Чынтемир Аскаров Атаман уурулардын тагдыры



бет2/10
Дата17.06.2016
өлшемі1.02 Mb.
#143314
1   2   3   4   5   6   7   8   9   10

Жаңы эле ордунан туруп тачкага колу жеткенде, ары жактан Нур көрүнүп калды. Шөлбүрөгөн, кир кийимдери менен тургандыктан кыздан жүзүн жашырып, тачканы таштай базардан чыгып кетти. «Тачка болбой жерге кирсин» деп жерге бир түкүрүнүп алды да, таза кийимдерин кийинип кайра базарга келди. Тачкасын өз ордуна коюп базарды түрө кыдырган менен кызды көрө албады. «Жок, бул иш мага ылайык болбой калды,– деди ичинен,– башка жерге иштешим керек. Бирок кантип, кайдан табам? Вот мендеги проблема.

Эртеси дагы гүл алып мектептин астынан кызды тосту. Чыгар маалын жакшы билип калыптыр. Талдын далдаасында туруп, ал келатканда чыга калды. Нур жадырап жайнап анын жанына келди. Гүлдү колуна тапшырып:

– Көптөн бери кол бошобой калып келе албай калдым, кечир,– деп күнөөлүүдөй башын шылкыйтты.

– Бул гүлдү бекер алгансың,– деди Нур,– бая күнкү берген гүлүң соолубай ошо бойдон турат. Бул ашык­ча го.

– Мейли ашык боло берсин. Мен сага жакшы жерде иштейм дебедим беле. Гүл мага кеп эмес. Бул гана эмес. Сен экөөбүз кафеден тамактанайлы деп келбедимби,– деди.

– Жөн эле акчаны корото бербечи Кубантай. Андан көрө жөн эле сүйлөшүп, бирге басканыбыз артык. Кубандык ага болгон жок. Нурду акыры макулдатып кафеге киргизип кымбат баа тамактардан алып келип астына койду. Нур, «жапжаш болуп туруп мынча акчаларды кайдан табар экен» деп ойлоду. Бул күнү бир сааттай бирге басып жүрүшүп бат эле коштошушту.

Күндөр өтө берди. Кубандык түшкө чейин иштейт да түштөн кийин ишин токтотуп коет. Алтынчы жана базар күндөрү Нур базарга келип калабы деп такыр иштебейт.Бирок күндө Нурду тосуп чыгып, эки аялдамага чейин жеткирип, автобуска түшүрөт да, өзү калып калат. Экөө тең бул кандай ысык сезим экенине түшүнүшпөй бири биринин көңүлүн калтырбай жүргөнү жүргөн. Нур класстагы окуяларды айтып берсе, Кубандык оюнан бир нерселерди чыгарып Нурду күлдүрүү менен убара. Нур Кубандыктын айткандарын көңүл коюп угуп «Чын элеби?» дей берет. «Чын, мага ишенбейсиңби, көргөндөрүмдү айтып жатпаймынбы» деп ишендире кетет. Кечээги айткандарын бүгүн кайта­лабай, улам жаңы, улам кызыктуу окуяларды айта кетет.

– Бир күнү Ош базарына такси менен баратсам жолдон бир аксакал киши түшүп калды. Таксис машинаны ушунчалык ылдам айдайт дейсиң светофорго келгенде дөңгөлөктү чыйылдатып жатып зорго токтотту. Муну көрүп отурган аксакал киши:

– Балам, жай айдасаң боло,– десе тигил шофер:

– Коркпоңуз аксакал, жай эле айдап баратам,– деген. Ошонун ортосунда светофорго жете келип шофер негедир алаңдап, тормозун катуу басып калды. Машина алдыдагы МАЗды сүзө жаздап токтоп, аксакал жактагы эшик ачылып кетти. Чал асфальтка катуу түшүп, эки үч ирет оодарылып барып жатып калды. Чал өлүп калдыбы деп баарыбыздын көздөрүбүз алайып кетти. Шофер биринчи жетип, көмкөрөсүнөн жаткан чалды оодарып бетине суу чачты. Чал эс учун жыйнап, шоферду карап калды. Шофердун жаны чыгып титирейт. «Кечир ата, кечир!» деп жалдырап жатса, чал ордунан турду да шоферду өпкүлөй кетти.

– Сенин машинаңдан, сенен айланайын, мына жүз сом, алагой. Ыраса кылган турбайсыңбы, укпай жүргөн кулагым шаңкайып ачылып калды,– десе аң-таң болуп калыптырбыз. Анан сен да жолдуу бала экенсиң деп мага элүү сом бере салды.

– Байкуш чалдын элүү сомун албай эле койбойсуңбу,– деди Нур.

– Болбой койсо эмне кылам. Алдым да Ош базарында дайыма ырдап отурган сокур кишини билесиң го, ошонун колуна карматсам.

– Оу бул чоң акча го,– деп сүйүнгөнүн айтпа.

– Абдан туура кылгансың. Кайрымдуу, боорукер болуу кандай жакшы,– деди Нур.

– Ошол эле күнү дагы бир окуя болду. Айтып берейинби. Тажаган жоксуңбу? – деди Кубандык.

– Эмнеге тажайын, айтсаң.

– Ош базарында кыдырып жүрсөм эки бала мушташайын деп жакалашып туруптур. Мен судья боло калдым.

– Менин бетимдеги сыстоок жараны көрүп турасыңбы,– деди биринчиси,– бетке тийбейсиң.

– Мен сыстооктон кур дейсиңби,– деп экинчиси желкесин көрсөттү,– бирөө эмес үчөө. Сен да жарага тийбейсиң.

Экөө мушташып жатыр, мушташып жатыр, жара да эстеринен чыгып кетти. Бирөө беттеги сыстоокту жара койсо мен сенден каламынбы деп тигиниси желкесиндеги жараны мыжып салды. Жарага колдору тийген сайын жандары көздөрүнө көрүнүп чыңырганын айтпа. Акыры экөө тең чарчап да, кыйналып да калган окшойт ары жакка барып сууга жуунушуп отуруп калышты. Бирин бири карашып ачууланышпай эле каткырып күлүп жатат. Көрсө сыстоок жараларын мушташканда жарып салып ириңдерин кетирип тыштаптыр. Жарадан кутулуп каткырып күлгөндөрү ошондон экен.

– Койчу, ушу кантип чын болсун,– дейт Нур.

– Чын эмей анан эмне дейсиң. Ал турсун алар «жарадан арылганыбыз үчүн, сенин судья болгондугуң үчүн» деп экөө элүү сомдон жүз сом бербедиби мага.

– Аны эмне кылдың?

– Алардан алдым да. Сокур ырчыга жетип бардым. Ал кармалап көрүп:

– Бул чоң акча окшойт ко,– деди.

–Аке чоң акча. 100 сом. Батаңызды бериңиз,– дедим. Батасын берип, өркөнүң өссүн, балалуу-чакалуу, бактылуу адам бол,– деди.

– Анын баарын бербей жарым жартылайын алып калсаң болмокко.

– Ишим жакшы жүрүп жатса ал акчаны эмне кылам. Андан көрө тиги кишинин батасын алганым жакшы болбодубу.

– Ош базары жөнүндө көп айтасың. Ошо жерде иштейсиң го дейм Кубандык?

– Да, негизинен Ош базарында. Колбасный цехтерге эт ташыйм. Короче мындай да. Базардан эт сатып алам да цехтерге же магазиндерге жеткирип берем. Пайдасы чөнтөккө түшөт. Ошондуктан мен жүр деген жакка жүрө беришиң керек. Акча деген менде саман. Ошон үчүн күндө эле кайерге кирели дегеним ошо да.

– Ог-о-о! Мен жөн баланы жандап жүргөн жок турбаймынбы?

– Ананчы. турмушумду азыртан жөндөп албасам кийин ким болом,– деп койду Кубандык өзүн-өзү мактап. Нур Кубандыктын бардык сөздөрүнө ишенип жүрдү. Бирок Кубандыктын турмушу такыр башкача болчу. Кантсе да башка жерден иш таба албай, тачкага байланды да калды. Табышы күндөн күнгө азайып, анын үстүнө миң сомдон ашык квартплаты бар эле. Үй ээси акчаны бересиң, бербесең чыгарып салам деп кыйнап туруп алды. Аргасыз топтолгон акчасын бере салып, эки үч күндөн бери тачкасына гана таянып калган. Ошондонбу Нурга бир жумада бир барып, барар күнүн айтып коет. Нур да ошол күндү ката кетирбей тосуп алат. Баягыдай эле эки аялдамага, кээде үч аялдамага чейин жөө басышат, сүйүү жөнүндө кылдай сөз козгошпой эле аны-мунуну сүйлөшүү менен чектелишип жүрүштү.

Ошол күнү эч нерседен капарсыз мектепте Нурду күтүп отурду. Кыз өзү жаңгыз эмес, жанындагы курдашы менен келди.

– Айна, бул менин жолдош балам. Таанышып ал,– деди Нур Кубандыкты көрсөтүп:

– Атым Кубандык. Түптөн болом,– деп жаңы таанышкан кызына колун сунду. Кыздар орундарынан козголбой туруп калды.

– Кубантай, бизди Динара эжекенин концертине алып барасыңбы? – деди Нур.

– Белети кымбат экен. Андан көрө киного эле кирбейбизби,– дей салды Айна.

– Кымбаттыгы эмне экен. Билесиңби, Кубандык жөнөкөй эмес, чөнтөгү калың балдардан. Айтчы Кубантай чын э-э?

Кубандыктын башы шылкыя түштү. Чөнтөгүндө элүү сомдон башка эч нерсе жок эле. Бирок кыздарга сыр алдырган жок.

– Кымбат болгондо жүз доллар дейсиңби. Ашып кетсе элүү сом же жүз сом чыгар. Ал кеп эмес. Ишенсеңер менин бүгүн өтө зарыл жумуштарым бар. Эртең дал ушул убакта ушул жерде жолугушалы. Макулсуңарбы?

– Ооба, Кубантайдын зарыл жумуштары көп. Май кармаган бармагын жалайт дегендей Кубантай майлуу жерде иштейт, – деп Нур мактана кетти.

Күндөгүдөй тигил экөө менен сүйлөшүп барып аларды автобуска салып жиберди. Өзү аларды жөнөтүп коер менен Ош базарына келип, тачкасын сүйрөп чыкты. Түштөн кийин соода сатык иштери басаңдап калгандыктан жарытылуу акча тапкан жок. Эртеңкини ойлосо дене бою титиреп чыгат. Анан барбай эле койсом эмне болот деген ойго келет. Канча айдан бери сырдашып жүргөн менен Нурдун көңүлүн калтыра элек. Эми калтырып койгону туурабы? Өзү эмес жолдош кызына да убада берип койду. Ар-намысым эртең эле төгүлөт. Нур экинчи мага бет багып карабай калбайбы...

Кубандык түнү бою ар кандай ойлор менен алпурушуп эрте менен эрте базарга келди. Эт сатыла турган жерде адамдар кыжы-кыйма экен. Таразага үч машина кезек күтүп турушуптур. Арткы «Москвичтин» багажы ачык, ээси: «толук алсаң сатам, болбосо кереги жок» деп жоон сары киши менен бажылдашып жатыптыр. Эти менен иши жок, эки көзү тигинин колундагы акчада. Кубандык мындай шарты келип турган учурду кое бербей, шап бир койдун этин көтөрүп алды да, элдин арасына житип кетти. Бат эле эт магазинине өткөзүп үч миң сомду санап алды. Үйгө баргандан кийин көңүлү тынч, тэ-э түшкө жакын туруп, чыкыя кийинип көчөгө чыкты. Чөнтөгүндө акча, кайда барса да жол кенен эле. Бирок өз турмушунда бейчеки акча коротчу эмес.

Бош болгондон кийин базарды бир сыйра кыдырып чыгып, анан эки кызга эки кооз гүл алды. Бактын түбүнө келип аларды күттү. Нур эч качан күттүрчү эмес. Экөө тең күлө багып Кубандыктын жанына келишти.

– Бул сага. Бул болсо сага,– деп эки кызга эки гүлүн суна койду. «Көрдүңбү бул ушундай мыкты бала» дегенсип Нур Айнаны карап күлүп койду.

– Эмне дейсиңер бийкечтер? Концертке барабызбы?..

– Убада, убада да. Ага чейин көп бар. Ата-энебизге айтып келели. Филармонияга өзүбүз деле барып калабыз.

Кубандык филармониянын концерттик залынын эң кымбат орундуктарынан сатып алды. Динаранын комуздай дирилдеген үнүн угушуп үчөө тең рахатка бөлөнүшүп отурушту. Өзгөчө Кубандык жан дили менен берилип угуп, эки жолу ордунан ыргып турду:

– Жашасын Акулова, Жашасын Акулова! – деп кол чаап кыйкырып жиберди. Нур Кубандыктын бул жоругун олдоксон көрүп буруя түштү да:

– Койчу, экинчи кыйкырбачы, элден уят ко,– деди колунан ылдый тарткылап.

– Койдум алтыным, койдум, кечирип кой,– деп Кубандык эки колун төшүнө алып ийилип койду. Жумшак жана адамкерчиликтүүсүнө экөө тең ыраазы болуп калышты.

Концерттен кеч чыгышты. Эки кыздын эки жагынан колтуктап, Кубандыктын көңүлү көкөлөп турган. Эми кафеге кириш керек. Кечээги табышынын чекеси да оюла элек. Кыздар кеч болуп калды, ата-энебиз урушат дегенине болбой кафеге экөөн тең киргизип, кымбат тамактар менен сыйлады. Колдоруна бирден шокалад карматып, кыйналбай жеткиле деп таксиге салды. Кыздар да Кубандыкты кур калтырган жок. Экөө эки бетинен өөп коштошушту.

Үйгө келери менен бети башын карай баштады. Куруп калган кыздар чопулдата өөп жатат эле кызартып койгон жокпу деп ойлоду. Жок эч кандай так жок. Бирок ошолордун өпкөн жери алоолонуп ыссып тургандай. Кандай жумшак жагымдуу эриндер. Анын рахатын тиш каккан жигиттер жакшы билет чыгар. Анткени кыз көрсө артынан түшүп жалынып жалбарынып жанын сабаган жигиттерди көрүп жүрбөйбү. Бирок анчалыкка барып сезими ойгоно элегин сезди Кубандык.

Бул күн да Кубандык үчүн укмуштай сонун күн болду. Эртеси базарга барды да тачкага иштегиси келбей кыдырып басып жүрдү. Негедир щеткада отурган балдар, жүк ташыган тачкачандар бир шордуулардай көрүнүп кетти көзүнө. Досу Нанай чекесинен терди шорголотуп ынтыга жүк тартып Кубандыктын жанына токтой калды.

– Мине культурный болуп турусуң,– жумушка чыкпайсыңбы. Шабашка моря болуп жатат,– дегенче арт жактагы киши:

– Эй оңбогон! Сүйлөшүп тура бересиңби. Бол айда болбосо башкага жүктөйм,– деп тим эле кулу баштанып кыйкырат. Кубандык мындай өкүмчүл кишилердин кыйкырыгын далай уккан. Уккан менен алардын сөзүн сөз деп, кебин кеп деп койчу эмес. Кокус алар менен чатакташып калсаң иштин бузулганы. Кечке чейин нервиң чыңалып, булбулдун үнү кулагыңа жакпай калат. Эх, менин досторум, биз ушундай эл экенбиз да деп койду ичинен. Анан он-он беш минутанын ичинде эле 3000 сом таап алганын ойлой баштады. Демек акча быякта жаткан турбайбы. Мен эмне башымды оорутуп жүрөм? Мен эмне болбогон акчага теримди агызып жанымды жанчып жүрөм? Мен эмне жүдөмүш байкуш болушум керек. Тигинтип уурлук кылсам бир жылдын ичинде байып бирөөлөрдү «Бол! Бо-о-л! дегизбей мен: «Бол! Бо-ол» дегизсем болбойт бекен? Ушундай ойго чарпылып эт сатылган жакта көпкө отурду.

Бир жума бою иштебей койду Кубандык. Акчасы болсо улам азайып келатты. Нурга бир гана жолу барды. Нур жолукканда эле:

– Кубандык сага эмне болгон? Кабагың түнөргөндөн түнөрөт да? – деди.

– Эч нерсе эмес, жумушта өйдө төмөн болот экен. Кээде бирөөлөр менен иш боюнча уруша кетесиң. Мен да бир бой көтөргөн, жакшылыгы жок наадан менен уруша кеттим эле. Ошондонбу көңүлүм ачылбай жүрөт. Бирок эч нерсе эмес. Баары жайында болот. Ал бир убактылуу нерсе да,– деп тим болду.

– Эмне кыласың наадандарга теңелип. Алардын сөзүн укпай эле кой. Урушайын дегенде басып кет,– деп Нур өз акылын айтты Кубандыкка.

Нур дайыма ушундай акыл-насаатын айта коет. Адамкерчиликтүү, чынчыл бол, таза жүр, жамандык кылба, жакшылык кыл деген сөздөрдү айтат. Анын баарын туура көргөн менен турмуш агымы башка жолго салып баратканын Кубандык алда качан сезген. Анан калса өзүнүн чын турмушун айтпай бурмалап келатпайбы Нурга.

Айбан жаныбарлар да бекер тамак чыккан жерден чыкпай калат окшобойбу. Ошол сыңары Кубандык да эт саткан жерге келип жеңил машина же андан чоңураак машина менен келген эттерди аңдып калат. Бирок эч кимдин алдырар түрү жок. Өткөндө эт уурдалыптыр. Сак болбосоңор болбойт деген сөз мындагылардын кулагына кумдай куюлуп калса керек. Ошондонбу Кубандык айла таппай кайра тачка ала турган жерге келди.

– Кайда жүрөсүң ушунча күндөн бери! Тачка жок сага! Жого-ол! – деп кыйкырды, кампа башчысы. Нурдун айткан акылы башына келе калды. Аны менен урушуп отурбай эч нерсе дебей басып кетти. Эртеси эле ар кайсы мекемеге барып иш сураштыра баштады. Адистигиң кайсы? – деп сурай берет каерге барса да. Жок деп жооп кылат Кубандык. Жок болсо, жумуш да жок дейт алар. Ошентип жумушсуз калып керексиз таштандыдай көчөгө ыргытылды, да калды. Эми тиги щеткачандарды, тачкачандарды шордуу деп эсептебей жумушу бар, табышы бар бактылуулар турбайбы деп ойлоп койду.

Ошол арада уурулар арасында атагы аттын кашкасындай таанымал чөнтөкчү Чонтойго жолугуп калды. Чонтой Кубандыкты сыртынан таанычу. Ал турсун эки-үч жолу Кубандыктын тачкасына иши түшкөн эле. Оор, оор жүктөрүн ташып берип ыраазы болгонун эми эстеди Чонтой.

– Эмне, тачканы таштадыңбы? – деди кол алып учурашкандан кийин Чонтой.

– Ооба таптакыр таштадым. Тиги оңбогон Суранчы менен уруша кеттим. Жогол эле жогол дейт. Эми өлсөм да ага барбайм.

– Туура кыласың. Мен сага жумуш таап берем. Макулсуңбу?

– Чөнтөкчүлүкпү?

– Анан эмей.

– Кармалып калсамчы?

– Эмне, башың жокпу. Бүт операцияларын беш колдой үйрөтүп коем. Анан колуңдун беш манжалары кудум автоматтай иштеп калат, жан адам сезбей да, билбей да калат. Көрөсүң го,– деди Чонтой.

Кубандык олку-солку ойдо болуп анан Чонтойдун артынан жөнөдү.

Чонтой түз эле үйүнө алып келди. Үйгө кирери менен Чонтой аялына:

– Жаңы тууган таптым. Куурдак кууруй сал,– деп буйрук берди. Анан жаркыраган эмеректерин көрсөтүп:

– Мына ушунун баары чөнтөктөн түшкөн буюмдар. Жерге кирсин кээде миңдеген доллар бир күндө эле түшүп калат. Кээде жок. Жок болгон күнү капа болбош керек. Эл дегениң аккан дайра экен. Ошол дайранын бир тамчысын кармап калсаң эле жетиштүү. Канткен менен адам баласыбыз да ага да алымсынбай болгондун үстүнө болсун дейбиз. Бирок өтө ач көздүктүк кереги жок экен. Кудай берем деген күнү өзү эле берип коет, тамагыбыз жерден эмес, элден болгондон кийин.

– Тамак даяр болду, эмне кылайын,– деди Чонтойдун аялы эшиктен баш багып.

– Эмне кылчы элең, апкел. Берки мөлмөл суудан бир шише ала кел, тууганыбыз экөөбүз жакшылап таанышып алалы.

Дасторкон жайылып, сүрсүгөн эттин булоолонгон жыты мурунду өрдөп, каңшаарды жарат. Кубандык мындай тамакты көптөн бери жей элек. Ошондонбу жегенче сукулдап турду. А Чонтой болсо бир шише арактын оозун ачып эки стаканга теңдеп куйду.

– Чоке, мен ичпейм. Ичип көргөн эмесмин,– деп Кубандык стаканды ары жылдырды.

– Кыздарга да барган бала эмессиң го дейм.

– Кайдагы кыз. Оюма да келбейт.

– Сары ооз турбайсыңбы. Мен сага аракты ичкенди да, кыздарга барганды да үйрөтөм. Баары болот. Бир гана мага честный бол. Тапкан акчаңды кымтып алба. Анда шоруңдун катканы. Эми кана, кыздай болуп созулбай алып жибер. Эмесе өзүм оозуңа куям.

Кубандык эч нерсе дей албады. Куюлган стаканды жарымдата ичип келатканда Чонтой:

– Аппак, аппак! – деп бакырып жиберди. Ичи ысып чыгып, ымыр-чымыр боло түштү.

– Жакшы бекен? – деп Чонтой вилканы толтура этти илип закуска сунду.

– Жакшысы жакшы го. Бирок жинди кылып жибергени жаман да.

– Аның ырас, Райкан Шүкүрбеков атабыз айткандай «жинди суу» көп ичсең жинди суулугун кылат. Акылдуу адамдар да акылынан адашат. Айтып коеюн черезмерно ичүүчү болбо.

– Биздики черезмерно болуп кетти го Чоке?..

– Күчтүү тамак басып кетет. Бул ничево. Андан көрө айтчы, деги кыз жандаган баласыңбы?

– Жандап жүрөм. Жаш. Болгону 10-класста.

– Төшөктө бир болдуңар беле?

– Кайдагы төшөк.

– Жөн эле жолдоштук мамиледебиз.

– Акмак экенсиң! Сен аны алдашың керек. Элде мурун кучакта, анан: «сүйөм» де. Эрининен өп. Ал эрийт. Анан алда. Ошентип ал түбөлүккө сендик болуп калат. Эмесе ал бирөөнү сүйүп кетсе сен оозунан алдырган бөрүдөй болуп отуруп каласың. Э-э Кубандык аны жаш дейсиң, андан кичүүлөр деле сойкулук кылып «эс аласызбы» дегендер жүрбөйбү. Аларды көрбөгөн көзүң сокур экен сенин.

Чонтой оозуна келгенин былжырап атканда аялы кирип келди.

– Койсоңчу жаш баланы бузбай. Андан көрө тиричилигиңер жөнүндө сүйлөшсөңөр болбойбу,– деп кага сүйлөдү.

Чонтой мас болуп калса да аялына лям деген жок. Балага жылуу жумшак төшөк салып бер,– деди да өз бөлмөсүнө кирип кетти.

Эртеси Чонтой чөнтөк уурулуктун бардык амал айлаларын үйрөтүп кечке чейин машыктырып көрдү. Айткандарын айтканындай аткарып, бат эле илип алганына таң калды.

– Азаматсың, азаматсың! – деп мактай берди Чонтой. Ошентсе да бала жаш, тажрыйбасы өтө аз эле. Ошондуктан аны жаңгыз кое берген жок. Алып кел, таап кел деген эки жигитине кошуп «жортуулга» жөнөттү. Базардан базарды кыдырып жүрүп үчөө бир аялдын сумкасынан миң сомдон ашыгыраак акчаны уурдап алышып Чонтойго алып келишти. Чонтой бардыгына тең бөлүп берип эртеңки жумушту пландаштырды.

Ушинтип күндөр өтө берди. Үчөө автобустабы, акча алмаштырган жерденби, базарданбы таап келгендерин Чонтойго апкелишет да тең бөлүшүп алат. Кээде тапкан акчасын кымтып алдыбы деген ойдо бүт чөн­төктөрдү каңтара текшерип чыгат. Кокус бир сом кымтылып калса, чоң муздаткычынын ичине киргизип өлөзө титиретип анан чыгарат. Анын үстүнө үчөө бир жүргөндүктөн, уурдап алган акчаларды далдаага алып келишип ошол жерден эле санап чыгышат. Мындайда бири-биринен жашырып кантип кымтууга болсун.

Канткен менен иш ойдогудай жүрүп жатты. Капчыгы калыңдай түшүп, бир сыйра өзүнө жаккан кийимдерди кийинип, анан Нурду көздөй бет алды. Нур жадырап жайнап турган Кубандыкты көрүп сүйүнүп кетти.

– Сенин келбей койгон бир айың бир жылдай болуп кетти. Деги оорубай сыктабай баары жайындабы? – деп Нур чебелептеп кучактай кетти.

– Жайында болбой анан, жайында. Мен, мен болсом, жайында болбой коймок беле,– деп көөдөнүн көтөрүп сүйлөдү Кубандык.

Экөө калың бактын арасында коюлган скамейкага келип отурушту. Май айынын айдарым жели согуп, тал дарактардын баштары желектей желпилдейт. Күн күмүш нурларын төгүп, дирилдеген жалбырактардын арасынан шыкаалайт. Анан калса газондогу өсүп турган түркүн гүлдөрдүн кооздугун айт. Айланага атыр сээп койгондой жагымдуу жыт сапырылып келет. Мунун баары Кубандыкка таасир эткен окшойт. Бир жагы Чонтой айткан сөз көкүрөгүнө куюлуп калыптыр. «Эл­де мурун кучакта. Анан сүйөм де. Эрининен өп. Ал эрийт»...

Нурду карады. Ал Кубандыктын кандай ойдо экенине түшүнүгү жок. Бейкапар бет алды жактагы гүл­дөрдү кызыга карап отурат. Нурдун сулуулугун эми гана сезгендей. Эки бети албырып бышкан жүзүмдөй мөлтүрөп турат. Эки өрүм чачын күндөгүдөй артына эмес, алдына таштап коюптур. Маңдайы тасырайта таралып ала көлөкөдөн нур жылт эте тие калган сайын кундуз чачтары чагылышып жарк-журк эте түшөт. Бул өзүнчө эле керемет эле. Канчалык суктанган сайын, ошончолук денеси дирилдеп эмне кылар айла амал кыларын билбей отурду. Чонтойдун айткандарын иштейин дейт кыздын сүрү ага жол бере турган эмес. Ошентсе да акырын колун жылдырып кыздын чыбыктай белинен кучактай калганын өзү да билбей калды. Кубандыктын денеси титиреп турганын Нур денеси тийишер менен сезди. Бирок эч нерсе дебей, ордунан козголбой отура берди. Бир маалда гана:

– Мен сени жакшы көрөм,– деген Кубандыктын дирилдеген үнүн укту.

– Мен да,– деп Нур жооп кылып телмирип жерди карап калды.

Ала көлөкөдөн нур жылт этип, айдарым жел дагы эле коюу жалбырактарды дирилдетип жатты. Сүйкөнүшкөн жалбырактарды Кубандык байкай коюп өзү менен Нурга салыштырды. Демек алар өбүшкөндө биз өбүшсөк болбойт бекен? – деп ойлонду ичинен. Ошондонбу улам жакындагандан жакындап эринин коомайлай жакындатып анын бетинен чоп эткизип өөп алды. Эч нерсе ойлонбой отурган Нур селт этип чоочуп кетип ордунан тура калды. Кубандык чоң күнөө кылгандай уялып алдастай түштү.

– Кубандык кетеличи. Жакшы эле бирге отуруп койдукко,– деп Нур жылмая колун сунду. Кубандык колун берип:

– Тургуза алсаң кеттик. Тургуза албасаң дагы бир саат отурабыз,– деп ордунан козголбой тура берди.

– Мен сени тартып тургузмак түгүл ордуңдан козголто албайт экем. Турчу эми, өзүң эле турсаң,– деп жалдырап жиберди Нур.

Экөө аялдамага келгенде мен да кошо барып жолдон түшүп калам,– деди Кубандык.

Автобуста элдер жык-жыйма экен. Ага карабай түшүп алышты. Кубандык Нурдун арт жагынан белден кучактап мойнунан жыттаган сайын атырдын жыты буркурап, чылкый гүлдөрдүн арасында отургансып мемирей түштү. Ал рахатты бузуп арт жактан бир жигиттин үнү чыкты:

– Тууган жол берчи, алды жакка өтөйүн. Кубандык үңүрөө карады да:

– Шустряк, өтө кой,– деди. Ал жигит бир кадам алга жылып токтоп калды. Ак көйнөк кийип алыптыр. Төш жак чөнтөгүнөн жүз сомдуктар калың болуп байкалып турат. «Шустряк болсоң өзүңө. Азыр шоруңду катырайын»,– деди ичинен Кубандык.

Нурдан колун чыгара коюп, жигиттин жанына сүйкөнө тура калды. Лып манжаларын жумшап акчаны түгөл сууруп чыкты. Арт жактан дагы эки жигит алдыга умтулуп шап Кубандыктын колунан кармады.

– Бул жерде чөнтөкчүлөр жүрөт, абайлагыла! – деп кыйкырып калды көрүп калгандар.

Жанагы ак көйнөкчөн жигит шымынын чөнтөгүнөн кызыл билетти алып чыкты да:

– Окугун, менин ким экенимди билгин. Каршылык көрсөтсөң өзүңө жаман,– деди.

Аялдамага келгенде Кубандык Нурду карай да, эч нерсе дей да албады. Колуна кишен салынган бойдон жерге түштү. Нур Кубандыктын ким экенин эми гана түшүнүп, үстүнө бирөө муздак суу төгүп жибергенсип ичиркенип кетти.

Камерага киргенден кийин эле кортойгон лейтенант кирип келди. Тергөөчүмүн деп өзүн тааныштырып, анан жайма жай отуруп сурай баштады.

– Чөнтөкчүлөрдүн тобун көптөн бери аңдып жүргөнбүз. Ошол топто сөзсүз сен да бар болушуң керек. Ачыгын айтсаң ишиңди жеңилдетебиз. Ишиң сотко өткөндөн кийин оор болуп калат. Кана айтчы, башчыларың ким? Топто ким дегендер бар? Үйлөрүнүн адреси. Жашы, ирең бешенеси...

Мен эч кимди, эч бир топту билбейм. Өзүм иштедим. Мени эмне кылсаңар ошо кылгыла баарына макулмун.

– Билбейм дечи, айтпасаң өзүңдүн шоруң. Акыры айттырабыз! – деп лейтенант ачуу кыйкырып алды да тигилерге көз ымдагандай болду. Алар көмкөрөсүнөн жаткызып алып сабап кирди. Жону кайыш тилип алгандай сыздап чыкты. Ага болбой Кубандык тиштенип тура берди. Бирөө дубинка менен башка бир койгондой болду. Андан аркысын билбей калды...

Эс учун жыйганда жанагы менттин бирөө бетине суу чачып жатыптыр.

– Эч болбосо башчыңдын фамилиясын, атын айт болбосо мындан жаман болосуң дейт дубинкасын көтөрүп.

– Аты Чонтой экенин билем башка эч нерсе билбейм. Өлтүрсөңөр да айтпайм. Билгеним ушу гана,– деди Кубандык.

Экөө сыртка чыгып ошол бойдон көпкө чейин жоголуп, кечке маал шылдыраган шорпо менен нан апкелди.

Үч күн эч сураксыз камерада жаткан менен, негедир коркутуп үркүтүп ур токмокко алышкан жок. Канткен менен булардын арасында да боорукер адамдар бар окшойт. Жаштыгын, мурда соттолбогонун эске алганбы төртүнчү күнү эрте менен дежурный милиционер камеранын эшигин ачты.

– Экинчи мындай ишке барба. Барсаң чыныгы түрмөгө түшөсүң. Дагы начальнигибиз ырайымдуулук кылды. Эмесе сага түрмө баш багып калган,– деп лейтенант бежиреп бет жуба турган бөлмөгө киргизди.



Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   10




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет