- 71 -
ашказандын фермент ажыратуу функциясын башкарууда каты-
шат.
Уйку безинин инсулин иштеп чыгаруу функциясы өзгөчө
мааниге ээ, себеби бездин бул функциясынын бузулушу элдин
арасында
кеңири таралган кант диабетинин пайда болушуна
себеп болот. Бул оору абдан узакка созулат же кишинин өмү-
рүн акырына чейин уланат. Бул ооруда уйку безинин инсулин
иштеп чыгаруу функциясынын
бузулушунун негизинде, орга-
низмге керектүү болгон инсулин гормону безден канга өтпөй
калат. Натыйжада организмде углеводдун алмашуусу бузулат.,
б.а. тамак-аш менен желген углеводдордун бөлүнүшүнөн пай-
да болгон кант (глюкоза) инсулиндин таасири менен гликогенге
айланбай, анын кандагы саны жогорулап кетет.
Соо кишинин
канында нормалдуу саны 80 – 120 мг % болот, канттуу диа-
бет оорусунда болсо, анын саны 150 – 250% мг га көтөрүлүп,
андан да жогорулап кетүүсү мүмкүн,
Кандагы канттын саны
туура болгондо, ал бөйрөк аркылуу сийдик менен сыртка чыга-
рылбайт, б.а. соо кишинин сийдигинде кант таптакыр болбойт.
Канда канттын саны 140 – 150 мг% тен жогорулай берсе, ал
сийдик менен сыртка чыгарыла баштайт. Мындай оорулар бат
суусашат жана көп суу ичишет. Желген тамактын составында-
гы углеводдор клетка жана ткандарда өздөштүрүлбөйт, сийдик
менен сыртка чыгарылышынын негизинде оорунун бат курсагы
ачат жана бат-бат тамак жегенге мажбур болот. Тескерисинче,
тамак жебесе терисинин астындагы майлар ажырап, глюкозага
айланат, мындан тышкары клетка жана ткандардын составын-
дагы белок жана май заттары да глюкозага айланып, канга өтөт
жана сийдик аркылуу сыртка чыгарылат. Мунун натыйжасында
оорулу киши арыктайт, алсызданат жана жумуш жендөмдүүлү-
гү төмөндөйт.
1921 – 1922 жылдары канадалык окумуштуулар Бантинг
жана Бест уй менен чочконун уйку
безинин Лангерганс арал-
чаларынын клеткаларынан атайын препарат алып, аны
инсулин
деп аташты. Азыркы кезде йнсулин канттуу диабет оорусуна
чалдыккан кишилерди айыктырууда кеңири колдонулуп жатат.
Достарыңызбен бөлісу: