Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлиги Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет27/68
Дата21.10.2023
өлшемі3.49 Mb.
#481337
түріЛекция
1   ...   23   24   25   26   27   28   29   30   ...   68
JAGUKURMANBEKOVA5

Эркектик жыныстык системасы. Жогоруда айтылгандай ар 


- 62 -
бир жыныс органдар өз ара ички жана сырткы органдар болуп 
экиге бөлүнөт. Эркектердин ички жыныс органдарына: эркектин 
аталык бези, аталык жыныс клеткалары өтүүчү түтүктөрү, көбүк 
сымал бездери, простата бези, мандалак бези жана сийдик өтүү-
чү канал кирет. Эркектин аталык бездери – бул бездер теринин 
баштыкчасында (эн кабында) жатат. Сырткы формасы сүйрү-
рөөк келип, тооктун жумурткасына окшош келет. Ар бир бездин 
алдыңкы, арткы кыры, ички жана сырткы жагы, үстүңкү жагы 
кыпчыкейлери бар. Көбүк сымал без жыныс мүчөсүнүн башта-
лышында жайгашат, оң жана сол бөлүктөн турат. 
Жыныс мүчөсүндөгү (простата бези) – бул без табарсыктын 
астында жатып, сырткы формасы жаңгакка окшош келет да, сий-
дик өтүүчү каналды курчап жатат. Анын төмөнкү бөлүгүндө оң 
жана сол эки бөлүгү бар. Бул безден иштелип чыккан анын ма-
ңыздары сийдик каналынын ичине ачылат. Жыныс мүчөлөрүнүн 
ичинен простата безинин узундугу 3 см, туурасы 4 см, салмагы 
20 гр келет. Мандалак бези жамбаштын ашташ сөөк бирикмеси-
нин астында жайгашат. 


- 63 -
Эркектин жыныстык системасы
Аялдын жыныстык системасы


- 64 -
ЭНДОКРИНДИК СИСТЕМА
План:
1. Ички секреция бездеринин мааниси.
2. Гипофиз жана эпифиз бездери.
3. Калкан сымал, калкан алдындагы жана ача
сымал бездер.
4. Бөйрөк үстүндөгү бездер, уйку бези жана
жыныстык бездери.
6. Гормондор
Ички секреция бездеринин мааниси. Адамдын организмин-
де бездердин озгочо топтору болот. Алардын дененин кондойу 
же сырты менен байланыштыруучу чыгаруучу тутугу болбойт. 
Ички секреция бездери киши денесинин түрдүү бөлүктөрүндө 
жайгашкан. Алардан иштелип чыккан гормондор туздон туз 
канга, ткань суюктугуна же лимфага куюлат. Ушул заттар-
дын канга же дененин башка суюктуктарына бөлүнүп чыгуу 
процессин ички секреция дейбиз. Ички секреция жөнүндөгү тү-
шүнүктү Клод Бернар 1885-ж. боор глюкозаны канга түздөн-
түз бөлүп чыгаргандыгын ачканда киргизген
И
чки секреция бездеринен иштелип чыкчу гормондор абдан 
аз санда, б.а. граммдын миллиард бөлүгүнө барабар. Бирок 
ушуга карабастан, алар киши организминдеги бардык зат алма-
шуу процесстеринде, ткандар жана органдар функциясын баш-
карууда, балдар жана өспүрүмдөрдүн организмдеринин өсүшү 
жана өнүгүшүндө алардын бойго жетишинде, кишинин тукум 
калтыруусунда негизги мааниге ээ. Ички секреция бездеринин 
бардыгы биргеликте организмдин эндокрин системасын түзөт. Бул 
бездер организмдин түрдүү бөлүктөрүндө жайгашкан болсо да, 
алардын функциялары бири бирине өтө байланыштуу.
Ички секреция бездерине алдынкы гипоталамус, эпифиз, 
гипофиз, калкан жана калкан жанындагы без, айры сымал без, 
бойрок устундогу бездер, уйку безинин аралча аппараты, аял-
дардын жана эркектердин жыныс бездери, курсактагы баланын 
тону кирет.




Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   23   24   25   26   27   28   29   30   ...   68




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет