Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлиги Жалал-Абад мамлекеттик университети


Иммунитеттин формалары жана түрлөрү



Pdf көрінісі
бет39/68
Дата21.10.2023
өлшемі3.49 Mb.
#481337
түріЛекция
1   ...   35   36   37   38   39   40   41   42   ...   68
JAGUKURMANBEKOVA5

Иммунитеттин формалары жана түрлөрү
Организмдин оору козгогуч микробдорду жана жаратылы-


- 97 -
шынан жугуштуу эмес заттарды кабыл албашы иммунитет (лат. 
тилинин immunitas – – ар нерседен бошонуу) деп аталат. Им-
мунитеттин негизин организмдердин чоочун тектүү молекуляр-
дык түзүлүштөрдү генетикалык жактан таануу аракети түзөт. 
Иммунитеттин механизмдери жана факторлору организмдин 
жугуштуу ооруларды кабыл албашын гана түзбөстөн, кээ бир 
кубулуштарда (имплантациялык иммунитет) органдардын жана 
ткандардын бирин-бири кабыл албашын гана түзбөстөн чоочун 
тектүү молекулярдык түзүлүштөрдү генетикалык жактан таануу 
аракети түзөт. Ошондой эле организмдин толерантуулугунун да 
негиздерин түзөт. 
Иммунитетин түрлөрүнүн жана формаларынын ар кандай 
классификациясы бар. Мындай классификация организмдеги 
иммунитеттин ар кандай коргоочу факторлоруна жана меха-
низмдерине карата шартталган. 
Иммунитеттин түрлөрүнүн жана формаларынын жөнөкөй 
классификациясы төмөндөгүдөй:
1 Табигый иммунитет
а) тубаса, түрдүк иммунитет
б) кабыл алган (инфекциядан кийинки) 
Табигый иммунитетке ошондой эле ымыркайлардын (жаңы 
төрөлгөн баланын) пассивдүү иммунитетти да кирет. 
II Жасалма иммунитет:
а) активдүү, вакцинация (эмдөөдөн) кийин пайда болот. 
б) пассивдүү организмге гамма-глобулинди же дарылоочу 
сары сууну бергенде пайда болот. А. М. Безредка өзүнчө форма 
катары органдардын жана ткандардын жергиликтүү иммунитет-
тин сунуштаган. 
Табигый иммунитет. Тубаса түрдүк иммунитет берилген түр-
дүн биологиялык өзгөчөлүктөрү менен шартталган кабыл ал-
боонун бекем формаларынын бири. Мисалы, адам ири малдын 
чумасы, тоок холерасы менен оорубайт. Ал эми жаныбарлар 
адамдар ооруган ооруларга: гонорея, сифилис, дифтерия, холе-
рага кабылбайт. Бул же тигил ооруну кабыл албоонун касиеттери 
укумдан-тукумга берилет. Тубаса түрдүк иммунитет организм-
дин ткандарынын кээ бир микробдорго карата табигый кабыл 
албоодон болушу да ыктымал. Табигый кабыл албоонун негизги 
маанисин клеткада жүрүп жаткан биохимиялык процесстер тү-


- 98 -
зөт. Тубаса иммунитет ар кандай ооруларга каршы багытталып, 
бир мүнөздүү эмес. Бирок кээ бир учурларда муздаганда өтө 
ысып кеткенге авитаминоз маалында картизондун таасири ме-
нен төмөндөшү мүмкүн. Мисалы, жөжөлөрдө үшүгөндө сибир 
жарасына карата табигый туруктуулугу төмөндөшү мүмкүн, ал 
эми жашыл бака ысыганда безгек оорусуна сезгичтүү келет. 
Кабыл алган иммунитет көбүнчө адам жугуштуу оорулар ме-
нен бир ирет ооруп сакайгандан кийин пайда болот, ошондук-
тан анын инфекциядан кийинки иммунитеттинин узактыгы ар 
түрдүү. Кээ бир ооруларга мисалы, чума, туляремия, коклюш, 
кызамык өмүр бою сакталат. Кайталанып оору өтө сейрек кезде-
шет. Кабыл алган иммунитеттин узактыгы төмөнкү оорулардан 
сакайганда кийин да пайда болот ич келте, холера, натуралдык 
оспа, веттеная оспа, кептөөр, сыввой тиф. сибир жарасы. Кээ 
бир инфекцияларда кабыл алган иммунитеттин узактыгы анча 
чоң эмес жана адам, бир эле оору менен бир нече жолу кайтала-
нып оорушу мүмкүн. Мисалы, брюцелездо пайда болгон имму-
нитеттин узактыгы 8-12 ай, А тибиндеги вирус менен козголгон 
сасык тумоонуку 1-2 жыл, В вирусунуку 3-6 жыл. Тигил же бул 
жугуштуу ооруну кабыл албоо, оорунун ачык формаларында 
гана пайда болбостон, жеңил, эски жана белгилерсиз формала-
рында да пайда болот. 
Көптөгөн жугуштуу оорулардын козгогучтарына кабыл ал-
боонун өнүгүшү организмдин микробдордон бошонушу менен 
жүрөт жана адам сакайгандан кийин гана козгогучтан бошо-
тулат. Кээде иммунитеттин мындай формасын стерилдүү деп 
аташат. Ошондой эле, стерилдүү эмес же жугуштуу иммунитет 
да бар. Ал адамдын кабыл албоосунун ошол эле микроб менен 
кайталанып жуктурулушуна жана организмде анын козгоогучу 
бар болгондугуна байланыштуу. Качан гана микроб организмди 
таштаганда, адам кайрадан жугуштуу ооруну кабыл алгыч бо-
луп калат. Жугуштуу иммунитет кургак учукта, сифилисте, те-
рең микозаларда, малярияда болот. 
Организмдин коргоочу реакциялары микробдорду жок кы-
лууга багытталганда-антибактериалдык иммунитет жана мик-
роорганизмдердин токсикалык продуктуларын зыянсыздандыр-
ган маалда-антитоксикалык иммунитет пайда болот. Өзгөчө ор-
ганизмди безгек, ботулизм, дифтерия, селейме, газдык гангрена 


- 99 -
ооруларынын козгогучтарынын экзотоксини ар кандай орган-
дарды жана системаларды жабыркатканда антитоксикалык им-
мунитет чоң мааниге ээ. 
Жаңы төрөлгөндөрдүн пассивдүү иммунитетти да табигый 
иммунитеттин формаларынын бирине кирет. Ал өзгөчө заттар-
ды антителолорду эненин организминен плацента аркылуу тү-
йүлдүккө берилишин шарттайт. Мындай иммунитеттин узакты-
гы бир нече айга эле созулат, бирок анын ролу өтө чоң мааниге 
ээ. Көбүнчө мындай иммунитетке ээ болгон балдар 6 айга чейин 
ар кандай ооруларга туруктуулугун көрсөтүшөт. 
Жасалма иммунатет. Жугушутуу оорулардын пайда болушу-
нан эскертүү жана дарылоо үчүн организмде жасалма иммуни-
тетти пайда кылышат. Жасалма иммунитеттин активдүү жана 
пассивдүү формалары белгилүү. 
Активдүү жасалма иммунитетти алсыздандырылган же өлгөн 
микробдордон алынган препараттарды (вакциналарды) берүү 
менен же козгогуч токсиндерин (анатоксиндерди) зыянсыздан-
дыруудан пайда кылышат. Активдүү жасалма иммунитеттин 
узактыгы тирүү алсыз микробдордон жасалган вакцинаны кол-
донгондо 3-5 жыл, эгерде өлүк микробдордон жасалганын вак-
цинаны колдонсо 1 -жылга чейин болот. 
Пассивдүү жасалма иммунитет адамдын организмине атайын 
коргоочу заттарды бергенде пайда болот. Булар иммундук анти-
нерселер деп аталат. Алар ооруп сакайган адамдардын иммундук 
сары сууларында кармалып турат. Антинерселерди ошондой эле 
жаныбарлардын сары сууларынан алышат, ал үчүн аларга ата-
йын жугуштуу ооруларды берип иммундаштырышат. Пассивдүү 
жасалма иммунитет организмде 1 айга чейин гана сакталат, б. 
а антинерселер болгонго чейин гана. Андан кийин антинерсе-
лер бузулуп организмден чыгарылат. Көбүнчө иммундук сары 
сууларды жана алардан алынган гамма-глобулинди адамга да-
рылоо максатында (көптөр, ботулизм, безгек, газдык гангрена) 
гана беришет. Аларды организмге берүү менен тез эффективдүү 
дарылоону камсыз кылышат. Иммундук сары сууларды сейрек 
кездешүүчү ооруларды эскертүү үчүн мисалы, корь, сарык оору-
ларын, безгек жана газ гангренасын, б. а профилактикалык мак-
саттарда колдонушат. 
Жергиликтүү иммунитет –өз алдынча форма катары А. М. 


- 100 -
Безредка тарабынан бөлүнгөн. Ал ар кандай органдардын жана 
ткандардын козгогучка карата жергиликтүү кабыл албоосу бо-
лот деп эсептеген. Мисалы, эгерде холера маалында вакцина 
ооз аркылуу берилсе, анда ичке ичегинин былжыр кабыкчасы 
холеранын вибрионун кабыл албоочу болуп калат. Ошондуктан 
А, М. Безредка оорулардан сактануу үчүн ткандардын жерги-
ликтүү кабыл албоосун түзүүнү сунуштаган. Акыркы жылдарда 
ичегиде плазматикалык клеткалар бар экендиги табылган, алар 
микробдорду өлтүрүүгө таасир эте турган антинерселерди бө-
лүп чыгара тургандыгы белгилүү болгон. Азыркы мезгилдеги 
иммуналогиянын жетишкендиктери 
А. М. Безрадканын жергиликтүү иммунитет жөнүндөгү тео-
риясын туура экендигин далилдеди, бирок ткандардын жерги-
ликтүү кабыл албоочу механизмдеринин пайда болушу ал ойло-
гонго караганда анча эле татаал. 
Иммунитетти ар кандай түрлөргө жана формаларга бөлүү 
шарттуу түрдө гана болот. Иммунитеттин кандай гана түрү же 
формасы болбосун организмди коргоодо бирдей эле система-
лар, органдар жана ткандар аркылуу ишке ашырылат. Алардын 
функциясы организмде нормалдуу жана туруктуу ички чөйрөнү 
кармап турууга багытталган. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   35   36   37   38   39   40   41   42   ...   68




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет