Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлиги Жалал-Абад мамлекеттик университети


- 21 - КЫЙМЫЛДАТТЫРГЫЧ ТАЯНДЫРГЫЧ



Pdf көрінісі
бет7/68
Дата21.10.2023
өлшемі3.49 Mb.
#481337
түріЛекция
1   2   3   4   5   6   7   8   9   10   ...   68
JAGUKURMANBEKOVA5

- 21 -
КЫЙМЫЛДАТТЫРГЫЧ ТАЯНДЫРГЫЧ 
СИСТЕМАСЫ. СКЕЛЕТ 
План:
1. Скелет;
2. Сөөктөр жана алардын байланышы;
3. Сөөктөр, алардын составы, формасы,
түзүлүшү, өсүшү жана өнүгүүсү;
4. Муундар, формалары жана
классификациясы.
Адамдын – организминде жүрө турган, аткарыла туурган 
функциялар 2 чоң топко болүнөт. 
1. 
Механикалык функциялар
2. 
Биологиялык функциялар
I. Механикалык функциялар адам тиричилигиндеги, бардык 
аткарылуучу иш аракеттерди тейлейт жана төмөндөгү касиет-
терди аткарат. 
1. 
Коргоо касиети: Скелет түзүлүшү боюнча кандайдыр фор-
мага ээ жана ал адамдын эң керектүү органдарын (жүрөк, мээ, 
жүлүн, өпкө, жыныс органдары ж. б., зыянга учуроодон, жабыр-
коодон сактап турат. 
2
. Локомотордук касиет: Сөөктөрдүн бүгүлүү жана жазылуу 
процессии, эң татаал кыймыл аракеттерди (чуркоо, секирүү, жүрүү 
ж. б. гимнастикалык аракеттердин) аткарууга жөндөмдүү болот. 
3. 
Рессордук касиет: Сөөктөр бири-бири менен байланышкан 
кемирчектүү пластинкаларга байланыштуу организмге керектүү 
ийилчектүүлүк жана жөнөкөй кырдалдуу иш аракеттерди аткара 
алат. 
II Скелеттин биологиялык функциясы-зат алмашуу, минерал-
дык алмашуу процессине катышуусу менен байланыштуу болот. 
Сөөк - минералдык туздан жана фосфордон түзүлгөн болуп, ор-
ганизмдеги 99% Са (кальций) сөөктө кармалат. Организмде Са 
дин жетишпестиги сөөктөрдүн бузулушуна алып келет. Мын-
дан сырткары сөөк ичинде кызыл кемик жайланышып ал кан-
дын эритроцит, тромбоцит клеткаларын пайда кылууга катышат. 
Эритроциттерден сырткары лейкоциттердин айрым формалары, 
кан пластинкалары дагы пайда болот. 




Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   10   ...   68




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет