Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлиги Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет62/68
Дата21.10.2023
өлшемі3.49 Mb.
#481337
түріЛекция
1   ...   58   59   60   61   62   63   64   65   ...   68
JAGUKURMANBEKOVA5

4. Теринин түзүлүшү. Адамдын териси денени сыртынан 
каптайт да, организмди сырткы ар түрдүү кубулуштардан коргоп 
турат. Адамдын терисинин аянты орточо эсеп менен 1, 5–1, 6 м 
ге жетет. Тери жалпысынан төмөнкү кызматтарды аткарат:
1. Тери денени каптап, астында жайланышкан ткандарды ар 
түрдүү механикалык жана химиялык таасирлерден коргоп турат. 
2. Теринин астында жайланышкан тер жана май бездери өз-


- 137 -
дөрүнүн маңыздарын тери аркылуу сыртка бөлүп чыгарып ту-
рат. Теринин бул кызматы 
секрет кызматы деп аталат. Маселен, 
тери аркылуу мочевина, сүт кислотасы, минералдык туздар, суу 
жана теринин майы бөлүнүп чыгат. Теринин майы башта чачтар-
ды майлап турат. 
3. Тери аркылуу газдар алмашып турат, аны теринин дем алyy 
кызматы дейбиз. 
4. Тери жылуулукту башкаруу кызматын да аткарып, кан та-
мырларга бай келет. Адамдын денесиндеги кан тамырлар ысы-
ганда кеңейет да, жылуулукту сырткы айлана – чөйрөгө көп чы-
гарат, ал эми тескерисинче, үшүгөндө кан тамырлар жыйрылат 
да, жылуулукту бөлүп чыгаруу азаят. 
Тери өзүнүн түзүлүшү боюнча сезүүчү органдарга кирет. Се-
Угуу органы.
А-схема: Б-угуу сөөкчөлөрү: В-ортоңку кулак. 1-кулак калкан ичи; 
2-сырткы угуу түтүктөрү; 3-кулактын тарсылдагы; 4-ортоңку кулак; 
5-каналдын жарык тегерек сөөктөрү; 6-үлүл; 7-угуу түтүкчөсү; 8-кулактын 
тарсылдагын тартып туруучу булчуң; 9-балкача; 10-дөшүчө; 11-үзөнгүчө.


- 138 -
беби териде ар түрдүү сезимдерди кабыл алуучу нервдердин 
рецепторлору жайланышкан. Ошондуктан териде жылуулукту, 
сууктукту, басымды жана башка сезимдерди кабыл алуучу нерв 
тамырларынын рецепторлору башталып, сезгич нервдер аркы-
луу борбордук нерв системаларга сездирип турат. 
Тери төмөнкү катмарлардан турат: 1. Теринин сырткы катма-
ры – көп катмарлуу жалпак эпителиялардан туруп, күнгө күй-
гөндө түлөп түшөт. 
2. Теринин астыңкы катмары өсүүчү катмар деп аталат. Ант-
кени тери айрылганда, кесилгенде же доо кеткенде өсүп, мурун-
ку доо кеткен жерлер бүтөлөт. 
3. Накта теринин өзү үрп сыяктанган торчосунан келген 
катмардан туруп, теринин тагын түшүрөт. Бул тактар көп сан-
даган майда кырчалардан жана жылгалардан турат. Теринин 
торчо катмарында жумшак булчуңдар жайланышкан. Булчуң-
дар жыйрылганда тер жана май бездеринин маңыздары тери-
нин сыртына бөлүнүп чыгып турат. Териден анын туундулары 
болгон тырмактар, чачтар жана эмчек өсүп чыгат. Териде ме-
ланин деген пигмент бар. Ошол пигментке жараша теринин 
өңү ар түрдүү болот.




Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   58   59   60   61   62   63   64   65   ...   68




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет