- 66 -
физдин арка бөлүгүнөн эки гормон ажыралат (окситоцин жана
вазопрессин).
Окситоцин гормону кош бойлуу аялдардагы жа-
тындын булчундарынын жыйрылышын күчөтүп, төрөт процес-
син ыңгайлаштырат.
Вазопрессин, б.а. антидиуретикалык гор-
мон (АДГ) организмде суунун алмашуусун башкарат., б.а. ал
бөйрөктүн ийри-буйру ором сымал түтүкчөлөрүндө
биринчи-
лик сийдиктин 98,5 — 99% тин кайра сорулушун (реабсорбция
процесси) башкарат. Бул гормон аз иштелип чыкса, бөйрөктүн
түтүкчөлөрүндө биринчилик сийдиктин канга сорулуш процес-
си бузулат. Натыйжада канттуу диабет оорусу пайда болот. Бул
ооруда киши көп суу ичет жана көп сийдик бөлүп чыгарат (бир
суткада 5— 10 литр жана андан көп).
Төмөнкү атайын белгиленүүсү керек, гипофиз организмдеги
бардык ички секреция бездеринин ишин жөнгө салуучу гормон
болсо да, анын функциясын борбордук нерв системасы тарабы-
нан, б.а. аралык мээде жайгашкан гипоталамустан бөлүнүп чык-
чуу
нейрогормондор башкарат.
Эпифиз. Эпифиз баш мээнин астында, орто мээ бөлүгүндө
жайгашкан болуп, анын салмагы 0,2 гр. Эпифизден
мелатонин
гормону иштелип чыгат. Бул гормон гипофиздин аралык бөлү-
гүнөн ажыралуучу интермедин гормону сыяктуу адамдын орга-
низминде пигмент алмашуусун башкарууда катышат. Мындан
башка эпифизден ажыралуучу гормон гипофиздин гонадотроп
функциясын тормоздоп, балада мурдатан боюна жетүү процес-
син акырындатат.
Эпифиздин функциясы бала 7 жашка киргенге чейин күчөйүп
барат, андан кийин анын иштеши акырындык менен төмөндөп,
бойго жеткенде токтойт. Эгерде бул бездин функциясы мурда-
рак азайса, гипофиздин гонодотроп функциясы күчөп,
балада
мезгилинен мурда бойго жетилүүнүн белгилери пайда болот.
Достарыңызбен бөлісу: