Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлиги Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет61/68
Дата21.10.2023
өлшемі3.49 Mb.
#481337
түріЛекция
1   ...   57   58   59   60   61   62   63   64   ...   68
JAGUKURMANBEKOVA5

Кулактын түтүгү деп, кулактын калканы менен тарсылда-
гынын ортосунда жаткан түтүктү айтабыз. Кулактын түтүгүнүн 
ички жарымы сөөктөн, сырткы жарымы кемирчектен турат да, 
ич жагынан тери менен капталып жатат. Теринин астында көп 
сандаган майда бездер бар. Бул бездер өңү саргыч келген кү-
күрттүн негизинен түзүлгөн кулку бөлүп чыгарат. 
Кулактын тарсылдагы (жаргакчасы) – ортоңку жана сырт-
кы кулактын ортосунда жатып, аларды ажыратып турат. Тарсыл-
дак жаргакчанын сырты тери менен, ич жагы былжыр чел менен 
капталган. Тарсылдактын ортоңку кулак жагында киндикчеси 
жайгашкан. Бул киндикчеге ортоңку кулактын балка сыяктанган 
сөөгүнүн кармоочусу жабышып жатат. 
Ортоңку кулак – чыкый сөөгүнүн ичинде жатат. Ортоңку ку-
лакка барабан көңдөйчөсү жана угуу түтүгү кирет. Барабан көң-
дөйчөсүнүн сырткы, ички, алдыңкы жана арткы жактары бар. 
Көңдөйчөнүн ич жагында тегерек жана сүйрү тешиктер бар. Бул 


- 136 -
тешиктер үзөнгү сыяктанган ортоңку кулактын сөөгүнүн негизи 
жана кулактын экинчи тарсылдак жаргакчасы менен жабылып 
турат. Барабан көңдөйчөсүнүн алдыңкы жагында угуу түтүгүнүн 
тешиги бар. Бул түтүк аркылуу ортоңку кулак жана мурундун 
көңдөйү алкым менен байланышып турат. Барабан көңдөйүндө 
ортоңку кулактын балка, дөшү жана үзөнгү сыяктанган сөөктөрү 
бар. Бул сөөктөр бири-бири менен кемирчектер, муундар аркы-
луу туташып (ашташып) жатат да, үндүн толкундарын сырткы 
кулактан ички кулакка өткөрүп турат. Кулактын сөөктөрү үндүн 
толкундарын сөөк жана механикалык жол менен сүйрү тешик 
аркылуу ички кулакка өткөрүп турат. 
Ички кулак – чыкый сөөгүнүн ичинде бара бан көңдөйчөсү 
менен ички угуу түтүгүнүн ортосунда жатып, үч бөлүктөн ту-
рат: үлүл, ийректелген жарым каналдар жана кулактын кереге-
си (преддвериясы), ички кулактын үлүлү жана ийректелген ка-
налдар сөөк лабиринттеринен турат. Бул сөөк лабиринттеринин 
ичинде алардын жолун кайталаган жаргактуу лабиринттер бо-
лот. Ушул сөөк жана жаргак лабиринттердин ичинде эки түрдүү 
(ички жана сырткы) суюктуктар бар. Бул суюктуктарга үндүн 
толкуну жеткенде алар кыймылдайт да, ийректел ген жарым ка-
налдын ичинде жайланышкан вестибулярдык сезгич нервдердин 
учтарын (рецепторлорун) жана үлүлдүн ичинде жаткан угуучу 
нервдердин рецепторлорун дүүлүктүрөт. Мына ошентип, кабыл 
алынган үндүн толкундары вестибулярдык жа на угуу нерв та-
мырлары аркылуу баш мээни карай жүрүп отуруп, чыкый мээде 
жайланышкан корадагы угуучу борборго келип бүтөт. Бул жер-
ден анализделип, кабыл алынган ар түрдүү дабыштарга орга-
низм тарабынан тийиштүү жооптор кайтарылып турат. Угуучу 
нервдер жалаң үндүн толкундарын кабыл алып, борборго жет-
кирет. Ал эми вестибулярдык нервдер болсо организмдин тең 
салмактуулугун сактайт. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   57   58   59   60   61   62   63   64   ...   68




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет