Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлиги Жалал-Абад мамлекеттик университети


Бөйрөк үстүндөгү уйку бези, жыныстык бездери



Pdf көрінісі
бет31/68
Дата21.10.2023
өлшемі3.49 Mb.
#481337
түріЛекция
1   ...   27   28   29   30   31   32   33   34   ...   68
JAGUKURMANBEKOVA5

Бөйрөк үстүндөгү уйку бези, жыныстык бездери.
Бөйрөк үстүндөгү бездер. Бул бездер аталышына жараша оң 
жана сол бөйрөктөрдүн үстүнкү бөлүгүндө жайгашкан.
Алардын жалпы салмагы 10 — 20 г. Бөйрөк үстүндөгү бездер 
эки катмардан: үстүнкү кабык жана ички мээ катмарынан турат.
Бөйрөк үстүндөгү бездердин үстүнкү—кабык катмарынан үч 
топ кортикостероид гормондор иштелип чыгат:
1. Минералокортикоид гормондору организмде минерал туз-
дардын алмашуусунда катышат.
2. Глюкокортикоид гормондору организмде белок жана угле-
вод алмашуусун башкарууда катышат.
Алардын таасири менен канда кант, боордо гликогендин саны 
жогорулайт. Мындан тышкары, бул гормондор кишиде аллер-
гиялык реакцияны жана жаралануу процесстерин пайда болу-
шун кемитет. Ошондуктан, бул гормондордон даярдалган дары-
дармектер (преднизолон, гидрокортизон ж.б.) аллергия оорула-
рында жана башка оор ооруларды айыктырууда пайдаланылат.
3. Андроген жана эстероген гормондору эркектер жана аял-
дардын жыныс бездери функциясын күчөтөт.
Бөйрөк үстүндөгү бездердин ички бөлүгүңдө норадреналин 
жана адреналин, гормондору иштелип чыгат. Бул экөөндө гор-
мондун таасири бирдей болгондуктан, аларды биргелештирип 
катехоламин деп да коюшат. Бул гормондор артериялык кан 
басымын жогорулатат, жүрөктүн жыйрылышын тездетет, ткан-
дардагы зат алмашууну күчөтөт. Киши толкунданган учурда, 


- 70 -
эмоциялык кезинде, корккон учурда катехоламиндин синтези 
жогорулайт. Ошондуктан мындай учурларда кишинин артерия-
лык кан басымын жогорулайт, теридеги кан тамырлар тараят, 
өңү кубарып, жүрөктүн согуусу тездешет. Киши катуу таасир-
ленип, стресс абалы пайда болгон учурда бөйрөк үстүндөгү без-
дин функциясы күчөйөт, анын кабык жана мээ бөлүктөрүндө 
гормондор көп пайда болот.
Мунун натыйжасында организмдин ыңгайсыз шарттарга ка-
рай чыдамдуулугу жогорулайт. Ошентип, бөйрөк үстүндөгү без-
дер организмди коргоодо катышат.
Бөйрөк үстүндөгү бездин ички катмарларында норадрена-
лин жана адреналинди иштеп чыгуу азайган учурда, аддисон 
б.а. бронза оорусу пайда болот. Бул ооруга чалдыккан кишинин 
териси күмүшкө окшоп калат, булчуңдары бошошот, арыктайт, 
кан басымы төмөндөйт, тез чарчайт, эмгек жөндөмдүүлүгү тө-
мөндөйт.
Бөйрөк үстүндөгү бездин шишик оорусунда (гипернефрома) 
анын сырткы—кабык катмарында иштелип чыгуучу андроген 
гормону көп пайда болот. Натыйжада жаш балада бойго же-
түүнүн белгилери пайда болот.. Кээде жашы улгайган аялдар-
дын бул безинде шишик пайда болсо, алардын жаактарында са-
кал өсөт, добушу эркектердикиндей болуп калат. Ооруган киши 
операция жолу менен айыктырылат.


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   27   28   29   30   31   32   33   34   ...   68




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет