Казакбай Абдышев Ыр дүйнө



бет3/16
Дата04.07.2016
өлшемі1.47 Mb.
#177386
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   16

ИШТЕШ КЕРЕК
Жашоодон такыр үмүт үзбөш керек,

Жашоонун түркүн жолун издеш керек.

Жагжайып көчө таптап басып жүрбөй,

Жакшыбы, жаманбы бир иш иштеш керек.


Жаман ойду көңүлдөн айдаш керек,

Жамандыкты көңүлгө албаш керек.

Жасаган кыянатка жооп кылып,

Жамандыкка өмүрү барбаш керек.


Жарабаган үрөндү экпеш керек,

Жаңы көчөт даракты кеспеш керек.

Жаш чыбыктар качандыр бир кезекте,

Жайкалган бак болорун эстеш керек.


Жакшы менен жаманды аңдаш керек,

Жамандардын жанына барбаш керек.

Жашоодо жардам кылат акыл кошуп,

Жакындап жакшыларды жандаш керек.


Жаманды жамансың деп айтпаш керек,

Жакшыны жакшысың деп макташ керек.

Жакшы экем деп дердейип көөп кетпей,

Жакшы деген атакты акташ керек.


Жаалданбай жөнөкөй болуш керек,

Жагымдуу да, мээримдүү добуш керек.

Жалаң эле мал сойгон байдыкы эмес,

Жармачтын да үйүнө конуш керек.


Жапайы жандыктарды атпаш керек,

Жайытынан алыстап качпаш керек.

Жайылып малың менен аралашып,

Жаныңа үйүр кылып сакташ керек.


Алгачы ден соолукту түздөш керек,

Абдан бекем пайдубал түптөш керек.

Ар-намыс, ал-күчүңдү тирек кылып,

Асмандан жакшылыкты күтпөш керек.


Аракты өчүң бардай ичпеш керек,

Аңгегине байкабай түшпөш керек.

«Алма быш-оозума түш» болуп жүрбөй,

Алыңдын жетишинче иштеш керек.


Ар кимди алдабаган бизнес керек,

Ар кимдин ашын тартып ичпеш керек.

Ар кимден кайыр сурап жалдырабай,

Алтынды бут алдыңдан издеш керек.


Адам деген чечкиндүү болуш керек,

Арсарлыкты көңүлдөн жоюш керек.

Ар чөптүн башын бирден сыдырбастан,

Алдыга айкын максат коюш керек.


Акчаны сапырылтып чачпаш керек,

Акчаны бекем катып сакташ керек.

Алып калып өзүңө жетерлигин,

Ашыгын элиң үчүн сарпташ керек.


Ар кандай кыйындыктан качпаш керек,

Алаңдап айлаң кетип шашпаш керек.

Акыл-ой, аң-сезимди бергенден соң,

Адам деген атакты акташ керек.


Ак жерден адамдарды сатпаш керек,

Ак жүргөн адамдарды сакташ керек.

Андайда алтын башты сайып коюп,

Анын асыл иштерин жакташ керек.


Ата-эне балдар камын көрүш керек,

Аларга жакшы билим бериш керек.

Ал балдар өз бутуна тургандан соң,

Ажал келип суранса өлүш керек.


Адыраңдап байлыкка көппөш керек,

Ары-бери чайпалтып төкпөш керек.

Алга кетпей, турмушуң эңиштесе,

Алдан тайып, эңгиреп чөкпөш керек.


Ар бир адам өз баасын билиш керек,

Алыстап пенделиктен жүрүш керек.

Арсалактап шилекей чачыратпай,

Ажарлана жагымдуу күлүш керек.


Аял-эркек бир-бирин сыйлаш керек,

Ар кандай жамандыкта кыйбаш керек.

Аянбай күндүзгүсүн эмгектенип,

Алтүндө айкалышып жыргаш керек.


Акылдууга баш ийип туруш керек,

Анын айткан акылын угуш керек.

Ары-бери чампалап сала койбой,

Абдан бекем үйлөрдү куруш керек.


…Жашоодон такыр үмүт үзбөш керек,

Жашоонун түркүн жолун издеш керек.

Жалкоолук–чоң душманы адамзаттын,

Жатып албай, күч үрөп иштеш керек!


ноябрь 1999-жыл

ЖАШООДО ТҮРКҮН АДАМ БАР
Жашоосунда адамдын,

Жакшысы бар, жаман бар.


Турмушунда адамдын,

Туурасы бар, жалган бар.


Ар адамдын башында,

Азабы менен арман бар.


Аялы, эри тирешсе,

Андай үйдө жаңжал бар.


Кызындай кызга тийишкен,

Кызыталак калжаң бар.


Жүз грамм ичип жинигип,

Жүрөккө бычак сайган бар.


Көрүп-билип турсаң да,

Көз көрүнөө танган бар.


Бок келбеген колунан,

Бой көтөргөн дардаң бар.


Уруш-жаңжал чыгарган,

Ушак-айың, жалган бар.


Эл-журтунун мүлкүнө,

Эки колун малган бар.


Бүшүркөтүп балдарын,

Бүлүктү үйгө салган бар.


Эчтеме келбес колунан,

Эдирейген кайран бар.


Мас болуп алып жыгылып,

Маңдайын, көзүн жарган бар.


Балдары туруп төрт көздүү,

Багылбай калган карыган бар.


Башканы ачка кесертип,

Бармагын майга малган бар.


Кызылын көрүп башканын,

Кызарып көзү жанган бар.


Калганга сүтүн калтырып,

Каймагын калпып алган бар.


Жылытмасы бар жерге,

Жыла басып барган бар.


Бийлик үчүн башкага,

Билгизбей торун жайган бар.


Өзгөлөрдүн алдына,

Өз катынын салган бар.


Ашкере тоюп алышып,

Аң уулабас тайган бар.


Айласын таппай жашоонун,

Арам ишке барган бар.


Каткырыгы таш жарып,

Калп кучагын жайган бар.


От чыгарып ортого,

Очогу күйбөй калган бар.


Уят менен иши жок,

Убададан тайган бар.

Алып-жулган акчага,

Ак сарайлар салган бар.


Кулкулдап ичип башкадан,

Кур алакан жайган бар.


Апасын зордоп жаткырган,

Адам аттуу айбан бар.


* * *
Элин ачка калтырып,

Эл байлыгын саткан бар.


Жолдошу менен жоолошуп,

Жолуна салган капкан бар.

Тарс эткизе бир күнү,

Такымдата чапкан бар.


Өчөшөм деп чоңдорго,

Өз көрүн өзү казган бар.


Ала берип карызга,

Алкымынан баткан бар.


Элдир-селдир күн көрүп,

Эптеп жанын баккан бар.


Колтукка кирип кой союп,

Кошомат менен жаккан бар.


Канын соргон эринин,

Катындан чыккан мастан бар.


Кыпкызыл пара акча алып,

Кылмыштуу ишти жапкан бар.


Көсөөнү түртө билбейт да,

Көбүртө сүйлөп жаткан бар.


Салам-алик ордуна,

Заарын көздөн чачкан бар.


Кеп төркүнүн иргебей,

Келтире ушак айткан бар.


Айлынан узап беш кадам,

Американы «ачкан» бар.


Башы чыкпай окоптон,

Башка жакка аткан бар.


«Төлдөтүп» коюп үч эмден,

Төшүнө орден таккан бар.


Жамыратып калп сөздү,

Жаңгакча башты чаккан бар.


Атадан калган мурасты,

Арыдан-бери чачкан бар.


Мыктысынып өзүнчө,

Мыкчыя тартып баскан бар.


Ташбакадай кыбырап,

Тайбуурулдан «ашкан» бар.


Теңине албай чындыкты,

Тетирлене баскан бар.


Бөксөрө түшсө курсагы,

Бөлөк жакка качкан бар.


Четинен уурдап акчаны,

Чет элдик банкка каткан бар.


Урматтап сени сыртыңдан,

Уу жылаанча чаккан бар.


Тийишем деп башкага,

Тил азабын тарткан бар.


Бышыксынып көп чуркап,

Былчыйта жампа баскан бар.


* * *
Тузагын жайган изиңе,

Душмандан өткөн тууган бар.


Таптакыр сөзгө келбеген,

Тас төбөдөн урган бар.


Ойдогусун жасаган,

Орусча айтса «дурман» бар.

Калк казына байлыгын,

Каратып туруп жулган бар.


Арам тамак бар жерге,

Атынын башын бурган бар.


Өзгөлөр берген шарапты,

Өзөгүнө куйган бар.


Чындыкты айтып койгонду,

Чыркырата кууган бар.


Көмөчүнө күл тартып,

Көрмөксөн көзүн жумган бар.


«Бечара» болуп көрүнүп,

«Берчи» деп колун сунган бар.


Сокур тыйын таппаган,

Сооданы билбес «дунган» бар.


Теңгесин уурдап калкынын,

«Теремоктор» курган бар.


Каухар, алтын… толтура,

Катылып жаткан кумган бар.


Арак менен тамактын,

Алыстан жытын туйган бар.


Көзү жырык ийнени,

Көр оокат деп жыйган бар.


Оокат-аштуу башканын,

Отунун камдап турган бар.


Кызын берип парага,

Кызматтан өйдө жылган бар.


Сөөлжан батпас тешикке,

Сөлдөйүп туруп сыйган бар.


Көрүнгөн эле аялга,

Көз ымдаган жылмаң бар.


Жаштайынан өстүрбөй,

Жаш чыбыкты кыйган бар.


Түз бараткан ишиңди,

Тетири жакка бурган бар.


Лапылдап күйгөн отуңа,

Лампа майды куйган бар.


Баласынын айынан,

Башын салып сынган бар.


Түз жүрсөң да күнөөң жок,

Түшүрүп койчу зындан бар.

Кыл жип менен бек бууп,

Кылгылыкты кылган бар.


* * *
Атасынын мойнуна,

Алтымыш жашта минген бар.


Энесинин мойнуна,

Элүү жашта минген бар.


Кынынан сууруп «аспабын»,

Кыбыла карап сийген бар.


Мемирей тартып каалгып,

«Мерседести» минген бар.


Катыны менен касташып,

Каңкылдап итче үргөн бар.


Оңун солго алмашып,

Өтүгүн бутка кийген бар.


Төбөсүн жерге тийгизе,

Төрөгө башын ийген бар.


Акмагы менен иши жок,

Акчалууга тийген бар.


Моюндары жар бербей,

Мойнуна ишти үйгөн бар.


Дайындуу кылган иши жок,

Далдырай басып жүргөн бар.


Ыгы жок болуп турса да,

Ырсалактап күлгөн бар.


Аш жыттанган үйлөргө,

Акырын жылып кирген бар.


Эмне ушак чыгат деп,

Элейип кулак түргөн бар.


Аңги кылган башыңды,

Апийим ичип жүргөн бар.


Өз катынын жыргатпай,

Өзгөлөрдү «сүйгөн» бар.


«Берерин кудай берет» деп,

Бечара өмүр сүргөн бар.


Алдатып коюп байкабай,

Ак жеринен күйгөн бар.


Тамтыгы кеткен кийимди,

Тажабастан бүргөн бар.


Жонунан түшпөй атынын,

Жоор кылып минген бар.


Бизнес деп карыз акча алып,

Бир күнү итке минген бар.


* * *
Энесинин эмчегин,

Элүүндө эмген бар.


Бешиктеги баласын,

Белек кылып берген бар.


Куюлтуп сүйлөп жыргатып,

Кур соку минип желген бар.


Өлөрчө ичип ичимдик,

Өзүнөн өзү өлгөн бар.


Артыңдан келип билгизбей,

Арамдык менен жеңген бар.


Эки ортого сөз таштап,

Эки досту бөлгөн бар.


Энеси менен атасын,

Эки жолу көмгөн бар.


Тоодон кийик улабай,

Тоогун аткан мерген бар.


Айдай албай чарбагын,

Аңыздан машак терген бар.


Өткөрүп жашоо шаарда,

Өз айылын жериген бар.


* * *
Отоо чөптөн арылтып,

Оозу менен оргон бар.


Кирип-чыккан малы жок,

Кароосуз калган коргон бар.


Капталды бербей жайылган,

Кайда кеткен толгон мал?


Жамынып көрпө ичигин,

Жай чилдеде тоңгон бар.


Жумушун кылып ар кимдин,

Жугундуга тойгон бар.


Көргөзбөй жарык дүйнөнү,

Көзүңдү чукуп ойгон бар.


Түшүп алып артыңдан,

Түбүң менен жойгон бар.


Тамылжыта көп сүйлөп,

Тамагыңа тойгон бар.


Туурабы-туура эмеспи,

Тумшуктан ары койгон бар.


Калпты айтып, ай-жылдап,

Карызың бербей чойгон бар.


Касташканга себеп жок,

Каныңды ичип тойгон бар.


Оңолтом деп турмушту,

Ойрондоткон ойрон бар.


Кан болуп элин башкарып,

Кактабай канын соргон бар.


1-3-август 1999-жыл

ЭЧ ТҮГӨНБӨС ЖАШОО – ТУРМУШ САБАГЫ

(баштан-аяк уйкаш ыр)
Өмүрүмдүн бирден ачып барагын,

Өргө таяп, алтымышты карадым.

Жүрсөм дагы чоңдун ишин бүтүрүп,

Жүрөгүмдө бала бойдон каламын.


Элүү жаштын буурул чачын тарадым,

Элим үчүн бир топ ишке жарадым.

Эгин эктим, суу сугардым, чөп чаптым,

Эми болсо ырлар жазат каламым.


Алып жүрөм алтымыштын таягын,

«Абышкам» деп тамашалайт аялым.

Анткен менен келатамын аткарып,

Аялымдын коюп жүргөн талабын.


Бөксөлөтүп өмүрүмдүн табагын,

Бирөөгө ини, бирөөлөргө агамын.

Кебетемди бырыш басып калса да,

Келе берет жаш кыздарды карагым.


Ичип көрдүм арбак урган арагын,

Ичип алып, үйгө бүлүк саламын.

Көп мастардан менин эмнем кем экен,

Көрүп чыктым алар жаткан абагын.


Кабылдабай чоң адамдын арамын,

Казыр деле топ ойногон баламын.

Көздөрүмдөн тегеренип жаш кетет,

Көргөнүмдө кыйналганын баланын.


Ажыратып жакшыларын, жаманын,

Адамдардын көрдүм балбан, чабалын.

Арсыздарга, арамдарга жин келип,

Акылманга жүрөгүмдү чабамын.


Ачып коюп дептеримдин барагын,

Ак кагазга жорголоду каламым.

Ырга кошуп, обон салып ырдадым,

Ыраңы айдай кыз-келиндин жамалын.


Жактырбаймын жигиттердин чабалын,

Жанын эптеп сактап жүрөт аларың.

Карап туруп, жете бербейт акылым,

Кантип алар үй-бүлөсүн багарын.


Жакшыларга түзүк менин саламым,

Жакшылардын талашамын таламын.

Керек кылып үлгү болор иштерин,

Керек болсо тазалаймын таманын.


Аялымдын ашка толгон тамагын,

Апкелгенде жарк ачылат кабагым.

Жашоодогу аялдардын бир милдет–

Жалкоолонбой жасап турса тамагын.


Акыл-эстүү жолдошторду самадым,

Акчасы эмес, абийирин карадым.

Айнып калдым ошолордун көбүнөн,

Акырында билип калып арамын.


Билбептирмин кай бирөөнүн амалын,

Билбептирмин уу жылаанча чагарын.

Бир күнү эле билгизбестен жаакка,

Билбептирмин шак эткизе чабарын.


Эмне болуп кетти деги заманым,

Эки жүздүү адамдардан тажадым.

Тирүүлүктө, ушул жалган дүйнөдө,

Тийбесе дейм башкаларга залалым.


Кай бирөөлөр кара суусун аяды,

Кай бирөөнүн жуттум шылдыр чалабын.

Кай бирөөдөн капчык чыга ичкемин,

Кымызынан ыш жыттаган сабанын.


Жаш кезимден жыргал турмуш самадым,

Жакшы эле жанды үрөп сабадым.

Эринбестен дале келем үйрөнүп,

Эч түгөнбөс жашоо-турмуш сабагын.


1999-жыл

ЭРКЕКТЕРДИН ЖАКТЫРАМЫН КАНДАЙЫН?

(баштан-аяк уйкаш ыр)
Жасабаган колу менен кылдай иш,

Жаагын жанып, такылдаткан таңдайын.

Жасакер да, жасалмалуу жүргөнү,

Жактырбаймын мен эркектин андайын.


Күч-кубаты болсо дагы өгүздөй,

Күтө берген үзүлөрүн алманын.

Ага чыксаң көргүлүктү көрөсүң,

Артыңа артып бүтүн жүгүн чарбанын.


Апырылтып, сапырылтып, жапырып,

Айта берген кеп-сөздөрдүн жалганын.

Калптан башка айта турган сөзү жок,

Каалабаймын мен эркектин андайын.


Анан дагы эркек аттуу бирөө бар,

Албадым деп танып турат алганын.

Өзгөнү кой, жанына күч келгенде,

Өз катынын сатып кетет андайың.


Көзгө илешпес тикен кирсе чыдабай,

Көрдүң беле көзгө жашын алганын.

Эли-жерин коргой албас суу жүрөк,

Эч каалабайм эркектердин андайын.


Айрым-айрым жигиттер бар арада,

Айта берген бир түгөтпөй арманын.

Ошондойго чыгып калсаң күйөөгө,

Отурасың жара чайнап бармагың.

Аксымдар бар кандап турган оозуңду,

Алаканы кызып турган ар дайым.

Андай менен кокусунан кошулсаң,

Акыр жүрүп бир балаага калганың.


Эркектер бар, ой да жаман ичи тар,

Эч бирөөгө көрсөтпөгөн жардамын.

Ийгилигин башкалардын көргөндө,

Ичи өрттөнүп, булут басат маанайын.


Өзгөлөргө шылдыр сүтүн калтырып,

Өзү жеген үстүндөгү каймагын.

Сугунган бар эл байлыгын билгизбей,

Соруп коюп, майланышкан бармагын.


Ушак-айың сөз таштаган ортого,

Уктуң беле эркектердин айгагын.

Жерге кирсин ошо дагы эркекпи,

Желге теңейм эркектердин андайын.


Кол көтөргөн ата менен энеге,

Көрдүң беле жигиттердин айбанын.

Жакшы эмеспи андайларга барганча,

Жаздыгымды күйөө кылып алганым.


Кошоматка кой сойгон бар жагынып,

Куп үйрөнүп тирчиликтин ал жагын.

Башканы кой, чоңдорунун койнуна,

Башын байлап салып берет алганын.


Бирөөлөр бар күндө ичип ылжырап,

Бүт тажатып өзү жүргөн аймагын.

Абайлабай андайларга баш кошсоң,

Айласы жок кеткени да аргаңын.


Жарытылуу бир сөзү жок былтыйып,

Дал өзүндөй ачыбаган жарманын.

Кызыгы жок өтө берет турмушуң,

Кыя албай тууп берген балдарын.


Мактанчаак бар өпкөсү чоң казандай,

Мактанганда байкабайт өз дарманын.

Катыны деп өпкөсү жок неменин,

Калк ичинде кепке-сөзгө калганың…


Эми токтоп, башка сөзгө өтөлү,

Эркектердин жактырамын кандайын?—

Эт-жүрөгүң элжиреткен көргөндө,

Эң биринчи анын ачык маңдайын.


Мыкты жигит деген сөзгө ээ болот,

Мыңкылдабай сөздүн айткан таамайын.

Ошондойго кудай буйруп кошулсаң,

О, кызыке, анда сенин таалайың!


Айрымдар бар убадага бек турган,

Айткан сөзүн так аткарат ар дайым.

Эртеңки күн эмне болуп кетет деп,

Эч убакта ал каранбайт жан-жагын.


Анан дагы жигиттер бар өнөрлүү,

Аңга кошуп кушу менен тайганын.

Амал менен өтүп кетет андайлар,

Ашуу менен кечмеликтин тайгагын.


Турмуш кысып, куушурулта капшырып,

Тумчуктуруп кеткен кезде дарманың,

Ажаат ачкан жигиттер бар мындайда,

Аябаган малы-жанын, жардамын.


Эр көкүрөк эчтемеден тайманбас,

Эркектердин жактырамын балбанын.

Анан дагы жаман болбос үстүңдөн,

Арбын-арбын салып турса «салмагын».


Айттым сөздүн бери жагын, ар жагын,

Акырында аялзатка кааларым:

Кошулса дейм ар-намыстуу эркекке,

Кор кылбаган жары менен балдарын.


Мезгилинде чайын куюп отурса,

Мээрим карап аппак сакал чалдарын.

Калган кезде колдон-буттан күч кайтып,

Кадырласын кыр көрсөтпөй балдарың!


23.06.1993

АЯЛДЫН ЖАКШЫСЫ БАР, ЖАМАНЫ БАР
Эми мен айымдардан кеп таштасам,

Эң биринчи энелер деп баштасам.


Аял деген балдардын энекеси,

Аял деген үйүңдүн берекеси.


Ачканда курсагыбыз апа дейбиз,

Ал берген нанды бурдап шаша жейбиз.


Кийимибиз кирдесе апа дейбиз,

Кир болот апа жокто жака тегиз.


Апакем-берекем деп эркелейбиз,

Апкелген момпосунан берсе дейбиз.


Алыс жүрсөк апаны сагынабыз,

Амандыгын Кудайдан жалынабыз.


Коркуп кетсек «Апа—а!» деп бакырабаз,

Куткаргын деп балаадан чакырабыз.


Жесир кемпир келинге батып кетет,

Кысталбай кыздыкында жатып кетет…


Эске алсак Жаңыл Мырза, Кыз Сайкалды,

Эр кыздар чыккандыгы көп байкалды.


Эл ичинен чыгышкан кыздан балбан,

Эркекче кийинишип жоону сайган.

Калк ичинен мындай сөз угуп келгем:

«Калың аттан боз байтал чыгып келген».


Мерген чыккан так эле көзгө аткан,

Медаль, орден жайнатып төшкө таккан.


Көп кыз болду көңүлгө түйгөндөрүм,

Көлдүк кыз болду акыр үйлөнгөнүм.


Башка аялга көз салбай койгон жокмун,

Баары бир сезимдерге тойгон жокмун.


Аялдын сулуусуна маани бердим,

Аларга төмөнкүдөй бааны бердим:


Аялдын жакшысы бар, жаманы бар,

Алдыңа койгон түркүн талабы бар.


Ар аялдын өзүнчө жамалы бар,

Ар биринин өз билген амалы бар.


Биринин тамак толгон тамагы бар,

Биринин булут баскан кабагы бар.


Биринин буркураган шарабы бар,

Биринин шылдыраган чалабы бар.


Аял бар жылуу-жумшак саламы бар,

Анан да тилге келбес тажаалы бар.


Биринин шапар тепкен чанасы бар,

Биринин түгөнбөгөн санаасы бар.


Аялдардын керилген маралы бар,

Анан да курч азуулуу каманы бар.


Аялдардын ичинде адалы бар,

Акты булгап кирдеткен арамы бар.


Биринин тунук булак акылы бар,

Биринин мурун жарган атыры бар.


Биринин жакшы деген атагы бар,

Биринин кирди-чыкты чатагы бар.


Бирөө бар эрин катуу жемелеген,

Бир сомун чөнтөгүнөн келе деген.


Аял бар өз боюна карабаган,

Апсайтып чачын түзүк тарабаган.


Бирөө бар эрин эр деп санабаган,

Бирок да катын болуп жарабаган.


Албуут мүнөз аял бар ченебеген,

Ачуу мурчту сезимге себелеген.


Өз эрине арылдап үрүп турган,

Өзгөлөргө жылмаңдап күлүп турган.


Бирөө бар белек десе жанын берген,

Бир эмес эки бирдей санын берген.


Бирөө бар карыларды багып турган,

Бирөө бар жаш балача кагып турган.


Жакшы аял эр кыялын сезип турат,

Жаманы кендириңди кесип турат.


Жакшы аял чоочун кызды сиңди кылат,

Жаманы өз кыздарын жинди кылат.


Жакшы аял коркок эрди баатыр кылат,

Жаманы баатыр эрди «катын» кылат.


Жакшы аял үйдүн ичин таза кармайт,

Жаман үйдөн чалынып баса албайт.


Жакшы аялдын маңдайы ачык болот,

Жаманынын айтканы какшык болот.


Жакшы аял кеселиңдин жолун тосот,

Жамандары ооруга оору кошот.


Жакшы аялдан балдары мээрим табат,

Жаманы балдарынын мээсин чагат.


Жакшы үйгө керектүү буюм толот,

Жамандын ойлогону кийим болот.


Жакшы аялга ырыскы кирип турат,

Жамандын сүтү күндө ирип турат.


Аял бар күйөөсүнө ийип турган,

Башкасы бар жиниңе тийип турган.


Аял бар ичимдикти жактырбаган,

Башкасы ичип алып акшыңдаган.


Аял бар ичпегин деп тыйып турган,

Башкасы кулкунуна куюп турган.


Аял бар күнөө кылсаң билип койот,

Анча урушпай кабагын түйүп койот.


Жакшы аялдын тамагы таттуу болот,

Жамандыкы кум менен таштуу болот.


Жакшы аялдын кайраты ашып турат,

Жамандары бырылдап жашып турат.


Жакшы аял ажатыңды ачып турат,

Жаманы төркүнүнө качып турат.


Жакшы аял ишти чечет акыл менен,

Жаманы касташтырат жакын менен.


1993-жыл

АРМАН СӨЗ
Жазуучу, акын дегендер,

Жармач болуп калган кез.

Жалдырап жекжаат, тууганга,

Жарты нан сурап барган кез.


Китеп чыкса мактанган,

Кеткен экен кайран кез.

Азыраак кайыр бергин деп,

Алаканды жайган кез.


Өкмөттөн алып гонорар,

Өткөн экен кайран кез.

Өзүнчө дуулап жашаган,

Өчкөн экен сайран кез.


Жанды үрөп иштеген,

Жазмакерлик калган кез.

Колдон келбей башка иш,

Кокуй болуп калган кез.


Эски-уску кепичке,

Эки бутту салган кез.

Бөлкө нанга «өчүрөд»,

Буттарыбыз талган кез.


Жадыбыздан кете элек,

Жактырбай кийим чанган кез.

Азыр болсо жаймадан,

Арзандарын алган кез.


Капкайда калган турбайбы,

Каткырык ташты жарган кез.

Жыргаган оюн-күлкү жок,

Жылмаюуну танган кез.


Санаада турат дагы эле,

Салаадан ак май тамган кез.

Эт-майлуу тамак көргөндө,

Эки көзүң жанган кез.


Абийирди унутуп,

Айрандай төктүк жалган сөз.

Ал-жайды сурай келгенде,

Айтканыбыз арман сөз.


Кай бирөөгө акчасы,

Канат болуп калган кез.

Салып учуп асмандап,

Самолет сатып алган кез.


Кайда кеткен мурдагы,

Кол менен иш кылган кез.

Таңдайыбыз такылдап,

Тапансып сүйлөп турган кез.


Алып-сатар ак кулак,

Арааны жүрүп турган кез.

Аз акчасын көбөйтүп,

Алардын күнү тууган кез.


Чайкоочунун колуна,

Бүт дүр-дүйнөң өткөн кез.

Ай асмандап күн сайын,

Алардын баасы өскөн кез.


Жер айдоону унутуп,

Жеңил ишке качкан кез.

Чайкоочулар жабыла,

Чак ишкана ачкан кез.


Акыйкат деген алыстап,

Ачуу эрмен жуткан кез.

Айыптуу болуп турса да,

Акчалуулар уткан кез.


Такасы жок ташыркап,

Ташбакага минген кез.

Кайыр сурап моюнга,

Калта, баштык илген кез.


Кийимдердин жыртыгын,

Кайра-кайра бүргөн кез.

Баркын бүтүн кийимдин,

Баалап эми билген кез.


Күнүбүз эмне болот деп,

Күндө кулак түргөн кез.

Түркүн-түркүн тамак-аш,

Түнкүсүн түшкө кирген кез.


Бешиктеги балабыз,

«Вечерний Бишкек» саткан кез.

Безеленип кыйкырып,

Беш-он сомун тапкан кез.


Тамеки туруп чылым жок,

Ат тезегин чеккен кез.

Аңги кылган адамды,

Апийим, көк нар эккен кез.


Ар эркектин алдында,

Айрым кыздар жаткан кез.

Өлбөй тирүү жүрүүгө,

Өз денесин саткан кез.


Бир баладан ашык баш,

Төрөгөндү тыйган кез.

Катының менен бир жаткан,

Кайда калган жыргал кез.


Эротика дегенди,

Экран берип жаткан кез.

Кыңшылашкан кыз-жигит,

Кызыгына баткан кез.


Күндө чачты алдырган,

Кайда калдың көпкөн кез.

Убагында алынбай,

Үксүйүп чачың өскөн кез.


Жумуртка баскан тоокчо,

Жууркандан чыкпай бөккөн кез.

Чаалыккан күн-түн жол жүрүп,

Чарчаган төөчө чөккөн кез.


Ишиң жылбай ордунан,

Ит төбөдөн капкан кез.

Иштете турган тетик жок,

Ишкананы жапкан кез.


Үйгө кирип айнектен,

Уурулар күчөп турган кез.

Башыңда норка тумакты,

Байкатпай туруп жулган кез.


Мант бердирип бир паста,

Машинаң айдап качкан кез.

Тетиктерин чыгарып,

Тезинен аны саткан кез.


Көрмөксөн болуп ууруну,

Көзүбүздү жумган кез.

Шыпырып элдин байлыгын,

Шылуундар гана тунган кез.


Көпкө калып алынбай,

Көчөгө мусор толгон кез.

Каалашынча жем таап,

Каргалар ой да тойгон кез.


Артта калган турбайбы,

Аздап пара алган кез.

Азыркы паракорлоруң,

Аянбай колун малган кез.


Ат минип чоңмун дегендер,

Ак сарай үйлөр салган кез.

Акчаны кайдан тапты деп,

Акылыбыз айран кез.


Билгизбестен ар бир чоң,

«Чак ишкана» түзгөн кез.

Күз келгенде а дагы,

«Мөмөсүн» кошо үзгөн кез.


Чет өлкөгө байлыкты,

Ченебей туруп саткан кез.

Чет өлкөлүк акчаны,

Чемоданга баскан кез.


Акырын жүрүп билинбей,

Ар кимиси байыган кез.

Ат чаптырып байгеге,

Алтымыш миңди сайган кез.

Ый-муңун элдин унутуп,

Ыйманыбыз качкан кез.

Өзгө элдин банкына,

Өздүк эсеп ачкан кез.


Жетекчилик кызматка,

Жек-жааттарды койгон кез.

Өкмөт мүлкүн ириде,

Өздөрү жутуп тойгон кез.

Сапырып элдин акчасын,

Сайрандап өмүр сүргөн кез.

Сапарга чыгып чет элге,

Саякат кылып жүргөн кез.


февраль 1993-жыл


Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   16




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет