ЖОКЧУЛУК
Кендириңди кемирип,
Кесет экен жокчулук.
Эңгиретип эсиңди.
Эзет экен жокчулук.
Жылаңачтап киймиңди,
Чечет экен жокчулук.
Өзүңө берген мүнөздү,
Өзгөртөт экен жокчулук.
Болгон-толгон акылың,
Бөксөртөт экен жокчулук.
Көргүлүктү көзүңө,
Көрсөтөт экен жокчулук.
Азаттыкты адамдан,
Ажыраткан жокчулук.
Жарым токоч нан үчүн,
Жалдыраткан жокчулук.
Какшып түбү казандын,
Какжыраткан жокчулук.
Кабак-кашын башканын,
Каратып койгон жокчулук.
Ар кимдердин таманын,
Жалатып койгон жокчулук.
Кабанаак ажаан иттерге,
Талатып койгон жокчулук.
Тумандатып көзүңдү,
Тунартып койгон жокчулук,
Муун-жүүнүң бошотуп,
Муңайтып койгон жокчулук.
Көз жашың менен жүзүңдү,
Сугартып койгон жокчулук.
Кушубак жүргөн пейлиңди,
Кууратып койгон жокчулук.
Башкалардын дүйнөсүн,
Уурдатып койгон жокчулук.
Белимчи кылып жиндини,
Тууратып койгон жокчулук.
Албадым деп алганын,
Алдамчы кылган жокчулук,
Жанын сатып каргантып,
Жалганчы кылган жокчулук.
Беш тыйын үчүн базарда,
Далдалчы кылган жокчулук.
Аймончоктой кыздарды,
Саттырып койгон жокчулук.
Дарганын жибин мойнуңа,
Астырып койгон жокчулук.
Арааныңды аңырдай,
Ачтырып койгон жокчулук.
Беделиңди белчеңден,
Бастырып койгон жокчулук.
Алдуу, күчтүү адамды,
Алсыраткан жокчулук.
Көздөрүңдөн жашыңды,
Тамчылаткан жокчулук.
Наристе жапжаш балага,
Нан сураткан жокчулук.
Эт-жүрөгүң сыздатып,
Кансыраткан жокчулук.
Кызаңдатып этиңди,
Көрсөтүп койгон жокчулук.
Бир тоголок тарууну,
Өлчөтүп койгон жокчулук.
Бир тамчы сууга зар кылып,
Чөлдөтүп койгон жокчулук.
Эңиш турган жолуңду,
Өрдөтүп койгон жокчулук.
Улуу менен кичүүнү,
Уруштурган жокчулук.
Куурап калган теридей,
Куруштурган жокчулук.
Буудайдай кызыл жүзүңдү,
Бырыштырган жокчулук.
Төркүн-төшүн издетип,
Айылчы кылган жокчулук.
Кызын берип көп эрге,
Калыңчы кылган жокчулук.
Калтасын асып мойнуна,
Кайырчы кылган жокчулук.
Сары-санаа, түркүн ой,
Ойлотуп койгон жокчулук.
Боору менен жылаанча,
Сойлотуп койгон жокчулук.
Өлүгүңдү кузгунга,
Тойлотуп койгон жокчулук.
Текей, согон, ышкынды,
Тердирткен ошол жокчулук,
Баласына атасын,
Өлтүрткөн ошол жокчулук.
Кепини жок таш корго,
Көмдүрткөн ошол жокчулук.
Адилет жүргөн пейлиңди,
Арамза кылган жокчулук.
Шаңшыган алгыр бүркүттү,
Таранчы кылган жокчулук.
Момун калкты бүтүндөй,
Талоончу кылган жокчулук.
Куржунуңду мойнуңа,
Астырып койгон жокчулук.
Кар үстүнө жыңайлак,
Бастырып койгон жокчулук.
Өз көрүңдү өзүңө,
Каздырып койгон жокчулук.
Тонуңду кийген жапжаңы,
Тоздуруп койгон жокчулук.
Ташбаканы тулпардан,
Оздуруп койгон жокчулук.
Карыган чалды жаш кызга,
Коштуруп койгон жокчулук.
Обуруңду ачтырып,
Сук кылат экен жокчулук.
Өз денеңди өзүңө,
Жүк кылат экен жокчулук.
Малы-жаның кырылып,
Жут кылат экен жокчулук.
Айыкпас илдет ооруну,
Жуктурат экен жокчулук.
Өз жанын кыйып, уу затты
Жуткурат экен жокчулук!
1993-жыл
ТАЛАС КАЛКЫНА
Асмандан ыроо күтпөгөн,
Алдыдан үмүт үзбөгөн.
Бакыбат жыргал турмуштун,
Пайдубалын түптөгөн.
Иштемчил талас калкым бар,
Ийнинен кетмен түшпөгөн.
Кыйындыктан качпаган,
Кыйшык-куйшук баспаган,
Өз башынын камын жеп,
Өзгөлөрдү сатпаган.
Айкөл Талас калкым бар,
Ар-намысын сактаган.
Кол куушуруп жүрбөгөн,
Коркпой-үркпөй сүйлөгөн.
Көмүскө айткан ушакты,
Көңүлүнө түйбөгөн,
Коржойгон талас калкым бар,
Кошоматты сүйбөгөн.
Жакшы сөздү тыңдаган,
Жамандыкты кылбаган.
Черин жазып уккандын,
Чертмегин чертип ырдаган.
Намыскөй талас калкым бар,
Нан сурап колун сунбаган.
Такалатып ат минген,
Таамай айтып, так жүргөн.
Тарткынчаактап корунбай,
Тамаша айтып шат жүргөн.
Таалайлуу талас калкым бар,
Таланттарды өстүргөн.
Уурулукка барбаган,
Ушак сөзгө калбаган,
Убайын дайым көрсөтүп,
Урматтап Кыдыр жандаган.
Уяттуу талас калкым бар,
Убададан танбаган.
Оозуна шарап албаган,
Орозону кармаган.
Ордуна ачуу арактын,
Ой да бир жутуп жармадан.
Орошон талас калкым бар,
Оңолуу жагын тандаган.
Бээ-төөсү эгиз төлдөгөн,
Бет алып төрдү өрдөгөн.
Береке-байлык артылып,
Бедели түшүп көрбөгөн.
Белдүү талас калкым бар,
Бекер жүрүп көнбөгөн.
Дос болуп башка эл менен,
Дасторкон жайып кел деген.
Касиеттүү Таласты,
Качантан бери жердеген.
Кайраттуу талас калкым бар,
Качырган жоосу жеңбеген.
Арамдыкты билбеген,
Адилдикти иргеген.
Ачуусу катуу келгенде,
Акесин кошо тилдеген.
Азамат талас калкым бар,
Азгырыкка кирбеген.
Жарк этип чыккан таластан,
Жазуучулар, акындар.
Көп өнөр жүктүү өзүмдү,
Көрсөтө турган акым бар.
Калганын айтпай туралы,
Казакбай деген акын бар.
Каадалап айткан сөздү угар,
Кадырман талас калкым бар.
Ак калпак кыргыз элиме,
Анча-мынча баркым бар.
Казакбай айткан кептердин,
Каймагын анда калпып кал.
Күндөрүң учат закымдап,
Күлүк ат сымак такымдап.
Депутат шайлоо учурдун,
Мөөнөтү келет жакындап.
Көрсөтөм деп өзүмдү,
Көптөрү жүрөт бакылдап.
Атайын жылкы байлатып,
Аларды союп кайнатып.
Аш коюп үстөл үстүнө,
Арактын түрүн жайнатып.
Ал болмокчу депутат,
Арабөк сөздөн айдатып.
Койбогон элге жаны ачып,
Койбогон жүрөк канатып.
Коктудан чыкпай билими,
Койлорун күндө санатып.
Ошо да депутат болом дейт,
Он сомдон элге таратып.
Ар жерге дүкөн ачтырып,
Ар кандай буюм саттырып.
Анча-мынча акылын,
Акчага жүрөт бастырып.
Ал депутат болом дейт,
Ач жүргөндү азгырып…
Алданбайлы эл-журтум,
Арак, тамак, акчага.
Кеңешип кессек бармакты,
Кептин баары башкада.
Болочогун карайлы,
Болсо дагы жаш бала.
Эл депутат киминде?—
Эң башкысы билимде.
Тамагына кам көрбөй,
Тазалык болсун дилинде.
Кагазы жок сүйлөгөн,
Чечендик болсун тилинде.
Татыктуу деген жигиттен,
Тандайлы Талас чөлкөмү.
Депутат болуп шайланып,
Өсө берсин өркөнү.
Барып жүрүп отуруп,
Башкарсын бүтүн өлкөнү.
«Такалуу аттын изи бар…»
Ташка да өтөр мизи бар.
Жашы кыркка жетпеген,
Жалындуу жаштык күчү бар.
Татыктуу жүрүп бир кезде,
Такка олтурар киши бар.
Кыйытып айттым аңдап ал,
Кыргызда андай чанда бар.
Таасирдүү иштеп өкмөткө,
Тажрыйба анда бар.
Таалайы кенен жигитти,
Таластык калкым кармап ал!
2005-жыл
ДОСУМА КАТ
Жетим калдың атаң кайтпай согуштан,
Жесир калды байкуш энең жаш бойдон.
Эки көздөн аккан жаштын тамчысы,
Эрибечү салса да отко—ташты ойгон.
Адегенде билбей эмне кыларын,
Ал байкуштун ой-санаасы бириндеп.
Өксүй берип, кайрат кылды акыры—
«Өлгөн адам эми кайдан тирилмек?»
Айылдаштар кепке алышып апаңды,
«Али жашсың, тийгин десе күйөөгө–
Колун шилтеп жооп берген аларга–
«Кор кылбаймын жалгызымды бирөөгө».
«Энеси бар—эрке жетим» дегендей,
Эч тартпадың жетимдиктин азабын.
Билгиң келсе колдон наның үзгөн жок,
Бирден терип аңыздардын машагын.
Колго тийсе жылтыраган бирдеме,
Коротпостон сага гана арнаган.
«Кокуй-кокуй, жалгыз балам жесин» деп,
Күкүмүн да өз оозуна салбаган.
Калк ичинде жакыныңар жок эле,
Караан болуп, жардам берип багышкан.
Жөө көтөрүп, термелеген отунду,
Жаак ылдый кара терин агызган.
Күйөөсү жок, жесир аял болгону,
Жаш келиндин кара шири колдору,
Үй тирлиги, анан дагы колхоздо,
Кетмен чапмай, арпа, буудай оргону.
Жаратылыш тартуулаган бир жолу,
Жаштыгын да такыр эстен чыгарып.
Жалгыз сен деп өтүп кетти билинбей,
Жаш кайыңдай турар чагы буралып.
Билесиңби, билбейсиңби, ким билет,
Бизче айтканда Кудай өзү бир билет.
Апакеңдин сага арнаган эмгеги—
Ала-Тоонун салмагындай миң ирет…
Суулар акты эски нугун кемирип,
Жылдар жылга куюлушту теминип.
Артка таштап балалыкты баягы,
Адам болуп өсүп жеттиң керилип.
Айыл чарба институтун бүтүрүп,
Андан кийин иштеп жүрдүң айылда.
Энесиндей жакшы адам болду деп,
Эл ичинде мисал болдуң дайымга.
Санаасынан кетти түйшүк кечээги,
Сага келди эне багуу кезеги.
Адегенде муну туура түшүндүң—
Апакеңде айлыктардын эсеби.
Билбей калдым канча убакыт өткөнүн,
Бирок бул иш созулбады узакка.
Бир жарымдап арак достор көбөйүп,
Бир күнү эле түшүп калдың тузакка.
Аздап жүрүп алкоголго айланып,
Арак ичсең дайыныңды таппадың.
Айлыгыңдан үйгө апкелбей бир тыйын,
Арак үчүн кетип жаты тапканың.
Арак менен бекем чыңдап «достукту»,
Акыр жүрүп кызматтан да айрылдың.
Бүгүн күнкү кылган ишиң бир гана—
Бүлүк салып, тынчын алдың айлыңдын.
«Кутулган дейт мастан качып жинди адам»--
Кур айтылган сөз көрүнбөйт чынында.
Арак ичип чыкканыңда көчөгө,
Адам эмес, учуп чыкпайт чымын да.
Элдин бетин карай албай бүжүрөп,
Энең мына, анык тартты азапты.
Өлгөндө атаң калган болчу түгөнүп,
Эки көздөн кайра дагы жаш акты.
Айтчы деги, акың барбы кымындай,
Ал байкушту кыйнагандай мынчалык.
Күн көргөнчө күйүт толуп ичине,
Көр түбүндө жатканы оң го тынч алып!
1985-жыл
БИЗДИН ЭС АЛУУ
(өткөн турмушту эстеп)
Алга жылып саатымдын жебеси,
Келе жатат жумуш күнү аяктап.
Көздөн учуп досторумдун элеси,
Улам карайм телефонду алактап.
Күткөнүмдөй телефон да «чыр» деди,
Трубкасын ала койдум шашылып.
– Биздин айткан убадабыз шыр,–деди–
Арак ичип, жеп келели шашылык.
Эски достор ар кошкондон төрт жигит,
Бел бошотуп орундукта чайпалат.
Рулдагы шопурубуз өрт жигит,
«Волга» чыгат Фрунзеден кайкалап.
Шаардан чет, көздөн далдаа бошураак,
Жетип бардык жерибизге болжогон.
Дасторконун жайып алып отурат,
Ээлеп алып, башка бирөө «оңбогон».
Ары-бери машинаны айдаттык,
Акырында «эс алууга» жай таптык.
Арагы бар, ысылыгы дагы бар,
Алып чыгып, тасмал бетин жайнаттык.
Төртөөбүздүн көк жалыбыз Жакшылык,
Токтоп турбай бөтөлкөнү ачтырып,
Бирден-бирден стаканды карматып:
– Кана эмесе, алгыла,-дейт шаштырып.
Өзү болсо оозун ачып аңырдай,
Кулкунуна куюп койду бир гана.
Жанагыдай үнү эми жаңырбай,
Башын салып калды отуруп тим гана.
Медет ичти даамын тата сызылтып,
Корккон өңдүү тез түгөтүп алгандан.
Минтип койду киркир үнүн кысылтып:
– Сендей жыргал таппастырмын жалгандан.
– Кана кеттик, биз булардан калбайлы—
Аманбек да көпкө созбой шак алды.
Араң тургам уга албай андайды,
Таластыкча бакаң дагы «ак алды».
Бирден алып, дасторконду карадык,
Ысылыкты бөрүлөрчө таладык.
Тамашалап Медет айтат: «Аз жейин,
кесип кетсе масым калат таралып».
– Ой, Жакшыке, куйбайсыңбы куйчуңдан,
– Ошону айтсаң, кургап кетти тамагым.
– Отурабыз бирдеме жеп чулчуңдап,
Апкел бери, кайда кеткен арагың?
Кайран «эргул» дагы бирден айланат,
Ашык-кемсиз жүз жыйырма беш граммдан.
Чер жазылып, көңүлүбүз жайланат,
Тамаша сөз чыга берип уламдан.
Айтылчу сөз анекдоттон башталат,
Ары жагы ушак менен уланып.
Унутулбайт анткен менен «эргулуң»,
Улам кылт деп кулкубузга куланып.
Көп сөзүбүз: «Кимдер түштү кызматтан,
Кайдан келди, ордуна анын ким болду?—
Бөлүшөбүз оюбузду бир баштан,
Биле албайбыз ким жөлөдү, ким койду?
Билбесек да ошол чоңдун дайынын,
Биз чечебиз бирге кылып айылын.
Же болбосо эже-сиңди кылабыз,
Тиги менен «домкраттын» зайыбын.
Улам кызып, «пластинка» алмашып,
Кийинки сөз аялдардан башталат.
«Жүрөнчөөк» деп көптөрүнө жармашып,
Айрымдары күнөөсүз деп акталат.
Андан ары аялдарды таштайбыз,
Ар кимибиз өзүбүздү мактайбыз:
– Эмне үчүн мен деректир боло албайм?–
Ага себеп чоңго пара бере албайм.
– Неге болбойм башкалардай начендик?–
Менде бар да тил тартпаган чечендик.
– Неге болбойм чоң тресттин башчысы?–
Болгум келбейт министрдин ашчысы.
– Неге менин талантымды баалашпайт?–
Мен алардан өтүшүмдү каалашпайт…
Арак бүттү, сөз да бүтөт тарайбыз,
Айлана түн, эбак кирген караңгы.
Эгер тиги шопур жигит болбосо,
Караташты өз үйүмдү табамбы.
Тамталаңдап көпкө турам кире албай,
Тааный албай, эшик ачкан баламды…
1983-жыл
ДАРЫГЕР
Ак халатын жамынып,
Ажалдын жолун тоскон ким?
Оорулууну дарылап,
Өмүргө өмүр кошкон ким?
Төбөңө чокмор тийерде,
Колун тоскон дарыгер.
Ырайымсыз ажалдын,
Жолун тоскон дарыгер.
Жаның турса кыйналып,
Жардам берген дарыгер.
Табыңдан кетип турганда,
Дарман берген дарыгер.
Денеңди туз, шлактан,
Арылткан ошол дарыгер.
Бузулуп каның баратса,
Жаңырткан ошол дарыгер.
Илең-салаң жүрөктү,
Иштеткен ошол дарыгер.
Аппетит ачып, жал-куйрук,
Тиштеткен ошол дарыгер.
Жыбылжытып наркозун,
Жыттаткан ошол дарыгер.
Операция кылмакка,
Уктаткан ошол дарыгер.
Аш казандын жаратын,
Алып салган дарыгер.
Сынык-сунук сөөктү,
Таңып салган дарыгер.
Кереги жок эт болсо,
Кесип салган дарыгер.
Бөйрөк, өттүн таштарын,
Эзип салган дарыгер.
Ооруларга кошулуп,
«Ооруган» ошол дарыгер.
Котон жара-балаадан,
Коруган ошол дарыгер.
Көңүлүң турса жукарып,
Сөз-маанек тапкан дарыгер.
Тунарып көзүң баратса,
Көз айнек таккан дарыгер.
Ички органга «жылаанын»,
Сойлоткон ошол дарыгер.
Клиникалык өлүмдөн,
Ойготкон ошол дарыгер.
Дене-боюң балкытып,
Массаждаган дарыгер.
Оорулуу менен эч качан,
Касташпаган дарыгер.
Ичин жарып аялдын,
Баланы алган дарыгер.
Ириң-жинин чыгарып,
Жараны алган дарыгер.
Жарабай калган жүрөктү,
Алмаштырган дарыгер.
Чиригин кесип, ичекти
Жалгаштырган дарыгер.
Жашоо-тирлик маңызын,
Түшүнгөн ошол дарыгер.
Дарылыкка жүз грамм,
Ичирген ошол дарыгер.
Күчтөн тайган адамга,
Күч-кубат берген дарыгер.
Кызыл ээк карыга,
Тиш курап берген дарыгер.
Канаты сынык шумкарды,
Алгыр кылган дарыгер.
Импотент болгон эркекти,
«Айгыр» кылган дарыгер.
1983–жыл
ТӨРТ САПТАР
Татаал жана миң кырдуу турмуш сыры,
Талаш-тартыш, жаңжалдар келип чыгат.
Жаңылбайм, айткан болсом сөздүн чыны—
Жаңдалды унчукпаган жеңип чыгат.
* * *
Өксүтүп кордобогун, урбай жүргүн,
Өзүңдөн алсыз, чабал араң жанды.
Өчөшпөй калп болсо да сыйлай билгин,
Өзүңдөн алдуу-күчтүү адамдарды.
* * *
Байкуштарды чыланган көз жашына,
Басынтып ого бетер курутпагын.
Каран күн, бактысыздык өз башыңа,
Кайсы бир күн келерин унутпагын.
* * *
Өз өңүң өзүңө жат боло берет,
Өзүңдү күзгүдөн көп каранбагын.
Тазга айланып, чымындар коно берет.
Чачыңды кайта-кайта таранбагын.
* * *
Өзгөлөр да өзгөчө урмат кылат,
Өзүн-өзү жогору баалаганды.
Өзгөлөр да сыйлабай ылгап турат,
Өзүн-өзү кадырлай албаганды.
* * *
Жаш балдардын көз жашын кургатабыз,
Момпосуйга алданып чыры токтоп.
Чоңдорду убадага жыргатабыз,
Жоошуйт каяша айткан «ыры» токтоп.
* * *
Өз досуңа жакшылык кылам десең,
Өргө кеткен ишиңди жаман дегин.
«Алкымдан алган кезде кыйын кезең,
Акыл сурап өзүңө барам» дегин.
* * *
Бирдемеге шектенсең көзүң жетпей,
Билбеймин деп чындыкты мойнуңа алгын.
Бей-бечара кезиксе өтүп кетпей,
Беш-он сом бер, үшүсө койнуңа алгын.
* * *
Баштап койгон ишиңди жүргүзө бил,
Башкаларга жардамды тийгизе бил.
Жатып ичер, колунан иш келбеген,
Жалкоолордун ичтерин күйгүзө бил.
* * *
Келе берген тажатма конок болот,
Андайга карыз берип койсоң болот.
Акчаларын сурайт деп карыз алган,
Ал эргулуң үйүңө койбойт жолоп.
* * *
Досуңа сырыңды айтпа, анда дос бар,
Достон доско ал сырың кете берет.
Кыйышпас доско айткан ошол сырың,
Кыдырып кыйла жерге жете берет.
* * *
Ардактап өзүн-өзү сүйө албай,
Ачылып өз баасында жүрө албай,
Адамдардын өмүрү өтүп кетет,
Аныктап өзүн-өзү биле албай.
* * *
Эмнеликтен ташбака узак жашайт?—
Эч шашылбай, анткени, кыбыр жүрөт.
Жай баракат жашоонун сырын билген,
Жаран да бир кылымдык өмүр сүрөт.
* * *
Ар кандай каргашадан алыс болуп,
Алды-артыңды каранып аяр жүргүн.
Адал-арам иштерге калыс болуп,
Акыйкатсыз чечимге даяр жүргүн.
* * *
Уктап калуу рулда баратканда,
Укмуш жарайт картайтпас «дарылыкка».
Жаныңды автокырсык алып тынат,
Жакындатпай жашыңды карылыкка.
* * *
Талантты таптап турса өсүп жетет,
Таптабаса ташыркап өчүп кетет.
Алдырып көр тирликке зор таланттар,
Ачылбастан өмүрү өтүп кетет.
* * *
Күнөөсүн душманыңдын кечиргениң—
Көңүлүңдөн аларды кетиргениң.
Ич күптүлүк, ызалык, таарынычты,
Ичиңден биротоло өчүргөнүң.
* * *
Өзүңө кас душманың болуп калар,
Өзгөртүүлөр киргизсең жашоо-шартка.
Өгүздөрдү мингенге көнгөн алар,
Өлсө да жолоп койбойт азоо атка.
* * *
Мен өлгөндө кападар болбогула,
Таштан чегип эстелик койбогула.
Так төбөмө олтуруп канаттуулар,
«Шатыратып» койорун ойлогула.
* * *
Бирөөлөр жаркылдатып кабак-кашын,
Бир жүрүп, тартуу кылат тамак-ашын.
Билгизбей алып чыгып котур ташын,
Бир күнү жан досунун жарат башын.
* * *
Чебектерди ууру деп күнөөлөшөт,
Чегирткени жеп койсо сууга түшкөн.
Көлдөгү балыктарга торун төшөп,
Көзгө урунбайт жаяндар терең сүзгөн.
* * *
Жатаарда жанды койбой жаңы намыс,
Эртеңки албан ишке камынабыз.
Ал түнү уктап туруп, көздү ачып,
Кайра эле көр тирликке малынабыз.
* * *
Дөөлөтүң ашып турса марттыгың бар,
Кыйналып-кысталбаган шарттыгың бар.
Адилет эмгек менен күчүң барда,
Анча-мынча байлыгың арттырып ал.
* * *
Акылды уккандар бар, укпаган бар,
Айткан акыл жуккан бар, жукпаган бар.
Көөдөнүн көтөрсө да дөгүрсүнүп,
Көзү ачылбай, ныксырап уктаган бар.
* * *
Тамыры жер кыртышын жара көзөп,
Тамырына суу берсең дарак өсөт.
Калдайган дарак болуп чыга келет,
Карасаң бир күнү эле бала көчөт.
* * *
Аргымакты көрүнгөн мине берсе,
Акыр жүрүп анын да тарпы кетер.
Ажылдап парасатсыз жүрө берсе,
Азамат жигит деген наркы кетер.
* * *
Жанып турган кызыл чок көмүр өчөр,
Жаш кездеги толкуган көңүл өчөр.
Түбөлүк токтобостой жылжып аккан,
Жолун бууган дайрадай өмүр өчөр.
* * *
Күн батып, түн жамынып Ай да келер,
Түн өтүп, Күн жарыктык кайра келер.
Айланкөчөк зымырап бул мезгилиң,
Адамга көр түбүнөн жай да берер.
* * *
Эл деген Жер бетине батпай калар,
Жер байкуш ошончо элди бакпай калар.
Кыямат кайым басып Жердин жүзүн,
Кыбыр жан жок, бул дүйнөң актай калар!
* * *
Башыңа нелер келип, нелер кетпейт,
Бакытка кааласа эле адам жетпейт.
Жазмышын маңдайына жазып коюп,
Жашоосун жалгыз гана тагдыр чектейт.
* * *
Акылдуу жигит элин сүйө билет,
Ак көңүл, тамаша айтып күлө билет.
Кызыктуу жүрүп калган кеп-сөздөргө,
Көңүл коюп, кулагын түрө билет.
* * *
Ачык кол ар кимдерди сыйлай билет,
Аракты ичпейм десең кыйнай билет.
Анча-мынча сеп этип алгандан соң,
Азыраак секетбайдан ырдай билет.
* * *
Эр жигит күч-кубатын аябастан,
Элине кызмат кылса сооп болот.
Ал дүйнөдөн бейиштен орун берип,
Андайга Кудайдан оң жооп болот.
* * *
Эч качан өлбөсөм деп адам көксөйт,
Эки көздөн күч кайтып сен карыйсың.
Эркектердин аялсыз күнү өтпөйт,
Эрмек болуп жубайың тең карысын.
* * *
Көпкө узабай бардыгы унутулат,
Көр дүйнө, алтын-күмүш, акчаң дагы.
Көкөлөп атың калат жакшы жүрсөң,
Көр түбүндө көмүлүп жатсаң дагы.
* * *
Калыбыңдан жазылбай жакшы жүргөн,
Калган өмүр-жашоону улап кеткин.
Калтырып арт жагыңа бир кылымды,
Кармалбай көр түбүнө кулап кеткин.
* * *
Ой да бир намыс десе өлгөн жигит,
Оор шарт, кыйындыкты жеңген жигит.
Жакырчылык турганда башка түшүп,
Жарты нанын башкага берген жигит.
* * *
Үй-бүлөсүн кор кылбай баккан жигит,
Үшүгөнгө өз тонун жапкан жигит.
Керек десе урдум деп мансабыңды,
Кейибей кара кетмен чапкан жигит.
* * *
Адамда жөнөкөйлүк асыл сапат,
Андайлар албууттанбай акыл табат.
Артыңдан өсүп келер муундарга,
«Ал жакшы болчу» деген атың калат.
* * *
Жардылык кекиртектен алса дагы,
Жакшы го жашаганың көңүлүң ток.
Жалаң эле ойлосоң көр оокатты,
Жашоого бир берилген өмүрүң пок!
* * *
Адамдын жашоодогу чоң милдети–
Артына өз тукумун таштап кетүү.
Анан да ошол балдар болуу керек,
Алты саны аман да, акыл-эстүү.
* * *
Атсызга мингизүүгө атың белен,
Ар күнү конок келсе ашың белен.
Кыргыздын жигитисиң эр көкүрөк,
Кыргызга керек десе башың белен.
* * *
Кылгырып кыз-келиндер карабаса,
Киши экен деп башкалар санабаса,
Эмнесин айтып аны жигит дейбиз,
Элинин намысына жарабаса.
* * *
Жигит бар эл батасын ала турган,
Жигит бар кыз-келинге жага турган.
Жигердүү эмгектенип эли үчүн,
Жигит бар ата-энесин бага турган.
* * *
Биринчи–бул дүйнөнүн жалганында,
Билим бер, тарбия бер балдарыңа.
Баарыдан да ириде көңүл бөлгүн,
Балдарды төрөп берген алганыңа.
* * *
Жашоодогу өз ордун сонун билген,
Жабык эмес, жайык төш кенен жүргөн.
Калкыбай чамындыдай суу үстүндө,
Калкынын кызматы үчүн терең кирген.
* * *
Акыл менен таамайлап аз сүйлөгөн,
Аз болсо да маанилүү саз сүйлөгөн.
Даамына келтирип мурч-туз кошуп,
Далил менен кыскача так сүйлөгөн.
* * *
Карч уруп кыйнабастан кара жанды,
Калп эле дүңгүрөтпөй барабанды,
Жүргүзө бер кырсыксыз кыбыратып,
Жүргүнчүлөр отурган арабаңды.
* * *
Жолдошум, басар жолуң узун болсун,
Жолдоруң тоскоолу жок шыдыр болсун.
Жөлөп-таяп, кабылтпай жамандыкка,
Жолдошуң жол көрсөткөн Кыдыр болсун.
* * *
Жашоонун өркөчтөнгөн толкунунда,
Жакшы эле ары-бери чайпалгансың.
Мойнуңду кыя турган кылыч мизин,
Мокотуп, өтпөс кылып майтаргансың.
* * *
Антсе да жашооңдо бир чындык бар,
Аял жактан өзүңдө арман жок ко.
Балким калса калгандыр тузем кызы,
Башка улуттун кыздары калган жок ко.
* * *
Таласта тампалаңдап жүрө берсем,
Таланттын бийик белин ашпайт элем.
Эгерде Бишкек жакка келбегенде,
Мынчалык чыгармалар жазбайт элем.
* * *
Өзүңдү дос катары сагынамын,
Өйдө–төмөн өткөндө кайрыламын.
Жөнү жок мансабыңа көөп кетпей,
Жөнөкөй жүргөнүңө багынамын.
* * *
Бир кезде кылтылдаган жорго миндиң,
Бир кезде төрт аяктап эмгектедиң.
Өзгөгө көзүң түшпөй, өмүр бою,
Өзүңдүн жубайыңды эрмектедиң.
* * *
Кызытып көңүлдөрдү сууп турган,
Кытыгылап сүйлөгөн сөзүң жагат.
Кылсамбы, кылбасамбы деген сымак,
Кыбың-кыбың ирмелген көзүң жагат.
* * *
Башкага жаман оюң билгизбедиң,
Башкага залалыңды тийгизбедиң.
Үйрүлүп, көзүн карап чоңдоруңдун,
Үстүнө торко чапан кийгизбедиң.
* * *
Калтырып алыска жаш кезибизди,
Калган кезек такымдап жетимишти.
Уул-кыздар урматтап жүрсө болду,
Уят кылып кызартпай бетибизди.
* * *
Апасы түз жолунан бурулганбы,
Азгырылып башкага урунганбы,
Бүтүк көз, турпаты да кыска бойлуу,
Бул досум бир корейден туулганбы?
* * *
Ар адамдын бой өлчөм ченеми бар,
Асманды тиреп турган «тереги» бар.
Теменедей акылы болбогон соң,
Теректей бойдун кимге кереги бар?
* * *
Жаралды а кишинин бою кыска,
Жаштарга иши үлгү, сөзү нуска.
Сака бойлуу сары алтын бул адамды,
Салыштырам картада көзүр тузга.
* * *
Адамдын бири ынсаптуу, бири жегич,
Арбайып бири арык, бири семиз.
Шылдырап акса бири булак болуп,
Шарпылдап чалкып жаткан бири деңиз.
* * *
Айла кетип турганда биригебиз,
Арам тамак табылса сүйүнөбүз.
Курсагыбыз чердейип чыгар менен,
Кудайды да тааныбай жинигебиз.
* * *
Ок өтпөс чопкуттарды кийинебиз,
Өлбөстөй, аппак сүткө киринебиз.
Антсе да жаш, карыбы бир күнү эле,
Ажалдын кароолуна илинебиз.
* * *
Терикпей, оор-салмак абалыңда,
Тең карадың жакшысын, жаманын да.
Жаран элең ак көңүл, пейлиң кенен,
Жатасың муздак көрдүн таманында.
* * *
Тышында бак-бак этип койгон менен,
Чынында адам эле ичи кенен.
Ар кандай ушактарга аралашпай,
Алектенип жүрчү эле иши менен.
* * *
Дүйнөнүн көп улуттуу адамы бар,
Дүйнөсү таза жана арамы бар.
Кай бири эптеп-септеп жан сактаса,
Калкын баккан азамат жараны бар.
* * *
«Бөлүнгөндү бөрү жейт» деген кеп бар,
Орус, казак, кыргыз… деп бөлүнбөйлү.
Жайлап койот акырын бирден терип,
Жалгыз болуп душманга көрүнбөйлү.
* * *
Бакубаттуу турмушта жолуң болсун,
Бакытка жайып жүргөн торуң толсун.
Элге берер көжөңөр шылдырабай,
Эт-майы көп, кесмеси коюу болсун.
* * *
Башкаларга ичилээр чайың болсун,
Басып жүрөр бейиш-бак жайың болсун.
Алган жарың–энеси балдарыңдын,
Аман-эсен кашыңда дайым болсун.
* * *
Булганбай тазалыкты сүйгөн жигит,
Бурулбай түз жол менен жүргөн жигит.
Чалкалап мансабына көөп кетпей,
Чарбанын иши десе күйгөн жигит.
* * *
Эмгекчилге туура баа берген жигит,
Эринчээкке ачуусу келген жигит.
Эгерде тапшырмасын аткарбаса,
Эсиңе улам сала берген жигит.
* * *
Өзгөлөргө жакшылык кылган жигит,
Өз колун чөккөндөргө сунган жигит.
Эл үчүн эмгектенип белин чечпей,
Эңкейбей тикесинен турган жигит.
* * *
Тууралык, акыйкат, калыстыкты,
Турмушуна туу кылып алган жигит.
Түз жүрбөй, мыйзам жолун бузган болсо,
Түрмөгө бир тууганын салган жигит.
* * *
Ушу сен иш башкарчу инсан элең,
Убагында бааңды албай калдың.
Бир күйгөн шам чырактай жарк дедиң да,
Билинбей ошол бойдон жанбай калдың.
* * *
Кеңири ачык дайымга эшик-төрүң,
«Жеп-ичти» деген сөздү эшитпедим.
Өмүрдөгү бактылуу учур деймин,
Өзүңдөй кең адамга кезиккеним.
* * *
«Алыш-бериш» салтына малынбадың,
Алтын медаль төшүңө тагынбадың.
Айтылган көрсөтмөнү так аткарып,
Алдыңдан аркан тоссо чалынбадың.
* * *
Күмөн санап, желкеңди кашынбадың,
Көлөкөлөп ысыктан жашынбадың.
Көр тирлик, көр оокаттын кулу болуп,
Көтөрүнүп үйүңө ташынбадың.
* * *
Ичибизге арамдык жашырбайлы,
Ишибиз жүрбөй калса басынбайлы.
Чоң мансаптын үстөлүн ээлеп алып,
Чоо-жай жетпес иштерге асылбайлы.
* * *
Казактын талаасындай кең жигитсиң,
Казакбайдын баасында эр жигитсиң.
Калк үчүн керек болсо жаның курман,
Казак, кыргыз элине тең жигитсиң.
* * *
Баскан жолуң дамамат болсун эңиш,
Туулган козуларың болсун эгиз.
Конок болуп барганда сойо турган,
Кой-козуң байлагандай болсун семиз.
* * *
Огородуң ташы жок болсун тегиз,
Очойто тонналаган берсин жемиш.
Жүзгө чыгып о дүйнө кете бергин,
Жүргөн жериң ал жакта болсун бейиш.
* * *
Бактылуу узак өмүр сүрө бергин,
Балдарыңды эш тутуп жүрө бергин.
Аргымак сындуу таптап жубайыңды,
Алыңдын жетишинче «мине» бергин.
* * *
Тууганым, али деле эсимдесиң,
Тың чыгып, тири карак сезилгенсиң.
Бийлик менен байлыгың ичтен тээп,
Бир кезде жакшы эле эсиргенсиң.
* * *
Башкага эч жамандык кылбай жүргүн,
Жолуна бөгөт болуп турбай жүргүн.
Майда-барат айрым бир ушактарга,
Маани берип, көңүлүң бурбай жүргүн.
* * *
Көр оокаттын артынан түшүп кетсе,
Көрүнгөн буюмдарга үйү толор.
Чынында анын кайсы жигиттиги,
Бир сапаты болбосо үлгү болор.
* * *
Билгениңди элиңе берип кеткин,
Бириндеп өтө берет өмүр короп.
Бир күнү, күндүзүбү, түнүндөбү,
Билинбей алтын башка өлүм конот.
* * *
Досум, сен мактаганды сүйөсүңбү?—
Жактырам жаркылдаган мүнөзүңдү.
Сатыкка эгер койсок, күлүп түшкөн
Талап кетмек кыз-келин сүрөтүңдү.
* * *
Жеткилең өз бааңды билесиңби,
Же болбосо байкабай жүрөсүңбү?
Көп кыздар арасына түшүп калсаң,
Көкбөрү кылып кетмек бир өзүңдү.
* * *
Айкөлдүк болсун сенин карманганың,
Айтпайын андан ары калгандарын.
Кудайым кут кылсын деп бир өзүңдү,
Кубансын, сыймыктансын алган жарың.
* * *
Эс-акылы ченемдүү айрымдарга,
Эшектин кыбырындай тирлик керек.
Эр жигитке, билимдүү өзүңө окшош,
Эскертпестен бир күнү бийлик келет.
* * *
Бийлик бул керт башыңдын жыргалы эмес–
Акыл-эс аракети мол түйшүктүү.
Бийлик бул каамыт илген өгүз сымак–
Арабаны сүйрөгөн оор жүктүү.
* * *
Сакадай чакан жигит болсоң дагы,
Салмагың уютулган коргошундай.
Көрүнөсүң бөлүнүп топ ичинен,
Колдогу беш манжанын ортосундай.
* * *
Башынан бир сырдуусуң, бир кырдуусуң,
Башкага намысыңды алдырбайсың.
Айтылган убадаңды так аткарып,
Адамдарды уятка калтырбайсың.
* * *
Башкага башың ийип жагынбайсың,
Башыңа кыйын кезең түшсө дагы.
Түйшөлбөй токтоо гана кабылдайсың,
Түбү түшүп, бул дүйнөң бүтсө дагы.
* * *
Көр тирликке көмүлүп, жүк жыйбаган,
Көңүлдөш тааныштары бүт сыйлаган.
Көшөрө иштеп келдиң, жашап келдиң,
Көк муз баскан өз жерин түк кыйбаган.
* * *
Айрым митаам Бишкеке качып келет,
Алды-артын карабай шашып келет.
Калкынын канын соргон ал шумпайлар,
Калтырбай жеп-ичкенин басып келет.
* * *
Конокторго үйүңдүн эшиги ачык,
Коюлган тамагыңдын кешиги ашык.
Конок болгом бир кезде конуп-түнөп,
Комуз чертип, ыр ырдап, көңүл ачып.
* * *
Өз элимдин көңүлүн ачып берген,
Өлгөнчө өнөрлөргө шерик болом.
Чаптырбагын кулпусун дарбазаңдын,
Чакыртпай өзүңкүнө келип коном.
* * *
Куш тумшук, көз айнекчен болсоң дагы,
Негедир ээрчийт сени кыздын баары.
Чындап келсе аларга өңүң эмес,
Жайдар мүнөз жана да күлкүң дары.
* * *
Оозунан орой сөздөр агызбаган,
Ок атып, бирөө менен кагышпаган,
Ортоң колдой бирисиң жигиттердин,
Обу жок бирөөлөргө жабышпаган.
* * *
Арага бузуку от тамызбаган,
Адамсың жамандыкка барышпаган.
Арам аш, оңой-олтоң байлык үчүн,
Ач көздөнүп, ат салып жарышпаган.
* * *
Жашоодо башкалардан калышпаган,
Жаштык кез улам артка алыстаган.
Жакшы эле кызмат өтөп келсе дагы,
Же орден, же бир медаль тагышпаган.
* * *
Айтарым калп айткандан сактанып жүр,
Айттыңбы, айтканыңды аткарып жүр.
Акыл менен өзүңдү башкарып жүр.
Анча-мынча уяттан жазганып жүр.
* * *
Турмушта кенен-кесир баскан жигит,
Туу чоку, давандарды ашкан жигит.
Турган кезде башыңа мүшкүл түшүп,
Түйшөлбөй ажатыңды ачкан жигит.
* * *
Арамдык, жамандыктан качкан жигит,
Ак эмгектен оокатын тапкан жигит.
Алданбай арак деген азгырыкка,
Аярлап үй-бүлөсүн баккан жигит.
* * *
Булчуңдары буржуйган балбан жигит,
Бут тосуп, буураны да чалган жигит.
Кезинде, келинчектүү боло электе,
Келин-кызды бүлүккө салган жигит.
* * *
Көңүлү бөксөлөнбөй шардан жигит,
Көпчүлүккө таанылып калган жигит.
Эгерде керек болсо кылчактабай,
Эли үчүн өлүмгө да барган жигит.
* * *
Жагат мага байкелеп сыйлаганың,
Жамандыкка эч качан кыйбаганың.
Жаш кезиңден турмуштун жолун таптың,
Жадатып ата-энеңди кыйнабадың.
* * *
Алты катар сандыкка жашынсак да,
Ажалдын чеңгелинен кутулбайбыз.
Билбеймин, канча жылдык өмүр калды,
Бириндеп ажал огун утурлайбыз.
* * *
Бирде бар, бирде кайра тарап кеткен,
Биз дагы көчүп жүргөн булуттайбыз.
О дүйнөгө эртелеп карап кеттиң,
О, досум, адамдыгың унутпайбыз.
* * *
Өзүңдү билип келем жаш кезиңден,
Өзгөрүлбөй ич дүйнөң ак сезимден.
Түз жолдо чалынбастан келатасың,
Турмуш жолго тушооң так кесилген.
* * *
Элибизде бейпилде жашап жаткан,
Эртең менен жаркырап күнү чыксын.
Танк эмес «дүңк» эттире огун аткан,
Талаабызда трактор үнү чыксын.
* * *
Бомбалардын жарылган карс-күрсүнөн,
Балдарыбыз элеңдеп чочубасын.
Жакырчылык жоголуп эл ичинен,
Жашашсын ууру тутпай кошунасын.
* * *
Өлкөгө сакчы болуп бекем тургун,
Өзүмчө ойлор менен сырдашайын.
Көңүл ток, бейкуттукта жай олтуруп,
Көңүлдөрдү көтөрөр ыр жазайын.
* * *
Уятың жеп-ичкенге жол бербеди,
Улукка жең ичинен кол бербедиң.
Кошоматка кой сойбой, мансаптууга
Колуңдан сокур тыйын сом бербедиң.
* * *
Карыганда жарытып пенсия албай,
Карч уруп келесиңер кара жанды.
Сүт сатып ичкенге да тыйын жетпей,
Сууга малып жейсиңер кара нанды.
* * *
Караңгы ийининде жарык көрбөй,
Көр чычкандын да өмүрү өтөр.
Баа беришип адамдык касиетке,
Бардыгынан сыйлашкан көңүл өтөр.
* * *
Жаштыктын да шартына көнгөн жигит,
Жаш келинге көңүлүн бөлгөн жигит.
Бүтүрүп «түнкү» ишин күндүзгүсүн,
Бүлөсүн көп күттүрбөй келген жигит.
* * *
Бирөөлөр мактанышат мүлкү менен,
Бирөөлөр дос болушат түлкү менен.
Уруш, жаңжал, кайгыдан алыс болуп,
Узартасың өмүрдү күлкү менен.
* * *
Жаш чакта түз жолуңду таба албадың,
Жакшылап очогуңду жага албадың.
Башкаларга көрсөтүп муштумуңду,
Балдарыңды түзүктөп бага албадың.
* * *
Турмуштун териштирип ак-карасын,
Түшүнүп жашоо-тирлик, салт-санаасын.
Басып өтүп түйшүктүү турмуш жолун,
Бакыйган бир чарбаны башкарасың.
* * *
Өзгөчө көңүл бөлүп жаратканым,
Өзүңө акыл берди, бойду берди.
А менин боюм жапыз, эрдим калбык,
Антсе да ырлар жазган ойду берди.
* * *
Тушунда тулпар минип жүргөн жигит,
Дуулдап өз дооронун сүргөн жигит.
Келишкен бою ойго аралашып,
Келин-кыздар талашып сүйгөн жигит.
* * *
Күнүндө күлүк тандап минген жигит,
Гүлдөтүп жашоо сырын билген жигит.
Суналган шыңга бойлуу, терең ойлуу
Сулууларды суктантып жүргөн жигит.
* * *
Элине ак кызматын берген жигит,
Эмгегинин үзүрүн көргөн жигит.
Жаш, сулуу аялдарга азгырылып,
Жаштыктын да ыгына көнгөн жигит.
* * *
Жашоонун буркан-шаркан дайрасында,
Жакшы эле сен тууганым кайнадың да.
Калкылдай каалагандай кайык минип,
Кай бирде калагы жок айдадың да.
* * *
Билинбей турмуш деген өтө берет,
Билиги күңүрттөнүп өчө берет.
Алтымышка ат салып калган кезде,
Адамдык сыйлашуулар өтө керек.
* * *
Акынды сен жүрөсүң капарга албай,
Ал жазган ыр саптарга көңүл салбай.
Акча жок китептерим чыкпай жатыр,
Акырындап түгөнөт өмүр калбай.
* * *
Эки-үч кабат салынган тамдар калар,
Эл ичинде «кодура» балдар калар.
Калкына ыры жетпей тирүүсүндө,
Казакбайдын ичинде арман калар.
* * *
Мансап жакка жаралган адам эле,
Мааниси жок сөздөргө сараң эле.
Калкына ал башкарган тармактардын,
Калдайып качан болсо караан эле.
* * *
Жок эле бул адамдын кошоматы,
Жок болчу алакачып башын катуу.
Ишеним, сыймык менен жүрдү айтылып,
Иштеген жерлеринде анын аты.
* * *
Кийим жагын түрлөнтүп кийер эле,
Зыңкыйып түптүз басып жүрөр эле.
Ачылып акыл толгон жаркын жүзү,
Ажайып бир башкача күлөр эле.
* * *
Аз жашады ажалга айла барбы,
Арман кылып ыйлоодон пайда барбы?
Өрнөк болор элине иш калтырып,
О дүйнөгө, бейиш бак жайга барды.
* * *
Өмүрдө кыйшык жолду баскан жоксуң,
Өлүмдөн, кыйындыктан качкан жоксуң.
Баштатан башкалардын камын көрүп,
Бапестеп өз жаныңды баккан жоксуң.
* * *
Жашоо-турмуш сырларын туйган жигит,
Жакшылыгын аябай турган жигит.
Көздөрү жоодураган сулууларга,
Көңүлүн анча-мынча бурган жигит.
* * *
Көздөрүнөн мээрими жанган жигит,
Көөдөнү кең, ачык кол барбаң жигит.
Капилеттен жамандык башка түшсө,
Кайгы-муңду көтөрө алган жигит.
* * *
Жармачтарга жардамга келген жигит,
Жарты нанын сындырып берген жигит.
Туура жүрүп, туз даамын татып коюп,
Турмуштун ырахатын көргөн жигит.
* * *
Турмуштан өз ордуңду таап алдың,
Туура жүрүп эмгектен баар алдың.
Эр ортону элүүгө жетип-жетпей,
«Эмгеги сиңген» деген наам алдың.
* * *
Таанышкам аны менен баягында,
Тамаша айтсам сөзүмдүн аягында,
Убактысын коротуп, иш деп жүрүп,
«Унутуп» койот экен аялын да.
* * *
Катыра иштей бергин азыр жашсың,
Каласың сен да бир күн «жоор» болуп.
Аман жүр алданбастан арамдыкка,
Алганыңдан бергениң оор болуп.
* * *
Карылуу, тыгырчык бой, күчтүү билек,
Кармашып көргөн анын күчүн билет.
Бир жаткан коюндашып-моюндашып,
Бир эмес, аялзаттын жүзүн билет.
* * *
Жигитсиң иштин көзүн таба билген,
Жигитсиң душманга да жага билген.
Жегенге нан жетишпей турган кезде,
Жетим-жесир, тууганды бага билген.
* * *
Келишпес душманыңды сен дебедиң,
Кедейдин нанын тартып сен жебедиң.
Каатчылык жакалап турса дагы,
Кайыр сурап бирдеме бер дебедиң.
* * *
Сүрөтүңдө тагынып «Алтын Жылдыз»,
Сүйкүмдүү жазы маңдай жүзүң калды.
Анча-мынча эртерээк кеткен менен,
Артыңда үлгү болор изиң калды.
* * *
Сымаптай кылтылдаган кыял күтпөй,
Сылыктык, жумшактык бар мүнөзүңдө.
Карыга сый, жаштарды урматтаган,
Каада-салт сакталыптыр бир өзүңдө.
* * *
Келатасың чаалыкпас өгүз окшоп,
Кылдыратып оор жүк арабаны.
Калсачы каалаганда мезгил токтоп,
Картайып баратасың, айла барбы?
* * *
Жашында элет жерден келген жигит,
Жашоонун жагдайына көнгөн жигит.
Эч кимге зыяны жок, кыялы жок,
Эмгекке күч-кубатын берген жигит.
* * *
Көптү тыңдап, аз сүйлөп көнгөн жигит,
Көп окуп, билими улам өнгөн жигит.
Оозунда бир сөзү жок жаман айткан,
Өзүнчө эле чалкыган көлдөй жигит.
* * *
Көкөңдүн колтугуна жылынбагын,
Көкүрөктү койгулап жулунбагын.
Акырын берген ишти так аткарып,
Адашып, аң-дөңдөргө урунбагын.
* * *
Кудайым аппак сакал өмүр берсин,
Кушубак кирдебеген көңүл берсин.
Кыздарың жолуктуруп өз теңдүүсүн,
Кыз ордуна ыймандуу келин келсин.
* * *
Кемирип жээктерин суулар акты,
Келин болуп күйөөгө кыздар качты.
Көз тунарып, тагынып көз айнекти,
Көмүрдөй кара чачты бубак басты.
* * *
Баягы бир кездеги жигит чакта,
Башкаларга жүрөгүң жалындады.
Бар болуп, өзүң менен тең карысын,
Баш кошкон коюндашкан жарың дагы.
* * *
Эмгек жолун жаш чагыңдан баштадың,
Эгерим сен карбаластап шашпадың.
Кылтың-култуң терс жолдорго баспадың,
Кыйчалышта башкаларды сатпадың.
* * *
Арт жагынан түшпөй арам акчанын,
Абийириңди эл алдында сактадың.
Акыйкатта, адилдикте түз жүрүп.
Анча-мынча «жупкелерден» качпадың.
* * *
Узартпастан көйгөйлөрдү чечкенсиң,
Убагында кара териң төккөнсүң.
Калган кезде өргө тартып өмүрүң,
Кадыр-барктуу карылыкка өткөнсүң.
* * *
Болсо дагы бөлөк ата-энебиз,
Бир туугандан артык жашап келебиз.
Көңүл калбай, ушул бойдон жүрөлү,
Көмүлгөнчө көр түбүнө денебиз.
* * *
Алтымышка мына курбум, карадың,
Али күнчө чалга окшобойт карааның.
Ак тилегим, ачканыңды көрсөм дейм,
Өмүрүңдүн бир кылымдык барагын.
* * *
Айтып өтсөм өткөн өмүр кечээгиң,
Аял заттын көрүп келдиң неченин.
Сугуң түшүп, бирок жете албаган,
Сулуулардын жүргүздүңбү эсебин?
* * *
Биз билбейбиз мезгил сызып өтөрүн,
Билик сымак жаштыгыбыз өчөрүн.
Жылдар жылып, жонго минип карылык,
Жылуу тартат өз үйдөгү төшөгүң.
* * *
Тарта билген тулпар атты астына,
Тамаша айтып, теңтуш деген жакшы да.
Туура баалап тамашасын, чындыгын,
Туш кылыптыр сендей досту бактыма.
* * *
Тамашанын чыны бар да, калпы бар,
Так түшүнүп, териштирип калпып ал.
Алтымышты калса дагы такымдап,
Аликүнчө аялдарга баркы бар.
* * *
Эсенаман деген жакшы атың бар,
Эмне деген бул турмушта датың бар?
Ээрчий карап жаш кезиңде өзүңдү,
Эңсешти го сени нечен катындар.
* * *
Көзүң жанып, жебе болуп кадалды,
Көргөнүңдө өңү жылма аялды.
Акырында бирөөнө үйлөнүп,
Андан кийин барып жаның жай алды.
* * *
Аста-аста кагып турмуш чегесин,
Арабаңды кыбыр тартып келесиң.
Ашыкпаган кууп жетет койонду,
Аттап өткүн бир кылымдын белесин.
* * *
Алтымышка келгениңе кайгырба,
Алыс калган жаш чагыңа кайрылба.
Баса бергин, айтпасам да белгилүү,
Барар жери кедейдин да, байдын да.
* * *
Ары жылып өмүр жолу төтөлөп,
Али деле жашоо оту өчө элек.
Жүк болбостон төшөк тартып оорубай,
Жүрсөк болду неберелер жетелеп.
* * *
Келишимдүү көркөм жигит болсоң да,
Сүйлөгөндү таңдайыңдан чаң чыгып.
Келсе алдыңа жетекчиси чарбанын,
Кете жаздап араң турчу «жан чыгып».
* * *
Жорго минип дуулдадың жашыңда,
Жонуңда тон, норка тумак башыңда.
Кайран бир кез көз ирмемде зуу этип,
Катыныңдын отурасың кашында.
* * *
Өгүнчөрөөк кокусунан кезиктим,
Өлөсөлө чыккан үнүң эшиттим.
Өзөктөгү оор-кесел курттай жеп,
Өңүң азгын, эттен түшүп кетипсиң.
* * *
Азайгандан азаят да өмүрлөр,
Алдыдагы тирүүлүккө көңүл бөл.
Алтымыштан ашып калган чагыңда,
Аста-аста ден соолуктун камын көр.
* * *
Жаңы кызмат тийген жерде көрүштүк,
Жолдоштуктун жагдайына көнүштүк.
Кечке маал, кызмат күнү бүткөндө,
Кез-кезинде бөтөлкөнү бөлүштүк.
* * *
Сендей досту күткөнүмө кубанам,
Көпкө созбой аткарылат убадаң.
Көп учурда жардам алып өзүңдөн,
Келатамын сенин тийбей убараң.
* * *
Жүргөндөр бар сендей доско зар болуп,
Жүрө бергин кадимкиңдей бар болуп.
Асылзатың үч баланы төрөгөн,
Аман жүрсүн түбөлүктүү жар болуп.
* * *
Жаманатты ушак сөзгө илинбей,
Жашап келет көп пенденин бириндей.
Жоо чапса да карбаластап бүлүнбөй,
Жолукканда салам айтат күлүңдөй.
* * *
Тамаша айтып, тамашаны түшүнүү,
Адамдагы эң жогорку касиет.
Анык талант, тамашөкөй куудулга,
Башканы кой, падышаң да баш ийет.
* * *
Башкаларга такыр тийбей убараң,
Мөөнөтүндө аткарылат убадаң.
Асти деги кур калышпайт өзүңдөн,
Алаканын жайып кайыр сураган.
* * *
Деген сөз бар: «Дарак жакшы көгөрөт,
Жылдырбаса алгач тиккен жеринен».
Жаңы-жаңы жашыл бутак көбөйөт,
Жайып кулач, жылдан-жылга кеңиген.
* * *
Азырынча олпок төшөк салынба,
Аман жүрсүн алган жарың жаныңда.
Акырындап чал-кемпирдей басасың,
Антип иним, карылыкка камынба.
* * *
Кайда барып иштесең да түз жүрдүң,
Кай бирөөдөй ызырынып өкүрбөй.
Жакшы басып, жакшы туруп келесиң,
Жашоодогу жакшы салтты өчүрбөй.
* * *
Мен билгенден ыйманыңды сатпадың,
Мээрмандык этиканы сактадың.
Антсе дагы өзү келип тийишкен,
Айдай сулуу аялзаттан качпадың.
* * *
Колдон келген жөндөмүңдү жашырба,
Колго тийген бакытыңды качырба.
Жалталактап айлаң кетип алактап,
Жашоодогу оордукка басынба.
* * *
Анча-мынча мансабыңа көппөгүн,
Адал жүргүн, ар-намысың төкпөгүн.
Бакыт тайып башка түшсө кыйындык,
Байкуш болуп, башың салып чөкпөгүн.
* * *
Адамзатка өмүр деген бир келер,
Адамдардан жакшы-жаман иргелер.
Аз жашайбы, көп жашайбы акыры,
А дүйнөгө кете турган күн келер.
* * *
Адамзаттын эң биринчи милдети—
Арт жагына өз тукумун калтыруу.
Көзү барда бүтпөй калган иштерин,
Кийин ченейт ошол балдар аркылуу.
* * *
Алла Таалам кур калтырбай туяктан,
Аталардын чапкан жолун уланткан.
Ордун басып, өз атасын жоктотпой,
Бизге окшогон тирүүлөрдү кубанткан.
* * *
Арамдыкка, жамандыкка барбастан,
Аргымагын ат жарышка салбастан,
Арасында келе жатат көч менен,
Алга кетпей, артта дагы калбастан.
* * *
Бардык адам кааласа эле хан болбойт,
Багылбаса мал да болбойт, дан болбойт.
Ташкан байлык, бийик кызмат, атак-даңк,
Тагдырыңа жазылмайын бар болбойт.
* * *
Тилек кылган тилегиңе жете бер,
Тикенектүү тосмолордон өтө бер.
Түгөл болуп бала-чака, аялың,
Түзөң, ийри жолдор менен кете бер.
* * *
Жалкоо болбой ишке быштың жашыңдан,
Жакшылыгың аябадың касыңдан.
Көңүлүңдү чөгөрбөдүң мүңкүрөп,
Көп кырсыкты кечирсең да башыңдан.
* * *
Адамзаттын жашоосунда күрөш бар,
Ачуу-заар айтмайынча жүрбөгөн.
А бирөөдө калбаат, токтоо мүнөз бар,
Албууттанып айкырганды билбеген.
* * *
Көр тирликке эң биринчи пул керек,
Нанды жасап бышырганга ун керек.
Курсак тоюп, көңүл турса жайында,
Анан кийин күлкү, оюн, ыр керек.
* * *
Кыргыздарда лакап-кеп бар даанышман:
«Кызмат деген колдун кири» деп койот.
Багы тайып, кызматынан айрылса,
Башын салбай кай бирөөлөр бек болот.
* * *
Бейнесинен боорукерлик көрүнүп,
Пейли жакшы эски досум Бекмурат.
«Өзүм ичип, жебей эле коеюн,
Өзгө ачка болбосо экен» деп турат.
* * *
Көп жыл өттү биз калыштык көрүшпөй,
Көңүлдөгү ой-сырларды бөлүшпөй.
Кара мурут күмүш түскө бойолуп,
Калсаң керек кыздар менен өбүшпөй.
* * *
Кырчын жаштык курагына мас болуп,
Кыз-келинге көздөр балбыл жанды го.
Акырындап өз жарыңдан чыга албай,
Алтымышка жашың барып калды го.
* * *
Бөрү дагы, түлкү дагы болбодуң,
Дилиңдеги адилдикти коргодуң.
Тартынбадың билгениңди бетке айтып,
А чоңдордун купулуна толбодуң.
* * *
Чоңдоруңдун тилин такыр таппадың,
Кошоматсыз абийириңди сактадың.
Чогуу иштеп, чоо-жайыңды билемин,
Чоң кызматка барчу жерден аксадың.
* * *
Аялдардан аялдарды тандадың,
Ал жагынан калбагандыр арманың.
Ар биринен туулушуп-төрөлгөн,
Ар кай жерде тентибесин балдарың.
* * *
Акча керек жашоосуна адамдын,
Акча деген таразасы замандын.
Көп акчасын басып алып бооруна,
Көр тирлиги өтө берет сараңдын.
* * *
Пул кармаган мүшөк-мүшөк аркалап,
Бул турмушта сендей жигит барк алат.
Акча жаабайт жамгыр болуп асмандан,
Аракет жок, жүрө берсең чалкалап.
* * *
Көргө кетсең унутулуп пул калат,
Көөмп койсо көр үстүндө чым калат.
Артыбызда муундардан муунга,
Акын жазган ак кагазда ыр калат.
* * *
Башкалардай иномарка минбедиң,
Башыңа сен норка тумак кийбедиң.
Боюң жапыз, болсоң дагы бир моюн,
Бийик бойлуу кыздар менен бийледиң.
* * *
Аман жүрсүн ак никелүү алганың,
Анан дагы аман болсун балдарың.
Калыс сөзүм, чын ниеттен кааларым—
Карыганда жалгыз болуп калбагын.
* * *
Адамдардын көңүлдөрүн кирдетүү--
Айрымдардын өтө жаман илдети.
Аржалактап бери карап күлөт да,
Ары карап маска болот бир бети.
* * *
Көтөрбөгүн жемдүүлөрдүн чачпагын,
Көзүн карап, кулу болбо акчанын.
Чекеңе да такап турса тапанча,
Чечкиндүүлүк сапатыңдан жазбагын.
* * *
Мага жагат иним сенин шардыгың,
Маалкатпай айтып салган бардыгын.
Арбын-арбын болсун деймин сендейлер,
Алып жүрчү акыйкаттын жардыгын.
* * *
Көрсөтмөккө башкаларга өзүңдү,
Койгулабай жылаңачтап төшүңдү,
Колдон келген ишиң менен алексиң,
Коротпостон бекерпозчо сөзүңдү.
* * *
Жаш чагыңда турчу элең от болуп,
«Жарактарың» дайым турчу октолуп.
Элүүнү ашып, алтымышка жакындап,
Эми деги калдың бекен токтолуп?
* * *
Көксөп жүргөн сени кыздар көп болду,
Көңүлүңө бири гана төп болду.
Бирге жашап келесиңер бөлүнбөй,
Бир кездеги кара чачың көк болду.
* * *
Адамдардын сындырбаган көңүлүн,
Адамдардын сыйлап келген өмүрүн.
Атаң көрү, жаштык кезиң каякта?
Алтымыштан өтүп кетти өмүрүң.
* * *
Адамдарды улуттарга бөлбөймүн,
Аларды мен бөлөк-бөтөн көрбөймүн.
Адамзаттын каны бир да, жаны бир,
«Ал өзүбек, мен кыргызга» көнбөймүн.
* * *
Балбан билек, таш болсо да муштумуң,
Байкалчу эмес чарт-чурт эткен курчтугуң.
Баатыр жигит энөө болот дегендей,
Бала окшоп жок эле да куулугуң.
* * *
Ашып-ташкан пайда пулду көбөйттүр,
Алсыз, жармач, карыптарды жөлөп жүр.
Салып албай көрүнбөгөн чөнтөккө,
Салык-палык дегендерди төлөп жүр.
* * *
Байлык деген керек дечи адамга,
Баркын билбей тепсетпегин таманга.
Басып албай, катып албай бооруңа,
Байлыгыңды керектегин заманга.
* * *
Сайса сайсын аялыңды мурутуң,
Сайгылабай жүргүн анын көңүлүн.
Күйпөлөктөп өткөн өмүр курусун,
Күрдөөл менен өтсүн калган өмүрүң.
* * *
Жашка дагы, карыга да өмүр бир,
Жашоо шарты—ачык-айрым көңүлдүр.
Жаркылдаган карындашым экөөңөр,
Жакшынакай ынтымактуу өмүр сүр.
* * *
Өтүп жылдар, көзгө илешпей закымдаар,
Өмүр дагы өз чегине жакындаар.
Өлбөс-өчпөс ыр калтырып урпакка,
Өз өмүрүн узартышат акындар.
* * *
Кеңсе жайга эрте келип, кеч кетип,
Келатасың эмгектенип жан тынбай.
Бүтүрөсүң аракетти тездетип,
Бүгүнкү ишти эртеңкиге калтырбай.
* * *
Себеби бар сенин элге жагарың,
Адамдарды улуттарга бөлбөйсүң.
Аларыңдын жакшы жана жаманын,
Аткарган иш, эмгек менен өлчөйсүң.
* * *
Маңдайыңа жазылганды көрөсүң,
Машайык бол, акыр бир күн өлөсүң.
Азоолонуп туйлай бергин, акыры
Арабаны тартканга да көнөсүң.
* * *
Бала кезден жедиң турмуш тепкисин,
Басып өттүң нечен кызмат тепкичин.
Катыныңдан башкаларга көз салбай,
Кармалбастан кайтып жүрдүң кечкисин.
* * *
Ээрчип албай арам тапкан акчаны,
Эмне жумуш болсо дагы качпадың.
Аралашып бирге жүрдүң эл менен,
Арам тамак, арам ишке баспадың.
* * *
Эми болсо бир чарбаны башкарып,
Эки эселеп кызматыңды аткарып,
Эсирбестен колго тийген мансапка,
Эл ичинде келатасың баркталып.
* * *
Ачык турсун келгендерге эшигиң,
Артсын үмүт кылгандарга кешигиң.
Тең жарышып, алган жарың экөөң,
Терметкиле чөбөрөнүн бешигин.
* * *
Алла Таалам бирөөлөргө эт берет,
Алдым-жуттум эл байлыгын жеп келет.
Адал жүрүп, элдин бетин караган,
Арык-торук болсо дагы бет керек.
* * *
Которулуп мунайзатка бардың да,
Кол батпаган казы жатты кардыңда.
Алп мүчөлүү, зор тулкуңду көтөрүп,
Аял байкуш кантип жатат алдыңда?
* * *
Кылдай дагы арамдыкка барбадың,
Кыйкым таап, жамандыкка барбадың.
Эгер берип койгон болсоң убада,
Эч убакта айтканыңдан танбадың.
* * *
Атаң көрү сендей болсун жигиттер,
Аял көрсө жанып турган көздөрү.
Катуу кысып, тирелишти боюңа,
Канчасынын кош алмалуу төштөрү?
* * *
Каны-жанын, дүр-дүйнөсүн ойготуп,
Канча келин бир өзүңдү көздөдү?
Эбак өттүң эр ортону элүүдөн,
Эркек демиң ошол бойдон өчпөдү.
* * *
Өтөр өмүр, өчөр кайран жаштык кез,
Өрүш тартып чал куракка барарсың.
Аялзаттын эске келбей башкасы,
Аялыңдын көзүн карап каларсың.
* * *
Эмдигиче эсибизден кете элек,
Элибизге иштеп бердиң эселеп.
«Кубарыңдын акысы жок» дейт кыргыз,
Кудай өзү алып кетсе жетелеп.
* * *
Башкалардын талашпаган кашыгын,
Биз билгенден түптүз болчу басыгың.
Кудай неге алып кетти эртелеп,
Же бар беле биз билбеген жазыгың?
* * *
Көгөрөт дейт дарак өссө бир жерден,
Көп жигит бар өзүңө окшош иргелген.
Өнөрүңдү, эмгегиңди элге арнап,
Өксүтпөдүң өмүрүңдү бир келген.
* * *
Чоочулагам айтсам эгер чынымды,
Чоңдор окшоп сен салбадың кырыңды.
Бир заматта бакылдашып кириштик,
Бир конушта жашагандай кылымды.
* * *
Көп жылдары эл башкарып келесиң,
Коллективге атасың да, энесиң.
Жагат экен оруска да, кыргызга,
Жапкак көздүү, бырыш баскан элесиң.
* * *
Арноо ырын багыштадым Байышка,
Аргымаксың чуркай турган жарышта.
Эрөөл болсо эл ичинен суурулуп,
Эң биринчи сен чыкмаксың сайышка.
* * *
Улууларды сыйлап келе жатасың,
Чын дилинен алар берет батасын.
«Жакшы тилек—жарым ырыс» деп койот,
Жаңы дагы кызыктарга батасың.
* * *
Келиндерге баруунун да ыгы бар,
Көп жүгүрбөй эми бир аз тыным ал.
Өттү жаштык, эми башка кез келди,
Өз катындын төшөгүнө жылынар.
* * *
Бир калыпта токтоо жүргөн жигитсиң,
Көп нерсени терең окуп билипсиң.
Чоочулабай ыгы келип турганда,
Чоңун качыр табактагы жиликтин.
* * *
Көп убакта тарткынчаактар жем болот,
Куружалак ар нерседен кем болот.
Шыңга бийик тал-теректи омкоргон,
Шылдыраган булак эмес, сел болот.
* * *
Колдон келбес иштер болсо асылба,
Колдон келбей калган кезде басынба.
Жөө жүрсөң да, төө минсең да тартынбай,
Жөндөмүңдү көрсөтүп кал жашыңда.
* * *
Өкмөт десе өлүмдөн да тартынбай,
Өз баасында калыс жүргөн ак киши.
Көрсөтмөнү мөөнөтүндө аткарган,
Көп сөзү жок, убадага так киши.
* * *
Бала кезден өскөн жериң элет жер,
Бапестесең байлыктарды берет жер.
Аба, суусун, жерин таза кармасаң,
Ачып койнун, элин багып келет жер.
* * *
Орус досум, үйрөнүп ал кыргызча,
Окуганга Казакбайдын ырларын.
Тамаша эмес, жакшы болмок өзүңө,
Так түшүнүп ыр саптардын сырларын.
* * *
Талаша бер эмгекчинин таламын,
Териштирип жакшысын да, жаманын.
Берешендик пейилиңден өксүбөй,
Берекелүү толуп турсун табагың.
* * *
Ал жарыктык касиеттүү киши эле,
Аты улук, башкаларга кичи эле.
Алалантып кедей дебей, бай дебей,
Адамдардын бардыгына түз эле.
* * *
Алган жарың төрөп бербей уулду,
Алты кызың катар-катар чуурду.
Менден эмне «жардам» сурап келбедиң,
Менден жалаң эркек балдар туулду.
* * *
Жашагандын табалышпай айласын,
Жамандар бар эптеп ичкен жармасын.
Сага окшогон эстүү, эптүү жигиттер,
Салып жүрөт жакшы жолго чарбасын.
* * *
Кыйшактабай майдаланбай ирисиң,
Кыргызым деп кызмат кылып жүрүсүң.
Мээси менен акылын түз иштеткен,
Мен баалаган жигиттердин бирисиң.
* * *
Жаралгандан кең жайылган колуң бар,
Жаныңдагы капчыгыңды чыгарып.
Баштатадан сен агызган арактар,
Баарын кошсок толо болмок бир арык.
* * *
Айымдарды чыгарбагын эсиңден,
Айныбагын алтымышта экем деп.
Жуп болушуп алган жарың экөөң,
Жүрө бергин Бишкек шаарын мекендеп.
* * *
Эркелесин жубай кылып алганың,
Эркелеткин балдарыңдын балдарын.
Өмүр берип уулдарга, кыздарга,
Өзүңөрдөн аябасын жардамын.
* * *
Балкылдата сугарбаса чөп болбойт,
Баккан малга чөп бербесе эт болбойт.
Акылыңды билим менен кандыргын,
Адамдардын жөндөмүндө чек болбойт.
* * *
Оокатыңды чыйрак кылган жигитсиң,
Өтөсүнө чыга билген бир иштин.
Жакшынакай сулуу келин-кыздарга,
Жаш кезиңде жакшы эле тийиштиң.
* * *
Жакшы жүрүп саламыңды жазбаган,
Жана дагы арам ишке баспаган.
Өмүрүнө тамчылатып суу бергин,
Өлмөк болуп адам жатса ачкадан.
* * *
Иштин көзүн таап турган акылы,
Ийгиликтер өзү келип жатыры.
Ири-ири жеңиштерге жетишкен,
Иним сенсиң бул замандын баатыры.
* * *
Эл ичинде толуп жатат чириктер,
Элдин ичин бузуп жатат бир иттер.
Калкы үчүн кара жанын карч уруп,
Кайда жүрөт кайраты мол жигиттер?!
* * *
Кайда бурса сымап сындуу төгүлбөй,
Кең жигит бол чалкып жаткан көлүндөй.
Бир кылымдык узак өмүр жашагын,
Биринчи алган жубайыңдан бөлүнбөй.
* * *
Жашооңдо калбаат басып сен келдиң,
Жалпы элге эмгек—күчүң сен бердиң.
Кабылдадың жакшы жүргөн адамды,
Карабастан улутуна элдердин.
* * *
Бапыраган дайым ачык колуң бар,
Басып өтөр кенен шыдыр жолуң бар.
Алган жарың, балдарыңды, өзүңдү,
Алдыңардан тосуп алсын сонундар.
* * *
Жаштык кезден мактоо сөзгө алынып,
Жашап келдиң ырыскыга малынып.
Сезим мокоп, кемпириңдин жанында,
Сен жатасың жумшак төшөк салынып.
* * *
Сураттырбай кирип келди карылык,
Суранарым сен калбагын таарынып.
Мезгил жетип, жетимишти такымдап,
Мен да калдым карылыкка камынып.
* * *
Жаш кездеги көп түйшүктөн арылып,
Жамбаштатып үргүлөткөн карылык.
Карылыктын көрө бергин үзүрүн,
Калгычакты көр топурак жамынып.
Достарыңызбен бөлісу: |