- 12 -
Эң биринчи пайда болгон ткандар эпителий жана тутумдаш-
тыргыч ткандары. Эпителий тканы – (грекче «эпи»-«үстү») –
дене жабуусун, бездерди түзөт жана эрте стадияларда пайда бо-
лот жана үч түйүлдүк жалбыракчасынын түзүлүшүнө катышат.
(эктодерма,
мезодерма, эндодерма).
Эпителий тканы башка
ткандардан регенерацияга жөндөмдүүлүгү
менен айырмала-
нат. Ошондой эле организмде коргоочу, зат алмашуучу кыз-
матты аткарат. Эпителий тканы
өз алдынча катмарларынын
саны боюнча экиге бөлүнөт. Бир катмарлуу жалпак эпителий:
клеткалары жалпак үстүнөн караганда туура эмес формага ээ,
ядросу борбордо жайгашкан. Кээ бир клеткаларда эки үч ядро
болот. Ал сероздук челди плевраны жүрөк кабын каптап турат, б.
а., органдарга жылмакайлыкты берип эркин сүрүлүүгө жардам
берет.