Чынтемир Аскаров Атаман уурулардын тагдыры



бет10/10
Дата17.06.2016
өлшемі1.02 Mb.
#143314
1   2   3   4   5   6   7   8   9   10

14-с ү р ө т
Бегимай жаңгыз үйдө отурат. Эшиктин коңгуроосу кагылат.
Б е г и м а й. – Ким бул?

Ү н. – Мен.

Б е г и м а й. – Атыңды айтпайсыңбы?

Ү н. – Үнүмдөн тааныган жоксуңбу?

Б е г и м а й. – Жазбексиңби?!.

Ж а з б е к. – Ооба, үйүңдө ким бар?

Б е г и м а й. – Өзүм элемин.

Ж а з б е к. – Кирүүгө болобу?

Б е г и м а й. – Эмне келдиң? Жумушуңду ошол жерден айт да үйүңө кайт. Өзгөн келсе экөөбүздү тең өлтүрөт.

Ж а з б е к. – Мен андан коркпойм. Сен үйгө киргизмейинче бул жерден кетпейм (бир аз тынчтык өкүм сүрөт). Бегимай ач дедим. Сүйлөшөлүчү. (Бегимай эшикти ачат, Жазбек кирип келет). Кандайсың Бегимай?

Б е г и м а й. – Кудайга шүгүр, жаман эмесмин.

Ж а з б е к. – Турмушуңар тим эле жакшы экен. Көрүнүп турат. Демек чыныгы сүйүүдөн дүнүйө, акча өйдө турат экен да? Да-а-а...

Б е г и м а й. – Чыныгы сүйүү дейсиң, сен аны барктай алдыңбы? Эгер барктаган болсоң ушул убакка чейин мени издейт элең го. Мынчалык кайгыга салдырбайт элең го?!

Ж а з б е к. – Мен кайгырбай коюптурмунбу. Сен мени алдадың. Башынан эле сенде кош сүйүү болгон. Эмесе минтпейт элең!

Б е г и м а й. – Кантип колго түшүп, кантип келип калгандыгымды, деги сураштырдыңбы?

Ж а з б е к. – Сураштырдым. Өз калооң менен келиптирсиң.

Б е г и м а й. – Ким айтты?

Ж а з б е к. – Айнагүл жеңең. Өзгөндү мактаса айга күнгө жеткизет. Бир гана сага айтаарым сүйгөнүң менен бактылуу бол! Башка эмне деп айтмак элем.

Б е г и м а й. – Сен да алганың менен бактылуу бол. Сүрөтүң менде жүрсө болду.

Ж а з б е к. – Аны кимден уктуң?

Б е г и м а й. – Эл болгондон кийин угулат да.

Жазбек (ачуулана). Ал ушак. Карандай жалган ушак. Сенсиз менин жашоом жок. Сенсиз күнүм караңгы, айым тутулат дедим эле го. Анын баарын унуттуңбу?.. Эгер унутпасаң мени башка бирөө менен баш кошот деп эч бир ушакка ишенбейт элең.

Б е г и м а й. – Ооба ишенгем. Аны Өзгөн айткан. Көрсө сенден үмүтүмдү биротоло үзсүн деген турбайбы. Оңбогон алдамчы. Эгер аны укпаган болсом, сени издеп кетип калар белем, ким билет...

Ж а з б е к. – Сен издеп барбай эле кой, мен издеп келдим. Эгер жүрөгүңдүн мага деген оту өчө элек болсо, мени менен жүр, айылга кетели. Мына азыр кетели.

Б е г и м а й. – Эмне деп жатасың Жазбек?.. Сен жаңылышып жатасың. Сен экөөбүздүн айырмабыз асман менен жердей. Сен өзүңдөн жаш, сулуу, эрге тие элек колуктууну алышың керек. Азыр мен киммин. Ошону түшүн. Сага канчалык оор болгон менен кетишиң керек. Өз бактыңды табышың керек. Болору болду, боесу канды дегендей, баары болуп өттү. Мени тынчыма кой. Сенин элесиңден кубат, күч алып жашап жүрө берем.

Ж а з б е к. – Менин элесим менен жашабай, жүрөгүңдөн мени өчүрсөң биротоло өчүр. Же менин айтканыма көн.

Б е г и м а й. – Айылга кайсы бетим менен барам? Бир эрди чанып, экинчи эрге тийип алыптыр деген ушак айың сөздөрдү угуш үчүнбү? Ошондон корком Жазбек.

Ж а з б е к. – Сен экөөбүз далай китептерди окудук эле го. Сүйүү үчүн ким жан кыйбады, ким азап тозогуна түшпөдү. Башканы кой Данияр менен Жамийланы эле алалычы. Өчпөгөн сүйүү дал ошондой болот. Менин сүйүүм өчө элек Бегимай. Ал эми мен коркпогон ушак айыңдан сен коркмок белең? Айтчы. Жооп берчи ушуга. (Экөө бирин бирин карап унчукпай туруп калышат). Андан көрө сени сүйбөйм, сүйүүм Өзгөнгө өтүп кеткен де, мен кетейин. (Жазбек кетүүгө камынат).

Б е г и м а й. – Кое турчу Жазбек, сабыр кылчы. (Жазбек токтоп калат. Бегимай жанына басып келет). Чын эле кеткен жатасыңбы?

Ж а з б е к. – Жүрөгүңдөн сүйүү өчүп калса, мен биерде отура бермек белем. Арга түгөнгөндөн кийин айтканым го.

Б е г и м а й. – Арга түгөнгөндөн кийин дейсиң, менин да аргам түгөнүп турат. Сүйүүң Өзгөнгө өтүп кетти дейсиң, сүйүүм бир сен деп мурда кандай болсо азыр да ошондой.

Ж а з б е к. – Анда биерде эмне турабыз. Кетеличи Бегимай эки жүрөктү кыйнабай. Учалычы сүйүүнүн канатында. (Бегимай Жазбектин мойнунан кучактап бышактап ыйлайт).

Б е г и м а й. – Сенин келериңди сезгем. Келип калабы деп ар бир күндү санап жүргөм. Кечээ эле түшүм аян берген. Ал түш бекер эмес экен. Сени жолуктурган тагдырыма ыраазымын. (Жазбек Бегимайдын көз жашын бет аарчы менен аарчыйт. Кучактап бетинен өбөт).

Жазбек. – Мени сагындыңбы?

Б е г и м а й. – Сагынбагандачы. Каеримди?

Ж а з б е к. – Бетиңди, көзүңдү, анан тал чыбыктай буралган өзүңдү. (Жазбек дагы эле чопулдата өбө кетет).

Б е г и м а й. – Болду эми, жүдөтүп да жибердиң. Өзгөн келип калса экөөбүздү тирүүлөй сойбосун.

Ж а з б е к. – Келсе ал соерун же мен соерумду көрөт элең. Кой, кеттикпи? Макулсуңбу?

Б е г и м а й. – Кеттик.

Ж а з б е к. – Бол эми.

Б е г и м а й. – Кое турчу. (Аркы бөлмүгү кирип ручка, кагаз алып чыгат).

Ж а з б е к. – Эмне эле убакытты алып жатасың?

Б е г и м а й. – Эми создуктурбайм. Тиги сүйүү менен ойногон акмакка кат таштап коеюн. (Кат жазылып бүтөр менен экөө үйдөн чыгып кетишет).
15-с ү р ө т
Өзгөндүн үйү. Өзгөн эшикти ачкыч менен ачып кирип келет. Эч ким жок экенин көрүп үйдүн ичинде Бегимай! деп кыйкыра берет. Ар бир комнатага кирип чыгат. Бегимайдын кетип калганын билип, башын мыкчып, кайгыга уугуп, столду ургулап отуруп калат.
Ө з г ө н. – Канчалык боорума тартайын десем да болбодуң Бегимай. Жүрөгүң муз, жибибеген жүрөк экен. Ушунчалык таш боор белең Бегимай?.. Эми кантем?.. Сенсиз күнүм кандай болот? Айтчы, кандай болот?!. (стол үстүндөгү катты көрүп окуй баштайт).

«Өзгөн, менин сүйүүмдү таптаганың менен менин эркимди таптай алган жоксуң. Ал сүйүүм мурункудан бешбетер алоолонуп жанды. Жазбегим келди. Сен мени алдаптырсың. Мен аны менен өмүр бою биргемин. Ал эми сен мени кордогонуң үчүн сөзсүз сот алдында жооп бересиң. Сага башка айтаар сөзүм жок.

Бегимай»

Өзгөн столду мурункудан да катуу ургулап ыйлап калат.

Көшөгө.
Чаар тоок

(юмореска)
Сырттан Алмагүл шашып бушуп үйгө кирип күйөө­сүнө кыйкырып калды:

– Кокуй чык эшикке!

– Эмне болду анчалык?

– Коңшубуздун чаар тоогу үйдүн жанына келип какы­лыктап эле жаны калбай жатат. Тубайын деп уя издеп жүрсө керек.

Дүнүйөгө жакын Эсен шашкалактап калды.

– Кокуй чермыйды алып барып тиги талистин бурчуна кое сал. Акырын келип жатып калсын.

– Маеги жок эмне кылабыз?..

– Убакытты өткүзбөй чырмыйды кое салчы! Тенистин тобу бар, ошого деле тууп кетер.

Алмагүл Эсен айткандай чермыйды жумшактап, үстүнө тенистин тобун таштап койду.

Эрди катын эч жаңылышпаптыр. Чаар тоок акырын басып келип, ар жак, бер жакты карап, тукумдай болгон ак шарды көрүп басып жатып калды.

Эшиктин жылчыгынан карап турушкан экөө алтын тууп кете тургансып сүйүнүп кетишти.

– Тоок деген тоок. Бир тууган жерин өмүрү унутпайт. Күндө келе берет. Анан бир жуманын ичинде жетөөгө жетет. Бах десең! Пиязды аралаштырып кууруп жесең ээ. Баса, ошондо хрустал стаканга жүз грамм куюлуп, сен «кана, Ак буурадайым, алып жиберчи» деп турсаң ээ, чиркин!

Эсен ар кандай тилектерин айтып аялынын кулагынын кужурун алып кудуңдап сүйүнүп коет.

– Баарын иштейм, менин Ак буурам, алды менен чаар тоок жумуртка тууп, үйрөнүп алсынчы. Тим элеби, шилекейиң чуурута турган кылбасамбы.

Ушул маалда чаар тоок катуу какылыктап, ит куугандай сыртка атып чыкты.

– Тууган окшойт. Буйруса бирөө бар дей бер,– деп экөө жарыша уяга келишти. Чермыйдын үстүн карай салышып экөөнүн тең көздөрү алайып кетти.

– Чаар тоогуң менен чамыраң калгыр! Карачы жап жаңы чермыйды иттей кылып булгап кеткен турбайбы. Чермыйды апкел эле апкел деп сенин кылганың Эсен. Эми эмне кылсаң ошо кыл чермыңды сен тазалап бересиң.

Экөө сен жубасың, жок сен жубасың деп талашып тартышып, акыры аялы чермыйды кагып ордуна койду.

Эртеси чаар тооктун кайсы маалда уяга келип жатып калганын Эсен да, аялы да байкабай калышты. Бир маалда чаар тооктун ачуу үнү чыкты. Кечеги булгап кеткен чермыйдын үстүнө дагы кошуп, чермыйдын ишпалдасын чыгарып койдубу деп экөө тең уяга басып келишти. Чермыйдын үстүн карай салып бүркөлө түшкөн кабактары жарк дей түштү. Анткени балжайган чаар тоок, балжайган жумуртка тууп, сыртка чыгып кетиптир. Эсен эркек уул тапкандай ысык жумуртканы алаканына сала салды.

– Ой катын, жаңгыз болсо да кууруп жибер эртерээк, кечегиден калган бир стакан арак бар эле. Закүскө болсун.

– Жаңгыз эле жалмагын бар ээ? А мен оозуңдун тегерегин жалайт экем да. Муну кара! Жутунба! Жок дегенде экөө болсун.

Экөө да болду. Эсен канчалык ыкылдаган менен аялы болор эмес.

– Маеги жок туубай калсынбы. Написиңди тый, написиңди! Эртеси жумуртканын саны үчөөгө жетти. Буйруса бүгүн жейм го деп Эсен казан аяк жакты карай берет. Аялы куурумак турсун кайра адыраңдап бет­тен алды.

– Теңчилик деген бар, теңчилик. Жумуртка төртөөгө жетсин. Жуп-жуптан кууруп эки тарелкага салабыз. Анан, анан жейбиз дейсиң артынан кекиртекти майлап...

Аялы канчалык шилекейди чуурута айткан менен сөзүнө турбады. Жумуртка күн өткөн сайын кошулуп отуруп, он бешке жетти. Ошондо гана чаар тоок кыймылдабай басып жатып калды. Эрди катын эми мурункудан да беш бетер сүйүнүшүп, чаар тооктун жаткан жерин жакшылап коргоп коюшту. Чаар тоок күндү узарткан сайын экөөнүн тынчы кетет.

– Отуз күн күтөбүзбү? Же 31би?..

– Ай жаңы тууган күнү басты, отуз күндөн кийин эле...

– Анда он жети күндөн кийин эле жөжөлөр жөжүрөп калат турбайбы?..

– Ооба, анан чоңое түшөт. Анан балаңдын туулган күнүнө жөжөлөрдөн кууруп берсек ээ. Анда канча мейман чакы­рабыз?

– Келгендер келер. Өзүбүзчө эле белгилеп койгон оң го. Баса, бажамды сөзсүз чакырышым керек. Бал татыган эттен жеп, бажа менен баш тырмашып отурганга не жетсин!

Чаар тоок алар болжолдогон күндөн эртерээк чыгарды. Үчөөн сасыткыга калтырып, үйрөнгөн короосуна көздөй бет алды. Эсен чаар тооктун балапан чыгарганын кечирээк байкап калды. Сыртка чыкса чаар тоок жыбыраган жөжөлөрүн ээрчитип коңшусунун короосуна киргени баратат.

– Катын эле, катын, сыртка чык эле, сыртка чык – деп Эсен жан алы калбай аялына кыйкырды.

– Эмне тынччылыкпы?..

– Ой тиги чаар тоокту карабайсыңбы. Кетип баратат. Кайры үйгө. Кайры дароо кирип кете элегинде.

Алмагүл жаңы эле тоокту көздөй умтулганда, коңшусу бала чакасы менен чыга калышып чаар тооктун жөжөлөрүнө кызыга карап турушту. Алар эрди катындын бир деме деп бажылдашып жатканын көрүшүп, «Экөө тең мас окшойт» дешип, «чермый», «чаар тоок» деген сөздөргө маани беришкен да жок.

Бала кудурети

(аңгеме)
Бүгүн Амантур иштен кызуу келди. Эшик ачык болгону менен үйдө эч ким жок. Алиман кайда кетмек эле. Үйдүн тегерегеинде жүргөндүр деген ойдо диванга чалкалай отуруп, газета окуй кетти. Ар бир бетти окуп бүткөн сайын сырттан Алиман келер бекен деп карап коет. Жок, жакында келер эмес. Бурулдата чылымын тарта сыртка чыкты. Огород жакты карады. Алиман бияктан да көрүнбөйт. Мынчалык кечигип жатканына ишенбей көчөгө чыкты. Чуру-чуу түшүп балдар топ ойноп жатышат. Бир топко чейин кызыгып карап турду да кайра үйгө келди. Дасторконду карап нан таба албай койду. Эки саат мурун жолдоштору менен арак ичкен эле. Анда да жыргаган закүскө дейсиңби. Ачууга ачуу керек дешишип пияз менен ичишкен. Мына эми ачкарын ичкени ашказанды жеп баратат. Үйгө эле жетсем Алиманга ысык тамак жасатам деген үмүтү мына минтип таш капканын карабайсыңбы. «Бул эмне кылганы. Эшикти ачык таштаганы аз келгенсип, жоголуп кеткенин айт. Менин ушул убакта келеримди билет. Эч болбосо шам-шуң этер бир нерселерди даярдап коюп жоголбойбу, жоголгусу келсе. Эмне кылсам? Издесемби? Кайдан табат элем? Өлбөсө келер. Ошондо көрсөтпөсөмбү».

Амантурдун ачуусу тутанып кетип, колдору титиреп чыкты. Буфетти ачып кечегиден калган аракты тапты. Кудай жалгап бир бөтөлкөдөгү арактын жарымысы калыптыр. Чоң стаканга толтура куйду да, тартып жиберди. Ичи ысып чыгып, Алиман да оюна келбей, кабагы жазыла түштү. Адатынча чылымын бурулдата тартып, кайра диванга чалкалай отурду. Колуна газета кармап окуй баштаганда эле үргүлөп кетти.

Алимандын качан келгени белгисиз. Бирөөнүн түрт­күлөгөнүнөн улам кыжынып жатып зорго ойгонду Амантур. Бет алдында турган Алиманды көрдү. Мастыгы тарай элек болсо да, үйдү ачык таштап, бир жакка кетип калганын унутпаптыр. Аны оюна албаган Алиман:

– Тур акеси, сага плов, эт апкелдим. Курсагың ачкандыр. Мына жылуу бойдон деди.

– Кайда жүрүсүң сен! Эшикти эмне ачык таштайсың! Муногу үй эмеректерди уурулар көтөрүп кетсин дедиңби! Айтчы бул эмне дегениң? Куру, полов-соловуң менен!

– Кой акеси, анчалык катуу кетпе. Мен башка бирөөнүкүнө кетти дейсиңби. Узун мурут акемдер кудайы тамакка жардамдаш дегенинен бат эле келип калармын деп кетип калдым эле. Келиндер аз болуп, кармалып калбадымбы. Ал үчүн кечирип кой акеси.

– Узун мурут акем. Узун мурут акем деп оозуңдан түшпөйт. Баягыда да Узун мурут акемдердикине бардым деп жоголуп кеткенсиң. Же төгүнбү? Же бир тууганым болсочу. Тээ алыскы аталашыбызды Узун мурут акем, Узун мурут акем деп жакын кылып алыптыр. Сенби Алиман, сен аны менен соо эмессиң! Мурда ишенбей жүрсөм да бүгүн ишендим.

– Койсоңчу Амантур кызганчактыкты.

– Кызганчактык эмес бул чындык. Кийинки учурда жүрүшүң жаман. Көзүмө чөп салып жүрөсүң!..

– Ишенбесең эмне кылайын. Бирок Узун мурут акем жаман киши эмес. Адамкерчиликтүү, абийир сактап, кара­санатайлыкка барбайт.

– Ошентип Узун мурут акең жаман киши эмес экен да! Демек ал жакшы, мен жаман экем да! Ушун­дайбы?!.

Кылдан кыйкым таба албай турган Амантурдун эки көзү кызарып, ачуусу ашып-ташып турганын Алиман сезе койду. Үйдөн кандайча атып чыкканын сезбей калды. Сыртка чыгып артына бурулуп караса Амантур чоң келтек алып кууп келе жатыптыр. Канткен менен кууп жетерин түшүнгөн Алимандын өңү жуулган чүпүрөктөй бозоруп кетти.

Алардын беш жашар кызы Жыпар арыраакта эле коюу өскөн чөптөрдүн арасында гүл терип ойноп жаткан. Алды менен үйдөн качып чыккан апасын, анын артынан кубалап келаткан атасын көрүп, бир аз аң-таң калып карап калды да, атасынын ура турганын сезип аларды көздөй чуркады. Ачууга алдырган Амантур кызынын келатканын байкабай:

– Токто дейм, Алийман, токто! Көчөгө чыкпа! Бекер жаман болосуң! – деп эки жагын карабай кый­кырды.

Алийман көчөгө чыгып калганы менен Амантур кубалаганын токтотко жок. Ошол маалда Жыпардын:

– Ата-а-а! – деген аба жаңырткан үнү угулду. Амантурдун жүрөгү солк этип, бул үн жерден эмес асмандан угулган жаңырыктай сезилди. Катуу чуркап бараткандыктан мүдүрүлүп барып токтоду. Эми гана эс акылына келгенсип эки жагын карады. Өзүн көздөй жүгүрүп келаткан кызын көрдү.

– Ата-а-а!.. Кыз желге чачын сапырылтып, көйнөгүн делбектетип келатты. Бир зор күч аны бир жерге кадап койгондой жылбай калды. Жыпар болсо чуркаган бойдон келип атасынын мойнуна асылды. Апасы жакты карады эле, апасы да капарына эч нерсе албай, күлө багып келатыптыр. Кыз сүйүнүп атасынын бетинен өөп койду. Жүрөгү элжиреген Амантур кайра өзүн күнөөлөп «атаң бүгүн мас, апаң да, сен да кечирип койгулачы» деп сүйлөнө үйдүн босогосу аттады.

Тору айгыр

(аңгеме)
Көчөрбек машинасын сатып эртесинде эле мал базарга түштү. Бат эле өзүнө жаккан атты алып кетейин деп жатканда жээни Макил жолугуп калды. Ал-жайды сурагандан кийин машинасын сатып жиберип, акчасына мал алганы келгенин айта кетти.

– Акчаңыз бар экен, дагы бир атты карап көрбөй­сүңбү? – деди Макил.

– Караса карайын. Баасы келишсе алганым оң го. Мал темир эмес. Жешилип чыгаша кылгыдай. Мал дегениң качан да болсо мал. Үстүнө үстөк кошуп турат.

– Ошону айтпайсызбы. Малды мен да жакшы көрүп кеттим. Жүрсөңүз тайке, бир жерден тору айгыр көрдүм эле. Көзүм түшүп кызыкканым менен чөнтөктө пулум жок басып кеткем. Акча карызга берсеңиз, мен алайын же сиз эле ала койбойсузбу? – деп Макил шашкалактай сүйлөдү.

– Жүр анда баасы келишсе ала коелу. Анда турган проблема жок. Көчөрбек жээнин ээрчите аттар байланган жерге жакындаганда Макил:

– Тээтигил тору айгыр. Сымбатын караңыз. Жалы төгүлгөн, буттары жоон, сөөктүү ат. Айдоону малалаганга, араба менен жүк ташыганга, айда табылгыс жаныбар ов!

Көчөрбек жанына келип көпкө кызыга карап туруп, анан ээси менен соодалаша кетти. Жүйөлүү бааны айтты аттын ээси. Макил келип, тиги, бу деп отуруп дагы миң сомго бааны төмөн түшүрдү. Ага тиги бир аз кыйыктанып туруп «эрте менен эле баасы келген экен, ка-ап, эми айылга кайра кетмек белем» деп кейий сүйлөгөнү менен акыры кол алышып атты Көчөрбекке карматты. Арзан алгандарына тайке, жээн сүйүнүшүп, ошол жерден эле кыл куйруктун куйругун жуба кетишти.

Жаз айларында талаа иштери күчөп чыгат. Тиги дыйкан чарбасындагы үч гектар жеринин бир гектарын гана айдоого үлгүргөн. Эми анын үстүн тегиздөө үчүн эки атына ишенди. Бирок былтыр бул жерге жүгөрү эгилгендиктен жүгөрүнүн тамырлары тоң кезең менен томолок-жумалактанып айдоонун бетин бербей калган. Анткен менен иш токтоп турмак беле. Маланы эки атка кошту да кечке чейин тындырган жок. Кара тер түшкөн эки атты бир саат аса байлап коюп ире-ширеде жем, чөптү мол салды. Эки ат тең атайын жасалган тактайдын үстүнө буттарын сунун жатышып, түн жарымынан кийин гана алды менен бирөө, андан кийин экинчиси туруп, бедени киртилдете жеп кирди.

Ушундай да тынчы жок киши болобу, күн чыгып чыга электе кечээги маланы кайра кошту. Сарыайгыр, Торуайгырдан да күчтүү болуп чыкты. Бир жолу да камчы ургузбайт. Кокус камчы тийсе козголуп да койбойт. Торуайгыр андай эмес. Жамбашына камчы тийгенде куйругун булгалактатып анан тебе тургансып бутун жай шилтеп калат. Көчөрбек катуураак камчы салсам тээп алып жүрбөсүн деп кооптоно түшөт. Ошентип айдоонун үстүн тазалап, тегиздегенче бир жума өтүп экөөн тең алсыратып алды.

Аттары чарчаган менен убакыт күтүп турмакпы. Айдалган жерге дароо эгин экпесе жер кургап, урук чыкпай да калышы мүмкүн. Көчөрбек ушуларды ойлоп бир тиштүү жөөк салгычына Сарыайгырды кошту. Түшкө чейин тындырбай жөөк салып, атты кара терге түшүрдү. Бирок катуу чарчаганын ээсине билдирген жокко чиркин! Болгону арыктын жээгине аркандалган Торуайгырды көргөндө «сени кезегиң келди» дедиби, эки-үч курдай кишенеп алды. «Байкуш канткен менен бир туугандай болуп калбадыбы. Боор тартып кишенегенин кара» деп күбүрөнүп койду Көчөрбек.

Торуайгыр «эми мени алып кетет» дегенсип башын жерге салбай, окурана Көчөрбек жакты карап алды. Ооба дал ошондой болду. Ээси бир саат өтпөй жетип келди. Бир тиштүү жөөк салгычына кошту да, кечке чейин иштетти. Мында да Сарыайгырдай болуп жүрө берген жок. Чарчай түшкөндө камчы жегенине карабай ордунан жылбай калат. Эки-үч жолу катуу камчыга алды эле Торуайгыр астыңкы эки бутун асманга көтөрүп моюнчагынын таш талканын чыгара кое жаздады. Чарчаган турбайбы деген кыязда жарым саатка жакын чылым тартып өзү да эс ала кетти. Кайра ишти баштады эле Торуайгыр былк деген жок. «Э-э, сырыңды билдим» деди да, ичинен сүйүнүп койду.

Качан болсо да Көчөрбек Торуайгырга ыраазы эмес. Мал болуп туруп кыялы кыяңкы. Жүктү көп салып араба айдаганда да, көбүрөөк иштетип койгондо да өжөрлүгүн кармата коет. Буттарына кагып койгондой ордунан жылсачы. Акыры кыяңкылыгы тараганда гана «чү» дегизбей эле өзү баса кетет. Айла канча ээси буга да макул эле, эгер мындай бир окуя болуп өтпөгөндө...

Кыш күрөөдө айылдын ары жагындагы бактан арабасына жакшылап басып отун апкелатты. Мындай ишке көбүнчө Сарыайгырды кошчу. Карабасып эрте менен коңшусу эрте келип, «Торуайгырды кой, Сарыайгырды бер» деп туруп алган. Бирде коңшусунун көңүлүн калтырып жүрбөгөндүктөн анын айтканына макул болуп жетелетип жиберген. Мына эми Торуайгырдын кыяңкылыгы кармайбы деп өзү да үкү-түкү. Анын үстүнө отун күбүрөөк салынып калганын баятан бери байкап келатат. Бирок эмне кылмак эле? Болору болуп Торуайгырга күч-кубат бере көр деп кудайдан тиленип келатты.

Кар калың жаабаганы менен чыйыр салынбаган жолдо Торуайгыр арабанын тырмыша тартып кыйналып келатты. Акыры жарым жолдон аша бергенде токтоду. Мындайда аба ырайы да күчөп чыгат окшобойбу. Аяздын суугу аз келгенсип муздак шамаал ыркырап согуп, коюн колтукка кирип, үшүтүп жиберди. Торуайгыр болсо козголоюн дебейт. Көчөрбек жүгөнүнөн кармап, алдыга тартты эле башын өйдөлөтүп, кайра артка кетенчиктеди. Буга убал жок экен деп камчыны сооруга шыбап кирди эле, Торуайгыр адатынча астыңкы эки бутун асманга көтөрүп моюнчагын үзүп, арабанын ок жыгачын сындырып кое жаздады. Көчөрбектин ачуусу кайнап чыкты. Атты арабадан бошотуп, электр тирөөчүнө жетелеп келип, чылбырды тырыштыра бекем байлады. Анан душманынан өчүн алып жаткансып камчысы менен сабап кирди. Ат кудайга үнү жете тургандай чыңырып жан алы калбай бошонууга аракет жасап жатты. Ооздукка келип кошулган кыл чыбыр канча булкунган менен үзүлөр эмес. А Көчөрбек болсо камчыны үстөккө босток шыбайт. Акыры сууктун күнүндө чекеси тердеп чыгып, чарчай түшкөнүн сезди. Ат да кара терге түшүп калтырап-титиреп турат. «Жиниңди мына ушинтип сууруп алам, эми молдо болуп каласың» деди да жөө жалаңдап айылга жөнөдү.

Көчөрбек айылга келсе коңшусу Сарыайгырды ордуна байлап, чөп таштап коюптур. Дароо чечип алып, жолдо калган арабасына жетип барды.

«Жаныбарым, асыл ат экенсиң го» деди Сарыайгырды. Ат ээсинин мактоо сөзүн түшүнгөндөй араба кошуп жатканда былк этпей, анан жүктү күжүңдөп тартып айылга бат эле жеткирип койду. Арабанын артында байланып келген Торуайгырды «Эш-шек!» деп тилдей аштоонун алдына апкелди да чөп салбастан аса байлап койду. Жанындагы Сарыайгыр түнү менен күлү күбүлбөгөн көк бедени жеп чыккан менен Торуайгырга бир тал да чөп ташталган жок. Кайра аямак турсун «ачкадан өлтүрбөсөмбү» деп ызырынып койду.

– Ат арыктап кетти. Арык болсо да сатып жиберсеңчи. Мүмкүн башкаларга барса оңолуп кетер. Сага эрегишип калды бул ат,– деди бир ай өткөндөн кийин аялы.

– Эрегише турган акылы бар дейсиңби, бул аттын? Мээси болсо Сарыайгырдай иштеп, Сарыайгырдай жем, чөбүн жеп турат эле го. Баарынан базарда Макилдин жолугуп калганын айт. Ошондо көзүм кашайган экен. Эми өз богун өзүнө жегизип, эшектен өткөн жоош кылбасамбы! Анте албасам Көчөрбек атым өчсүн!

– Малга да эрегишет бекен. Кайра сылап сыйпап тапка келтирет. Кызыл камчыны мал эмес, адам баласы да сүйбөйт. Андан көрө бир ай тим коюп багып көрчү кандай болор экен?..

Аялынын акылын сөз деп да койгон жок Көчөрбек. Кайра атка эрегишип үч күнгө чейин бир тал чөп да таштабады. Торугайгыр эми аштоодогу кашек чөптөрдүн бок сакка аралашканына карабай жечү болду. Ал анчалык тойдурбайт окшобойбу, күн өткөн сайын каркайгаңдан каркайып кабыр­галары даана саналып калды. Ошондо да ырайым кылбады Көчөрбек. Боору ачыган аялы гана бир колтук чөп апкелип астына таштады. Бирок Торуайгыр жактырбагандай бышкырып, ал чөптү мурду менен челип аштоодон чыгарып таштады. Аялы өз көзүнө өзү ишенбей «Ойтообо, айбан малда да кек сактайт экен ээ» деп аң таң калды. Үйгө кирсе Көчөрбек телевизор көрүп отуруптур. Көргөнүн айтты эле такыр ишенген жок.

Кечке маал Көчөрбек малдарды карайын деп сыртка чыкты. Аялынын айтканы эсине түшө калып, Торуайгырдын аштоосун карады. Чын эле чөптү аштоодон чыгарып таштап­тыр. Көк беде бутунун астында тебеленип жатат. «Чөптүн да чөбү бар. Жерде жаткан чөптү салган го» деген ойго келип, күлмайда чөптөн тандап Торуайгырдын аштоосуна салды. Башын салмак түгүл карап да койгон жок. Көзү өлө турган малдын көзүндөй үлдүрөгөндүн үлдүрөйт. Түрүн көрүп ачуусу ичтен түтөп чыкты. Камчыны алып баягыдай сабагысы келди. Бирок кантип сабайт. Итерсе кулана тургандай.

Аялынын айтканы эсине түштүбү мойну башын сылагылап, жал куйругун тарады. Баягыдай ыргыштап турган ат кайда. Чын эле эшектен бетер жоош болуп калыптыр. «Кара жини кагылды, эми муну оңолтуш керек» деп ойлоду ичинен.

Эрте менен эрте туруп Торуайгырдын аштоосун карады. Чөп ошол бойдон. Эмне кылсам? Базарга апарсамбы? деп ойго чөмүлө түштү. Базарга барганда ким алат? Кокус ошол жерден жыгылып калсачы? Ошондо күлкү болом го. Жок, сатсам да ушерден сатышым керек деп ойлонду ичинен.

Көңүлү тынчыбай аттын жанында ары бери басып турду. Аттын мойну салаңдап, бир жак жагына кыңкайып козголуп койбойт. Э-э, деп. эми эсине келди. Ооруп калган турбайбы. Демек өлө элегинде курутуш керек.

Эмне кыларын билбей көчөгө чыкты да, мал келине чөп салып жүргөн Коңкобай коңшусун көрүп калды. Акырын басып келип көлөкөдөгү отургучка отура кетти. Кабагы бүркөк, сабыры суз Көчөрбекти көрүп Коңкобай тынчсыздана түштү.

– Мал жаныңыз аманбы. Көчке?..

– Аман эле. Бирок Торуайгырды сатпасам болбой калды. Оору экенин же соо экенин билбейм. Чөп салсам жебейт. Өзү да арыктап кетти.

Коңкобай Торуайгырды Көчөрбек жамандап жүргөн менен ага аябай кызыкчу. Жакшы багылса келишкен ат болоорун коңшу туруп көрүп жүрбөйбү. Ошондонбу:

– Сата турган болсоңуз мага сатыңыз. Ошол турушунда бир уйга бересизби? – деди Коңкобай оюнда эч нерсе жок.

– Кана колуңду бер,– деп шашыла колун сунду Көчөрбек. Анын дароо макул болгонунан күмөн санаган Коңкобай:

– Элде мурун көрөйүнчү. Анан алайын. Чын эле ооруп калгандыр,– деди ат турган сарайды көздөй баратып. Алы кетип ыргалып турган Торуайгырды көрүп боору ачып кетти.

– Атты курутупсуз го Көчке! Ушуга кантип уюмду алма­шайын. Торпокко берсеңиз гана алам. Өлсө өлдү. Өлбөсө мал болуп кетер деп Коңкобай кесе сүйлөдү. Бул Көчөрбектин акыркы мүмкүнчүлүгү эле. Айла канча торпогун алды да, атын жетелетип жиберди. Көчөрбек үстүндөгү оор жүктөн кутулгансып жеңилдене түшүп, үйүнө кирери менен аялына айта кетти.

– Ошол балээден кутулуп ыраса кылгансың,– деди аялы Көчөрбектин кылган ишине ыраазы болуп.

Коңкобай Торуайгырды келери менен бапестеп бакты. Чөп, жемди кашексиз жей турган болду. Бир айдан кийин араба сатып алып Торуайгырды кошту. Арабаны бир басыгынан тайбай сүйрөй тургандыгын көрүп аябай сүйүндү. Жазга маал Торуайгырды мурдагы ээси Көчөрбек да тааныбай калды.

– Эмне берип жулкунтуп койгонсуң? – деди бир күнү Көчөрбек.

– Беш бармак берип жулкунтуп койдум,– деп тамашалады Коңкобай.

Талаа иштери жылдагыдай күчөп чыкты. Көчөрбектин мурда эки атын ишке чегерип жүрсө, эми бир атка жүк түштү. Байкуш Сарыайгыр баарына чыдады. Малалоо, жер тегиздөө, жөөк салуу иштерин өзү жаңгыз аткарды. Аткен менен Көчөрбектин бир иши бүтсө, экинчиси дайын. Өзү да чарчанбайт. Аттын чарчанганын билип да койбойт. Анын үстүнө Сарыайгыр да жоош эмеспи. Бардык кыйынчылыктарды көтөрүп жүрө берет, эттен түшсө да. Антсе да Торуайгырды көргөндө ичи тарый түшөт. Ал Сарыайгырдан да өтүп кетти. Коңкобай жулкунтуп минип, араба айдаганда таскагынан жандырбайт. Жүк ташып келатканда баягыдай буттарын асмандатканды коюптур. Жоош болгонун айтпа. Коңкобайдын камчы салганын көрө элек.

Антип минткенче күз да келип. эгин тегин жыйноо кызыды. Көчөрбектин мээнети жанып, тонналаган картошканын каптары аянтында жайнап кетти. Байкуш Сарыайгырдын башына эми түйшүк түшкөн окшобойбу. Айылдан беш чакырымдай алыстыктагы картошкаларды тынымы жок ташыйт. Кечинде жем, чөптү мол бергени курусун, ал түшкө чейин кубат болуп, түштөн кийин алсырай баштайт. Аны Көчөрбек билип коюптурбу. Жүрбөй калганда ачуусу келип кызылкамчыга алат. Эми каяшаны Сарыайгыр жасай турган болду. Кудум Торуайгырдай алдыңкы буттарын көтөрүп чапчылай кетет. Бирок Торуайгырдай өжөрлүк кыла албайт. Бир-эки камчыдан кийин чарчанып баратса да эптеп алга жылып үйгө жеткирет.

Картошканы ташып аягына чыга электе чөп да, жем да жебей жатып калды Сарыайгыр. Айылдагы жүк ташуучу машиналарга сүйлөшсө, «бизде да ишибиз күчөп, кол бошобой жатат» деп жооп кылышты. Мээнет кылып баккан картошкалар талаада калып калмакпы. Көчөр­бек коңшусуна келип Торуайгырды сурады.

– Мен сага жардам кылайын,– деди Коңкобай,– бирок атты бербейм. Өзүм канча болсо да ташып берейин. Аттын сырын билесиз го,– деди Коңкобай.

Арабага картошканы ченем менен салып үч күн ташыды Коңкобай. Торуайгыр былк эткен жок. Көчөрбек Торуайгырдын мынчалык өзгөрүлгөнүнө таң калды. Анан Сарыайгырдын турбай жатып калганын ойлоп жүрөгү ооруй түштү.

– Аттын сыры бар дейсиң. Ал кандай сыр? Же мени тамашалаганың келип жатабы?

– Жо-ок Көчке тамашалаган жерим жок. Чынын айтып жатам. Сырды ачыш үчүн бир жашик арак, бир кой соёсузбу?

– О-о жолуң болгур десе. Буюрганы болор. Кана айтчы.

– Эми сиз да мендей болуптурсуз. Атыңыздын өлбөгөнүнө шүкүр кылыңыз.

Коңкобай мындан беш жыл мурда атты кордогонун, жоор болуп, акыры өлүп, бир тыйынга арзыбай калгандыгын, азыркы күнгө чейин ичи ачышып жүр­гөндүгүн айта кетти.

– Ат болобу, башка болобу, бага билиш керек. Аяш керек. Ошондо гана баккан мээнеттин үзүрүн көрө аласыз. Баса, Сарыайгырды арыктатып курутуп койгон жоксузбу?

Көчөрбек эмне деп айтаарын билбей, ынтыгып туруп калды да, анан оозунан:

– Жо-ок,– деген сөз чыкты.

– А-а, анда жакшы. Торуайгыр сизге сабак болгондур. Эми Сарыайгырды жакшы бага көрүңүз.

Коңкобай коңшу болуп туруп билсе да билмексен болду ушул ирет. Көчөрбек турган жеринен титиреп кетти. Ордунан шарт бурулуп Сарыайгырдын жанына кандайча жетип келгенин билбей калды. Астындагы чөбүн карады. Ошол бойдон. Эмне кылуу керек? Ары-бери калдастап турду да, анан жакшы ой менен куйругун сылады.

– Байкушум ай, чыны менен эле сени кыйнап койгон турбаймынбы. Эми сени камчы менен сабасам колум сынсын. Ишен, мындан ары сени бапестеп багам». Ат ээсинин айткандарын түшүнүп коюптурбу. Киртийген көздөрү менен бурулуп Көчөрбекти карап койду. «Мени түшүндү окшойт» деп өзүнчө күбүрөндү да, атка суу апкелип, астына койду. Байкуш ат какалып-чакалып жатып суу ичип, буту башын керип түзөнүп туруп калды. «Өлбөйт окшойт» деген үмүт пайда болуп, дагырага жем салып келди. Ат башын салган жок. Бирок түнү менен ак пейили кармап калса, жемди жеп, тыңый түшөр деген ойго келди. Айтоор көңүлү тынчый түшүп, кечкисин таттуу ой, таттуу тилек менен таттуу уйкуга кетти...



© Аскаров Ч., 2008. Бардык укуктар корголгон

Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган



Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   10




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет