Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлиги Жалал-Абад мамлекеттик университети


Калкан сымал, калкан алдындагы жана ача сымал без-



Pdf көрінісі
бет29/68
Дата21.10.2023
өлшемі3.49 Mb.
#481337
түріЛекция
1   ...   25   26   27   28   29   30   31   32   ...   68
JAGUKURMANBEKOVA5

Калкан сымал, калкан алдындагы жана ача сымал без-
дер.
Калкан сымал без. Бул без моюндун алдыңкы бөлүгүндө 
жайгашкан болуп, колконун алдын жана эки капталын жаап ту-
рат. Анын салмагы бөбөктөрдө 1 гр, 5 – 10 жаштагы балдарда 10 
гр, чоң кишилерде 25 – 30 гр чейин болот.
Калкан сымал безден тироксин гормону иштелип чыгат. 


- 67 -
Тироксиндин составынын 65% көбүрөөк бөлүгү иод затынан 
түзүлгөн. Бул гормон организмде зат алмашуу процессинин 
нормалдуу өтүшүндө чоң мааниге ээ. Ал жүрөктүн ишин гумо-
ролдук башкарууда катышат. Тироксин балдардын өсүшү жана 
өнүгүшүндө, нерв системасынын функциясын нюрмалдуу өнү-
гүшүндө чоң мааниге ээ.
Калкан сымал бездин функциясынын төмөндөшүнө гипоти-
реоз деп аталат, ал жаш балдарда жана чоң кишилерде оор ил-
детке учуроонун келип чыгышына себеп болот.
Гипотиреоз, б.а. калкан сымал бездин функциясынын төмөн-
дөшү бала төрөлгөндөн кийин түрдүү жаш куракка жана чоң 
кишилерде да кээ бир себептерге байланыштуу пайда болушу 
мүмкүн. Мындай кишилерде терисинин кургашы, зандын ка-
туулашы, ысык мезгилде деле үшүгөндүгү, алсыздык, күндү-
зү деле уйку басуу белгилери пайда болот. Оорунун күчөгөн 
мезгилинде, кишинин денеси шишийт, кабыл алуу, эске сактоо 
жөндөмдүүлүгү төмөндөйт.
Балдар жана чоң кишилерде оорунун жогоруда көрсөтүлгөн 
белгилери сезилген учурда эндокринолог врачка кайрылуу за-
рыл.
Эндемик богок. Кээ бир жерлерде, өзгөчө булактын суусу-
нан пайдалануучу жерлерде суу жана топурактын составында 
иод аз болот. Ошондуктан, мындай жерлерде жашаган элдердин 
арасында эндемик богок көп кездешет. Бул ооруда калкан сы-
мал бездин көлөмү чоңоюп, моюндун алдыңкы бөлүгүндө богок 
пайда болот. Анын көлөмү жаңгактайдан өйдө чайнектин көлө-
мүнө чейин болушу мүмкүн.
Урал, Кавказ, Тяньшань жана Памир тоолору, Фергана өрөө-
нүнүн кээ бир райондорунда илгери эндемик богок көп тар-
калган болчу. Ичиле турган сууга жана тузга калий иодуну ко-
шуунун натыйжасында жана мектеп окуучуларына антистру-
мин дарысын берилишинин натыйжасында акыркы жылдарда 
богок оорусу бүтүндөй жоготулду.
Тиреотоксикоз калкан сымал бездин функциясынын жого-
рулоосу, тироксин гормону нормадан ашыкча синтезделүүсү-
нүн натыйжасында пайда болчу оору болуп саналат. Аны тап-
кан окумуштуунун аты менен Базедов оорусу деп коюшат. Бул 
ооруда калкан сымал бездин көлөмү чоңоюп, кээде моюндун ал-


- 68 -
дыңкы бөлүгү бөртүп чыгат. Оорунун белгиси көздүн чакчаюу-
су, көп тердөө, ачуулануу, уйкусуздук, арыктоо, жүрөктүн ойно-
шу ж.б. пайда болот. Оору убагында айыктырылбаса, кишинин 
нерв системасы чыңалып, өтө арыктап кетет. Оорунун күчөгөн 
кезинде оорулуу киши операция жолу менен айыгат (калкан сы-
мал бездин бир бөлүгү алып салынат).
Кыздар бойго жетүү кезинде (12 — 15 жашта) калкан сымал 
бездин функциясы белгилүү даражада күчөйөт, ошондуктан 
аларда тиреотоксикоз ооруларынын жеңил формалары пайда 
болушу мүмкүн. б.а. бат ачууланышат, уйкусуздук, табиттин тө-
мөндөшү, тердөө өзгөчө алакандары көп тердейт. Мындай учур-
да ачык абада көбүрөөк сейилдөө, акыл эмгегин азайтууга ке-
ңеш берилет, бул мөөнөт дарысыз акырындык менен өтүп кетет.


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   25   26   27   28   29   30   31   32   ...   68




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет