Уйку да жыргаган уйку эмес. Каяктагы жезкемпир, желмогуздар менен алышып чыкты түнү бою.

Эртеси эки таяк таап тизеге чейин шак-шак жасап, согончогу жерге тийбегендей кылып байлап койду. Колуна оңтойлуу таяк жасап, тобокел эмне болсо да бешенемдегини көрөйүн деп жолго чыкты.

Үч күн жол жүрүп, анан издеп келе жаткан чабандын үйүн көрдү. Тиги бөксө тоону беттеп койлор жайылып жүрөт. Койчумандын карааны көзүнө бүлбүлдөп көрүндү. Башы айланып, кыймылдоого дарманы жок. Антсе да бардык күчү менен:

– Жардамга! Жардамга! Жардам-га-а деп кыйкырганга үлгүрдү... Көзүн ачып. чабандын үйүндө жатканын көрдү. Жашы элүүлөрдөгү киши шак-шакты алып, таңылган чүпүрөктү бошотуп жатыптыр.

– И-и-и! – деп онотоп жиберди Кубандык.

– Чыда баатыр чыда. Дары сүйкөп жатам,– деди жанагы киши. Эки жагын карап коет Кубандык. Үчөөнүн сүрөтү дубалда илинип турат. Демек бир үй-бүлөдө үчөө гана болсо керек. Эртеси божомолдогону туура чыкты. Ата-эненин жаңгыз кызы бар экен. Ал кыз кечки тамакты апкелгенде көрдү. Өзү толук, эки бети тултук, анан да бетиндеги сепкилди айт. Ак барактын бетине чекит койгондой жыш. Бирок он сегизге чыга элек жаш кыздын дене бою келишип өңүнүн серттигин жымсалдап койгондой. Акшоола эсине түштү. «Чиркин чүрөктүн чүрөгү эле да. Тагдыры ошо экен. Мен же ага катуу айтып же уруп-соксом экен. Же бир айтканын аткарбай койсом экен. Намысына эле алдырып койду. Эмесе өзүн-өзү асып салбайт эле го». Анан калса жарынын мүрзөсүнө өз колу менен топурак салмак түгүл кемпир чалдын үйүнө барып бата да кылган жок. Карып калган адамдар азыр барбы жокпу бел­гисиз. «Колума алтын куш конду эле, ушу кесепети уурулуктун артынан жүрүп кадырына жетпедим. Колумдан учурдум. Учурмак түгүл түбөлүккө келбес жайга жөнөтүүгө себепчи болдум». Ушул ойлор мээсин чукуп, жүрөгүн сыздатып жиберди. Ушинтип ойдон ой улап аягына чыга албай жатканда чабандын кызы тамак алып кирип келди. Жылуу көз карашы, илбериңки кыймылдары адамга жагымдуу да, суктанар­лык да.

– Алыке көрүнбөйт да,– деди Кубандык.

– Шаарга кетти.

– Эмнеге?!. Жаман кабар уккансып селт эте түштү. Колундагы кашыгы титирей түшкөнүн кыз да байкап калды. «Мени менттерге билдирейин дедиби. Эмесе шаарда кандай жумушу болот эле» деп ойлонду Кубандык.

– Сизге балдак апкелем деди. Эртең келип калат. Бир жерде жата берип жадаган жоксузбу? Адабий китептер бар. Апкелейинби?..

– Жок андайларга кызыктар эмесмин. Саал жакшы болуп калсам үйүмө кетет элем.

– А-а бала-чакаңызды сагынып жаткан турбай­сызбы...

– Кайдагы бала-чака, жаңгызмын. Ошондо да ар ким өз очогун, өз өлөң төшөгүн сагынат. Анын үстүнө чакырылбаган коноктой жата бергеним уят ко.

– Биз жакшы жана бакубат жашайбыз. Сизди оорлобойт. Таза айыкканча жүрө бериңиз. Мен сизди күн сайын карап турам. Кыз күлмүңдөп карап койду. Анан да жадырап жайнап отурганычы. Кубандык кыздын мындай мүнөзүнө жүрөгү элжиреп кетти. Экөөбүз баш кошолу деген сунушка макул болор беле деп ойлоп жатты ичинен. Бирок кургур кыз он төрт жаш өзүнөн кичүү болуп отурбайбы.

Кыз айткандай Алыке шаардан балдак жана жаратка керектүү дары дармектерди ала келиптир. Келери менен Кубандык жаткан бөлмөгө кирип, бутуна дары сыйпап оңдоп таңды. Балдакты кроватка сүйөп коюп, анан Кубандыктын ким экенин сурай баштады. Кубандык баарын жашырып, кайдагы жалгандарды айта­йын деди, бирок анте албады. Ууру экенин танбай, он беш топозду айдап келе жатып, ташка бекингенин, вертолеттон ок жаап бутуна тийгенин төкпөй чачпай айтып берди.

– Бөрүсүз тоо, уурусуз соо эл болбойт. Бирок адам келечегине карап жашайт. Ууруда келечек бар дейсиңби. Кыңыр иш кырк жылда да билинет дегендей уурулук бир күн болбосо бир күн билинет. Ошондо элдин бетин кантип карай аласың. Эгер буга чейин уурулук кылсаң, мындан ары таштасаң да кеч эмес? Алыке көптү билген, көптү көргөн сөзмөр киши экен. Аны Кубандык ушул аңгемелешүүдөн кийин эле сезип калды. Мындай кишиге кадиксиз ишенүүгө болот. Демек бул жерге келгени жакшы болгон.

Иттер ав-ва-авуулап калды. Алыкенин чыкканынан киргени бат болду.

– Үч ат менен кызыл шапкечендер келе жатат. Сага эмеспи,– деди Алыкенин өңү өзгөрүлүп.

– Сөзсүз мага келатат. Айланайын Алыке алып калыңыз. Менин тагдырым сиздин колуңузда,– деп жалдырап жиберди Кубандык.

– Коркпо. Алдагы кийиздин алдына картошка салган оро бар. Түшкүн да дымыңды чыгарбай отур.

Кубандык ороого түшүп, үстүнөн кийиз жайганча, тигилер да шашыла аттан түшүп үйгө кирип келди.

– Кандайсыз Алыке, саламатсызбы? Мал жаныңыз аманбы?

– Баары аман. Отургула, чай анан пайдан ичкиле. Кой соёюн конок болгула,– деди Алыке меймандостук каадасын кылып.

– Жок, шашылышпыз. Биз ууруну кубалап жүргөн адамдарбыз. Кокусунан силердикине баш калкалап келип калдыбы деп келдик. Бар болсо ачыгын айтыңыз. Жок десеңиз үйдүн ичин карап чыгалы. Биз да бул жерден шек санагандай болбойлу. Алыке унчуккан жок. Тигилер тамдын ичин бир сыйра карап чыгып анан Алыкеге:

– Кечирип коюңуз. Эгер ал шүмшүк келип калса дароо кабарлаңыз деди да чыгып кетишти. Анын бирөөн үнүнөн эле жакшы тааныды Кубандык. Ал артынан сая түшүп келаткан майор Жамбай Жапалаков эле. Эми ага ичинен кыжыры кайнап тишин кычырата тиштенип алды. Бутум айыксынчы. Атаңды үч коргондон гана көрсөтпөсөмбү деди ородо жатып күбүрөнө.

Күн өткөн сайын буттун жараты азайып мурдагыдай сыздатып оорубай калды. Күндө үч маал сыртка чыгып чөп, жем ташыган унаалар келген жолду карайт. Жакын жерден айыл көрүнбөйт. Бутум басылса акыры бир жерге алып барар дейт бул жолдор. Жолду караган болуп тиги кызга көзү түшөт. Сыртка чыкканда же киргенде экөө тогошуп калат. Качан көрсөң кыз жайдары. Жүзүнөн жылуулук төгүлүп өзүнө тартат да турат. Анын үстүнө апасына кол тийгиздирбей тамак жасап, казан аякты өзү башкарат экен. Ал эми Кубандыкка үч маал тамакты үзбөйт. Өзү чай куюп берип отуруп тартынбай сүйлөшө кетет. Кубандык да өзүнө тартуу үчүн тамашалуу окуялардан айтып берет. Кыздын шыңгыр эткен күлкүсү мөл булактай жүрөгүнө агылат. Сулуу сулуу эмес сүйгөн сулуу турбайбы дейт ичинен. Анткен менен ичи үкүтүкү. Сүйүүсүн айта салып, кыздан сөз менен катуу сокку жеп каламбы деп коркот. Анын үстүнө ата-энелерине айтып койсо ошондо шору катат. Түз эле Алыкең өзү түрмөгө отургу­зуп коюуусу мүмкүн. Канчалык жаман ойго түшкөн менен Кубандыктын махабаты жалындагандан жалындап баратты. Кээде кыздын колунан кармап өзүнө тарта кучактай калат. Кээде кроватына отургузуп сүй­лөшкөн болот да кроватка кошо жыгыла кетет. Андайда Зейне ачуулана кеткендин ордуна кыткылыктап күлөт да:

– Үйдөгүлөр көрсө эмне дейт. Коюңузчу,– деп жумшак гана сүйлөп тим болот. Бара-бара кыздын эркин бийлеп аларына көзү жетип, тартынбай алдына отургузуп эркелете турган болду. Зейне да Кубандыктын улуулугуна карабай жакшы көрүп кетти. Мынчалык ага тартылып кеткенин да түшүнбөй калды.

Ошол арада Алыке:

– Биз айылга барып өлгөнгө бата кылабыз, эрте келебизби, кеч келебизби мал келге баш көз бол. Дудук койчуманга да айт. Койлорду алыс жайбасын,– деп ат араба кошуп байбичеси экөө кетип калды. Дудук койчуманга Кубандыкка көз салгын дегенби, койлорду сарайдын айланасына жайып, үйдөн чыкпай калды.

– Биерден эмне жейт. Тиги кырга койлорду жайып кел,– деп Кубандык эки үч жолу айткан менен дудук колун шилтеп, кызга тийсең көрсөтөм дегендей муштумдарын ургулап койду. Ниети бузулуп Зейнеге жаңы эле жакындайын дегенде дудук эшикти ачып кире калат да, кожоюнга айтсам сени өлтүрөт дегендей белги кылып, кекиртегин колу менен кескилей кетет. Аны алаксытуу максатында тиги туз салуучу атшоолорго эрчитип барды да, көпкө чейин чылым чегишип кол менен жаңсап сүйлөшүп отурду.

– Жүр, экөөлөп тиги тоо жакка кой кайтарып келели,– деди бир убакта Кубандык. Дудук көңүлдөнө макул болду.

Койлорду тоо беттетип, кайра чылым чегишип, тулаң чөптүн үстүндө бир маалга чейин отурушту.

– Мен үйгө барайын. Зейне коркуп калат. Ме, муногу үч жүз сомду ал. Чылым аласың. Менин акча бергенимди кожоюнга айтпа,– деди Кубандык. Дудук мулуңдап сүйүнүп, акча жөнүндө айтпайм, кызга тие көрбө, деп оюн колу менен түшүндүрдү. Кубандык «Эмне эле коруп жатты экен, бул жаман дудуктун Зейнеде ою барбы» деп ойлоп койду өзүнчө.

Үйгө келгенде Зейне куурдак кууруп, чайды демдей салды. Экөө бет майдайлаша отуруп чай ичишти. Койчуманга да тамак даярдап коюптур.

– Жеткизип бериңиз. Убакты тамактандырбасак чатак кыла турган адаты бар,– деп Зейне баштыкты колуна карматты.

– Анын сенде ою бар окшойт,– деди Кубандык эмне дээрин билгизи келип.

– Анын да жүрөгү бар. Кантип махабатка кабылбай койсун. Бирок анын теңи мен эмесмин да. Бир убакта өзүнө ылайыктуу бирөөнү табар. Ага чейин сүйсө сүйүп жүрө берсин.

Кубандык баштыкты ары жакка койду да Зейненин так майдайына басып келди. Колунан кармап белинен кучактады. Кыздын титиреп турганын сезди. Зейненин эткээл денеси жумшак макмалдай урунду. Жүрөгү дүрт этип, өзүн кармай албай калды Кубандык. Кроват да алыс эмес эле. Кыздын лазатына балкып, ага жолуктурган тагдырына миң ирет ыраазы болуп кетти. «Мен жуанмын, кыз албайсыңбы, сага кайсы кыз болбосун тиет» деген Акшооланын сөзүн эстеди. Бекер айтпаган экен деп койду ичинен.

Дудукка тамак алпарганда ал жаңы эле койлорду сарайды көздөй айдаганы жатыптыр. Кубандык ага тамагын берип, кайра койлорду тоонун чокусу көздөй айдады. Биерден сарай даана көрүнүп турат. Зейне сыртка бир жолу да чыккан жок. Жем ташып жүргөн тракторлор да каттабады. Күн бешимге таянганда гана араба эшиктин алдына токтоду. Кубандык дудук экөө кечке маал койлорду айдап келишти.

Кубандыктын бутундагы жараат айыгып, шишиктери качан эле тарап калган. Болгону бармактай жери ылжырап бүтпөйт. Ал да эмдигиче айыгып калмак. Баягыда алып келген дарысы түгөнүп, ошондон бери эч нерсе сүйкөй элек. Алыке айыгып калганын билген менен эми эмне жүрөсүң деп айта албады. Кубандык да айланчыктап, Зейнеден алыстагысы жок. Үйлөнүү жөнүндө сөз айтса ата-энелер асман айга секирип чоң чатак чыгарабы деп коркуп жүрдү. Бирок эртеби кечпи айтыла турган сөз эле. Дасторкондо чай ичип отурганда:

– Сиздердин колуңардан үч айдан бери өз балаңардай болуп тамак жеп келатам. Бириңерди апа, бириңерди ата дейин. Силерде уул жок экен уулуңардай кызмат кылайын. Айтайын дегеним Зейне экөөбүз бири-бирибизди жактырып калдык. Экөөбүзгө ак батаңарды берип койсоңуздар.

– Эмне деп дөөрүп жатат бул адам. Алмончоктой кызыбызды өзүнөн улуу сандалган кишиге бере коебузбу, айтчы атасы,– деп Калиман апа ызылдап жиберди. Зейне көзүнөн жашын буурчактатып бош бөлмөгө кирип кетти. Алыке менен апасы кыздын артынан барып бир топко чейин кыйкырышып, кайра дасторконго отурушту.

– Кызыңдын көңүлү бар болсо болду. Улгайган адамдарга тийген кыздар аз бекен. Андан көрө багы ачылсын де. Ошону тилейли. Буудайдын барар жери тегирмен, кыздын барар жери күйөө дегендей өмүр бою кармап отура бермек белек,– деп Калиман апаны тынчтандырды.

– Кайда жашап, кайда тиричилик кыласыңар. экөөңөр эч жакка кетпей ушул жерде жашай бербейсиңерби,– деди Алыке.

– Жок бул жерде жашай албайм. Бир уюмдун жетекчисимин. Алар бул жерге тынч жашатып кое албайт. Карасай жайлоосунда убактылуу жашап жаткан тамым бар. Ошерге барабыз. Убакыт өтөр. Тигилерден аман-эсен кутулуп кетсем эле болгону. Эл катарына кошулуп, ак мээнетим менен жашоого аракеттенем. Сиз айткандай уурунун келечеги жок,– деди өмүр баянын баштан аяк Алыкеге айтып берип.

– Түшүнөм, түшүнөм. Баары келип тагдырдан деп башын чайкады Алыке.

– Ооба ата. Эгер ата-энемдин колунда өссөм мындай турмушту башымдан өткөрмөк эмесмин го. Ушундай болуп калды. Эми Зейнени эч нерседен кор кылбай алып жүрөм,– деп Кубандык Алыкеге миң доллар сунду.

– Көрүп жүрөсүң, мага бардыгы жетишет. Азыр фермерлерге президентибиз кенен жол ачып койбодубу. Муну албайм. Андан көрө өзүңөрдүн керегиңерге жараткыла,– деп Алыке болбогон менен Кубандык тырышып туруп алды.

...Мына ушинтип Зейнеге колу жетип, жарынын жаркылдаган мүнөзүнөн жылуулук алып жашап келе жатат. Анан да кубанычтуусу балканактай бала төрөп берип, атын Улан коюшту.

Карасай жайлоосуна келери менен уккан «бөрүлөр» биринин артынан бири келишип ишти күчөтүп жиберишти. Анын үстүнө күз мезгил алар үчүн өздөрү айткандай «сезон». Айрым адамдар малдарын бош кое беришип, көзөмөлдөгөндү унутуп коюшат. Эгин тегиндер жыйналып, мал да ээн эркин оттошуп нык семирет. Бирок бул күз Кубандыктын бешенесин жаркытып кубанта албады. Баягы Жамбай Жапалаков Кубандык жөнүндө имиш угуп, анын каерде баш калкалап жүргөнүн издей баштады.«Өлбөдү же уурулукту койбоду. Аны тирүүлөй кармап чокко гана кактабасамбы» деп ызырынып жүрдү. Кубандык да «ички иштер кызматкерлери издөө салып жүрүптүр» деген имишти көптөн бери угуп жүргөн. Бирок ага анчалык маани берген эмес. Сактыкка кордук жок дегендей үй астынан кеткен тоннелди карап чыгып, цистернадагы бензиндин канча калганын карап чыкты. Бензин цистернадан бир аз гана бөксөрүптүр. «Кол сала турган болсо баарын куйкалайм» деп ойлоп койду ичинен.

Ошентип ал капарсыз жүргөн күндөрдүн биринде түн уйкусунан ойгонуп эшикке чыкты. Фараларын жаркыратып тоону көздөй келаткан бир канча машиналарды көрдү. Жүрөгү оозуна каптала түштү. Эми Акмолдонун тагдыры дал өзүнүн башына түшкөнүн сезип уктап жаткан аялына учуп жетти. Үстүндөгү жуурканды шыпырып алды.

– Мынча эмне болду? Жинди болуп кеткенсиңби?! – деп Зейне көзүн ушалап тура калды.

– Баланы кийиндир. Бол ылдамда. Спецназ келатат...

– Мен качпай эле койбоймунбу. Жаш бала менен менин күнөөм кайсы?

– Күнөөм жок дейсиң. Уурдалган малдын этин жеген жок белең? Акчасын алган жок белең. Көргүлүктү көрө элегиңде бол дейм!..

Зейненин эки көзү алайып кетти. Колдору титиреп, зорго кийинди. Бала таттуу уйкудан ойгонор менен там жаңырта бакырып ыйлады.

Кубандык акчаларды, алтын, күмүш каухарларын сумкага салып Зейненин колуна карматты. Полдун астындагы эшикти ачты да, шаты менен Зейнени ылдыйга түшүрдү.

– Кош менин кымбатым, өмүрлөш жарым, алтыным,– деп Зейненин мойнунан кучактады. Зейне өңгүрөп өксүп ыйлап жиберди:

– Эмне сени өлтүрүшөбү?..

– Камайт. Андан көрө өлгөнүм жакшы. Эми камалсам картайганда бир чыгам. Анын кереги кайсы.

– Өлөм деп айтпачы. Камалсаң он-он беш жыл берер. Мүмкүн кыскартып коер. Мен жөн жатпасмын. Сени чыгарып алам. Ушуга ишенчи.

– Экөөбүз акылдашып отурууга убакыт жок. Тоннелден чыккандан кийин баягы үңкүргө бекин. Уланды сакта. Оорутуп коюп жүрбө. Ал баатыр адам болот. Чоңойсо айтып кой. Мендей ууру болбосун. Уурунун күлү додо болбойт де. Ууру болсоң атаңдай элдин каргышына калып, атажурттун топурагы буйрубай карга кузгунга жем болосуң де. Ушул дубай саламымды унутпай айт туягыма. Бол эми кет...

Зейне Кубандыктын моюнунан колун кое бербей өңгүрөп өксүп ыйласа кудайга үнү жеткидей. Анан калса өлүмгө бир эле кетеличи деп жалынып жалбарынат. Аялынын ыйына каңырыгы түтөп, боору эзилип турганы менен ойлонгонунан кайткан жок. Зейненин колун күч менен тартып алды да, шаты менен өйдөгө көтөрүл­дү. Чын эле спецназдагылар короодун сыртын курчап темир тосмолорду бузуп кирүүгө аракеттенип жатышыптыр. Цистернага жете келип кранын жарым жартылай ачты. Жерге куюлганы куюлуп, кээде чаканы тосо коюп көрүнгөн жерге чача баштады. Сыртта эмне болуп жатканын карай албады. Тамдын ичи сасып чыкты. Жытка ууланып калбайын деп тоннелдин оозуна келди да факел күйгүзүп ыргытып жиберди. Өзү жер асты менен качып жөнөдү.

Ачык турган форточкалардан бензин төгүлөр менен сыртка жыты чыга баштаганын биринчилерден болуп Жамбай сезе койгон.

– Артка! Үй өрттөнөт,– деп кыйкырды ал. Жан далбастап качууга үлгүрүштү жоокер жигиттер. Үйдүн ичи бомба жарылгандай дүң дей түштү. Чатырлар көккө сапырылып, алоолонгон өрт жалбырттап күч алды.

– Кубандык эмес, жоргологон чычкан да өрттөнүа жок болгондур,– деди Жамбай чатырап күйүп жаткан жыгачтарды көрүп.

Бул убакта Кубандык үңкүрдөгү аялына жете барды. Ыйлап жаткан баласын ала коюп, башынан сылагылап, бетинен өптү.

– Айтчы, мендей ууру болбойсуңбу ээ,– деди эч нерсе менен иши жок балбыраган баласы сөзгө түшүнө тургансып.

– Сендей ууру болбойт акеси. Мен эгер жарык дүйнөдө бар болсом. Анан көрө өзүң жөнүндө ойлон. Кутулуунун амалын тап.

– Мени эми эч ким кармай албайт. Муногу жылгадагы чоң суудан аман-эсен өтүп кетсем болду. Тоолорду ашып отуруп Казактсанга өтүп кетем. Анан мени таап алсын, Жер тыңшаар Мамыттай болсо да.

– Мен эмне кылам? Колумда дагы бала бар.

– Тигилердин кеткен кетпегенин байкап отура бер. Кеткенден кийин айылга кете турган жолго түш. Айылга жетсең болду. Колуңда акча туру. Каалаган жагыңа машина менен кете бересиң.

Кубандык каалашынча акча алды да, үңкүрдөн чыгып, жылганы көздөй ылдыйлап баратты. Дал ушу маалда Жамбай дүрбүсүн алып, тоо жакты карап отурган. Тоонун шагылына сыйгаланып ылдыйлап бараткан караанды көрдү.

– Карачы, Кубандык! – деп кыйкырып жиберди жанындагыларга,– Кубандык! Солдаттардын баары кетип, жанында эки гана солдат калган эле. Аларга дүрбүсүн суна салды. Алар даана көрдү. Майда кум шагылдардын агымы менен бирөө ылдыйлап баратат.

– Ага убара болуп эмне кылайык. Байкуш күнүн көрүп жашай берсин,– деди дүрбү салгандардын бирөө.

– Акмак экенсиң! Биз эмнеге келдик, эмне кылып жүрөбүз. Жыйырма адам жалаң Кубандыкты кармайбыз деп келип отурсак эми «байкуш» деп ага бооруң ачып коет. Албы, ал канча кишинин убалына калды. Тозокко гана күйө турган киши го. «Эми мындай» деп планын айта баштады Жамбай,– бирөөңөр тоонун өйдө жагынан, бирөөңөр тоонун ылдый жагынан торойсуңар. Мен орто менен басып кубалай берем. Ал сууга барып такалат. Суудан өтө албайт. Колдон келсе ти­рүүлөй кармашыбыз керек.

Бардыгы Жамбайдын айтканы боюнча иш жүргү­зүлдү. Машина менен тоонун этегине бат эле жете барышты. Кудум кинодогу Максумов менен Гайрулланын кубалашкан тагдырына туш келишти. Кирген буурадай агып жаткан сууга боюн таштады Кубандык. Өлүм менен жашоонун ортосунда күрөш жүрүп ылдыйды көздөй агып баратты. Башы чыга калганда тиги жээкти көздөй балдак уруп коет. Калдайган чоң таштар тосмолонгон жерлерде өркөчтөнгөн агымдар адам бою бийиктикте көтөрүлүп, анан иримге сүңгүтөт. Бир жерден аман чыкса, экинчи бир агымга кабылып жан далбастай баштайт. Башым ташка урунбаса экен деп тиленет. Тилсиз жооду майтарылбас өжөрлүк жеңди окшойт. Акырындап тайыс жерге жетип жакасын кармана туруп калды.

Баятан бери суудан өлүм табат деп карап турушкан Жамбайлар эми өз көздөрүнө ишенишкен жок. Делдээ карап турушуп, эс акылына кечирээк келишкендей орундарынан козголушуп, суу жээктей жан үрөп чуркап жөнөштү. Кубандык болсо бийиктен бийикке жөрмөлөп, октун-октун тигилерди карап коет. «Шүм­шүк, шумурай ушинтип көз алдыбызда кутулгусу бар» деп Жамбай ызырынып алды да, пистолетинен ок чыгарды. Кубандык бир бутун сүйрөп боортоктоп калды. Кан багелегинен ылдый жайыла берди. «Улан, сен мендей болбой баатыр жигит бол. Мага күмбөз тургузам деп убара болбо. Апаңды кор кылба-а!» – деп аска тоону жаңыртып кыйкырды. «Мээси айланып жинди болуп кеткен го» дешти Кубандыктын кыймылына көз салып тургандар. Бирок андай эмес эле. Улам өйдөлөгөн сайын кан токтобой алсыратып да, көзүн караңгылатып да бараткан. Арга жок токтой калып, көйнөгүн айрыды да бекемдеп таңды. «Шүмшүк, шумурай, аксак буту менен качкысы бар». Карышкырга карышкырдай өлүм керек» деп Жамбай жанаша турган жоокердин автоматын ала койду да, окту Кубандыкты көз­дөй жаадырып жиберди. «Уурулуктун акыры ушу болду. Отуз үчкө чыкканда эле о дүйнөгө кетип баратам» деп ойлоп койду ажал алдастатып баратканда.

– Мунун денесин эмне кылабыз? – деди спецназдын жигити.

– Эмне кылчы элек. Суунун аркы бетине өтө албайбыз. Ит, куш жеп кетет. Мындайларды жер да жактырбайт,– деди Жамбай Жапалаков.

Зейне үңкүрдүн оозуна жылып келип мунун баарын көрүп турду. Тиги куралчан адамдар кеткенден кийин гана төмөндөп түшүп, Кубандыктын тушуна келип токтоду. Суу күрпүлдөп өркөчтөнүп агып жаткан эле. Тиги тоонун беткейинен Кубандыктын денеси даана көрүнөт. Колун созуп балбалактап ыйлап жатты зар какшап. «Мени кошо эмне ала кеткен жоксуң. жаңгыз болсом азыр эле сууга чөгүп, тиги дүйнөдө бирге жашамакпыз. Ага аргам түгөнүп турат. Балаңды чоңойтоюн. Барам сенин жаныңа. Менин асылым! Зейненин өңгүрөп өксүп ыйлаганын бала да чоочуп кеттиби ал да чыңырып-чыңырып ыйлап жиберди...

Зейне тоодон түшүп айылга кеткен жолго түшкөндө күн батып караңгылык кире баштаган эле...



Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   10




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет